Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Саламат плюс

Медиастинит-эң көйгөйлүү көкүрөк оорусу
Өпкө, көкүрөк хирургиясынын бардык түрлөрүн дарылайбыз…
Өпкө операцияларын жасоо эң бир татаал, тобокел операциялардын катарына кирээрин билсеңиздер керек. Учурда Кыргызстандын көкүрөк хирургия бөлүмү өпкө жана көкүрөк оорулары боюнча Кыргызстандын бардык жарандарын тейлей ала турган бирден-бир жалгыз адистештирилген бөлүм болуп саналат. Бөлүм өз алдынча 1976-жылы уюшулган. Мына ошол убакыттан бери мен ушул бөлүмдө эмгектенип келе жатам. Бул бөлүмдө өпкө, көкүрөк хирургиясынын бардык багыттарын дарылайбыз. Көкүрөк хирургия бөлүмү 25-орунга эсептелинген. Бөлүм башчыдан тышкары жогорку квалификациялуу 4 хирург-дарыгерлер иштешет. Мындан тышкары медициналык академия, Славян университети кафедраларынын ассистенттери, клиникалык ординаторлор, илимий жактоого даярданып жаткан аспиранттар билим алышат. Көбүн эсе бизге өпкө оорулары менен кайрылышат. Негизги масса - албетте, хирургиялык операцияны талап кылуучу илдеттер - булар өпкө эхинакокку, колконун тубаса оорулары, бронхоэктаз, поликистоз, гипоплазия, өпкө абсцесстери, өпкөнүн ириң оорулары, плевриттин (өпкөдө суу пайда болот), өпкөдөн кан кетүүнүн, көкүрөк травманын, медиастиниттин бардык түрлөрү, кызыл өңгөч оорулары, өпкөнүн шишиги ж.б көптөгөн хирургиялык оорулар..




Кызыл өңгөчтүн күйүшү
Жашоонун ар түрдүү, өйдө-төмөн кыйынчылыгына чыдабай кээ бир адамдар жеңил ойлуулукка алдырышып, (айрыкча аялдар)өздөрүн өздөрү өлүмгө кыюуу максатында уксустун кошулмасын же азот кислотасын ичип алышат. Анан эмне болот? Баягы кислота кызыл өңгөчтү күйгүзүп салат, бирок өлбөй аман калышат. Мындай абалга туш болгондор бир айга жакын 4-шаардык ооруканадагы таксикология бөлүмүндө дарыланышат. Ал ооруканадан айыктым деп чыгышканы менен күйүктүн кесепетинен "стеноз" аттуу дагы бир оору пайда болот. Тагыраак айтканда кызыл өңгөчтөн тамак өтпөй калат. Мына ушул учурда алар биздин бөлүмдүн босогосун атташат. Бул жерден биз кызыл өңгөчтөгү тамак-аш өтчү жолдорду ар кандай ыкмалар менен калыбына келтиребиз. Калыбына келтирүүнүн бирден бир операциялык эмес жолу - бул атайын буждарды кызыл өңгөчкө киргизип, кеңейтүү жолу. Эгер дарылоонун бул жолу бир-эки жылдын ичинде натыйжасын бербей, кызыл өңгөчтүн тамак-аш өтчү жолдору такыр айыкпаса, реконструктивдүү-пластикалык операция кылууга аргасыз мажбур болобуз. Операция кислота же уксус канчалык аралыкка күйгүзгөнүнө жараша жоон, ичке ичегилерге, ашказанга жасалат. Бир жылда мындай ири пластикалык операцияга 5-6 адам туш болсо, операциялык эмес жол менен 100 дөй оорулуу консервативдүү дарыланышат.




Улуттук Госпиталдын көкүрөк хирургия бөлүмүнүн жогорку категориядагы хирург-дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Абдулин Ашиналиев:
Бычак сайып, ок атышуулардан улам…
Акыркы убактарда ар кандай автокырсыктардан, жаштардын мушташа кетип, бир-бирине бычак сайышканынан, жана ок атышуулардан улам көкүрөк, өпкө клеткаларынын травмасы, жаракат алуусу менен кайрылгандар көбөйүүдө. Мындай абалга туш болгондор алгач райондук же облустук ооруканаларга жатышат. Жаракаты күчөп, кабыргадагы оор травма сакайбай, өпкөгө кан уюп калган учурларда гана алар биздин бөлүмгө которулушуп, бизде калыбына келтирүүчү хирургиялык операциялар жасалат.

