Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
Депутаттар дем алышат
ЖК төрагасы Айтибай Тагаевдин жыйынды жаап жатып, берген маалыматы боюнча Жогорку Кеңеш жыл башынан бери 29 жыйналыш өткөрүп, анда өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү, элди социалдык жактан коргоо, эл аралык маселелерге байланыштуу 214 мыйзам жана 582 токтом кабыл алган. Мындан тышкары 14 парламенттик угуу, 3 өкмөттүк саат өткөрүлгөн.
Депутаттар июль айында жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушуп, август ичи жайкы эс алууда болушат.
Ошондой эле төраганын айтымында Жогорку кеңештин аппараты да күздө өзгөрүшү мүмкүн. Юридикалык бөлүмдө болгону он бир гана адам иштеп, бардык документтерди карап чыгууга жетишпей жатышыптыр. Күздөн тарта жаңыланган аппарат менен иштей башташат.

Жер-суунун аттарын мурдагыдай жазабыз
Бүгүн Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов жаңы кабыл алынган орфографиялык өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берди. "Өзгөртүлгөн кыргыз тил орфографиясын алты жылдан бери жергиликтүү калк кабыл албай койду. Себеби айрым учурларда жер-суунун аттары чогуу жазылганда маанисин жоготуп коёт экен.Ошондуктан кыргыз тили боюнча адистерден комиссия түзүлүп, жер-суулардын аттары, кош жана кошмок сөздөрдүн өз алдынча жазылуусу керек экендигин туура деп тапты", -дейт Т.Жумагулов. Ал ошондой эле жакын арада "Кыргыз тили" аттуу гезит жарык көрөрүн кошумчалады. Аталган гезитте кабыл алынган кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы, жер-суулардын, татаал, кош жана кошмок сөздөрдүн жазылыш эрежелери жана башка материалдар жарыяланмакчы. Кыргыз тилине жер аттарын чогуу жазуу эрежеси пайдаланууга 2002-жылы кирген болчу.

Жарыкка жарыбайт окшойбуз
Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараткан маалыматка караганда, азыр суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 75 миллион куб метрди түзүп турат. Ал эми куюулуп жаткан суунун көлөмү секундасына 734 кубметрди гана түзүүдө. Ушундан улам өкмөт электр кубатын пайдаланууга чек коюуга барышы мүмкүн. Буга чейин Үч-Коргон ГЭСинде болгон аварияга байланыштуу "Түндүкэлектро" ишканасы 30-июнга чейин Чүй, Талас облустарынын аймагында электр энергиясын пайдаланууга чек койгон эле.

Бүтүрүүчүлөрдүн "разборкасы"
Ысыкатадагы Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесин 24- июнь күнгө белгилешип, 25- июнь күнгө караган таңда алар ата- энелери менен бирге Чоң- Чүй каналынын жээгине келишкен. Бул учурда күтүп олтурган 10- класстын окуучулары Жолдошбек Эгембердиевди чакырып алышып сабап, артынан бычак уруп качып кетишкен. Ж. Эгембердиев ошол жерден каза болгон. Жакындарынын билдиргенине караганда окуя болгонго чейин 10- класстын окуучулары Ж. Эгембердиев менен мектептен урушуп кетишкен. 10- класстын жыйырма үч окуучусу бүтүрүү кечесин өткөрүү маалында өч алууну алдын ала болжолдошкон. Учурда шектүү деп кармалгандардын экөө Ысыката ИИБнин убактылуу кармоочу жайында олтурат. Тергөө иштери жүрүүдө.

Кредиттин көйгөйү
Кант цемент-шифер заводунун кичи акционерлери Казакстандын банкынан мүлктү күрөөгө коюп кредит алууга каршы болушууда.
"Биржалык соода системасы" жабык акционердик коому тараткан маалыматка караганда, буга Казакстандын "Казкоммерцбанкынан" 189,5 миллион долларлык кредит эмне үчүн алынаары тууралуу так маалыматтын берилбегендиги себеп болду. "Кант цемент заводу" акционердик коомунун акциясынын 90 пайызына Кипрде катталган " Starwheel Limited" деген компания ээлик кылат. Акциянын 7 пайызы Борбордук депозитарийде сакталып, калганы кичи акционерлердин колунда.

