Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Рамис Рыскулов, кыргыз эл акыны:
"Мен акындардын донорумун"
- Рамис агай, кандайча акындардын чөйрөсүнө аралашып калдыңыз эле?
- Айылда окуп жүргөндө биздин мектепте 7-класста окуган таланттуу Бакирдин деген бала бар болчу. Ал өзү сүрөт да тарткан, ыр да жазып коомдук иштерге активдүү катышкан мектептин алдыңкы окуучуларынан болчу. Анын эң алгачкы мага арнап дубал газетага чыгарган
"Рамис отличник сабагынан,
Калтырбай даярданат бардыгынан…" деп жазган ыры мени катуу таасирленткен. Мен ошол Бакирдин менен шерик болуп жүрүп, сүрөт тартканды, ыр жазганды үйрөндүм. Акындардын чөйрөсүнө мени Бакирдин алып келди десем болот.
- Ыр жазыш үчүн эргүүнү күтөсүзбү? Дегеле азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Мен жаш кезде эргүүнү күтчүмүн. Азыр эми андай деле эмес. Акындын тагдыры канчалык оор болсо ошончолук күчтүү акын болот. Азыр менин жашым жетимиштен ашты, өзүмдүн котормолорум менен иштеп, Манасты жазып жатам. Жакында КТРден кечесин өткөргөн Бүбүайша Арстанбекованын эки ырын орусчага котордум эле Анна Ахматова, Марина Светаеванын деңгээлиндей ыр болуп калды. Мен өзүм акындардын канына-кан кошкон донормун да. Эл үчүн иштеген акынмын. Мен өзүмдүн атак-даңкымды чыгаргым келбейт. Эл менен тил табышып, жашоодон мен каниет алам. Азыр мен "техникам" менен бир поэманы бир күндө эле жазып коём.
- Азыркы убакта акындардын да уучу кур эмес. Атаандашуулар болсо керек?
- Ооба.Сүрөтчүлөрдүн пикиринде айтсам, барактын бир бети ак, бир бети кара сыяктуу жоро-жолдошторумдун, тууган-достордун арасында андай атаандашуулар болуп туруш керек. Себеби, атаандашуудан ийгилик жаралат. "Акынды акын колдойт, акынды акын кордойт". Ал эми жаш акындардан айтсам Карбалас Бакиров, Алик Акималиев, Бактыгүл Чотурова жана башка жаштарыбыз жакшы чыгып келе жатышат.
- Сиз кимдин ырларына таасирленесиз?
- Негизи мен мыкты акындардын баарына таасирленип, кумир тутам. Пушкиндин, Есениндин чыгармаларын которуп жүрөм. Кыргыздын эли акылман келет, ошол акылмандык менен апенди чалыштык айкалышканда гана акын чыгат. Маяковский айткан: "Өзбектерди кыдырып, комик адамдарды таппадым" деген экен. А биздин элден комик адамдар көп кездешет.
- Ырларыңызды баалаган санаалаш досторуңуз тууралуу кеп козгосоңуз?
- Санаалаштарым бар, москвалык еврей досторум менен сырдашып калам. Ар бир чыгармачыл адамдын эмгеги кайсыл учурда бааланат? Албетте чыгарманы деңгээлине жеткире изденип жазса, ал сөзсүз бааланат. Кечээ күнү Карбаласка жолуктум. Экөөбүз көпкө маектештик. Мен үчүн досторума жолуккан күн майрам. Артымдан өсүп келаткан жаш акындарга колдоо көрсөтүп, кеңешимди айтып калам.
- Кыргыз элиңизге батаңызды берип, тилек айтып кетсеңиз?
- "Жалгыз адам баатыр болбойт" деген кыргыздын мыкты сөзүндөй ынтымактуу, биримдикте бололу. Жерибизде тынчтык, токчулук, ыймандуулук болсун. Мен азыр тилибиз боюнча көп иштерди жазып жатам. Ошол кыргыз тили дүйнөлүк тилге айланып, жашообуз, келечегибиз өркүндөп - өссүн!

(Манастын стилиндеги келки ырлар)
Ысыккөлдүн куусундай
Бакыйганы бакыйып
Какыйганы какыйып
Чакчарылып чакыйып
Араан ачып асмандай
Ай жандай
Күн жандай
Көчө бойлоп басышкан,
Айжан жана Гүлжандай

Атырылып баратса


Дайра чыкты алдынан.
Агып жаткан күрсүлдөп
Көп баатырлар илгертен
Шынаарлашып
Чын арбашып
Жашаптыр.
Тогуз жолу тогошуп
Күч үрөгөн
Күтүрөгөн
Далайлар

Оюнчук карышкыр (балдар ыры)
Оюнчук карышкырдын көзү өткөнчө
Үй бурчунан балдарга карап,
Анда балдар качышпай тарап,
Оо карышкыр, карышкыр
Кыйынсынбачы
Ай-ай-ай
Биз коркпойбуз сенден ай-ай-ай
А себеби, баатырбыз биз аябай.

