Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көпүрө

Кумир менен баарлашуу
Өткөн саныбызда "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга көпчүлүк күйөрмандардын жүрөгүн жаралап, түн уйкусун бузган жаш ырчы жигитибиз Темир Назаров катышкан.
Рубриканын талабы боюнча Темир келген SMS билдирүүлөрдүн ичинен Айка (ОП-22-46), Мика(ОП-22-47), Самара (ОП-22-59), Мемолорду(ОП-22-70), тандады.
Жогоруда аты аталган окурмандарды 4-июлда саат 17.00дө редакциябыздан күтөбүз. Урматтуу SMS ээлери, кумириңиз Темир менен баарлашып, эстелик сүрөткө түшүп, белегиңиздерди алып кетиңиздер.
Редакциянын дареги гезиттин 2-бетинде.

Жакшы көрүп, баалаган кумириңиз менен көрүшүп, кең-кесири олтуруп баарлашууну каалайсызбы? Анда биздин "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга катышыңыз.
Ал үчүн кумириңизге арнап, каалоо-тилек, жакшы ойлоруңузду билдирип кат жана sms билдирүүңүздү жолдоңуз. Рубрикабызга катышкан мейманыбыз келген каттардын, smsтердин ичинен көңүлүнө жаккан эң оригиналдуу деп табылгандарын өзү тандайт. Жеңүүчү аталсаңыз биздин редакцияга келип, кумириңиздин колунан белек алып, аны менен жолугушуп, эстелик сүрөткө түшүп, баарлашуу бактысына ээ болосуз.
Аталган рубрикабыздын
кийинки мейманы
таланттуу ырчы
жигиттерибиздин
бири Сьездбек Искеналиев болмокчу.

0555 000986 жана 0772 624855
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.
Ошондой эле 44-98-21номуруна телефон чалгыла.




"Обон"-почта
ОП-22-01. Салам "Обон", сиздердин жамаатыңыздарга үйбүлөлүк бакыт каалайм. Экинчи саламым Темир Назаровго жолдонот. Биринчиден сизге чың ден-соолук, узун өмүр, чексиз бакыт, ата-энеңиз сыймыктанган балдардан болуп жүрө бериңиз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Сиз супер ырчысыз. Талантыңызга таазим этем. Качан концерт берип бизди кубандырасыз? Ошол күндү биз күтүп келебиз. Сиз ырчылардын эң таланттуусу жана сулуусусуз. Талантыңыз ташкындай берсин. Самара 05501466хх

ОП-22-02. Мирбек Иманбековго чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Ал ырчылардын мыктысы жана сулуусу. +770218488хх

ОП-22-03. Бул жарык өмүрдө жараткан Алла Таалам экөөбүздү жолуктуруп койгонуна миң мертебе ыраазымын. Мирбек мен сага ишенем. Мен сенин сунушуңа макулмун. Шымкенттен сырдуу кыз. +770235441хх

ОП-22-04. Саламым Аксы районундагы Кошдөбө айылынын № 11 Т.Мавлянов атындагы мектептин 10-а классынын бүтүрүүчүлөрүнө жолдонот. Бар болгула! Бишкектен Канжархан

ОП-22-05. Мирбек Иманбеков, сиз суперсиз. Ар дайым бар болуңуз. Фанаткаңыз Айпери

ОП-22-06. Салам Мирбек Атабеков! Чымкентке качан келесиз? Сизди чыдамсыздык менен күтөбүз. +770218995хх

ОП-22-07. Менин саламым кичинекей Эрнуска. Эрнус бактылуу балалыктын балын татып чоңоё бер. Сени сүйгөн Шымкенттен агаң Алмаз, жеңең Назира

ОП-22-08. Мен Шымкентте иштеп жаткан абжем Берметке жана Мира эжеге салам жолдойм. Абже кыздарыңыз Асемай менен Уулдананын бактысына ар дайым бар болуңуз. Оорубаңыз. Гүлсина

ОП-22-09. "Обон" бар бол, сени окугандан тажабайм. Канжархан

ОП-22-10. Кызылкыяда жашаган Гүлнарага салам жолдойм. Гуля Ошко качан келесиң? Сени сагынып кеттик го. Каныбек

ОП-22-11. Жаным, мени кечириңиз. 0777824090 номерине чалып коюңузчу. Анжука

ОП-22-12. Адамга суу кандай керек болсо, мага да ошондой керексиң Мирбек Иманбеков. Талантың ташкындай берсин. 0777238219

ОП-22-13. Камбаратадагы Жуман, бооруң ушунча таш беле. Ак сүйүүмдү билбестен көз алдымдан кантип кеттиң? Билесиңби, жүрөк чыдайт, бирок ооруп кыйналат. Сезим кыйбайт, ал жүрөктү ыйлатат,/ Анан кантип сенсиз жашап кетемин./ Сенсиз арман сай-сөөгүмдү сыздатат. А… 07775018хх