Көмүрдү кимдер казат?
Тендерге катышуу үчүн үч чет элдик кен казуучу компания арыз берген. Дагы башка каалоочуларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн минералдык ресурстар жана геология боюнча мамлекеттик агенттиги тендердин мөөнөтүн узартты. Аталган агенттиктин кендерди пайдалануу мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Кадырбек Какитаевдин маалымдоосу боюнча ушундай эле тендер Тегене көмүр кени боюнча да өткөрүлгөн.

Чоң машинелер башка жолдо жүрөт
Өкмөт башчы И.Чудинов кол койгон токтомго ылайык мындан ары оор жүк ташуучу унаалар жана Бишкек-Каракол, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-Нарын каттамындагы жүргүнчү ташуучу чоң автобустар менен кичи автобустар Токмок, Кант шаарларын кыйгап өтчү Бишкек-Кемин жолу менен гана жүрүшөт. Өкмөттүн транспорт бөлүмүнүн кызматкери Элдар Давлетовдун билдирүүсү боюнча, мындай чечим Бишкек-Кант-Токмок-Кемин жолунда машиналардын көп тыгылышуусунан улам жолду жеңилдетүү максаты менен кабыл алынды.


Үркүндө шейит кеткендер эскерилет
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги Бишкектин чыгыш дарбазасынын жанында курулат деген тарыхый-мемориалдык комплекстин долбоорун даярдап жатат жана ал 1-август күнкү иш-чарада көрсөтүлөт. Үркүндө шейит кеткендерге эстелик тургузуп, аларга арналган тарыхый жай куруу үчүн ошол жерден өткөн кылымдын 90-жылдарында берилген 4 гектар жерге жеке менчик кафелер курулуп, азыр жарым гектар гана жери калган. Мыйзамды бузуп, ал жерге ээлик кылууга уруксат берген адамдарды жазалоо үчүн депутат Бейшенбек Абдарсаков прокуратурага кайрылаарын билдирди.Анын айтымында,2011-жылы Үркүндүн 95 жылдыгы белгиленчү иш-чараларга чейин бөлүнгөн жерде тарыхый комплекс курулуп ишке кириши керек.

  Түзөтүү 
"Ак чөп башта!"
Гезитибиздин өткөн санында ( №20, 17-23-июнь, 2008-жыл) "Атактуунун арзуусу" аттуу рубрикасына тийиштүү белгилүү адабиятчы, окумуштуу Абдылдажан Акматалиевден алынган "Арзуунун күчү менен жашап келем…" деген макалада "Мына, сиз махабаттын таасиринде ушундай даражага жеттиңиз" деген сүйлөм "Мына, сиз биздин ыйык арзуубуздун таасиринде ушундай даражага жеттиңиз" деп жазылып, бир аз мааниси өзгөрүлүп калгандыгы үчүн кечирим сурайбыз.


Таш-Көмүрдө сел 50гө жакын үйдү каптап калды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, шаарды каптаган. Селдин кесепетинен 46 менчик үй жана бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн пайдубалдары жабыркаган. Кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иш алып барышууда. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча жапа чеккендер жана курмандыктар жок.




  Дүйнө дүбүрт

Ливанда 28 киши каза тапты
Триполидеги көп кабат үй жарылганда бир киши жараат алып, 28 киши каза болгону кабарланууда. Бомба жардырылган бул аймакта өкмөттү колдогон суни мусулмандары жашайт.