Жаштык - Сапар
Эй, жаштык, чык сапарга!
Бизди тосот сапар жылдар.
Жаштык - мезгил аалам менен
Өз күчүңдү сынашчу!
Сүрдөбөс жаштык кармаштан,
Жанып турдук балбылдап,
Көздөн кетпей элеси.
Жер балкыган деминен.
Жаш болуу бул -
Күнгө жетээр кулач болуп сунулуу!
Эргүү, кеңүү
Эркин нурдай элирүү!
Аба- сууга семирүү.
Көк асмандай туруу дайым заңгырап.
Бул турмуштун булккан күчүн
Өз денеңден көп жайдан издеп табуу.
Жаштык- куруш көкөлөтүп сулуу шаар.
Күүлөн, жаштык,
Болгун бийик секирик!
Миң көз менен,
Миң сөз менен,
Миң иш менен,
Миң ыр менен,
Бул турмушту өлчөгүн.
Капачылык - картаюу ал,
Күлгүн, жарк эт
Бул турмуштун
Кайнар көзүн издегин!

Маектешкен Айнура Султанова




(Башталышы
өткөн сандарда)

Ошентип жашоо кумарына канбай, өзүмчө мас болуп жүрүп мен биринчи жолу адам менен кездештим. Анын жайы мындайча. Жайдын толуп турган кези. Биз Чүмкөк деген жайлоодо элек. Жашаган жерибиз үйдөй болгон кызыл таштын коңулу. Жаныбызда созулган билектей кашка булак. Ичи толтура балык, төмөн жагыбыз балырлуу саз. Анда да балык мол.
Эсимде, ошол жылы биздин жаныбызга чоң ак боз үй конуп калды. Көгөн толтура тизилген козу-улак, уй-жылкы, ал эмес, чуулдап үргөн иттери да көп эле. Боз үйдү көрүп аябай кызыктым. Өзгөчө мага адамдардын үндөрү жакты. Чыдабай кеткен мен бир жолу боз үйгө сойлоп кирсем, бешикте бөлөнгөн бала жатыптыр. Үйдө андан башка эч ким жок экен. Баланын жыты мага ушунчалык жакты дейсиң. Мен акырын бешикке сойлоп чыктым да баланы тиктедим. Бала көшүлгөн бойдон кебелбейт. Мен аны тиктей бердим, көпкө чейин тиктедим. Бир маалда ал көзүн ачты да, мени көрүп күлдү, мен да күлдүм. Анан көңүлүм жибип кеткен байкуш жаным түпкүчтөй үч оролгон бойдон баланын төшүнө жата калгам. Анын көкүрөгү аябай жылуу экен, көзүм илинип кетиптир. Бир маалда энеси кирип келип бир бакырды дейсиң: "Жылан!" мен өзүм да түшүнбөй калдым. Ал эшикке атып чыгып бир кемпирди ээрчитип кайра кирди да, өзү кетенчиктеп, бери баспайт. Мен эмнегедир алардан корккон жокмун. Кемпирдин үнү жумшак, ары мээримдүү эле. "Тийбегиле жарыктыкка, тийбегиле!"-деп сүт чача баштады үстүмө. Ошо кезде мени издеп энем да боз үйгө кирип келиптир. Чурулдаган үндөрдөн улам мени өлтүрүп коюшат деп корксо керек. Жолума ак чачып жатканын көрүп ыраазы болду да: "Болду эми, башыңды көтөр"- деп шыбырады. - "Бизге сый көрсөтүп жатышат. Өйдө бол, тентегим. Кетелик, Акак"-деди жайдарылана. Мен энемдин артынан ээрчип жөнөдүм. Ошо бойдон мен балага биртоп үйүр алышып кеттим. Кийинки жолу келгенимде бала төрдө жалгыз ойноп отуруптур. Мен алдына сойлоп барсам, ал мени дароо белден аткыды. Мен баланын билегине оролдум. Анын менден корко турган түрү жок. Ошентип экөөбүз жыргап ойноп жатканбыз. Бул жолу баягы ак чач кемпирдин көзүнө дагы урундум. Ал унчукпай эшике чыгып кеткен бойдон үй-ээсин ээрчитип кайра кирди да: "Мына бул апакай жылан тегин эмес. Кол көтөрчү болбогула. Бул деген жыландын пири - Шахимардендин тукуму. Сардарбекке зыян кылбайт! Кайра аны колдойт!"-деп, ак чачты да, анан жайпак кара аякка толтура сүт куюп керегенин түбүнө койду. Мен сүт ичкенди үйрөнүп, аны аябай жакшы көрүп кеттим. Кийин алар үч жыл катары менен ошол жерге көчүп келишчү. Мен баланы жазбай тааныйм. Анын үнү топ балдардын ичинен чыкса да жазбай ажырата билем. Ошол балага аябай куштар болуп калгам. Бул жолку жайда алар жайлоого келбей калышты. Мен баланы сагынып күткөн элем. Мен аны издедим. Коңултуктап, куса болгонумду айтпа. Баланын изин кууп, алыс баргым келди. Ал үчүн жапа чегүүгө, азап тартууга даяр элем. Бел ашып, башка жакка кетсе да табам