ОП-22-14. Замир Мырза сиз дайыма менин оюмдасыз. 07737039хх

ОП-22-15. Жалалабат областынын Кызылсеңир айылындагы атам Жалил, апам Гүлипа, эжем Айнуска, инилерим Мадияр, Нурсултанга салам жолдойм. Шымкенттен кызыңар Асел

ОП-22-16. Кызылкыядагы аялыма, мени кечир, ортобузда бала бар. Миргүл ойлон, жакшына. Тайлан

ОП-22-17. Ильяз А. кызым жок дейсиң. Алматыдагы кызыңды эмнеге айтпайсың? Жаку

ОП-22-18. Менин саламым Бишкек шаарында жашап жана окуп жаткан байкем Тынчтыкка жолдонот. 07735616хх

ОП-22-019 Төлөктөгү атам Туруска жана апам Шакуга чоң салам! 07735616хх

ОП-22-20. Карадөбөдөгү 92-жылкы Алымбекке салам жолдойм. Саламым менен сени сүйгөн Жаркын

ОП-22-21. Элчибек мен сени сүйөм. Абдан көргөнгө зармын. Малика

ОП-22-22. Темир Назаров - бул талант. Эч качан чөкпөй, элдин сүймөнчүгү болуп жүрө бер. "Коркосуңбу баштаба, баштадыңбы коркпо!" девизи менен жүр. 07729400хх

ОП-22-23. "Самал" базарында иштеп жаткан Айдайдын балалуу болушу менен куттуктайм. +770215242хх

ОП-22-24. Шымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген менин эң сүйүктүү досум Татуга жана "Самал" базарында иштеген Гүлназга, Калияга салам. Гүлназ сүйгөн жигитиңе жет. Бар болгула, бактылуу болгула Асел

ОП-22-25. Саламатсызбы Темир Назаров, сизге чоң ыраазычылык айтам. Себеби, сиз кыргыз шоу-бизнесине жаш ырчылардан биринчилерден болуп кадам шилтедиңиз. Дарбазасын ачтыңыз десем жаңылышпайм. Сиз менен сырдаша албайм, себеби мен Оштомун. Сиз менен телефон аркылуу сырдашсам болобу? Же Ошко келгениңизде сураныч 0773671390 телефонуна чалып коё аласызбы? Чынара

ОП-22-26. Салам Темир ака! Кыргызымдын ырчылары сиздей болсо гана. Талантыңыз ташкындай берсин. Мика

ОП-22-27. Өзгөн районунун Кароол айылында жашап жаткан бир туугандарыма салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Шымкенттен Назира

ОП-22-28. Алай районунун Корул айылынын тургундарына салам жолдойм. Азамат

ОП-22-29. Бадыева сенин байлыгың кайдан келип атат? Азыраак мактансаң. Жуси

ОП-22-30. Салам Нурида. Дос быйыл турмушка срочно чыгышың керек. Остатка болуп каласың. Алайлык балага тие бер. Чымкенттен досторуң Наргиз, Венера

ОП-22-31. "Бекжан" базарында иштеп жаткан Илин ака, Кыял, Мира, Акылай, Сара эжеме жана Эмил доско салам. Баарынын иштерине ийгилик.

ОП-22-32. Б.Бадыева Казакстанга кетем деп коркутасың. Сени бул жерде күтүп жаткансып. +7702564хх

ОП-22-33. Салам Алатоолуу Кыргызстаным! Мен Шымкенттеги дос кыздарым Аселге, Чынарага, Эркайымга, Кызбуракка, Мунарага айтаарым бул дүйнөдө силер менен дос болгонума Кудайга миң мертебе ыраазымын. Ар дайым бар болуп, бир бололу. Силерди терең урматтап Таттыгүл

ОП-22-34. Мээрим, дос куш бооңор бек болсун. Бактылуу бол! Досторуң Han-Shai & Ika

ОП-22-35. М. Атабеков, сизге кудай таланттын бардык түрүн берген өтө таланттуу жансыз. Сиздин ырларыңызды өтө берилүү менен угам. Чымкентке келиңизчи же ушу номерге чалып коюңузчу суранам. +770218995хх

ОП-22-36. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына чоң салам айтам! Өзгөчө Жылдыз эжеге супер салам. Сиздердин такай окурманыңыздар Жуля-Жунь

ОП-22-37. Каракулжанын тургундарына супер салам. Элка абже өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Мираида жана Нурик

ОП-22-38. "Самал" базарында иштеп жаткан алайлыктарга салам. Соодаңар жакшы болсун. 0770241248хх

ОП-22-39. Салам Темир байке, кандайсыз? Мен сизди сүйөм. Баку 07738236хх

ОП-22-40. Кыргызстанга жана Султан Садыралиевге чоң салам. Султан Астанага келчи. +77024339302

ОП-22-41. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик, ар бириңиздерге ден-соолук, бакыт каалайм. Менин саламым Ортосуу айылына жана Алеша, Миргүлгө. Миргүл сен мага чыныгы дос болсоң 2 жумада бир келип коймоксуң. Кымбат

