Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыр маек

Деңиза:
"Кыялымда күткөн адамыма кезиктим…"
Чоң аракет, талбаган эмгек, зор кызыгуу- жемиштүү ийгиликтин ачкычы эмеспи. "Миң Кыял FM" радиосунда элге жылуу маанай тартуулаган бир катар жаштар жигердүү эмгектенип келет.
Маектешибиз аталган радионун ди-джейи Деңиза Акылбек кызы болду. Деңизанын ички сырын, кыялын билгиңиз келсе, баарлашуубузга көңүл буруңуз.

- Деңиза, сенин ар тараптуу оперативдүү иш алып барууңду байкап, "Студентка, спортсменка, комсомолка" дегим келип турат. Дегеле, иште чарчап, кыйналган кездериң болобу?
- Кудай буюрса, сессиям да бүттү. Журналистика бөлүмүнүн 3-курсун ийгиликтүү аяктадым. Ал эми кызмат жаатында сөз кылсак, ди-джейлик- негизги кесибим десем болот. Тагыраагы, өзүңүздөр жакшы билгендей, "Миң Кыял FM" радиосунда ди-джей болуп эмгектенип келем. Азыркы учурда эс алуудамын.
Албетте, ар бир иште оорчулуктар, чарчап-чалыгуулар болбой койбойт. Баса белгилөөчү жагдай, ди-джейлер үчүн айрыкча кечки эфир учуру бир топ оор. Кай бир учурларда сүйлөгөнгө алың келбей калган учурлар да кездешет. Антсе да, бар талантыбызды, күчүбүздү аябай, угармандарыбыздын талабын аткарууга аракет жасайбыз. Ал эми телекөрсөтүүдөгү алып баруучулук милдетти бир гана жолу аткаргандыктан анда бир гана жолу кыйналам. Алсак, жеке өзүңө тийиштүү көйгөйлөрдөн жумушуң аркылуу алаксып, чоң күч, дем, стимул алган кездер да болот. Эң негизгиси, өз ишиңе карата чоң кызыгуу болсо, кыйналууну тез эле унутуп койсоң керек.
- Өмүрдөгү баалуулук деп эмнени айтаар элең?
- Адам өзүнүн максат-мүдөөсүнө жеткенде өмүрдөгү баалуулуктун даамын татат деп ойлойм. Андан тышкары, жакындарыбыздын амандыгы, жашоонун тынчтыгы, кыскасы, бактылуу сезимдердин баарысы өмүрдүн баалуулугу.
- "Чыныгы бактысыз шордуулук -бул өзүмчүлдүк" деп калетсиз айтылган. Сен ким үчүн, эмне үчүн жашайсың?
- (Ойлонуп… )Биринчиден, мен ата-энемдин сыймыктанган кызымын. Эмгек жамаатымдын ичинде алардын сүйүктүү кесиптешимин. Ошондой эле элим үчүн бар күчүмдү аябай кызмат кылууга аракеттенген адисмин десем болот. Анан эң негизгиси, келечектеги бактылуу бир үйбүлөдөгү коломтону тургузган сүйүктүү адамымдын жароокер жары, мээримдүү эне болом. Мына, менин жашоомдун маңызы.
- Баарыбыз эле жетекчилик менен иштешебиз. Турмуш ушул экен. Эгер өз чындыгың, өз принцибиңден тайбасаң, "жыландын" куйругун бастым дей бер…
Дегеним, кээде кошомат менен иш алып барган учурларың болобу?
- Жетекчиликке, дегеле жалпы эле жамаатташтарыңа кошомат кошуп эмес, сый мамиледе болуу зарыл деп эсептейм. Маселен, "Миң-Кыял FM" радиосунун курамын биргелешкен чыгармачыл топ түзөт. Биз "Элге кызмат кылуу, элдин үнү болуу!" деген бир максат, бир ой-тилек менен иш алып барабыз.
Ошондуктан бири-бирибизге ишеним менен карап, колдоо көрсөтүп туруу - башкы милдетибиз деп билебиз.
Орой, одоно мамиле - төмөндүктүн белгиси эмеспи. Андыктан, жетекчиликке туура мамиледе болуп, алардын берген тапшырмасын так аткарсак, анда бизден келечекте мыкты ди-джей, радио-чөйрөсүндөгү мыкты адистер чыгат деп ишенем. Балким, кимдир бирөөлөр кошоматчылыктын аркасында ийгиликке жетишип, аздыр -көптүр максатын жүзөгө ашырышы мүмкүн. Бирок, жасалмалуулук менен түптөлгөн иш түбөлүктүү болбойт. Кошоматчылык - бул өтө жат, жагымсыз көрүнүш. А таза жол менен жасалган нерседен артык эч нерсе жок.
- Адамдар арасында сүйүктүү болуу үчүн кандай сапаттар керек деп эсептейсиң?
