Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жаңырган издер

Абийирин тиктирип, Тезек төрөгө тийген Төрөтай cулуу
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Тээ илгертен бери эле макал-лакап турмуштан алынып, айтылып келгенин тана албайбыз. Анын сыңары бул макаланы дагы, таамай айтылган сөз менен баштасак. "Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" деп айтылган таасын сөз дагы турмуштан алынган.
Тарых барактарын карасак өңүттө кеп кылынгандай сулуу, ай жамалы келишкен, көз жоосун алган кыз келиндердин пайдасы дагы элге тийгенин байкасак болот.
Күлүк ат менен сулуу кызга кызыкпаган ким болгон. Тээ илгертеден күлүк ат менен сулуу кыз талашка түшүп, канчалаган жаңжалдардын башаты болгонун укканыбыз бар.
Андан да сулуу кыздар көбүнчө атка минер, эл башкарган төбөлдөрдүн көз жаздымынан кетпей, алардын биринчи болбосо дагы экинчи, үчүнчү аялдары болуп келгенин ким тана алат.
Эмесе сөз өңүтүн өз учурунун айчырайлуу сулуусу Төрөтай бийкечке бурсак. Сөзгө чечен, акылга дыйкан Тилекмат алыс жолго минчү Тору кашка атын минип, таң сөгүлүп, жылдыз тарап калган кезде, алыскы бөксө тоолорду көздөй алып жөнөдү. Алдыга койгон максатын иш жүзүнө ашыруу, бул да болсо элдин келечегин кам көрүүнүн бир жолу эле. Анан эмне кылат? Жок жерден алыс эмес тууган адам кашына, болгондо дагы эл башы, эл эгеси аталган төбөсү көрүнгөн кишини өлтүрүп койгону үчүн коңшу элден кол сурап келүүнү максат кылат. Анткени ал белгилүү кишинин туугандары анын кунун кууйбуз деп айтканынан кабар алганы, ушул жолду тандап алды. Бирок, бул оюн эч кимге айткан жок.
Күн уясына батарына аркан бою калганда, Тилекмат өзү көздөп багып алган Тезек төрөнүн эшигинин алдында болду. Эки жигит атын алып мамыга байлаганда, Тилекмат сыпайылыгынан жазбай Тезек төрөннүн жигиттери менен учурашып, анан ирегени аттап, илгери кирди. Аюу талпакта кош жаздыкты чыканактап жамбаштап жаткан Тезек төрө ордунан жылбай, берилген саламды алик алып, көзү менен белги берди "жогору өт" деп. Тилекмат орун алып олтурган соң сөз угутун улап:
- Кандай жатасыздар?-деп сурап койду. Кымыздан сыпаа ууртаган Тезек төрө.
- Дурус!-деп кыска гана жооп берип, калган сөз эртең менен улансын деген мааниде ооз жакта турган жигитке "конок камын көргүлө!"-деди. Эртеси эртең мененки наардан соң Тезек төрө Тилекматка тике карап:
- Келипсиң, келчү эмес элең?-деди сөздүн тереңине түшүнгөн Тилекмат, сөздү чойбой дароо баштады.
- Сизге ылайык бизде бир сулуу кыз бар. Эгерде ал-күчүңүз болсо бизге күйөө бала болбойсузбу?-деди. Жашы жетимишке таяп калган Тезек төрөгө тике карап, мындай сөздү күтпөгөн Тезек төрө мукактана түшүп:
- Аял алганга дарман бар. Бирок, силердин кыз мага жагабы? -деп жаш аял алганга дилгирлигин билдире сүйлөгөндө, кыраакы Тилекмат сөздүн маанисинен улам илгиртпей түшүнүп дароо:
- Албетте сизге жагат. Андай сулуу сиздей эл эгесине гана ылайык-деп көркөм сөзгө сала бир топ сөз сүйлөп жиберди. Тезек төрө сөзгө муюп:
- Качан барып кызды көрөйүн? деп сураганда Тилекмат токтолбой туруп шар кетти:
- Кийинки аптанын аягында барып калыңыз. Биз кызды даярдап, сизди күтүп туралы-деди.
Ошентип ал күнү Тезек төрөнүн сыйын көрүп, кийинки күнү таң эрте жолго чыкты. Негизги план ишке ашканы менен жол ката: "айылда кимдин сулуу кызы бар!"-деп ою менен кыз издеп таба албады. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезди, сулуу кыздын дагы эсеби табыларына. Кеч бешимде айылына келген Тилекмат дароо айыл аксакалдарын жана билермандарын чогултуп "Мен Тезек төрөнү аял алганга көндүрүп келдим, ага чейин сулуу кыз тапкыла, аны сулуу кыз алып берип алдабасак, бизге кол бербейт"-деп болгон ишти түшүндүрүп айтты.