ОП-22-42. Темир Назаровго чоктой ысык салам. Сизде чыныгы талант бар. Сиздей эч ким ырдап, бийлей албайт. Дайыма ак жол. Мираида

ОП-22-43. ЦУМда иштеп жаткан агам Актилек сизди 25-июль туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздей агабыз болгондугу үчүн Аллахка миң мертебе ыраазыбыз. Биздин маңдайыбызда шам чырактай жол көрсөтүп аман болуңуз. Карындаштарыңыз Айзирек, Мүрөк иниңиз Кубаныч

ОП-22-44. Саламатсызбы Замир байке? Сизге узак өмүр, чың ден-соолук каалайм. Үйбүлөңүз менен бактылуу болуңуз. Самара

ОП-22-45. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздердин ишиңиздерге ийгилик, ар бириңиздерге ден-соолук, үйбүлөлүк бакыт каалайм. 0777128204

ОП-22-46. Саламатсызбы Темир байке? Мен сиз менен жолугушууну ар дайым самап келем. Эгер тилегим орундалса башым көккө жетет эле. Сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күткөн күйөрманыңыз Айка 07727677хх

ОП-22-47. Темир Назаров бактылуу бол,/ 100 жашка тол./ Каалаймын сага ,/ Дайыма ак жол. Мика 07772891хх

ОП-22-48. Менин сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге ысык салам жолдоо менен бирге добушумду да Султандан эч аябайм. Султандын күйөрмандары барсыңарбы? Келгиле Султанга добуш беребиз. Асель

ОП-22-49. Бактыгүл Бадыева сен жакшы ырдайсың. Бирок, көп мактанып баркыңды түшүрүп алдың. Шакек, цепочка канчаны канча сомдон алганыңды айтпай эле койсоң болмок. Эми интервью бергенде ойлонуп сүйлө ээ алтышка. Күйөрманың

ОП-22-50. Жаным, мени түшүнүп койчу. Мен сени гана сүйөм. Сенсиз жашагым келбейт. 05430964хх

ОП-22-51. И.Абдыразаков сиз супер ырчысыз. Сачок

ОП-22-52. Султан Садыралиевге чоң салам. Мен сени сүйөм. 05430681хх

ОП-22-53. Кыздар эмне эле Кайрат Примбердиевге жабышып алдыңар. Ага караганда кыргыздын жакшынакай балдары бар го. 05502110хх

ОП-22-54. Алтын апа күндө сизди сагынам,/ Көп жашаң деп кудайыма жалынам./ Асылымсыз ардагымсыз мен үчүн. Боорукерсиз мээримдүүсүз баарынан./ Жаным апа сизди дайым сагынам,/ Ден-соолук сурап жаратканга жалынам./ Жылдызымсыз кымбатымсыз үмүтүм./ Сиз ыйыксыз күнүм, айым баарынан./ Ушул ыр саптарды Ош областына караштуу Ноокат районундагы Төлөс айыл өкмөтүнүн Меркит айылынын тургуну апам Амирова Умсунай Амировнага арнаймын. Кызыңыз Гулзат

ОП-22-54. Жүрөгүмө салдың го билем кишен./ Сүйдүргөн ошол сезим жүрөк эзген,/ Сагындым сени сагындым ишен, жоготкум келбейт сүйүүмдү келген./ Көргүм келет жаным сени издеп келем./ Көөдөн эзген сезим менен сүйө берем./ Түбөлүк сени сүйөм сени ишен./ Алгачкы махабатым сенсиң билсең. Айнура

ОП-22-55. 26-июнь апакем Осмонова Кундузду туулган күнү менен куттуктайм. Апакеме чың ден-соолук, узун өмүр, балдарыңыздын маңдайында бар болуңуз. Кызыңыз Заира

ОП-22-56. Сүйүктүү ырчым И.Абдыразаковго салам. Мен аны сүйөм. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Нуркыз

ОП-22-57. М. Иманбековго чоң салам. Чыгармачылык ийгилик, чоң жетишкендиктерди каалайм. Күйөрманың Заира

ОП-22-58. Ильяз Абдыразаков чыныгы талант. 07721562хх

ОП-22-59. Темир Назаров сиздерге конокко келгенине абдан кубанычтамын. Сиз супер ырчысыз. Сизге чыгармачылык ийгилик, чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Жаратканым өзү колдосун. Самара 05501466хх

ОП-22-60. Саламатсызбы Темир байке, мага сиздин ырларыңыз, жагымдуу үнүңүз абдан жагат. Сизге жолукканга мүмкүнчүлүк түзүп бериңизчи, сураныч. Фирдаус 07726795хх

ОП-22-61. Ильяз кандайсың? Алматыдагы концертиң абдан сонун болду. Мүмкүнчүлүгүң болсо ырчыларды алып дагы бир келбейсиңби? Күйөрманың +77021994999

