Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

Бала бакчанын чөбүн отоп, гүлүн сугаруудан ырахат алам...
Эзелтен бери укумдан-тукумга берилип келе жаткан, кыргыз комузунда кол ойнотуп бир эле учурда обон анан да чебер сөздү кынаптаган Аалы Туткучев бүгүн бизде конокто. Аалы элибизде сейрек кезигүүчү тубаса төкмөлүктү өнөр тутуп, анын өрүшүн жайып өркүндөткөн, кыргыздын кылым карыткан комуз кылдарын жүрөккө жеткире черткен жаш акын. 1983-жылы 9-декабрда Таластын Манас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн. 7 бир туугандын бешинчиси. Учурда "Эл ырчысы Эстебес" тобундагы төкмө акын.

- Айтсаңыз, төкмөлүк тубаса талантпы же мындай шыкты башка таланттар да өнүктүрүп, өстүрүп кетсе болобу?
- Бул суроого мындай деп айтаар элем. Үч миллион кыргыз калкында элүүгө жакын төкмө акындар бар. Мен ойлойм башка талант сыяктуу төкмөчүлүктү таптоого болбойт. Мындай шык тубаса берилет. Ошондуктан айтаар элем, комуздун кылында, акындын тилинде деп. Төкмө акындык таланттын касиети кыргыз анан боордош казак элинде гана бар.
- Ар бир иштин алгачкы башаты эсте калат эмеспи, алгачкы чыгармачылыкка койгон кадамыңыз жана чоң сахнага кайсы төкмө ырчы менен эл алдына чыгып тушооңузду кескенсиз?
- Алгачкы чыгармачылыкка койгон кадамымды атам Төлөгөндүн (айылдаш аксакалдар Төкөн деп коюшчу) аракети десем да болот. Атам мени эл адамы болсун деген ниет менен атымды, кыргыз адабиятынын алгачкы түптөөчүсү АалыТоконбаевдин ысымын, ошол кишидей эл керегине жарасын деген ниет менен мага ыйгарыптыр. Чыгармачылыкка койгон алгачкы кадамым 5-класста ойгонуп балалык сезимимдеги ыр саптар куралып "Менин тайым", "Жаз" деген алгачкы ырларымды кагаз бетине түшүргөнмүн. 8-классымда бара-бара жамактатып ырдаганга өттүм. Ал эми чоң сахнанын босогосуна 2003-жылы акындар айтышында чыгып, алгач Жеңишбек Токтобеков менен айтышып, тушоом кесилген.
- Көбүнчө элдин табитине ыктап ырдасаңыз керек, суроо талаптар менен башка тематикага багыттап ырдаган учурлардан айта кетсеңиз?
- Эсимде, "Айтыш" фондусунда "Саламдашуу" темасынан баштап ырдап жатсам Ашыралы агай токтотуп алып: "Муну жаттап деле алууң мүмкүн, сени карап, баалап олтургандарды ырыңа кошуп ырда?" деген талап койду. Залга көз жибере карасам сол тарабымда Элмирбек, оң тарабымда Айгүл деген эже олтурган экен. Комузумду күүлөп:
"Токтогулдун жээгинен чыккан акын экенсиң, атагыңды бүткүл кыргыз эл уккан акын экенсиң. Жеңишбек менен айтышып, машиненин жарымын уткан акын экенсиң. Оң жагымды карасам Айгүлдөй сулуу олтурса, айтпай кантип өтөйүн, кыздардан акын чыгыптыр элибиз үчүн кубаныч." Ырдап өзүм баштаган темадан четтеп суроолор боюнча башка тематикада ырдаганмын. Негизи эле мындай кырдаалдар биздин турмушта көп эле жолу кездешет. Дегеле төкмө акындар, ар кандай учурларда түрдүү тематикада чебер сөзгө салып ырдообузга туура келет.
- Балалык баёо кезиңизде кайсы кесипти аркалоону самачу элеңиз?
- Ырас, мен мектепти бүтөөрдө МАИ кызматкери болсомбу деген тилегим бар болчу. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, бүтөөр жылы атабыз каза болуп калды. Убакыттын өтүшү менен ойлогон оюм орундалган жок. Азыр деле төкмө акын болгонума өкүнбөйм, болгону балалык кезимдеги кесип тандоом шартка жараша өзгөрүлгөн.
- Төкмө акындар мааракелердеби же айтыштардабы жорго тилге салып, мурун ойлобогон ыр саптарын төгүп ырдашат, соңунда жараткан ырларыңызды кагаз бетине түшүрөсүзбү?
"Төкмө акындар чөнтөгүнө калем салып жүрүшү уят" деген түшүнүк бар. Ошондон уламбы ырларымды кагазга түшүрбөй келдим. Бирок, азыр кээ бир көңүлүмө толгон ырларымды анан терме ырларды атайын жазчу болдум.
- Бир эки шиңгил ортого таштап өтпөйсүзбү?
Абалын ойлоп элимдин,
Ак кайың түштү эсиме.
Кайдыгерлик кыргыздын,
Кара көө болду бетине.
Баба арбагын сыйлабас,
Балтабайлардын эсине.
Түндүк менен түштүк деп,
Түгөл бөлүп экиге.
Облустарды ырбатып,
Оюнча бөлгөн жетиге.
Керемети түгөнүп,
Кенибиз кетти сатылып.
Жердеп келген бабалар.
Жерибиз кетти сатылып.
Эл ишенип шайлаган,
Эрибиз кетти сатылып.

- Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт эмеспи, эл алдында сөзүңүздөн жаңылыш кетирген учурлар болобу?
- Аябай көп болот. Бир жолу Барскоондо өзүмдөн бир топ жаш улуу агабыз менен айтышып жатып, "Арак ичип" деген сөздү кошуп кеткен экемин. Эл алдында агабыз арданып кетти окшойт. "Сөзүңдү ушул жерде оңдоп өт" деп оор абалга салды. Сөздүн күчү керемет белем, илгери аракты шарап деп атап, аны дары катары чөптөрдөн жасалганын аны сый тамак катары берилгенин айтып, кысталыш учурдан чыккамын.
- Калпыс айтылган сын-пикирден улам ызаланган учурларыңыз болобу?
- Албетте, атын атабай эле коёюн. Элибизге белгилүү эле бир акыныбыздын "Жаттап алыптыр" деген сөзүн угуп аябай ызаланганмын. Чыгармачылыкта түшүнбөстүктөр көп эле болот. Азыр мындайларга көңүл деле бөлбөй көнүп калдым.
- Адам баласына энчиленген алгачкы арзууңузга качан кезиктиңиз, дегеле учурда көңүл эргиткен сүйүүктүңүз тууралуу айтып өтсөңүз?
- Бир сырдуу болгонумданбы мектепте менин жан дүйнөмдү класстагылар жакшы билишбечү. Ошондой болсо да чогуу окуган коңшу айылдаш классташыма алгачкы айтылбаган сырдуу сүйүүм арналган. Ал эми учурда балалык эмес, чыныгы махабатыма арзыган жакын адамым бар.
- Чыгармачылыктан сырткары жеке жашооңузда эмне менен алектенесиз?
- Ар бир адам бош убактысында ар кандай жумуштан ырахат алса керек. А мен болсо бала бакчада кароолчумун. Сырттагы гүлдөрдү отоо чөптөрүнөн арылтып сугаруудан, мотурайган жаш балдарды көрүүдөн ырахат алам.

Маектешкен Чынара Абдраева