Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бир собол

"Көнөктөн үрккөн бээ жаман,
Төшөктөн үрккөн эр жаман"
- дегенди
кандай түшүнөсүз?
Саламат Садыкова,
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:
- Мм… Кыйын макал экен. Үрккөндөн Кудай сактасын. Азыркы убакта өзүнүн милдетин аткара албай, алсыздыгынын айынан ичкиликке берилип жаткан эркектер көп болуп жатпайбы. Дагы бир жагынан ар кандай оорулар менен оорушуп, импотент болгондору өздөрүн төшөктөн ала качышат. Негизгиси мен ойлойм, багуусу каралбаган жерден аял болобу, эркек болобу үркүп качышат да.

Аскат Мусабеков, ырчы:
- Мен ойлойм, эгерде өзүнүн үйүрү жаман болсо мал деле качат. Ошол сыяктуу бир эле төшөктө эмес, негизгиси үйбүлөдө адамды тартып турган ырыскы, кут болуш керек. Аялы да, күйөөсү да бир көз караш менен түшүнүп жашаса эч ким, эч жакка үркпөйт.

Назира Жетигенова, куудул:
- Сонун макал го. Чынымды айтайын, тигил биринчи сабы бээсин билбейм, эр жөнүндө эле айтайынчы. Бул эми "Аял жакшы эр жакшы" деген макалга окшошуп кетет экен. Үйбүлөдө аялдан көп нерсе таасир этет. Аял жакшы болсо эркек эч кайда үркпөйт дагы, кетпейт дагы.

Кенже Дүйшеева, "Кыз-Бурак"
тобунун жетекчиси:
- (Күлүп) Чынын айтсам бул макалга көп түшүнө алган жокмун. Турмушка чыгып, үйбүлө курганда айтып берейинчи.

Жаңыл Бекбоева, куудул:
- Буга эми ар ким ар кандай түшүнөт. Менимче бардык жанга ыңгайлуу шарт керек деп ойлойм. Мисалы, бээни саап жатканда идишин калдыратып, ага тоскоол болсоң, мал болсо да жини келип, сүтүн бербейт. Ал эми эркек жөнүндө айтсам аял анын жаманын жашырып, жакшысын чыгарса, ал эркек эч качан үйдөн качпайт.

Алтын Мырза: "Миң-Кыял" радиосунун ди-джейи:
- Менимче, бул макал бир гана эркекке тиешелүү эмес. Өзүнө-өзү ишенбеген, жашоого болгон үмүтү, максаты жок адамдардын дал ошондой кадамдарга баруусу мүмкүн. Максат коюп келечекке умтулуп жашасак баары биз ойлогондой болот дейм.

Даярдаган Айнура Султанова



Көптөгөн сыйлыктардын ээси, КРнын эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева:
"Элден алыстай түштүм"
Биз, эми бой тартып келаткан учурда Токтобүбү Черикчиева "Кайыр кош" деп коштошуп Абидин Темировдун ырын жүрөк түпкүрүнө жеткире ырдачу эле. Ошол биз билген көптөн бери эл алдына чыкпай жүргөн ырчы эжекебиз менен бүгүн маек курдук.

