Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Боорду эзген Борончу
"Классташ" аттуу рубрикабыздын бул жолку мейманы белгилүү куудул, ырчы Борончу Кудайбергеновдун классташы, №166 маршрутканын айдоочусу Сүйүнбек Эстебеков болмокчу. Тырмактайынан куудул менен бирге чоңойгон Сүйүнбек мырза артта калган окуучулук алтын күндөрүн эскерип, төмөндөгүчө маек куруп берди.

Борончунун бал татым балалык сүйүүсү
n=- Мен Борончу менен Жумгал районунун Түгөлсай айылындагы Сейдалы Медетов атындагы орто мектепте чогуу окудум. Ошондуктан анын бир тууган классташымын десем жаңылышпайм. Алгач, Борончу куудулдун чыт курсак бала кездеги кебетесин сүрөттөп берейин. Ал кичине бойлуу, тармал узун чачтуу, колу-буту кыска, курсагы челектей, өңү сары, делдең кулак бала болчу. Классыбызда эң кичине жөргөмүш болгону менен чоң-чоң мага окшогон пилдерди коркутчу. Дене-тарбия сабагынан жалаң "5" ке окучу. Математика, физика сабагына келгенде такымы тырышып, кабагы карышып коңгуроону эле күтүп отурчу. Ал эми музыка, интермедия, конкурс дегенде ичкен ашын жерге коюп, бети менен түшө калчу. Аккордеонду асынып "Жолугалы, гүлүм жолугалы" деген ырды созгондо мурдун көтөргөн кыздардын баары Борончуну айланчыктап эргип калышчу. Кээде отуруштарга барганда тамаша-чынга салып күлдүрүп койгону болбосо ырдап эле айылда жүрчү. Ошондо эле муну ырчы болот го деп ойлочубуз. Мектепте сабактан качкан дагы, кыздарга тийишкен дагы, конкурска катышкан дагы, отуруштарды уюштурган дагы, уурулук жасаган да кыскасы бардык жагынан Борончу тизменин башында болчу. Эс алам деп айылга барган шаардык кыздардын жанын койчу эмес. Ошентип отуруп классыбызда Борончу биринчилерден болуп кыз-жигиттик доорду сүрүп баштады. 7-класста окуп жүргөндө Айгүл деген классташ кызыбыз менен бир жылдай чала-була сүйлөшүп жүрдү. Ал кыз дагы Борончуга окшогон кичине бойлуу болтойгон кыз эле. Жөн калбай анысын "момпошкам" деп эркелетип койчу. Анын "момпошкасына" бир Борончу үчүн бардык балдар барчу элек. Эки жаш өздөрүнчө сүйлөшөт эле, биз болсо бери жакта күтүп турчубуз. Анан кызыгып, "эмне жөнүндө сүйлөштүңөр, сен ага эмне деп айттың?" деп сурасак, анда Борончу "сүйөм деп айталган жокмун, бирок колунан кармап, чачынан сылап алдым" деп маашырланса, аны бактылуу жүзүн көрүп баарыбыз суктанат элек. Кийин ошол кызыбыз Борончуга эмес Камчыбек деген классташыбызга турмушка чыкты. Азыр экөө айылда турушат, очор-бачар үйбүлө болуп калышты. Борончу айылга барганда, Камчыбектин үйүнө барып "Мен сага келген жокмун, Айгүлгө келдим" деп тамашалап калат. Борончу досумдун балалык кездеги бал татым махабаты ушундай болгон.

"Свидания"
курам деп 45 мүнөт стул көтөргөн
Борончу
- Эми боорду эзген Борончунун жолдо калган жоруктарынан айтып берейин. Анда 7-класс элек, орус тил эжекебиз тапшырма сурап калды. Ошол күнү ыр жаттап келиш керек болчу. Анан бир мезгилде Борончуга кезек жеткенде ордунан шарт тура калып: "Эжеке, извините я жаттай албай калдым, это плохо" деп башын кармап турат. Эжеке жини келип кулагынан чойгон бойдон доскага алып чыгып "эмнеге жаттаган жоксуң, кечинде эшек такаладыңбы?" десе, "Эжеке свиданияга барып, эшек такаладым"- деди. "Алдагы кыбыраган боюң менен кайсы кызга боюң жетет экен сенин, сени менен кандай кыз сүйлөшөт өзү"- деп эжеке сүйлөнсө унчукпай калбай "оо, боюмда проблема жок, түбүмө кирпич коюп алып да сүйлөшө берем, жолугууга көндүрүп алганымды айтпайсызбы"-деп эжекенин айласын кетирди. Эжекебиз принципке таянып, Борончуга 45 мүнөт стул көтөртүп, доскага тургузуп койду. Ошондон кийин Борончу досум орус тилинен берилген тапшырманы калтырбай аткарып барчу болду.

