Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Нелли Фуртадо
Жагымдуу үнү, жылдыздуу жүзү менен өзүнө бир топ кадыр-барк топтоп, күйөрмандарынын арзуусуна татыган Нелли Фуртадонун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу окурмандарыбызга кененирээк маалымат беребиз.
Нелли Фуртадо 1978-жылы 2-декабрда Виктория шаарында карапайым үйбүлөдө жарык дүйнөгө келген, Неллинин ата-энеси Португалиядан жумуш, жакшы жашоо издеп келишип, Колумбиядан орун алып жашап калышат. Ал эми кызына ысымды гимнастка Нелли Кимдин урматына ыйгарышкан. Эң алгач кичинекей Нелли төрт жашында апасы менен кошо дуэт ырдап чыккан. Ырчынын апасы Марли Манула чиркөөдө ырдап, жан-дүйнөсү музыкага жакын болгон үчүн кызынын да ушул чөйрөгө келишин каалачу экен. Он эки жашка чыкканда алгачкы өзүнүн ырын жаратып, орто мектепти бүткөндөн кийин ата-энесинин каршы чыкканына карабай, өзүн - өзү билип, Торонтодон чыгармачылыган андан ары өркүндөтүш үчүн жөнөп кетет.
Бөтөн жер, бөлөк эл аны кучагын жайып тосуп албаса да Нью-Йорк аттуу рэппер жигит менен таанышып, экөө бирге дуэт жаздырышкан Тилеке каршы алар күткөндөй ийгилик алып келген эмес. Жакшылыктан үмүтүн үзүп, жашоосу бир тутам болгон Нелли өзү туулган жерине кайтмак болгондо канадалык "Philosjpher Kings" тобунун менеджери Брайн Уэст менен Джеральд Неллининн таланты бар экенин айтышып чогуу иштешүүгө чакырышат. Мындай түзүлгөн мүмкүнчүлүктү Нелли колдон чыгарбай, үйгө кайтуу оюн ошол жерден эле унутат. Жаңы ыр жаздырган студия ачып беришкенден кийин жардамчылардын үмүтүн актаганга болгон күчүн жумшап, көп убакыт өтпөй 2000-жылы күзүндө биринчи альбому чыгып, анда дароо үч ыры хит болгон. Хит параддын ичинде 30 ашык ырды астына бир топ убакыт чыгарган эмес. Ийгиликке башы айланып, тумандаган Нелли жеке жашоосун да көлөкөдө калтырбай 2003-жылы 20-сентябрда Торонто шаарында туулуп-өскөн, Брайн Уэсттин эң жакын досу Джаспер Гэхания деген журналист менен баш кошот. Экөө төрт жылдан ашуун убакыт бирге түтүн булатышса да эмнегедир тил табыша албай, бир кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишет. 2005-жылы жаңы альбому чыгаарда боюнда бар Нелли чыгармачылыгынан бир топ жабыркаган. Кызы төрөлгөндөн кийин альбому чыкпаганы менен ошол учурдагы жашоосу жөнүндө Нелли: "Мен башынан чыгармачылыкты же жеке жашоомду тандабай эки анжы ойдо, орто жолдо калдым. Бирок ошентсе да мен башыман өткөн окуяларды көз алдыман өткөрүп көрсөм өкүнө тургандай деле эпизод жок экен. Азыдыр-көптүр кыска элдин кыйырына, узун элдин уучуна таанылдым. Жеке жашоомдо болсо телегейим тегиз болбосо да кыздуу болууга үлгүрдүм. Джаспер экөөбүз эки башка жолго түшсөк да, баары бир бизди байланыштырып турган алтын, кымбат ортобузда данакерибиз бар. Кызыбызды чогуу тарбиялап, жолугушуп турабыз. Ажырашканда жаман-жакшы айтышып кадыр-баркыбыз деле кеткен эмес. Эми чогуу жашабасак да кызыбызды бирге сейилдетип, жолугушуп жакшы көз ирмемдерди өткөрүп жатабыз. Ал эми кызым төрөлөөрдө жарыкка чыкпай калган альбомумду кайра иштеп чыгып, жаңы ырларымды кошуп кайрадан чыгарам"-дейт. Ошентсе да Нелли Фуртадого чыныгы атактуулукка Джастин Тимберлейк менен бирге жетишкен. Экөөнүн "Give it to Me" аттуу дуэти Неллини атагын таш жарган ырчы кылды.
Дале болсо ырчы жеке жашоосун жар салып, жарнама кылгысы келбейт. Жакында эле Нелли Фуртадо "Plai boy" журналына ири суммадагы акча сунуштаганына карабай, жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүүдөн баш тарткан. Ал мындай сунушка уялганынан улам эмес, продюсеринин буйругунан улам баш тартууга муктаж болгон экен. Учурда Нелли Фуртадонун беш жаштагы кызы Невис бар жана мындан аркы жашоосун продюсери Дечио Касстеллон мене бирге улантууну туура көргөн.