ОП-22-62. Бактыгүл Бадыева сага ийгилик. Сен жөнүндө баарын билгим келет. Москвадан күйөрманың Луиза

ОП-22-63. Салам Ильяз! Алматыдагы концертиң супер болду. Бирок, эки күн койсоң жакшы болмок. Сүрөткө аябай жакшы түшөт экенсиң. Экөөбүз түшкөн сүрөттү бир минут көрбөсөм туралбай калдым. +770158474хх

ОП-22-64. Омар салам! Ырларың абдан жагат. Чыгармачылык ийгилик. Айжа

ОП-22-65. Кунчуайпери, сенин эмне башка жумушуң жокпу? Же өзүңдү жылдыз сезип атасыңбы? Баркыңды кетирбей азыраак жазсаң. Жуси +770256490хх

ОП-22-66. Данчик, мен сени чексиз сүйөм. Бегимай 07775843хх

ОП-22-67. "Керемет -Азиядагы" Айтош, Бакуля, Саламат, Атантай, Жанка, Азат, Айгерим, Жылдызга супер салам. Уулкыз

ОП-22-68. Ий Кайрат менен жолукпай калганыма өкүнүп жатам. Шаардын четинен киоск таппай, ал санын окубай калгам. 07728740хх

ОП-22-69. Темир, атыңызга затыңыз жарашып, эч качан элдин назарынан четте калбай, музыка асманы бойлоп учкан темир канатыңыз эч качан кайрылбасын. Сиздин ар бир ырыңыз кыргыз элибиздин гана эмес, чет өлкөлөргө жаккандыгын эч кимибиз тана албайбыз жана келечекте элдин Эмгек сиңирген ырчысы болшуңузду каалайм. Сизди терең урматтап күйөрманыңыз Феруза 07730447хх

ОП-22-70. Ураа! "Обонго" Темир келиптир. Гезиттин ушул санын жана жолгушчу күндү качантан бери күтүп келгем. Мени чакырбасаң да баары бир барам, буюрса. Мемо 07738820хх

ОП-22-71. Ильяз сен Алматыга келгениңде өз колум менен I Love you деп токулган белегимди алдыңбы? Алсаң билдирип койчу. Чыдамсыздык менен күтөм. 87025847473 Айгерим

ОП-22-72. Кыргызстандын мыкты жылдызы, кыргыздын супер ырчысы Темир Назаровго салам! Сизди акыркы учурда концерттерден көрбөй калып кыйналып жүргөн убагым. Сиздин жагымдуу үнүңүздү угуудан, жылмайган жүзүңүздү көрүүдөн тажабайм! Сизден өтүнүп, суранам сиз менен сырдашып, сезимимди айтып, арманым менен бөлүшсөм болобу? Мүмкүн болсо мени да эң жакын күйөрмандарыңыздын арасына кошуп эстей жүрүңүз. Самара

ОП-22-73. Күтүлбөс өзү, угулбас сөзү, бирдикти аяп, таштаба маяк. Бир күнү тутсам жейсиң го таяк. Элянора

ОП-22-74. Жүрөктө сага деген кусалык бар/таарынган кээде сага ызалык бар. Жазылган тагдырга башымды ийбей, жанымда болчу деген сураныч бар. Жүрөктө арман жана күйүт да бар, айыкпас жараланган сүйүү да бар. Жолукпас тагдырга кайыл болгон, түбөлүк жалгыз сени күтүү да бар. Нурзат

ОП-22-75. Мен оштук жигиттер менен таанышкым келет. Намаз окуган жигиттер болсо 0550230836

ОП-22-76. Салам Анжелика, эмнеге мынча сулуусуң? Сени ушул деңгээлге жеткирген ата-энеңе чоң рахмат айткым келет. Сени эмнеге мынчалык жакшы көрөм, өзүм дагы билбейм. Гуля

ОП-22-77. Мен бардык акын- жазуучуларга, ырчы-обончуларга салам жолдойм. Ар дайым талбай, калемиңер курчуй берсин. Биз силер менен сыймыктанабыз. Мен силердин ар бир эмгегиңерди жүрөгүм менен баалайм. Нурзат

ОП-22-78. Мирбек Атабеков, сен таланттуусуң. Бирок, Чынгыз Мырзаевге жетпейсиң. Рианна

ОП-22-79. Сүйүктүү ырчым Анжеликага салам жолдойм. Иштерине ийгилик каалайм. 07724234хх

ОП-22-80. Атам Кожоталиев Орозкулга Алматада иштеп жаткан апам Сапаралиева Чынарканга, иним Белекке салам жолдоп, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Карабалтадан Үмүт.

