Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Спорт

Пекин - 2008
Болгарлык оор атлеттер
Олимпиадага барбай калабы?
Болгариянын улуттук федерациясынын чечими менен аталган өлкөнүн эркектер жана аялдар курама командалары Пекин олимпиадасына барышпайт. Себеби, көпчүлүгү допинг-тесттен өтпөй калышкан.

Хансен олимпиадада Россия үчүн ойнойт
"Динамо" баскетболдук командасынын коргоочусу, америкалык, азыркы учурда россиянын жарандыгын кабыл алган Трэвис Хансен Олимпиадага баруучулардын катарына киргенине чексиз кубанычта.

Бокс
Филиппиндик боксёр Мэнни Пакьяо 62 кг. чейинки жеңил салмакта дүйнөнүн чемпиондугун сактап калды. WBC версиясы боюнча америкалык Дэвид Диасты нокаут менен жеңди.

Америкалык Стивен Луэвано WBO версиясы боюнча өзүнүн чемпиондук титулун сактап калды. Ал пуэрторикалык Марио Сантьяго менен беттешип, тең чыгып титулун сактап калды.
27 жаштагы Луэвано 37 оюндун 35ин жеңиш менен аяктаган.




Футбол
Кыргызстан-Казакстан жолдоштук беттешүүсү болбой калабы?
2010-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турлары жүрүп жаткан учуру. Биздин футболчулар кошуна Казакстандын командасы менен 5-августта беттешмек эле. Жаңы дайындалган биздин команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкарытовдун айтымында оюнчуларды ошол убакка чогултуу кыйын болуп калат. Себеби август айында бардык футбол клубдары оюнчуларын эс алууга таратышат.

"Шахтёрдун" оюнчуларын тоноп кетишти
Казакстандын биринчилиги үчүн өтүп жаткан учурда Шымкенттин мейманканаларынын биринде Караганданын "Шахтёр" футболдук командасынын оюнчулары Евгений Ловчев менен Максим Самченконун буюмдарын уурдап кетишкен.
Мындан бир ай мурун дагы Шымкентте "Иртыш" командасынын оюнчулары Владимир Носков менен Дидаркылыч Уразовдун кийим чечкен жеринен буюмдарын кымтып кетишкен эле.




EURO -2008
Орустар үмүттү актаган жок
Европа чемпионатында экинчи жарым финалдык таймашууда Орусия командасы негизги атаандашы Испания футболчулары менен беттешти. Натыйжада биринчи таймда эки команданын оюнчулары этияттык менен ойноп, эсеп ачылган жок.
Нөшөрлөп жааган жамгырга карабай оюн жүрүп жаткан. Оюндун экинчи бөлүгү башталганына 5 мүнөт өткөндө испаниялык жарым коргоочу Эрнандес Хави эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.
Ушундан баштап испандыктар үстөмдүк кылып, топту көбүрөөк көзөмөлгө алышты. Беттешүүнүн 73-мүнөтүндө испаниялык чабуулчу Даниэль Гуиса эсепти экиге көбөйтүп, орусиялыктардын дарбазасынын торуна топту таамай багыттай алды.
Орусиялыктардын бир нече жолку жооп кылуу аракетинен майнап чыкпады.
Жарым финалдык мелдешин жыйынтыгына 82- мүнөттө испаниялык жарым коргоочу Давид Сильва чекит койду. Ошентип Испания курамы 3:0 эсебинде Орусияны утуп алды.

Түрктөр түңүлүшпөйт
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында биринчи жарым финалдык таймашууда Түркия командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешти. Натыйжада биринчи таймдын 23 мүнөтүндө түркиялык Угур Борал эсепти ачып, германиялыктардын дарбазасынын торуна топту түшүрдү.
Германиялыктар дагы жооп кылып, үч мүнөттүн аралыгында эсепти теңдешти. Бул ирет германиялык жарым коргоочу Бастиан Швайнштайгер айырмаланды. Оюндун биринчи бөлүгү 1:1 эсебинде тең аяктады.
Жарым финалдык беттешүүнүн экиничи бөлүгүндө германиялык чабуулчу Мирослав Клозе эсепти 2:1ге өзгөртүп, командасын алга сүрөдү. Ошондой эле түркиялык чабуулчу Семих Шентүрк эсепти кайра теңдей алды. Ушундай кызыктуу оюн учурунда кыргызстандык футбол күйөрмандары үчүн телекөрсөтүүнүн түз алып берүүсү техикалык себептерден улам бир нече жолу үзүлүп, абдан бушайман болушту. Мөөрөй талашуунун акыркы мүнөттөрүндө германиялык коргоочу Филипп Лам жеңиштүү топту киргизүү менен Германия курамы 3:2 эсебинде Түркияны утту.
Ал түрктөр ушуну менен эле түңүлүп калбай алдыдагы дүйнө чемпионатына кызуу даярданышаарын айтышты.