Бред Пит картайып баратат
Эң сулуу, эң таланттуу актёр Бред Пит эми мурунку ролдорунан айырмаланып "Бенджомен Баттондун таңкалычтуу жоруктары" аттуу тасмада картаң абышканын ролун жаратат. Фантастикалык бул кинодо күн сайын жашаргандан жашарып отуруп, мурунку биз тааныган жаш сулуу Бредге айланат да, отуз жаштагы Дейзи аттуу айымды сүйүп калып, сүйүүсүн да ченде жок башкача кылып билдирет. Актёрдун айтуусуна караганда мындай мааниси татаал фантастикалык тасмага тартылууга көңүлү деле жок экен. Болгону аны чоң суммадагы гонорары кызыктырып, азырган.

Евгений Петросян аялы менен ажырашабы?
Жакында эле ушундай жагымсыз кабар "Комсомольская правда" гезитине жарыяланган. Бул гезитте "Петросян менен Степаненко ажырашышат. Мындай чукул бурулушка Евгений Петросяндын жардамчысы жаш кыз Екатерина себеп болду" деген маалыматты куудул жокко чыгаруу ниетинде гезиттин жалпы жамаатын конокко чакырып, болуп өткөн түшүнбөстүккө төмөнкүдөй комментарий берген: "Елена Григорьевна экөөбүздүн ажырашабыз деген ниетибиз жок. Ооба, Катя чынында чырайлуу кыз экенинде талаш жок. Бирок, анын сулуулугу мага эч кандай таасир тийгизбейт. Ал болгону менин жардамчым. Елена экөөбүздүн жолубузду эки жакка бөлүп салган журналисттердин өтө күчтүү өнүккөн фантазиясына таң бергенден башка айлам жок" - дейт Евгений Петросян.

"Челси" тобун Түркияда тоноп кетишти
Түркияда жаңы ачылган мейманканага барышкан бул топту жылуу жумшак тосуп алышкандан кийин, эмнегедир белгисиз себептерден улам мейманканадан чыгууга тыюу салышкан. Топтун солисти Арсений Бородин өзүнүн абалын мындайча сүрөттөп берет: "Бизди бараарыбыз менен бир бөлмөгө киргизишип, уюлдук телефондорубузду алып коюшту. Чытырман токойго туш болгондон да жаман абалда калдык. Келгенибизге өкүнүп ызы-чуу салып, мейманканадан араң чыктык эле, сыртта андан да жаман абал күтүп туруптур. Көчөгө чыгаарыбыз менен кайдан-жайдан пайда болгонун ким билсин 5-6 киши келип, колу-бутубузду толгоп, болгон буюмдарыбыздан ажыратышты" дейт өпкөсү казандай, өтү табактай болгон Арсений.

Уилл Смитти Никита Михалков сынга алды
Орус элине аттын кашкасындай таанымал кинорежиссёр Никита Михалков эмнегедир америкалык актёр Уилл Смитти сынга алып, анын ойногон ролдорун "жеткиликтүү эмес, чийки аткарган" деген оюн билдирди. Кабарчылардын "Уилл Смитти бир киноңузга катыштырууга мүмкүнчүлүк болсо кантээр элеңиз?" деген суроосуна Никита "Менин кинолорума тартылганга орустардын эле актёрлору толуп жатат. Ал эми Уилл Смитке мен роль бермек тургай эпизодго да катыштырмак эмесмин" деген текебер оюн билдирген.

Максим ким менен соттошот?
Атагы алыска тарап келе жаткан жаш ырчы Максим өзүнүн кадырын, намысын түшүрүп, жалган маалымат таратканы үчүн "Экспресс" гезитинин кабарчысы Михаил Филимоновду сотко берип, моралдык жактан жабыр тарткандыгы үчүн кабарчыдан 200 миң рубль өндүрүп алмак болду. Анткени, Филимонов эч кандай фактыга таянбастан Максимди "карьерасы үчүн көрүнгөн чиновниктин көңүлдөшү болуп жүрөт" деген маалыматты тараткан.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??