Эхинококк - мите курт оорусу…
Адамга адатта бул илдет ит жаныбарларынан жугат. Малды союп, анын оорулуу өпкө-боорун итке берет эмеспизби. Балээнин баары ушул жерден башталат. Кичинекей балдар көчөгө чыгып, иттин богу жаткан жерге барып ойноп же иттин жүнүн кармалап, колун жуубай тамак жеп, эхинококкту жуктурат. Бул оорунун эң жаман жери - медициналык текшерүүдөн өтмөйүнчө же оору күчөп кетмейинче эч кандай белгилери байкалбайт. Эхинококк өтө күчөп, татаалдашып кеткенде гана кээ бир белгилери байкалат: мисалы, оозунан ириң аралаш суу чыгат, демиктирет, температура көтөрүлөт. Эхинакоккту айыктыруунун жалгыз жолу - хирургиялык операция жолу.

Бронхоэктаз
Бронхоэктаз- бул илдетти тубаса оорулардын категориясына киргизсе болот. Бирден-бир негизги себеби, кичинекей наристеде бир жашка чейин пневмония (өпкөгө суук тийген) оорусунун байкалышы..Себеби, пневмония жана өпкөдөгү ириң оорулары көбүн эсе бронхоэктазга алып келиши мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе - көпчүлүк педиатрлар бронхоэктаз менен жабыркаган балдарды консервативдүү дарылай беришет. Натыйжада бала чоңоюп, 14-18 жашка жеткенде оозунан какырык, кээде кан чыга баштайт. Бул илдеттен арылуу да сөзсүз түрдө операциялык жолду талап кылат.

Арткы көкүрөк калкасынын өткүр ириңдеп сезгениши (медиастинит)
Медиастинит - биздин бөлүмдөгү эң бир проблемалуу оору болуп эсептелинет. Себеби, бул көкүрөк оорусунун абдан күчөп кеткен мезгили. Кымбат баалуу көптөгөн дары-дармектерди талап кылып, опреация 2-3 жолу жасалышы мүмкүн. Ошондуктан кээде кымбат дарыларды сатып алууга оорулуунун акчасы жок болуп калса, айрым убактарда оорулуунун өмүрү менен канчалык күрөшсөк да анын өмүрүн сактай албай калган учурлар кездешет. Андыктан суранаарым жана кеңешим - көкүрөк ооруларынын кандайдыр бир белгилери же рентген тактары байкалса, тез арада биздин адистештирилген бөлүмгө кайрылсаңыздар бардыгы жакшы болмок.. А биздин кыргыздардыкы тескерисинче "болоору болуп, боёсу канып калганда" гана кайрылышат. "Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат" деп коюшат эмеспи. Канчалык оорулуу ооруканага кеч кайрылса, анын айыгуу мүмкүнчүлүгү ошончолук азыраак болот жана ошондой эле көбүрөөк машакатты анан каражатты талап кылат. Мына ушуну эске ала жүрүшсө.

Плеврит кургак учуктан улам…
Акыркы кезде биздин бөлүмгө плеврит оорусу менен да абдан көп кайрылышууда. Плеврит көбүн эсе жаштарда кездешет. Плевриттин 90-98 пайызы кургак учук оорусунун кесепетинен улам келип чыгат. Анын үстүнө бул ооруну далилдөө өтө кыйын. Бирок, биздин бөлүм атайын диагностикалык - торакоскопиялык (көкүрөк көңдөйүн аппаратта изилдөө) жана "Биопсия" (эт үзүп алуу жолу менен тез арада плевритти аныктоо) жолдору аркылуу плевритти так аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай изилдөө азырынча республика боюнча биздин бөлүмдө гана жүргүзүлөт.

Даярдаган Асхат Айсаракунов










??.??