Шыйрагыңдан ий…
- Борончунун "шыйрагыңдан ий" деп эле кыздардын бутунан кармап чыркыратмай адаты бар эле. Бир жолу мугалимибиз келбей калып класста ызы-чуу болуп отурганбыз. Борончу адатынча столдун алдына жашынып алып ары-бери өткөн кыздардын бутунан кармап аткан. Бир маалда эшиктен кыргыз тилчи эжеке кирип келди. Биз аны көрдүк, Борончу болсо байкаган жок. "Тык-тык" деп Борончунун жанына келгенде "шыйрагыңдан ий" деп эжекенин бутунан кармап калды. Эжеке болсо "ай" деп эле чоочуп кетти. Борончу эмне кылаарын билбей эжеке кечирип коюңуз билбей калыпмын дегиче болбой, эжеке колундагы китеп менен Борончуну баштан ары бир коюп, директордун бөлмөсүнө жетелеп кетти. Анан директор ата-энесин чакыртып, линейкада аябай уяткарды. Ошондон соң Борончу акылына кирип, кыздардын бутун кармаганын токтотту. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей Борончу шоктугунун айынан көп мугалимдерден таяк жеди. 9-классыбызда биологиядан берген жаш эжекебизди ала-качып кетип, эки күндөн кийин отурбай баса берди. Эжеке сабакка келип, Борончунун жанында отурган (бою узун кара тору кыз болчу) кыздан тапшырма сураса билбей койду. Анан "эки күндөн бери эмне кылып аттың, окуп келбейт белең" деп тиги кызды уруша баштады. Оозу тынбаган Борончу жөн отурбай "эжеке, муну да бирөө ала качып кетип, эки күндөн кийин отурбай баса берди" деп күлүп калды. Окуучусунан мындайды күтпөгөн эжекенин жүзү өзгөрүп, "бирөө менен ишиң канча сенин, экинчи менин сабагыма кирбегин" деп аябай ызаланып Борончуну кууп чыкты. Анан көпкө чейин эжекенин сабагына катышпай жүрүп, акырында апасын ээрчитип келип, эжекеден кечирим сурап, араң жарашкан. Ушундай, Борончу бала кезинен эле жүрөгүндө кири жок, ачык айтып, ак сүйлөгөн бала болгон. Анын бул сапатын бала кезден калыптанып калган мүнөзү деп айтсам болот. Кыскасы Борончунун окуучулук алтын күндөрү суз, супсак өткөн жок. Жалаң гана кызыктуу окуялар менен коштолду.




Бир көз ирмем
Эрнис Бөрүбаев, куудул:
"Шыпыргы менен
эжекени башка чаптым"
- Эсимде, 6-класстын окуучусу элем. Бир жолу Майрамбек деген классташым экөөбүз шыпыргы менен чабышып ойноп жатканбыз. Мен класстын ичинде, ал сыртында болчу. Улам эшикти ачып жетишип калсам мен чабам, дагы эшик ачылганда ал чабат. Ошентип көпкө чабыштык. Анан бир маалда ал менин мойнума бир чаап туруп, эшикти ачтырбай сыртынан жөлөп алды. Майрамбек чапкан жерим өлгүдөй ачыштырып ооруп, эптеп эле эшикти ачсам мен да күч менен аябай чабам деп ачууланып жаткам. Бир маалда эшик ачылып кеткенинен, ушундай күүлөнүп туруп бир чаап карасам эле алдымда башын мычкып математика сабагынан берген эжеке турат. Колундагы барактары болсо чачылып жатат. Коркуп кетип чачылган барактарды жыйнай баштадым. Анан эжеке бир топтон кийин өзүнө келди окшойт "Эшектин баласы десе көзүмдү карарта койдуң го" деп ачуу кыйкырып, колумдан жетелеп алып окуу бөлүмүнүн башчысына алып кирди. Класс жетекчи агайым келип "көчүккө" бир тепти эле зың эле дей түштү. Эжеке болсо бетимден чымчып отуруп көгөртө койду. Ошону менен эле жөн калбай эртеси күнү мен үчүн линейка өткөрүп, окуучулардын алдында эскертүү берди. Азыр ойлоп көрсөм оюндан от чыгат болуп ошондо байкуш эжекемдин көзүнөн от чыгарган экенмин.

Даярдаган
Ж. Калдарова









??.??