ОП-22-81. Эшике чыгып кара, эч нерсе болбойт, ысыкта ичип койсоң сыра. Мирлан

ОП-22-82. Бакыт, мен сени сүйөм. Пучук

ОП-22-83. Өзгөн районуна караштуу Кошетер айылына салам. 07776608хх

ОП-22-84. Султан Садыралиев, ар дайым бар бол. Аман бол. Гулмира

ОП-22-85. Б.Бадыева, сен жакшынакайсың, бирок өзүңдү Т.Турсунбаевага окшоштурбачы! Ал кыргыздын кайталангыс нукура периси, таланты. Ар кимдин өз жүзү болуш керек. Акак

ОП-22-86. Суусар ака жеңебиз Наргиза менен бактылуу болуңуз деп к арындаштарыңыз Шымкенттен.

ОП-22-87. Ильяз байке, сизге ийгилик каалайм! Ырларыңызды жан дилим менен угам. Шымкенттен күйөрманыңыз

ОП-22-88. Шымкенттин "Самал" базарында иштеген Айнураны эртерээк эки бөлөк болушун Кудайдан тилеймин. Эч качан чарчабай, ушу жүрүшүңдөн тайбагын деп Гулиз

ОП-22-89. "Бекжан" базарынан сырдуу кыз Залкарга салам жолдойм. +770231346хх

ОП-22-90. Саламым Темир Назаровго! Темир мени тандабасаң ачкачылык жарыялайм. Мени менен жолугуңузчу. Анжелика

ОП-22-91. Салам "Обон".Силердин гезитиңерди бүгүн биринчи жолу окудум. Мага абдан жакты. Силердин ишиңерге ийгилик! Ар дайым талыкпастан иштей беришиңерге тилектешмин! Анан дагы менин саламдарымды гезитиңерге чыгарып коюшуңарды суранам?
Саламым сүйгөнүм Сүйүнгө: Шек санаба, мен сүйүүмдөн танбаймын,/ Сага жалгыз бакыт гана арнаймын./Жүрөгүңдөн аруу сүйүү өчпөстөн,/Чырак болуп күйүп турсун ар дайым! Сүйгөнүң Миргүл
ОП-22-92. "Обон" саламым сиздерге жана "Обондун" жалпы окурмандарына. Мен мындан ары дайыма сиздер менен бирге болом. Жаңы окурманыңар Фирдаус

ОП-22-93. "Ленин" гимназиясынын бүтүрүүчүсү сиңдим Мүрөк дүйнөгө Аллах кандай бакыт чачып турса ошонун баарын сага терип бергим келет. Шымкенттен эжең Айзирек

ОП-22-94. Неля, сенде аялзатына таандык бардык сапат бар. Сен суперсиң. Сага добуш берүүдөн эч тажабайм. Себеби бүт баары төп келишкен ырчы бир гана сенсиң асылым. Эмир

ОП-22-95. Салам Шымкенттик Б. кыз сүйбөгөн балдарга сүйкөнбөчү, сени сүйсүн керек болсо, сырдуу кыз. +770215574хх

ОП-22-96. Жанайым сени сүйөм. Сага азыр жетпесем да, бир күн келип меники болушуңду каалайм. Үйлөнөм сага, тийбесең алып качам Кыргызстаныма. Бат-баттан жүрөгүм ооручу болду. Менин жашоом-сенсиң. Ал эми ал жашоосуз мен жашай албайм.

ОП-22-97. Астанада иштеп жаткан Эркайымга салам. Сени чын дилимден сүйөм. Сени күтөм деп классташың Алматыдан Бакыт

ОП-22-98. Менин саламым сүйгөнүм Гүлзатка! Гузи, жаным мен сени чексиз сүйөм. Күчүгүм сен бир гана меники болушуңду каалайм. Алматыдан Сёма

ОП-22-99. Сулайманов Өзгөмгө: Сен белең бул дүйнөнүн бактылуусу, Кабагың карыш түшпөй жаркылдайсың. Жүрөгүмө сезим отун жагып коюп, Өзүңө не жагууга батынбайсың. Сырдуу кыз.

ОП-22-100. Москвада "Черкез" базарында соода жасаган 86-жылкы өзгөндүк Султан, мен сени сүйөм. Сен дайыма бир кыз менен жүрөсүң го, ал ким? Сүйлөшкөн кызың Кыргызстанда го. Рима +792619886хх

ОП-22-101. Аселя, жаным мен сени сүйөм. Сен үчүн күйөмүн, сен үчүн жанамын. Сен үчүн жашаармын, сен үчүн баарына даярмын. Султан

ОП-22-102. Майрамбек салам, кандай жүрөсүң? Мен сени сүйөм, ишенип койчу. Бир көрүп ашык болдум, Сен жүрөгүмдү ээлеп алдың. Эмне мынча чырайлуусуң. Сени сүйгөн жаның Айка 05550626хх

ОП-22-103. Салам жаным. Ортобуздагы сүйүү барган сайын өчүп бараткандай. Бишкектен сулуу, бийкеч таптыңызбы? Мени кечириңиз сагынычымды жеткире албаганым үчүн. Чымкенттен ширин кызыңыз Наргиз +870249497хх