деп чечтим. Ата-энем макул болушкан жок. Бекер жерден майып болосуң. Ээленбе дешти алар. Белде кар кете элек. Тоңуп өлөсүң". Айла канча, көндүм. Ошондо табитиме тамак тартпай сары оору болуп жатып калганым эсимде. Биздин ийиндин жанынан ойноп өткөн, чуркап өткөн бала-бакыраны андан кийин мен көп эле көрдүм. Алардын ичинен бирөө да Сардарбекке окшош эмес. Адамга мээримим түшүп, куса болуу дегенди мен биринчи жолу ошондо түшүнгөм. Адамдардын арасында жашагым келип кетчү. Айры буттардын баарысы боорукер, сыйкор болот го деп ойлочумун. Көрсө, андай эмес турбайбы. Аны айтканымдын өзүнчө себеби бар.
Бир жолу биз баарыбыз эң жаман окуянын күбөсү болдук. Биздин ийинден жогору, чоң ак таштын түбүндө ордолуу, бир уюк кошуналарыбыз жашай турган. Ошол жайда алардын жанында да боз үй тигилип, аябай сүйүнүшкөн болчу бечаралар. Кечкурун жайлоого салкын түшкөндө оюнкараак эки-үч бала жыландар боз үйгө сойлоп киришет. Көрө койгон аялы: "Жылан!" деп айкырганда үй ээси ширидей кара киши кирип келип бечаралардын экөөнү белинен былчырата тепсеп таштайт. Калгандары ийинди көздөй качып жөнөшөт. Кара сур мыкаачы качкандардын артынан акмалап жүрүп отурат да, жыландардын ордосун билип алат. Бир топтон кийин кайра келип, бир казан кайнаган сууну ийинге куйса болобу тозокко күйгүр. Адамдагы мыкаачылык деген эмне экенин биз ошондо билдик. Ийиндеги жыландар кайда качышат. Тырышып, бырышып бечаралардын азаптанганын, кыйналганын айтпа. Алардын өлүмүн алдыртан байкап биз баарыбыз ыйладык. Баса, алардын ичинен башында ак мүйүзү бар кара сур жылан аман калды. Ошол алаамат болуп жатканда ал сыртта жүрүптүр. Ал ордонун башчысы экен. Биздикине келип алып ийрилип-жыйрылып ыйлап жатат дейсиң. Атам менен апам араң сооротушту. "Адамдарды биз да билебиз, баары бирдей бекен? Ичтеринде боорукерлери арбын". Ата-энемдин айткандарына ынанса да: "Баары бир өч алам алардан. Ансыз көксөөм суубайт"-деди ал жесир. Бирок ошол эле күнү кара сур мыкаачы журтун таштап, коркуп көчүп кетиптир. Сур жылан душманын жайлоонун алкымынан кездештирет. Кымызга тойгон ал урган чак түштө жалпак таштын үстүндө уктап жаткан болот. Бейкут жаткан эмени байкатпай келип чагып кетүүнү намыс көрөт ал эр. Жыландар мындай кара беттикке эгерим жол бербесин билип кой, Илээнди. Ошондуктан душманынын ойгонушун күтүп, аны тиктеген бойдон тура берет ал. Биздеги салт боюнча жекеге чакыруунун жолу ушул. Ошентип, белчесинен өйдө туруп алып, өзүнчө эле башын эки жакка ыргай, мүйүздүү сур жылан касын арбоодо. Арбашуунун күчү ушунда болсо керек, бир маалда тигил уктап жаткан кара сур киши да башын көтөрө берип, эки жагына жыйрылган бойдон кирпигин да ирмеп койбой, көздөрүн кадап, душманына тикирейгенден тикирейүүдө. Арбашып жаткандарды биз алыстан байкап турдук. "Эми эмне болот? Кимиси жеңет?! "Айтор биз да өзүбүзчө бушайманбыз. Жыландын кичинекей ачекей кара тили дирилдей, бирдеме сүйлөгөндөй оозу тынбай бир кезде алы кетип бараткансыган. Адамдын да оозу тынбай эбиреп, шыбырап бирдемелерди тез-тез кайталоодо. Иши кылып, экөөнүн тең көздөрү бири-бирине кадалып калган кез эле. Кызыгың түшкүр, кара сур кишиден алка-шалка тер кетип, бир эт бышымга жетпеген мезгилдин ичинде ал кадимкидей өңдөн азып, шылынып дегендей, таптакыр арыктай түшүптүр. Тим эле көз алдыбызда ээрип бараткандай эти кача баштаганына баарыбыз таң калдык. Аңгыча шумдук окуя болду. Тээ, туура жактан карбаластаган аял чуркап келаткан экен. Эринин кейпин көрүп, аябай коркуп кеткен бечара катын алыстан эле: "Карабек! Карабек!" - деп, кыйкыра берип көмкөрөсүнөн кетти.










??.??