- Мен азыркы тапта журналисттик профессионалдык деңгээлимди арттыруу, өстүрүү максатында тренингге барып, сабак алып жатам. Ал жерден мугалимибиздин: "Колдон келсе дос күткүлө, бирок, душманды көбөйтпөгөнгө аракет кылгыла" дегени эсимде. Ойлоп көрсөк, жакшы досторду табуу кыйын, тескерисинче, душмандарды жаратуу оңой экен. Ар дайым жаркылдап - жайнап, адамдарга жылуу маанай тартуулап, жадырап жүрсөң, билинбей эле тегерегиңдегилердин урматтоосуна татып, сыйлуу жана сүйкүмдүү боло аласың.
Эң оболу, чынчыл, адилет жана боорукер болсоң, баарын жеңесиң жана ар дайым жүзүң жарык, сыймыктуу жүрөсүң деп түшүнөм. Мына, ошондо гана сенин айланаң гүл бакча сымал жакшы адамдар менен толтурулуп турат.
- "Эки жүздүү махабат - жек көрүүдөн да жаман" дейт го. Калп сүйлөгөн мырзанын калп сүйүүсүнө кабылдың беле?
- (Күлүп…) Жалындаган жаштык кезиңде айрыкча махабат чөйрөсүндө терс көрүнүштөр көп эле боло берет. Мен өзүм аябай сезимтал келем. Ошондуктан мырзалар менен таанышканымда алгачкы сүйлөшүүдө эле жүзүнөн, айткан сөздөрүнөн улам анын кандай адам экенин билем. Эгерде кайсы бир жигит көңүлүмө туура келбей калса, ошол замат эле баарына чекит коём.
А сиз айткан калп сүйлөгөн жигиттин калп сүйүүсүнө кабыла элекмин.
- Эфирде үнүңдү угуп, сени баалап, сага суктанып, артыңдан жигиттер көп эле чуркаса керек?
- Ди-джей болуп иштеген күндөн тарта күйөрмандар да көбөйө баштаган. Маселен, алар тараптан SMS билдирүүлөр, телефон чалуулар болуп турат. Жагымдуу үнүбүз менен аудиторияны кеңейтип, күйөрмандарды топтогонубуз - биз үчүн чоң ийгилик. Күйөрман жигиттер көп эле болот. Бирок алар менен кандайдыр бир чоң таанышуу же махабат болгон эмес.
- Кечиримдүүсүңбү же кекчилдикке жакынсыңбы?
- Негизи кечиримдүү болууга аракет кылам. Бат таарынып, кайра тез эле жазылган мүнөзүм бар. Эгерде менин намыстуу сезимим ойгонуп кетсе, маселен бирөө мени таарынтып, капа кылса, кектеп калышым мүмкүн.
- Жөнөкөй кыз… Кыялың өзгөргөндүр?
- Сурооңуздун төркүнүнө түшүндүм. Менимче, эл үчүн кызмат кылган жөнөкөй адамдардын "Жылдыз" оорусуна кабылганы таптакыр жарашпаса керек.
- Сөздүн гүлүн, ойдун асылын тандап, ыр жазчу элең. Дале жазасыңбы?
- Балким, убакыттын тардыгынан уламбы, айтор жан дүйнөгө гүл азык болчу поэзия дүйнөсүнө саякаттай элекмин. Бир аз жалкоо да болгонсуйм. Антсе да Жараткан берген талантты да бийик көрүп, аздектеп, эң сонун ырлар жазаарыма ишенем.
- Жашоодон издегениң?
- Издегенимдин дээрлик көпчүлүгүн таптым… Жакындарым жанымда, сүйүктүү ишим бар. Эми болгону кыялдарымды, чоң-чоң максаттарымды, аруу тилектеримди ишке ашыргым келет.
- Жашоодо аздектегениң?
- Жакындарымдын, досторумдун, кесиптештеримдин көңүлүн баарынан бийик коём.
- Келечектеги кыялыңдагы адамың жолуктубу?
- Мм… Кандай десем. Албетте, ар бир кыялкеч кыздардай эле мен да: "Келечектеги жан шеригим идеалдуу адам болсо…" деп ойлочумун. Кыялымдагы күткөн адамыма кезиктим. Ал мени көп ичинен издеп тапты…
- Ди-джей болсоң, тилиң эрте чыкса керек?
- Апам азыр деле эстеп, күлүп калат. "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" демекчи, апамдын айтуусунда, менин тилим аябай кеч чыгыптыр. Тагыраагы, төрт жашыма чейин сүйлөй албачу экенмин. Канчалык аракет кылышпасын, үйдөгүлөр мени сүйлөтө да, каткыртып күлдүрө да алышчу эмес тура. Бир аз жылмайып гана койгонум болбосо аябай жоош болуптурмун. Төрт жашта болсом керек, бир күнү түш ченде уктап жатып ойгонуп кеткенимде үйдө эч ким жок окшойт. Мен коркуп кетип: "Апа! апа!" десем апам эшиктен чуркап келип, мени бооруна кысып көтөрүп: "Эмне болду, кагылайын кызым?" десе: "Апа, мен сиз жок коркподумбу" дептирмин. Таң калып, сүйүнгөн апам ошондо кубанычтан көзүнө жаш алыптыр.
"Ди-джей, алып баруучу болуп такылдап сүйлөгөн кызымдын тили төрт жашында чыккандыктан ушундай деңгээлге жетээрин билген эмесмин" деп апам көп айтып калат.

Баарлашкан Нур-Кыял










??.??