Аксакалдар жана билермандар Тилекматтын айткан сөзүн угуп болушуп анын тапкан акылына туура көрүшүп, айыл кыдыра сулуу кыз издемей болушту. Эми негизги маселе айчырайлуу сулуу кыз издеп табуу болуп калды. Айтылган убакыт жакындаган сайын сулуу кыз табалбай, эл ушунчалык кыйналып, башка элге дагы кыз издеп жөнөгөндөр болду. Бирок иш чатагына айланды. Тезек төрөгө жакчу сулуу кыздын табылышы көп эмгекти талап кылды. Ошентип ойлогон ой оңунан чыкпай, татаалданып, белгилеген убакыт жакындаган сайын, ийнеге отурган адамдай, билермандар бир жерге туралбай бушайман болуп атканда дагы туңгуюктан жол тапкандай Тилекмат "Асылбайдын жаңы алган келинин башын ачып, абийирин тиктириш керек" деген ойду айтты. Ооба, Асылбайдын жалгыз уулунун келинчеги көзгө толумдуу, чырайлуу эле. Турмушка чыкканына болгону бир айдын жүзү болгон. Көпчүлүктүн өтүнүчү жана элдин келечеги үчүн Асылбай анын келинин башын ачканга макулдугун берди. Шуулдаган аялдар Төрөтайдын абийирин кадимки кызыл жип менен тигип, Тезек төрөнүн биринчи түнүнө даярдады.
Ошентип күткөн күн да келип, жаш кыздын коюнун самаган жетимишке жашы таяп калган Тезек төрө дигер намазынын убагында жан-жоокерлери менен атайын аркалап тигилген ак өргөөгө түштү.
Алгач ал-ахыбалды сурашып, андан соң негизги сөзгө өтүштү. Тезек төрө болочок аялын көрмөккө кызыгуусу артып, баам салгандарга сыр алдырып койду. Убакыт жетип, эки келиндин коштоосунда Төрөтай астананы аттап киргенде Тезек төрөнүн көзү жайнай түштү. Чынында эле чырайы Тезек төрөнүн жүрөгүн козгоп, көңүлүн көтөрдү. Оюнун баарын сулуу ээлеп алгандыктан, ортодо эмне сөз болгонуна кулак дагы салган жок. Төрөтай астананы аттап киргенде, Тезек төрөнүн сынчысы Акматаалы көрүп эле "Ой, кантет, бул кыздын кулагына көлөкө түшүп турат го" дегенде Тилекмат, баш болгон айыл билермандары белги берип, озунуп токтотушту. Акматаалы айткан сөздү Тезек төрө укпай калды. Анткени анын дити Төрөтайда эле да. Акматаалы "Кулагына көлөкө түшүп калган го" деген сөзүнүн артында "Жоолук салынып, келин болгон кызыңарды бергени жатасыңарбы?" деген сөз жаткан эле. Эбин таап, Акматаалы ашыкча сөз сүйлөбөй, сый үстүндө болду.
Күүгүм кирип, көз байланган убакта молдо келип нике кыйып, жолун ачты. Тилекмат келин кеткенден бери жаш кыздын коюнун эңсеген Тезек төрө ушул убакты канча күттү. Өз аялдарына жолобой, күчтүүлөп тамак жеп, күчүн жыйнап, өзүн даярдады, күлүккө түшчү аттай, "байлык менен аялдын түбүнө ким жетиптир?" деген сөз бар эмеспи. Бирок жетчүдөй далбастаганыбыз менен баары бир, дагы болсо деп ачкөздөнүп байлык жыйнап, аялзатына эркектер азгырылып келет. Бир гана динге өтө берилген такыба адамдан башка азгырылбаган ким бар.
Жылдыз толуп, айлана тынч алган убакта Тезек төрө аяр басып жаш колуктусу экөө жатчу өргөөгө кирди да, бөрүдөн корккон козудай көздөрү жайнаган чөбөрөсүндөй болгон Төрөтайга жакындап келип арбайган арык колдору менен аны кучактап, өзүнө тартып, алкымынан жыттап, сугалактык менен өпкүлөп кирди. Толуп болуп турган жаш келиндин денеси Тезек төрөнүн эңсөөсүн күчөтүп, бери жактагы калың салынган жуурканды көздөй жетелегенге түрткү берди. Баарына чыдоо керек, баары эл үчүн болуп аткан соң, Төрөтай эч каршылык кылбай Тезек төрөнүн ою менен болду. Көзүн жумуп, дагы кыйнала турган кез алдында турганын эстеген Төрөтай ичиркенип алды. Ансыз деле жип менен тигилген жери жанын кыйнап аткан эле. Бул убакта бүт дүйнөнү унуткан Тезек төрө Төрөтайдын кийимин чечүү менен алек болуп аткан. Баарына текши ой жүгүрткөн Төрөтай, кыз болуп жаралып калганына өкүнүп, болчу окуя эртерээк эле болсо экен деп Тезек төрөгө жардам берип, өзүнүн кийимин өзү чечкенге өттү. Акыры Тезек төрө өзү эңсеген мүдөөсүнө жетти, бирок "дарбазадан" нары өтүү көп эмгекти талап кылды. Түн ортосуна чейин алек болгон Тезек төрө өз ишине өзү куштарлана бир убакта сыртка чыгып бошонуп , жуунуп келип, Төрөтайды кучагына кыскан бойдон, таттуу уйкунун кучагына сүңгүп кетти.
Эртеси эртең менен таңкы наарда көңүлү куунак Тезек төрө өзүнүн жаңы кайын журтуна суроо менен кайрылды:
- Мен силерге ыраазымын. Менден эмне жардам керек, тартынбай сурагыла?-дегенде, Тилекмат ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып шар кетти да, өзүнүн өтүнүчүн айтты. Кол сурады. Жаш Төрөтайдын жылуу койну Тилекматтын өтүнүчүн аткарганга түрткү берип, эки миң кол бергенге Тезек төрө убада берди. Ошентип, кызга бергис жубандын чырайы элинин керегине жарады. Бирок, зыяны да жок эмес. Эмне дейбиз көздүн кубанычы, айлананын көркү болгон сулуулар бар болгулачы деп сөзгө чекит коёлу.

Бердикожо Бийназаров

P.S. Гезитибиздин кийинки санында "Бугу эне" жөнүндө сөзүбүзгө кезек беребиз.