Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуунун арзуусу

Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Кызыл жоолук салынган, бото көз кызга байландым"
- Иса агай, рубрикабыз арзуу темасына арналган үчүн алгачкы суроону сүйүү өңүтүнөн баштасак кантет?
- Жакшы болот.
- Жан эргитип сезимдердин сересине алып учтурган, жүрөктү жандырган сүйүү башыңыздан өттү беле?
- Өткөн, адам баласынын башынан сүйүүгө кабылуу, махабатка багынуу сөзсүз өтөт деген пикирдемин.
- Тоо булагындай мөлтүр таза, эң алгачкы ууз арзууңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Жүрөктүн тереңинде катылган тээ кайрылбай кеткен жалындаган жаштык күндөрдү эске салсам жан дүйнөм балкып, жүрөгүм түрсүл кагат. Мага арзуу чыт курсак бала кезден өтүп, мектепти аяктаган студент курагымда келди.
Биздин учурда студенттерди талаа- түзгө жумушка алып барчу. Ошондой талаада топ студенттер менен жүргөндө жүрөк ысытып, жан дүйнөмө гүл өндүрүп, кыялдардын сересине алып учурган тун сүйүү башыма келди.
- Арзуунун торуна чалынып калганыңызды кантип байкадыңыз?
- Мурун болуп көрбөгөндөй башкача сезимге кабылып, айланамда болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер карап, ошол кызыл жоолук салынган бото көз кыз көз алдымдан кетпей, бүткүл оюмду ээледи.
- Уурданып жүрөгүңүзгө кирип алып, тынч жаткан жан дүйнөңүзгө бүлүк салган кыздын аты ким болду экен?
- Кулпусу бек жүрөгүмдү акырын ачып, жүрөгүмдүн кылдарын күүгө салып, ашыктыкка арбалткан алгачкы арзуумдун аты Толкун.
- Атына заты жарашкан Толкун кыз, жүрөгүңүзгө сүйүү толкунун салган экен. Сиз сыртынан көрүп эле жактырып калгансызбы же таанышкан соң сезим пайда болдубу?
- Жогоруда айтпадымбы студенттик топ менен жардамга барганбыз, түш мезгилинде түштөнүп олтуруп, эки жакка көз жүгүртүп кыздарга көз таштап, сөз ыргытып, ыгы келсе сүйүү гүлүн арнай коймой, колдон суурулган жигиттерге табылгыс убакыт эле.
Ошондой түш мезгилинин биринде жаныбыздан өтө берген кыздын булаң эткен чачына жана башындагы бир байлам кызыл жоолугуна көзүм түштү, арт жагынан көрсөм дагы жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Кызык, бул эмнеси деп кыз кеткен жакка көз таштап койдум.
Мына ошол кызды учураткандан тарта анын караанын издеп калдым.
- Жакындап барып эле таанышып, жагып калдың чоң кыз деп сезимиңизди билдирсеңиз болмок да. Кызыл жоолук жалжалыңыз менен тааныша алдыңызбы же бир көргөн жакшы түштөй болуп арманда калдыңызбы?
- Ал кезде сезим билдирүү деген оңойго турчу эмес. Алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу боло турган. Сезимимди билдирүүдөн мурда ал кызды жакындан көрдүм. Көздөрү балбылдап, чыныга салып койгон карагат, кашы болсо карлыгачтын канатындай, кундуздай кара чачы жана баары өзүнө жарашыктуу. Тааныштык, таанышкан соң кыздын колун кыса кармаганымда тим эле өзүмдү өрттөнүп бараткандай сездим. Жүрөгүм азоо тайдай туйлап кетти. Жүрөктө жаткан ага деген сезимимди кеч күздө, туш тарап сары алтынга бөлөнүп, өзгөчө кооз көрүнгөн жалбырактарга тигилип, туруп билдирдим.
- Сиздин сезимиңизди кандай кабыл алды?
- Толкун мектеп окуучусу эле. Экөөбүз көп нерсени ортого салып күлүп келатканбыз, ал эми жүрөк түпкүрүндө ага деген ыйык сезимимди билдиргенимде корккон коёндой элейе карады. Балбылдаган жалындуу көздөрү менен ойлуу тигилди.