- Токтобүбү эже, эмнеге эл алдына көп чыкпай калдыңыз?
- Теледен же радиодон болбосом, гезиттен маек бербей койсо эле "эл алдына чыкпай койдуң, жоголуп кеттиң, сахна менен коштоштуңбу?"- деген суроолорду жамгырдай жаадырып жибересиңер. Эч кандай ыр дүйнөсүнөн алыстабай эле азыркы учурда кыргыз улуттук филармониясында эмгектенем.
- Мурун упузун чачын кулпуртуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапчу ырларды аткара билген ырчы айымдын жеке концертин сагынган күйөрмандары көп чыгаар?
- Туура угармандарым сагынса сагынды, мен да угармандарымды сагындым. Көптөн бери жеке концерт бере элекмин. Бош убакыт жок. Элден алыстай түшкөнүмдү мойнума алам, анын да өзүнчө себептери бар. Биринчиден эне болуп, түн теребелде бешик терметип бала бактым. Экинчиден өзүм жашаган кичи райондон кол салуу болгон. Ошолор да колумду байлады.
Бирок, буюрса ак төөнүн карды жарылган күркүрөгөн күздө жеке концерт берүүнү пландаштырып жатам.
- Үйбүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Үйбүлөм жөнүндө кеп козгосом, жолдошумдун аты Мирлан. Уулум Чынгыз 8-класста окуйт. Кызым Медина "Илим" балдар бакчасында тарбияланат. Үйүбүздүн эркеси, баарыбызга күлкү тартуулаган ушул тентек кызым Медина. Негизи бала тили бал деп коёт эмеспи.
- Бала демекчи балалыгыңызга кайрыла кетсеңиз?
- Балалыгыма кайрыла кетсем баары жакшы өткөн. Аябай эрке өскөм. Ата-энем көңүлүмө карап, көкүлүмдү тарап, өтө эле бапестеп багышкан. Бала кезимде тентек кыз элем. Мектепте болсо дайыма тырышып жакшы окудум. Орус класста тарбияландым, ошо менен бир катар музыкалык мектепти да чогуу аяктадым.
- Сиздин оюңузча аялзаты кандай болуу керек?
- Мендей (тамашалай). Аялзаты жаратылышынан эле назик келет. А бирок азыркы биз жашап жаткан заманыбызда аялзатына таандык назиктик кээ бир эркектерибизге ооп кеткендей.
- Кандайча?
- Кандайча болмок эле, үйгө олтурган жумушсуздуктан жапа чегип, аракка берилген эркектер четтен табылганы жашыруун эмес. Эркектер назик тартып артка кетенчиктеген соң эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял милдетин аткарып калган эже-сиңдилерибиз көбөйдү. Мурун тапканын жакшы пайдалануу аялдын милдети болсо, азыр тетирисинче көбүн эсе бардык жерде аялзаты лидер болду. Эркектерге арка -жөлөк, медер, тоо болуу, балага мээримдүү эне деген атка татыктуулукту алып жүрүү азыркы биздин доорубуздун ырына айлангандай.
- Сиздин пикириңизде "Аялдар дайым алдыга!" деген ураан менен жашайт окшойт а бирок, ошол эле аялзаты жасап жаткан ар бир көчөнүн кесилишинде дене сатуу кандай абалды туудурат?
- Туура айтасың, азыркы өткөөл мезгилибизде кыйынчылыкка шылтоолоп денесин соодалаган кыз келиндерибиз көбөйгөнү чындык. Бирок, ошолордун бул жолго барышына мезгилди күнөөлөбөй анын себебин эркектерден жана аялдардан издөөгө тийишпиз.
Биз күнөөлүү деп эсептеген эркектерде жана өзүн базарга саткан аялдарда тең күнөө бирдей. Кыргызда айтылат эмеспи "керкисинде да, кемигинде да бар" деп ошол сыяктуу күнөөнү эки жактуу карашыбыз керек. Замандын ооруна шылтоолоп жеңил тамакка көнгөн аялдарды намыс уяттан кеткендер деп айтаар элем.
- Бир, эки ыр жаратып алып "Жылдыз" оорусу менен ооругандарга кандай карайсыз?
- Азыр бардыкы барман, жоктуку арман менен өтүп жаткан учурда кээ бир капчыктуулар үнү жок болсо да "Жылдыз" боло алышты. Акча менен атак -даңкты сатып алышкан соң теңирейип "Жылдыз" оорусу менен ооруп калышканы күлкү келээрлик иш.
- Үйдө кандай аялзатысыз?
- Чындыкты айтуу керек. Биз үйдөн көп тамак ичпейбиз. Кафеден ичип алабыз, жумушубузга байланыштуу. Ал эми аялзатында болгон назиктик менде жок. Бетке айтып, өз билгенимди бербеген эркек мүнөзүм бар.
- Адамды кантип баалайсыз?
- Адамдык сөзгө тең келе алгыс сапаттар көп. Ошол асыл сапаттарды алып жүргөн адамдарды баалайм. Ал эми сырткы келбетине же болбосо кийген кийимине карап мамиле түзбөйм. Сырты жалтырак, ичи калтырак замандаштар миңдеп саналат. Андайларды мен көзү эмес, көөдөнү сокурлар деп гана коём.
- Жан дүйнөңүз жабыркаган учурларга кабыласызбы?
- Ооба, чыгармачыл киши болгон соң андай нерседен артта калбайм. Жан дүйнөм жабыркаган учурда көөдөнүмдү бурганак тиреп, уйгу-туйгу боз топурак чаң сапырылып, өзүмдү коёрго жер таппай калганда концерттерге барам. Жаныңды эргиткен ырлар менин жан дүйнөмөн түнөк таап, жабырланткан ыза көпөлөктөрүн алыс айдап жиберет.
- Келечектеги пландарыңыз кандай?
- Жакшы пландарым бар, бирок азырынча сыртка чыкпай купуя сыр болуп тура берсин.
- Сөз соңунда элге каалооңуз.
Ынтымак, бакыт, бейпилдик.
- Рахмат, чын жүрөктөн маек куруп бергениңизге.
Альбина Калыкова









??.??