Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

100-104-сериаларында
Иванга өчөшүп тишин кайраган Галина прокуратурага барып берген сурагын жокко чыгарып, ишти ого бетер татаалдаштырат. Тергөөчү Иванды кайрадан абакка отургузат.
Амалданып Викториянын жылуу -жумшак орун алган сейфи бар экенин билет. Мальковцев Алексейге фибуланын жасалма түгөйүн берип жатканын Геннадий көрүп калат. Котур ташын койнуна каткан София кайрадан Федотовдордун үйүнө келет.
Федотовдордун үйүн ийне-жибине чейин өздөштүргөн Алексей болгон акчаны уурдап качат. Анюта атасынын өлүгүн көрөт. Жүрөгү түшкөн Викторияда баласына дагы кол салуу болгон экен деген ой пайда болот. Дале тынчыбаган Галина тергөөчү менен тил табышып, дагы бир иштин башын чаргытат. Акчаны ким уурдаганын Виктория менен Ярик эң сонун түшүнөт. София милицияга түшүп, сурак берүүгө аргасыз болуп, башка шаардан келгенин, жашоосу искусствого байланыштуу экенин билдирет.
Геннадийдин сөөгүн экспертизадан өткөрүшүп, инфарктан улам өлгөнүн аныкташса, тергөөчү Ася менен Иванды жолуктуруп, беттештирет.
Экинчи жолу алданганга түшүнгөн Мальковцев кимден өч алып, кимден жинин чыгараарын билбей айласы алты жакка кетет. Иванды куткарууга Ольга болгон күчүн жумшайт.
Иштин бир топ татаалдашканына көзү жеткен Ярослав адвокатка клиникада болгон өрт жөнүндө айтып берсе, Вольдемарды суракка чакырышат.
Федотовдордун үйбүлөсүндө Геннадийди акыркы сапарга узатып, аза күтүшөт. Анюта көп жылдардан бери ачылбай келген чындыкты айтып, Геннадий анын бир тууган чоң атасы экенин айтса, уккан кулагына ишенбеген Динага Виктория чындыкты айтып, Анютанын сөзүн тастыктайт. Кылган ишине өкүнүп бармагын тиштеген Галина кайра Иванга жардам берүүнүн чамасын көрө баштайт. Галяга жини тараган Иван анын жаман ниети жок экенине ишенет. Дина келген мектебине кайра кайтат, Виктория Анютага Федотовдордун эле үйүндө калуусун өтүнөт. София милициянын бөлүмүнөн фибуланы алып, дайын оту менен жоголот.
Урунаарга тоо таппаган Мальковцев Асяга Павел Федотовдун небереси экенин айтат.




  Кызыктар дүйнөсүндө

Сулуу айымдар кайда жашашат?
Атайын түзүлгөн топ бүт дүйнө жүзүн кыдырып, эң сулуу айымдар кайда жашаарын аныктап чыгышты. Алардын изилдөөсүнүн натыйжасына таянсак голландиялык кыздар спортко жакын келишкени менен сөөгү ийилчээк болушат. Ал эми экинчи орунга Израилдин бийкечтери ээ болушкан. Алардын эркектерди арбап турган бирден-бир артыкчылыгы бакырайган чоң жашыл, кой көздөрү. Үчүнчү орунга адистер Канаданы коюшкан. Москва бешинчи орунга илингени менен орус кыздарына изилдөөчү топ төмөнкүдөй сын-пикир билдиришкен: "Москвада да сулуу айымдар өтө көп болгону менен көбүнчөсү кишиге жагымы жок болушат экен. Эмнегедир алардын сулуулугу жасалмадай сезилет".

Жарнама качан пайда болгон?
Байыркы Афинада музыканын коштоосунда адамдар "ким чырайлуу көрүнгүсү келсе, сулуулугун көпкө сактап калгысы келген акылдуу айым Экслипостун бет боёкторун сатып алат" дешкен эң алгачкы жарнама пайда болгон.
Ал эми гезит менен кошо эле жарнамалар да чыга баштаган, убакыттын өтүшү, замандын өзгөрүшү менен бүгүнкү күндө жарнама акча табуунун бирден бир жолу болуп кетет.
Андан да кызыктуусу жарнамалык агенттиктерге кардарлар товарын элге жайылтыш үчүн канча каражат жумшаарын өздөрү да билишпейт тура.

Ажырашуунун жолдору
Адамдардын үйлөнүүдөн тышкары ажырашууларынын түрлүү жолдору бар. Мисалы орустарда ажырашканда мыйзамдын жолу менен барышса, байыркы римдиктер бир гана жолу турмушка чыгып, бир гана жолу үйлөнүүгө жол берилген. Ал эми аялынан чарчаган эркек аялын жөн эле өлтүрүп салчу. Ява аралында да ажырашууну каалаган адам алгач милдеттүү түрдө ажырашаардан мурда беш бак отургузганга мажбур болгон. Ажырашуунун оңой жолу Африканын Бижаг аралында кеңири таралган. Ажырашкысы келген аял жөн гана күйөөсүнүн кийимдерин эшикке ыргытып салса, башы бошогон болуп эсептелген.