ОП-22-104. Нуржамал эжеге салам айтам. Ал мага кореец тили боюнча сабак берет. Эже, эч качан оорубаңыз, жакындарыңыздын жанында бар болуңуз. Сиздин күлгөнүңүз мага аябай жагат. Сизди терең урматтап, окуучуңуз Жуля Жунь

ОП-22-105. Сүйүктүү эжекелерим мыкты продюсерлер Динара Эсенгулова, Асыл Апасова, балдары Султан, Кайрат, Ирлан, Бегимай, Мирбек, Бегим, Айдин Шер баарына ысык салам. Чыгармачылык чоң ийгилик каалап Лазат

ОП-22-106. Ыйлабачы суранам, Арзыгүл. Ый менен коштолбосун өткөн күн. Мен келээрмин ошол түнгө кайрылып, карагаттай көздөрүңө байланып Сырдуу дос

ОП-22-107. Кунчуайпери таанышсак болобу? Мага чалып койчу 0555062671 күтөм сөзсүз. Айка

ОП-22-108. Кыргызстандын Ош, Жаңы-Чек айылында жашаган Исабек досума салам жолдойм. Мамат 0770130506хх

ОП-22-109. М.Атабеков сиз теңдеши жок таланттуу ырчысыз. Биз сиздин талантыңызды баалайбыз. Кыргыздын сиздей патриот уулдары менен сыймыктанабыз. Эли,Айка
ОП-22-110. Ильяз Абдыразаков сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак. I Love you! Бакулья

ОП-22-111. Ар кимди туурап жашаган жана подхолим кыргыз элине салам. Черная кошка 07735652хх

ОП-22-112. Жээним Айдана өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм. Ошондой эле бардык жакшылыктарды каалайм. Тагаң +770251144хх

ОП-22-113. Тамара келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Нурлан +870251144хх

ОП-22-114. Менин саламым Алматы шаарынын "Болашак" базарында иштеген Өмүрбекке жолдонот. Ишиңе ийгилик өзүңө бакыт каалайм. Сени сагынган Шымкенттик кыз +77025686854

ОП-22-115. Сиңдим Айкөкүл менен күйөө балам Мирбектин үйлөнүү тою менен куттуктайм. Үйлөнүү тоюңар кут болсун. Башыңарга балбылдаган бакыт консун. Алдыда силер басчу кенен жолдор, ачылып түркүн-түркүн гүлгө толсун. Айкөкүл тоюңа бара албадым капа болбо. Бактылуу болгула! Шымкенттен эжең Бегимай

ОП-22-116. Менин Жалалабаттагы Чынгыз деген акеме чоң салам. Сиздин карындашыңыз. Астанадан Айжана

ОП-22-117. Ош шаарында Жаңы-Чек айылында жашаган инилерим Эрнис, Чынгыз, Тынчтык, Эркин, уулум Медерге салам. Шымкенттен Рысмамат

ОП-22-118. Тынчтык, мен сени сүйөм. Мунара +77024428

ОП-22-119. Жалалабат облусунун Октябрск айылына салам жолдойм. Эрнис мен сени сагындым. Сен мени кечир менден кетсе. Астанадан Мунара

ОП-22-120. Кыздар кайсыл гезитти окубайлы Бактыгүл мактанчаак дейсиңер. Мактанса мактана берсин өз эркине койгула. Бир эле ырчы баарыбызга жага бербейт да, ошондуктан жакса ырын уккула, жакпаса тим койгула. Жеңиш кроша

ОП-22-121. "Бекжан" базарында иштеп жаткан Айжигитке салам. Айжигит мен сени жактырып калдым. +770257729хх

ОП-22-122. Темир, мен сени "Туулган жер" деп ырдап чыкканда жактырып калгам, ошондон бери сени бир көрсөм Кудайга ыраазы болот элем. Чолпон 05551465хх

ОП-22-123. Ош шаарында жашаган ХБК да жашаган үйбүлөмө ийгилик каалайм. 29-июнь уулум Нурбектин туулган күнү менен куттуктайм.

ОП-22-124. Султан Садыралиев, сен дүйнөдөгү супер ырчысың. Отузадырлык 91 Уулкан, Айсулуу

ОП-22-125. Карабалталык жигит, кандай максат менен таанышкың келип жатат. Нурия

ОП-22-126. Отузадыр айылына салам. Кыздар жана балдар силер суперсиңер. Дайыма алга Гүлшайыр

ОП-22-127. Кыргыздын атагын ааламга, даңкын далайга биринчилерден болуп чыгарган туулган жерин, элин даңазалаган кыргыздын патриот мырзасы Темир Назаровго чоң салам. Мүмкүн болсо сиз менен жолугушуп, жүрөгүмдө катылып жаткан сырларымды чечсем дейм. Сураныч менин зарыгып күткөн өтүнүчүмдү аткарасыз деген ишеним менен күйөрманыңыз Самара

