Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бешене

Сойкулуктун сазына кептегендер...
"Тагдыр бул - ар бир адамдын маңдайына жазылган жол тура. Биз бул жарыктыкка келээр замат түпсүз узун ичке чыйыр аркылуу турмуш деген кооптуу жолго аттанууга ашыгабыз. Чиркин, ал алгач мөлтүр кашка суудай таптаза өмүр сересинин башаты. Андан ары бассак тирүүлүктөгү көйгөй деген арабага туш келебиз. Аны алабыз да "күнөө" жана "сооп" деген нерселерди жүктөп тынымсыз жүрүп олтурабыз. Ал жакта бакыт жана бактысыздык, күлкү жана кайгы деген бекеттерге токтолуп өтөбүз. Даңгыр жолдун сүрөткери турмуш. Ал өтө татаал. Мергенчидей жашынып алып чалышып бараткан пендеге мээлеп атып көрөт, соккудан мүдүрүлгөнүнө дагы үстөккө сокку берет.
Ошол жаанын жебеси жүрөгүмө таамай тийип жараланып турганымда, экинчи соккусу бутумдан чалып, жаралуу аркардай чабалактап өйдө болууга умтулсам жырткычтар сүйрөп тытмалап, тарпымды сазга ыргытышты. Азыр саздан бутумду сууруй албай, тереңине улам сорулуп олтуруп, белчемден төмөн карай тартылып андан чыгалбай бараткандаймын..."
- деп жазылган экен катта. Анда окурман, армандуу кат ээсинин жашоосун сиздер менен тең бөлүшүүнү туура көрдүк!. .
Эне - бала үчүн табылган баш паанек
Шаарга билимимди жогорулатуу үчүн апам экөөбүз борборго келгенбиз. Сынактын жыйынтыгы чыгып, окууга өткөнүмө көзүм жеткенден кийин апам экөөбүз кубанып окуу жайдын жатаканасын көздөй бет алдык. Апамдын артынан адашып калчудай эки жакты элеңдеп карап биз издеген студенттер жатаканасына да жетип бардык. Апам ичинен кобуранып:
- Мынакей, каралдым жатакана окуу жайга чукул экен. Бул жерге да көнүп кетесиң деп, вахтадан кире бергенибизде мурун катташпаган аталаш агам Ринат, бизди көрүп артына бурулду. Таанышы жок мен үчүн атам тирилип келгендей кубаттана түштүм. Ал кайсыл бир жогорку окуу жайда мугалим болуп иштейт деп угуп калчумун.
- Саламатсызбы эне. Кызыңызды жатаканага жайгаштырайын дедиңизби? - деди. Апам атамдын көзү өткөндөн тарта катышы жок болсо да жакшы маанайда, өткөн-кеткенди сураган болду. Ал каадалуу кишиче өткөндү кайгыруу менен эске алып, апам экөөбүздү окуу жайга жакын ашканага чакырды. Үчөөбүз чогуу тамактанып олтурганда сөз арасында Ринат агам энесинин каза болгонун да айтып өттү. Энесине арнап куран да окулду. Тамакка бата тартып чыгаарыбызда кызарган көзүн мага кадап:
- Энеке, кандай болсо да Татыш менин карындашым болот, агасынын үйү турса жатаканада турганы болбос, - деди каадалуу кишиче. Апама анын сөзү жага берди окшоду, кубана:
- Ушинтип кыйын учурда бири-бириңерге жөлөк болсоңор кана эми, - деди анын сөзүн кубаттап. Дал ошол күндөн тарта энемдин макулдугу менен аталаш агамдын эки кабаттуу жер тамында жашап калдым.
Таң заардан Ринат агамдын корсулдаган үнүнөн чочуп ойгондум. Жеңем экөөнүн чыры дагы башталыптыр. Кичинекей кызы Назиктин да үнү кошулуп ызы-чуу. Уйкулуу көзүм заматта ачыла тыңдай калсам күпүлдөгөн агамдын үнү:
- Сен мага Манас төрөп берип койдуң беле, керек болсо мен жапжаш кызды алууга кудуретим жетет... деп заңкылдап жатты. Аюудай айкырган Ринат агамдын жашы 50 гө таяп калган. Алардын андан аркы сөздөрүн уккум келбеди.