Даярдаган А. Дүйшөналиева



  Пайдалуу кеңештер

Мүчөнү ар качан сымбаттуу сактагыңыз келеби?
Көбүнчө сымбаттуулукту бузган ашыкча салмак. Андыктан ашыкча семиргиңиз келбесе, койдун майын жана камыр тамак жегенди чектегениңиз жөндүү. Бирок, организмге белок керектелет. Муну камсыздагыңыз келсе жумуртка, кара кесек эт, балык жеңиз. Мындайда эт менен балыкты куурубай кайнатканыңыз оң. Майлуулугу аз сүт, быштак, айран да пайдалуу. Өзгөчө коллориясы аз болгон жашылчаны куурубасаңыз ашыкча эттенүүнүн алдын алган болосуз. Эгер өтө толуп кетсеңиз:
100 грамм сулууну, 500 грамм сүргүчтөн өткөрүлгөн алмага, 1 аш кашык лимон менен грек жаңгагына ошол эле өлчөмдө бал кошуп аралаштырасыз. Даярдалган азыкты төрткө бөлүп, тамак ордуна 4 маал ичесиз.
Эскерте кетчү жагы өнөкөт гастрит, боор, жүрөк кан тамыр оорулуулар, жашы жетимиштен өткөндөргө колдонууга болбойт.

  Пайдалуу кеңештер

Саргарып кеткен тырмакты тазалагыңыз келсе
Тамеки тарткан айымдардын тырмагы саргарып кетет, мындай жагымсыздыктан арылгыңыз келсе лимон маңызы менен же 3 пайыздуу водород перекисин саргарган тырмагыңызга сүртүңүз. Ал эми мүйүз сымал катып калган тырмакты (көбүнчө жаш улгайганда пайда болот) 8-10 мүнөт жылуу сууга соода-самын ваннасын жасап, соңунда ылайыктап пилка же пезма менен сүртүңүз.
Маникюр тырмактын сырткы түрүн сулуу көрсөтсө, лак аны сырткы зыяндуу таасирлерден коргойт. Бирок, тырмакты кез-кези менен боёксуз ачык кармап, күнгө кактооңуз абзел.

  Пайдалуу кеңештер

"Каз таңдай" тиш ооруларына даба
Элдик медицинада тиш чайкоо үчүн айрым чөптөрдүн тундурмаларын жана кайнатмаларын колдонушат. Алар тиштин сезгенишине каршы ооруну басуучу касиетке ээ. Аталган өсүмдүктөрдүн арасына каз таңдай да кирет. Муну үй шартында колдонсоңуз болот. Ал үчүн 1 аш кашык кургатылган чөбүн аласыз да кайнак сууга 35-40 мүнөт демдеп коёсуз, соңунда жука марлиге сүзүп аласыз. Мындай ыкманы тиштин түбү бошоп, сезгенишине карата колдонсоңуз натыйжалуу болот.

  Пайдалуу кеңештер

Бетке кам көрүү
Жайкы аптаптан коргонуу үчүн бетке ар кандай маска колдонгонуңуз жөндүү. Эгер бетиңизди агартып жашаргыңыз келсе, алманы азыраак сүткө бышырып бетиңизге жылуулай жабасыз да 20 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп коёсуз. Ал эми сабиз маска бырышып бараткан бетке жакшы. Аны сүргүчтөн өткөрүп аласыз да бетке тегиз жаап, жарым саатча койгондон кийин жылымык сууга жууйсуз да артынан муздак суу менен чайкап коёсуз. Териңиз кургак болсо ылайыктуу бетмайдан сүйкөп коюңуз.

  Пайдалуу кеңештер

Күлүп жүргөн адамдын өмүрү узарат
Күлкү көңүл эргүүнүн, кубанычтын жышааны. Кубануудан жүрөктүн согушу тездеп, дем алуунун терең болуусу күчөйт. Күлгөн сайын булчуң эттин кыймылы жакшырат. Ар бир күлкү жүрөк булчуңун да чыңайт. Аны менен көптөгөн кычкылтектер канга өтөт. Кандын денедеги айланышы күчөгөн сайын, дем алуу кубаты дагы күчөйт. Мындан ашказандагы сиңирүү суюктугу пайда болуп, тамак бат сиңет. Дене дагы көптөгөн кубаттуу нерселерди кабыл алат. Демек, күлкү ден-соолукту чыңоо менен өмүрдү узартаарын эсиңизден чыгарбаңыз.

Даярдаган Ч. Абдраева









??.??





??.??