АКШ Ооганстанга тынчсызданууда
Коопсуздук Департаментинин отчетунда алар жаңы чабуулдарга өтүшү мүмкүн экендигин эскертти. Анын аралыгында Пакистан күчтөрү талибдерге сокку урду. Өлкөнүн түндүк-батышындагы Чек ара дубанынын баш калаасы Пешавардын жанында Пакистандын жаңы шайланган өкмөтү өз аймагында талибдердин турумдарын биринчи жолу бомбалады.

Сойкукана иштеткен аял 11 жылга кесилди
Ваң Миң Ооганстандын баш калаасында ичкилик ичкен жайга жамынып алып, сойкуларды иштеткен деп табылды. Сотко ылайык, ал Кытайдын Чоң Чиң шаарынан жумушсуз аялдардын алып келип турган. Ал башында Кабулда түрк жана Берлин ресторандарын иштеткен, октябрь айында аны Кабул полициясы камакка алып, Кытайга өткөрүп берген.

Ооганстанда апийим өндүрүү өсүп кетти
Бириккен Улуттар Уюмунун билдиргенине караганда, апийим өндүрүү 2007-жылы 17 пайызга өстү. Былтыр Ооганстанда өндүрүлгөн апийим дүйнөдөгү апийим өндүрүшүнүн 92 пайызын түзгөн.

Астана шаары Нурсултан болобу?
Казакстан президентинин туулган күнү Астана шаарынын күнү деп жарыяланды. Буга байланышкан мыйзамга президент Нурсултан Назарбаев кол койгондугун маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мындан ары 6-июль улуттук майрам катары майрамдалат. Буга чейин парламент Астана шаарын Нурсултан деп атоо сунушу менен чыгып, ал президенттен колдоо тапкан эмес. Казакстандын баш калаасы Алматыдан Астанага 1997-жылы көчүрүлгөн.

Президент истребитель менен борборду айланып чыкты
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Миг-29 истребителинде Ашхабаддын үстүнөн жарым саатык учууларды жасаган. Учууда аны Су-25 эки штурмовик узатып жүргөн, деп билдирет "Түркмөнстан.Ру". Бортунда президент болгон самолет Акдепе шаарындагы аскердик аэродромдон учуп чыккан. Агенттиктин маалыматы боюнча, Бердымухаммедов толук аскердик учкучтун кейпинде болгон. Штурвалда ким болгондугу билдирилбейт.

Индонезияда самолет жоголду
"Индонезиянын аскер аба күчтөрүнүн бортунда 18 жүргүнчүсү бар самолету желдеги байкоо кызматынын көзөмөлүнөн жоголду жана болжолдоолор боюнча кыйраган сыяктанат" деп билдирди Рейтер. "Биз самолет менен байланышты жоготтук. Ал талкаланган сыяктанат, бирок биз аны издөөнү улантып жатабыз", - деп билдиришти Индонезиянын аскер аба күчтөрүнүн басма сөз-кызматында. Самолет Жакартадан Богорго учуп чыккан. Бортунда 12 аскер кызматкери жана штаттык 6 адам, анын ичинде чет элдик 3 жаран болгон.

Британияда 12 жаштагы экстремис кармалды
Өзүнүн классташтарына исламчылар уурдап кеткен батыштык барымтадагыларды асып өлтүргөн видеороликтерди жиберип турган 12 жаштагы мектеп окуучусу Британиянын полициясынын көзөмөлүнө алынды. Баланын үйбүлөсү 2005-жылы "мыкаачылык режимден" жашырынуучу жай издеп Улуу Британияга келген. Болжол менен бир жылдан кийин бала социалдык кызматтардын көз кырына чалдыккан, анткени ал мушташып жана мектептин имаратын бузган.

Сауд Аравиясында 700 исламчы камалды
Кийинки бир нече айда Сауд Аравиясынын бийликтери нефти өнөржай обьектилерине каршы теракттарды даярдаган жүздөгөн исламчы экстремисттерди камашты. Бардыгы болуп 701 "бузулган идеологияны жолдоочуларды" камоого мүмкүн болгондугун, мында камалгандар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн экендиктерин айтты.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