Кээде эле аялына опурулуп калмай адаты кармап калат. Саатты карасам жети болуптур. Үйдөн чыгып кеткиче шаштым.
Ээн бөлмөдөгү ачуу кыйкырык
Ошол каргашалуу күнү сабактан күндөгүдөн эртерээк бардым. Үйдө эч ким жок экен. Бөлмөлөр каңгырап бош калгандай. Иретсиз чачылган кийимдер, идиштер да толуп кетиптир. Кийимдеримди которуп үй жыйноого кириштим. Баарын өз ордуна коюп, чачылгандарды жыйгыча күн да кечтеп кетти. Терезени карасам, күүгүм кирип калган экен. Машинеси менен агам да келип калды. Ээн үйдө коркуп олтурган жаным ичимден сүйүнүп кеттим. Зиркилдеген агам өзү жалгыз келди. Ала-гүү мас болуп, уурту жыйылбай, түйрүк ээрди жалжайып кулагына жеткиче жылмайып калыптыр. Бутун да чечпестен уктоочу бөлмөсүнө сүйрөлүп кирди. Оор боюн денесине токтото албай дивандын четине башы катуу тийсе да өзүнчө эле жайдары. Кырылдап калганынан колунан тартып жаздыкка башын жеткирейин дегенимде колумдан катуу кармап калды. Агамдын жоругуна түшүнө бербесем да муунум калчылдап чыкты. Кутургандай кызарган бүтүйгөн көзү ачылып, күч менен өзүн жаткырганга жаздаган жаздыкка көтөрүп ыргытты. Коркконумдан чаңырып жибердим. Сенделген маска болгон күчүм менен тытмалап жатып шайым ооп баратканынан колун катуу тиштөөгө үлгүрдүм. Ордунан өйдө боло шадылуу алаканы менен жаагыма чаап жиберди да ошол замат ичинде кайнап жаткан арам оюн ишке ашырууга шашты. Айбандай опурулган макулукту агалап чырылдасам да, кумарга акыл-эсин алдырып, канталаган көздөрү кызарып, тили салаңдаган кутурган иттей сезилди. Кайрадан жалбара:
- Коё бериңиз! Суранам сизден, тийбеңиз мага!" Канчалык чебелектесем да эсинен танып бараткан айбан токтолбоду. Алдында алсыз сезимди кордогонуна маашырлангандай эрдемсип турду. Чачтарым иретсиз уйпалана жулунуп, көзүмдүн жашы салаалап тыйылбай турду.
Кыйраткан зор иш жасагандай өз кылганына маашыркай бөлмөнү жаңырта каткырды да:
- Болду эми, жашыңды селдетпей тыйгын! Калганын эртең сүйлөшөбүз, - деди ары оодарылып жатып...
Жаңылыш үйлөнүү той
Солуктап ыйлап терезенин алдына келдим. Түн жарымынан ооп калган экен. Көзүмдөн буурчактап жашым төгүлүп, энем экөөбүздүн аруу тилегибизди бырчалаган өз кандашым экенине арданып, муңканган үнүм өзүмө жат туюлуп, өлүмдү гана ойлоп турдум. Баары мага жексур сезилип, өзүмдү бычак менен өлтүрүүнү ойлоп, колума кармаган курч бычак менен "тиги жырткычты өлтүр!" - деген дагы бир үн шыбырайт. Өмүрүмдө бирөөгө кара санабаган жаным бул иш да колумдан келбегенин билдим. Айлам кетип колумдагыны ыргытып жиберип, ыйлай берип жашым да чыкпай калды. Кийимдеримди жыйнап алып апамдын жанына кетсемби, деген ойго токтолдум. Сууга түшүп тазалангандан кийин өзүмдү бул жашоодон артык баш сезип ал оюмдан да кайттым. Үйгө барсам бейбак кызынын күйүтүнө чыдабайт го, шордуу энем, эмне кылсам....