ОП-22-128. Темир Назаров, сизге чоктой ысык салам. Сизди көрсөм көңүлүм ачылат, ырларыңды уксам черим жазылат. Ар дайым бар бол! Айжан 07772767хх

ОП-22-129. Жаным, мен баары бир сени унута албайт экенмин. Сени менен жолугуу мага күнүмдүк гана бакыт тартуулап жатканын билсем да, баарына көзүмдү жумуп сүйөм сени. Бир күндүк бакыт үчүн миң күн азап тартмай. Азыр бактылуумун чексиз. А эртеңкимди билбейм жаным. Нурзат

ОП-22-130. Чынгыз кааларым сага: Ата-энеңдин ардактаган уулу, бир туугандарыңдын сыймыгы, жердештериңдин сыйлуу коногу, ак жоолукчан айымдын сүйгөн жары, мотурайган бөбөктөрдүн камкордуу атасы, күйөрмандардын сүйүктүү ырчысы, бал тилдүү ди-джейи, элим сыймыктанган таланттардын эң мыктысы болушуңа тилектешмин. Талантыңа таазим этип Лазат.

ОП-22-131. Досторум Нурзат, Динара, Калбү, Жылдыз, Айжамал, Жаңылайга чоң салам. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Досуңар Айпери 0773570094

ОП-22-132. Жаным Нурфат, мен жалгыз сени сүйөм. Сен деп гана жашайм. Катя

ОП-22-133. Мирбек Атабеков сенин ырларың да, өзүң да суперсиң. Кулпунай +770247298хх

ОП-22-134. Менин арзуум Гүлнара Кахарова эжеге. Эже, сиз менин ичер суум, көрөр күнүмсүз. Сиз мени 8 жашымда жылдыздуу көздөрүңүз менен арбап алгансыз. Азыр мен 12 жаштамын. Сизден артта жаралганыма өкүнөм. Сизге жазган ырларым бар, угууга кызыксаңыз 0773897929 номерине кабарлашыңыз. Мен сизди күтүүдөн жана сүйүүдөн да бул дүйнөдө тажабайм. Алдын ала мен кечирим сурайм. Артём 07738979хх

ОП-22-135. М.Атабеков сиз эң жылдыздуу жана таланттуу ырчысыз күйөрманыңыз Кулпунай

ОП-22-136. Будалыктык досум Дамирге салам. М...м 07774773хх

ОП-22-137. Менин саламым Стретенкада жашап жаткан Бурулкан таенеме жана анын үйбүлөсүнө, кааларым ден-соолук, үйүңөрдөн ырыскы кушу кетпесин. Кымбат

ОП-22-138. Актан Исабаев, сиз мага абдан жагасыз. Жеке концерт качан коёсуз, сизди жаныңыздан көргүм келет. Бактылуу болуңуз. Мээрим Гүлчө

ОП-22-139. Ошто окуп жаткан Гүлүмканга, Бишкекте иштеп жаткан Дамирге сагынычтуу салам, мен силерди абдан жакшы көрөм. Сүйгөнүңөргө жетип, бактылуу болгула. Мээрим

ОП-22-140. Гүлнур Сатылганова, сиз биз жакка качан келесиз? Сизди терең урматтап Мери

ОП-22-141. Досубуз, классташыбыз Аксуу районунун Шахты-Жыргалаң айылынын тургуну Сагынбаев Кайрат Шаршеновичти 25-июнь өтүп кеткен туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Бүгүн сиздин туулган күнүңүз, Шаңга толсун куттуу үйүңүз. Өмүр бою бактылуу жашап, уул-кыздан урмат көрүңүз. Максат, Чолпон

ОП-22-142. Салам "Обон" гезити, сиздерден суранычым Кайрат Примбердиевдин ырларын гезитке берсеңиздер. Сиздерди урматтоо менен Самара

ОП-22-143. Ыймандуу, ынсаптуу жүзү сулуу болбосо, жүрөгү, көңүлү сулуу бал кыз менен достошом. 0777539895 Хадича

ОП-22-144. "К", мен сени сүйөм жаным, жанымдан эч жакка кетпечи,сенсиз жашай албайм, сенин "Ж".+770231253хх

ОП-22-145. Салам "Обон",сулуу жигиттер менен таанышам. Атым Нуриза 0773195827

ОП-22-146. Сен көксөгөн жазым элең,кол жеткис асыл элең, махабат арзуум сен болдуң.Мен сезимдин жазын күткөм шынарлап ак сүйүүмдөн кошулган жок жүрөгүм өзүңө. Калуся, сен мага баары бир ишенбейсиң.+770243734хх

ОП-22-147. Салам "Обон". Аселя жаным, мен сени сүйөмүн,сен үчүн күйөмүн,сен үчүн жанаармын, сен үчүн жашаармын.Сен үчүн баарына даярмын. Султан

ОП-22-148. Салам "Обон" , ишиңерге ийгилик,Оштогу ата- энеме чоң салам. Силерди аябай сагындым, Астанадан Махабат