Сезимиме суу себип салабы деген ойдун оромунан чыга албай оюм онго, санаам санга бөлүндү.
- Ага болгон сезимиңизди четке каккан жокпу?
- Жок. Мелтейип унчукпады. Жерде калган жалбырактай ага болгон ууз сезимимди четке кагып, бут астында калтырабы деген оюмду жеңди.
Ал унчукпай мелтейген сайын өзөгүм өрттөнүп, жүлүнүм куйкаланып баратты. Ортону тынчтык ээледи. Телмире тиктеп коомай коштошуп кете берди. Узаткан суроом жоопсуз калды.
Узата карап туруп, "кыздын кылыктана басканы, жигит көңүлүнө жакканы, унчукпаганы, жигиттин айткан сөзү көңүлүн тапканы" деп өзүмдү соороттум.
- Сезимиңизди арнаган алгачкы сүйүүңүз канчага созулду?
- Бир өмүргө созулду десем болот. Ошол окуучу кыз азыр менин жубайым. Менин биринчи жана акыркы махабатым болуп калды десем жаңылышпайм. Баёо балалык, кирсиз таза жан дүйнөсү менен мени арбап, жүрөгүмдөн түбөлүк түнөк таап менин бир өмүрлүк жүрөгүмдүн ханышасы болуп кала алды.
- Жүрөктү жандырган сүйүү үйбүлө шаарын курган соң өз сапатын жоготот дегенге кошуласызбы?
- Жок, чыныгы тунук сүйүү болсо ал эч качан өз сапатын жоготпойт. Жүрөгүңдө күндөн-күнгө күч дем берип жашай берет. Мен аны өзүмдөн улам билем. Себеби менин Толкунга болгон мамилем азыр да ошол бойдон.
- Сүйүүнүн күчү эмнеде?
- Сүйүүнүн күчү керемет. Чыныгы сүйүү башына келген адам оттон да, суудан да кайра тартпай өзүнчө бир керемет дүйнөнүн кучагында балкыйт. Бирок ошол кермет тартуулаган сезимди аздектеп калсаң гана бир өмүр бактылуу болуп жашайсың.
- Адамга сүйүү эки жолу келет дейт. Чыныгы сүйүүгө дагы бир ирет кабылсаңыз эмне калмаксыз?
- Ал адамдын өзүнөн. Бармактайдан баш кошкон ал мончоктой жубайым, чырактай кызым, уулдарым, кубаныч тартуулаган неберелерим турса аларды сүйүүгө алмаштыралбайм.
Мен чыныгы сүйүүм менен жашап келатам.
- Чыныгы сүйүү келсе жүрөк эч нерсеге баш ийбейт дешет ага кандай карайсыз?
- Мен бул сөзүңө кошула албайм. Эми минтип эр ортону элүүгө келип, уул үйлөп, кыз узатып куда күтүп калганда сүйүү келди, жүрөгүм жалын-өрттөн куйкаланып чыныгы сүйүүгө кабылдым деп басып кетүү бул адамдык сапаттан кетүү деп билем. Чыныгы ылайланбаган сүйүү бул үйбүлө бактысы. Азыр менин оюмча мен сүйүүгө баш ийбейм. Мен үчүн сүйүү биринчи жана акыркы жолу келген деп билем. Ал эми сүйүү деп бек турган, үйбүлө шаарын бузуп басып кеткен аялдарды же эркектерди мен сүйүүгө эмес кандайдыр бир башка нерселерге арбалгандар деп түшүнмөкмүн.
- Бакыт менен сүйүүнүн айырмасын чечмелесеңиз?
- Бакыт- деген бактылуулук. Жашоосунда бакытка кабылган адамда баары болот. Телегейи тегиз, төгөрөгү төп келген инсан. Ал эми сүйүүнүн андан айрымасы ал жан дүйнөңдү жакшылыкка бөлөп, кыялдардын, сезимдердин аралына жетелеген аруу нерсе.

Альбина Калыкова