Таң агарып калганда максатсыз сенделип көчөгө чыктым. Чоң жолго чыкканча күн да жылуулугун жер бетине тегиз жеткире албай саламын айта көтөрүлдү. Кичине сумкамды улам кармалап кайсыл багытка бет алаарымды болжоп турсам, жеңил автоунаадан түшкөн эки жигит мага карай басыгын ылдамдатып алдыдагысы:
- Саламатсызбы Гүлзат? -деди жайдары. Эки-жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Артынан жашы отуздар чамасындагы келин да мага карай келе жатты. Терс карап олтуруп алсам, тиги келин ой-боюма койбой эле:
- Ии, тааныбай калган тура бизди, -деди шаңкылдай. Сүйлөйүн десем ыйлап ийчүдөй жашым тамагымды бууп турду. Акидей асылган тиги келин:
- Гүлзат, жүрү үйүңө жеткирип коёлу.
- Мен Гүлзат эмесмин.
- Кой, кагылайын жапжаш болуп туруп сен кимди алдайсың, тигинде кайним да күтүп олтурат, - деди машинени жаңсап.
- (Уландысы бар)
- Даярган Чынара Абдраева




Ит мурун тоодо көп болгондуктан, анын ашын бат эле тердик. Негизги жумушубуз бүткөнү менен шар үйгө кетип кала албай далайга тоого кырдан кыр ашырып дүрбү салдым. Эч нерсе көрүнбөйт. Ал күнү жолукпасыма көзүм жетти да үйгө келдим, мындан ары таптакыр жолукпай калам го деп түңүлдүм. Эртеси да инилеримди ээрчитип алып баягы жерге бардым. Бул жолу ыңгайлуу шылтоо таба албагандыктан, жөн гана каңгып келдик. Эч кандай жумуш жок болгондуктан, инилерим менден дүрбү талашып, жакшылап каратпай коюшту. Алгач мында келатканда жолукчудай делбеленип, жүрөгүм алып учуп алактаган. Бирок келгенден кийин ал сезим бат эле өчүп, баары бир көрбөчүдөй назарым айныды. Бир сыйра карагандан кийин кайра карагым келбеди. Жатып алып булуттардын жылганына, алардын улам өзгөрүп ар түркүн нерсеге окшошуп бараткан кыймылына алаксып кетиптирмин, бир маалда:
- Тигине, тигине Бакыт байке!-Кичүү инимдин чыйылдаган үнү маңдай жара кубандырды. Кантип колунан дүрбүнү жулуп алганымды да билбептирмин. Иним мага таңыркады, буга эмне болуп кетти деди окшойт. Канчалык аракет кылбайын, баары бир көрө албадым.
- Кана? - Менин кимди сурап жатканымды иним илгиртпей баамдады.
- Аякта эмес, биякта. - Ээгин экчеп койду. Көзүмдө дүрбү тургандыктан, анын каякты көрсөткөнүн көрө албадым. Кайра сурашка туура келди. Иним тоонун башын көрсөттү. Ал бизди карай дүрбү салып отуруптур. Көрөөрүнө көзүм жетти да кол булгаладым. Анын үстүнө менин шаарга кетээрим жакындап калгандыктан, ортодо боло турган мамилени такташып алууга ашыктым.
Ал келээр менен атына инилеримди мингиздим да кымыз алып келгиле деп жөнөттүм. Бакыт менен бетме-бет отуруп, эркин сүйлөшкүм келди. Чынын айтканда, анын эркелетип, мага карата кандайдыр бир мээриминин төгүлүп турушун кааладым. Муну мен атайын акылым менен ойлоп тапканым жок, тескерисинче жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып турган ага арналган таза сезимден келип чыкты көрүнөт. Бул аракеттердин маңызын Бакыт да түшүндү окшойт, өзүнчө ыңгайсыздана баштады.