Чемпионатта ким көп топ киргизди?
Быйылкы чемпионатта эң көп гол киргизген оюнчу Испаниялык Вилья Д. болду. Ал чемпионаттын жүрүшүндө 4 гол киргизип мыкты оюнчу аталды. Ал эми андан кийинки орунда 3 топ киргизишип россиялык Павлюченко Р., германиялык Подольски Л., түркиялык Семих Шентюрк жана швейцариялык Хакан Якиндер аталышты.
Ал эми 2 топ киргизишкендер: Арда Туран (Түркия) Аршавин А. (Россия) Баллак М. (Германия) Ван Нистелрой Р. (Нидерландия) Ван Перси Р. (Нидерландия) Гуиса Д.Г. (Испания) Ибрагимович З. (Швеция) Класнич И. (Хорватия) Клозе М. (Германия) Нихат Кахведжи (Түркия) Снайдер В. (Нидерландия) Фернандо Торрес (Испания) Швайнштайгер Б. (Германия)




Испания - чемпион!
Футбол боюнча Европанын 13-чемпионаты соңуна чыкты. Баш байге үчүн Австриянын Вена шаарындагы "Эрнест Хаппель" стадионунда Германия жана Испания курама командалары күч сынашып, 1:0 эсебинде испандар жеңишке жетишти. Финалдык таймашууда Испания командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешип, биринчи таймдын 33 мүнөтүндө Англиянын "Ливерпуль" командасынын жана Испания курамасынын чабуулчусу 24 жаштагы Фернандо Торрес эсепти ачып, испаниялыктарга кубаныч алып келди. Германиялыктар эки таймда тең жооп кылууга аракет кылышканы менен эсепти теңдей алышпады. Испания курама командасы Орусияны уткандай жигердүү ойноп, германиялыктарды финалда утуп алышты. Себеби алар 24 жылдан жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып, жеңишке жетишти. Алар Европанын экиничи ирет чемпиону болушканына 44 жылдын аралыгы болду. Футбол күйөрмандарынын айтымында, быйылкы чемпионаттагы сенсацияны Испания командасы жаратып, алар бардык атаандаштарын, ал түгүл орустарды эки ирет утуп, финалда да жеңишти камсыз кылышты. Германия Европа чемпионатынын финалында 6 ирет баш байгеге талапкер болуп, үч жолу Европанын чемпиондук алтын медалын тагынган. Бул жолу болсо испандыктарга алдырып, жеңилүү ызасын тартышты. Ал эми Испания финалга эки ирет чыгып, 1964-жылы СССР курамын жеринде 2:1 эсебинде жеңип, Европа чемпиону аталган. Андан кийин 1984-жылы Францияда өткөн Европанын 7-чемпионатында талаа ээлери француздарга 2:0 эсебинде утулуп калышкан. Испаниялыктар 24 жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып, баш байгенин ээси болушту. Финалдык беттешүүнү да Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү. КТРдын футболдук баяндамачысы Кубан Атабеков мелдешти жыйынтыктап жатып, испандардын утушуна Фернандо Торрестин салымы зор экенин белгиледи. Ал УЕФАнын чечими менен Европанын 13- чемпионатынын мыкты оюнчусу деген сыйлыкка арзыды.
Европанын 13-чемпионаты 22 күнгө созулду. Австрия жана Швейцария өлкөлөрүнүн 8 шаарында өткөрүлдү. Бул турнирди 300 миңдей футбол күйөрманы көрүштү.
Европанын эмки 14-чемпионаты төрт жылдан кийин Польша жана Украина өлкөлөрүндө өткөрүлөт.

Даярдаган Жумабай Дабын уулу