ОП-22-149. "Обон", ээй Кудай, мүшкүлүмдү өзүң жеңилдет. Жүрөгүм сыгылып кетти. Гүлмира

ОП-22-150. Оо, кыргызымдын кымча белдүү сулуу кыздары,эмнеге эле ырчы балдарга сүйөм, күйөм, сенсиз жашоо жок деп кат жаза бересиңер. Кана силердин ыйманыңар,кыздык назыңар,жок дегенде ата -энеңерден уялсаңар боло. Жаштыктын да эби, чеги болот. Сахнага жасанып,түзөнүп, бир ыр ырдап койсо эле өзүңөрдү жоготпогула кыздар. Силер болочокто сүйкүмдүү эне болосуңар. Айтканды туура кабыл алгыла. Жаман айтпай жакшы жок. Мадина

ОП-22-151. И.Абдыразаков,сен биринчи орунга татыктуусуң,сага эч ким жетпейт, Шымкенттен Асел

ОП-22-152. "Обон", менин саламым биринчиден силерге,көптөгөн ийгиликтерге жеткиле демекчимин. Замирге салам. Гүлзат

ОП-22-153. Питердеги досум Самаган туулган күнүң менен.Сага кааларым ден- соолук,узун өмүр,эртерээк Бишкеке барып үйлөн деп досуң Бакыт

ОП-22-154. Токмоктогу Бекзатка салам. Бекзат, эгер сени канчалык сүйгөнүмдү баалай билгениңде?.. Өмүр бою жанымдан чыкпай…Анда мен бактылуу болмокмун. Сени сүйгөн кыз

ОП-22-155. Асел, Аида эжелерим, силер менин бир энеден туулган бир кандан жаралган эжелеримсиңер. Сиздерге жиним келгени менен жүрөгүмдө деген сагыныч, сиздерге болгон сүйүүм бар. Сиздерди капа кылсам, кечириңиздер. Аябай эркелеп кеткенимди өзүм да сезем. Бирок эркелебей коё албайт экенмин да. Кантейин, сиздерден башка кимге эркелейин? Турмушка чыксаңар мен кандай акыбалда калат экенмин. Эжелерим менин, мен сиздерди жакшы көрөм. +770254618хх

ОП-22-156. Айзирек, сен менден алыс узабачы, жаным, сенсиз жашоо жогун билесиңби? Жүрөгүм сен деп гана согуп, сен үчүн жашайм. Ырысбек

ОП-22-157. Классташтар, табышалы, эч болбосо телефон аркылуу. №4 мектеп, Көк-Жаңгак шаары, 1984-жылкы классташтар жазгылачы. Шымкенттен Гүлнура

ОП-22-158. Супер ырчы Омарга чо-оң салам. Жалалабаттан Наргиза

ОП-22-159. Мырзакедеги иним Нурсултандын 26-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз. +770254618хх

ОП-22-160. И. Абдыразаков, качан Шымкентке концерт коёсуң? Сени чыдамсыздык менен күтөбүз. Асел

ОП-22-161. Сүйүктүү гезитим "Обонго" жана сүйүктүү курбуларым Жазгүл, Татка, Алина, Гүлжан, Аделия, Айзада, Наргизаларга чоң салам. Майрам

ОП-22-162. Нургүл, кандайсын? Өрүк бышайын дедиби? Баткендин балдай ширин өрүгүнөн берип жиберсең боло. Маха

ОП-22-163. Менин алтындай болгон апамдын ишине ийгилик каалаган таанышыма салам жана ырахмат. Бир сураныч, атыңызды жазып коюңузчу. Күнчүайпери

ОП-22-164. "Обон", сиздер аркылуу эжемден кечирим сурайм. Эже, кечирип коюңузчу. Сизди капа кылыш оюмда жок болчу, таарынбаңызчы? Майрам

ОП-22-165. Мен нукура кыргызымдын татынакай сулуу мырзалары менен таанышкым келип жатат. Маяк кылбагыла, жактырбайм. Татына мырзалар чалгыла. Менин номерим: 05556420хх

ОП-22-166. Апаке, сакайып кетиңиз. Биз сизди сүйөбүз. 07778377хх

ОП-22-167. М. Атабеков, сиз теңдеши жок таланттуу ырчысыз. Биз, сиздин талантыңызды баалайбыз. Кыргыздын сиздей патриот уулдары менен сыймыктанабыз. Эли, Айка 07772640хх

ОП-22-168. Мен Казакстандан бул гезитти биринчи жолу окушум. Карасуудагы 41-мектептин 10-а классына жалындуу ысык салам. Болот

ОП-22-169. Мен "Бекжан" базарында иштеген Гүлмира менен таанышканыма өкүнөм. +770256580хх

ОП-22-170. Апа, сизди сагындык, сизге узун өмүр, чың ден-соолук каалайбыз. Эч качан оорубаңыз, бар болуңуз. Гүлнура, Ырысбек, Гүлзада














??.??