Ушул тапта мен, Бакыт эмне айтса макул болмокмун. Көптөн бери мээмди жара тээп чыкчудай болуп жан дүйнөмө тынчтык бербей келе жаткан кыялдарымдын кучагында калгандыктан, Бакытка эркелеп, көк шиберге жаткым келди. Анын активдүүрөөк болушун, сүйүктүү адамыма сактап жүргөн кыздык намысым аны менен калышын кааладым. Бирок Бакыт мен күткөндөй активдүүлүк көрсөтө албагандыктан, мээге чейин тээп чыккан жан кумар тарап, акырындап акыл-эстүү боло баштадым. Ал канчалык өзүн оолак кармаган сайын, ошончолук өзүмдү ыңгайсыз сезип кыйналдым. "Чын эле менин турпатым Бакытка жакпай калдыбы? " эми мени мына ушул суроолор ойлондуруп жүрөгүмдү өйүп кирди. Жанында эр жигит отуруп, көңүл бурбай коюшу кызга кандай оор тиерин бир гана кыздар түшүнөт.
Мынча келгенден кийин баарын, өзгөчө жан дүйнөмдү эзип, кайнап жүргөн сезимдерди түшүндүрүп калууга аракеттендим. Тике өзүнө түз маанисинде айта албадым. Бирок жолун таап, өзү түшүнүп алгыдай маек курсам, ал андан ары өзү чечмелеп алат деген ойдо сөзгө тарттым.
- Бакыт,.. - Бул сөз менин жан дүйнөмдүн түпкүрүнөн кысылып, араң чыкты.
- И-йе? - Ал мага суроолуу карады. Ортону бир топко тыным аралады.
- Эгерде силерди бир кыз жакшы көрүп калса эмне кылат элеңер? - Бул как чекеге аткандай оор тийди. Буйдалды. Кантип түшүндүрөөрүн билбей бир топко ойлонуп турду да:
- Билбейм, -деди. Анын мындай жообу мени ого бетер кыжырлантты. Ачуумдун келгенин ичиме жашырып, суроого так жооп алганга аракеттендим:
- Кантип эле билбей коймок элеңер. Ал кыз сүйүүсүн айтпаса да билдирип турса, силер ага кандай мамиле кылат элеңер? - Бакыт менин жиниме чындап тийгиси келдиби, же менден ашыкча кууландыбы айтор таптакыр тескериленди.
- Билбейм. - "Дөөдүр" дедим ичимден, ушул үчүн самсаалап кой артынан жүрөсүң да деген сыяктуу ойлор көөдөнүмдү аралады. Бирок жеңилип токтоп калгым келбеди.
- Кантип эле жаныңардагы кыздын силерди жакшы көрөөрүн билбейсиңер? Ал өзү мамилесинен түшүндүрүп турса да, билбейм десеңер кызыксыңар го? - Байкабай мен өзүмдүн ички сырымды чыгарып алдым. Бакыт бир саамга тиктеп турду да, колун менин ийниме койду. Уурусу кармалган кишидей жер тиктедим. Ал коомай кучактап ууртумдан өпкүлөдү. Денем бактылуу ырахатты сезип, сүйүүнүн кумарына балкып бараттым. Канчалык берилип баратканымды билбейм, бир кезде башым айланып Бахиддин жансыз көздөрүн көрдүм. Эсим ооп, өзүмдү жоготуп албашка аракеттенип турдум. Бирок баягы күч менин эркимди башкарып алда кайда алып жөнөдү. Аны менен күрөш көпкө созулдубу же аз эле убакыт болдубу айтор катуу бир булкунуп алдым. Жаным өзүмө келе түшкөндөй болду. Мындай аракетим сыртка кандай таасир эткенин анча маани бербесем керек, менин мындай олдоксон кыймылым үчүн Бакыт мени таң кала карап койду да анын кыймылы мага жакпай калды деп ойлоду окшойт, тим болду. Биздин өбүшүүбүз ошону менен токтоп, ал менден өзүн оолак кармады. Андан көп өтпөй инилерим келип калды. Ал күнкү жолугушуубуз ошону менен бүттү.










??.??