Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Парапсихолог, акын Лариса Асанбекова:
"Издейм өзүм, киммин кайдан келгемин,
Максатым не? Мен эмне үчүн жердемин?"
- Лариса эже, айтыңызчы жан дүйнө азыгын кайдан аласыз?
- Жан дүйнө азыгын күндүн чыгышынан, гүлдүн өсүшүнөн, бак-дарактын бүрдөгөнүнөн, наристенин күлкүсүнөн кыскасы көзгө көрүнүп, кулакка угулган бардык нерседен алам. Неберелерим күлгөндө бүт аалам жарык нурга бөлөнгөндөй болуп кетет. Андыктан менин сезимимди жандандырып азыктандырган, маңдайыма жазылган балдарым, неберелерим деп айтаар элем.
- Ар бир учурдун башаты болот. Дегеним акындар дүйнөсүнө качантан бери аралашып баштадыңыз?
- Мен анда 6-класстын окуучусу элем. Ошол кезде Америка менен Вьетнам көп жылдар бою согушушту. Бул жөнүндө мектептен окуп, теледен көрүп кичинекей мамлекетти талкалап жаткан Америкага аябай нааразы болгом. Эсимде, ошондо күнүгө уктаар маалда согуш токтосун, Америка тынчысын деп Кудайдан тилеп жатчумун. Ушул согуш менин сезимиме өзгөчө таасир берди окшойт, айтор ошондо эң биринчи жолу "Америка тарт колуңду Вьетнамдан" деп ыр жазгам.
- Бала чагыңызда жазган ырларыңыз сакталганбы?
- Тилекке каршы 1 китепке жетээрлик ырларым сакталбай калды. Турмуш, жашоо деген өзүң каалап, өзүң ойлогондой болбойт тура. Ала качып кетип, ыр жөнүндө түшүнүгү жок адамга турмушка чыктым. Эмне жөнүндө, кимге арнап ыр жазбайын "Сен эмнеге минтип жаздың?" деп эле кызганып атып ыр жазмак түгүл өзүмдүн атымды да таппай калгам. Жашоо болбогон соң бул жолдошум менен ажырашып, Алтымыш менен таанышкандан тартып кайрадан ыр жаза баштадым.
- Мурдагы сакталбай калган ырларыңызды азыр эстей аласызбы?
- Жок. Кээ бир акындар өздөрү жазган ырды жатка билишет. Менин бир жаман жерим өзүмдүн ырларымды жатка айтып бералбайм.
- Алтымыш Кадыров менен кантип таанышып, табышып калдыңыз эле?
- Ошол учурда Воронсовкада ооруканада жаткам. Ал киши дагы операция болуп ушул жерде экен. Мен 5-кабатта, ал 3-кабатта жатчу. Алтымыштын оорусунан коркуп биздин бөлүмдүн башчысы мен жаткан бөлмөгө аны кабыл албай койгон. Мен анда Алтымышты тааныбайт болчумун. Бир күнү мени менен бир бөлмөдө чогуу жаткан кыз "3-кабатта аябай жакшы ырдаган обончу бар, сиз да ыр жандуу экенсиз, жүрүңүз, чогуу ыр угуп келебиз"-деп ээрчитип барды. Анан ал аккордеонун асынып алып "Жалжалым", "Аясаң боло жыргалым", "Бактылуу болуп жашайлы" деген ырларды шаңкылдап аткарып берди. Анын жан эргиткен ырларын угуп, ошо кездеги популярдуу ырлардын автору ушул киши экенин билип таң калдым. Анткени, Алтымыштын жогорудагы ырлары эл арасында абдан популярдуу болгону менен өзүн эч ким таанычу эмес. Ошол кезде Алтымышты ордунда урунуп-жулунган башка талант болсо ырынан мурда атын чыгармак. Анын жөнөкөйлүгү ушунда турат. Алтымыш экөөбүз таанышкан күндөн тартып чыгармачылык байланышта болуп жүрдүк. Анын тубаса талантын, чыныгы өнөрүн сыйлап Кытайга алып барып келдим. (Мен ал кезде Кытайда иштечүмүн). Ошол жакта жүргөн кезде машинабыз бузулуп калып, Кытайдын автобусуна түшүп баратсак бир уйгур бала Алтымыштын "Жыргалым" деген ырын ырдап баратат. Чынында анын чыгармалары бир кезде кыргыз элине гана эмес Кытай жергесинде дагы популярдуу болуп жаңырып турган. Сурооңо жооп кыла турган болсом Алтымыш экөөбүз ооруканада таанышып, ыр дүйнөсүндө табыштык.
- "Кайгысы жок жүрөктөн, каалагандай ыр чыкпайт" демекчи сиз кайсыл учурда, кандай мезгилде ыр жазасыз?
- Кыргызда "Күйгөн катын кошокчу" деп коёт. Кайгы деген эмоциянын жеткен точкасы. Айтайын дегеним ички дүйнөңдөгү эмоцияң канчалык күчтүү болсо ошончолук жеткиликтүү ыр жаралат. Башкача айтканда жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет. Менин "Арман" деген китебимдеги ырлар жүрөгүмдөгү кайгыдан улам жазылган. Бул бир жагы. Экинчи жагы сүйүнүп, толкунданып, бакытка балкып турган убакта сөзсүз калем кармап, ошол бактылуу көз ирмемди кагазга түшүргөнгө туура келет. Негизи акындын жан дүйнөсү эч качан бир абалда тынч жатпайт. Акын дайыма толкуп-ташып турат.
- Жашоодогу урааныңыз?
- Ой жеткен жерге кол жетет!-деген ураан менен жашап келем. Адамдын колунан эч нерсе качып кутула албайт. Акылың жетип турган жерге аракет кылсаң, колуң да жетет.
Маектешкен Ж.Маматбаева

50 жаш
Жарым кылым жашап өткөн өмүрдө,
Жасадымбы иштер калаар көңүлдө.
Деген собол берип кайра жол издейм,
Көп ойлонуп ушул суроо жөнүндө.

Көз алдыман өтөт анан өмүрүм,
Жарым кылым артка буруп көңүлүм.
Балалыгым калды артта жаштыгым,
Басып өттүм өмүрдүн бир бөлүгүн.

Китеп жаздым ойлорумдан өрүлгөн,
Ыр куюлуп обон болуп төгүлгөн.
Аалам сыры кызыктырып жол издеп,
Илим алдым сырдуу мага көрүнгөн.

Аалам сырдын чекеси да оюлбай,
Илим издеп алга карай бараткан.
Жаратканым жардам берсе дагы да,
Из калтыраар ийгиликтер жаратам.

Тамчы ойлор
Дыбыр-дыбыр жааган жамгыр басылбай,
Боз тумандан күндүн көзү ачылбай.
Сансыз бөлүк тамчысындай жамгырдын,
Ойлорумдун чекеси да казылбай.

Тамчы-тамчы ойлор бүтпөй көл болуп,
Буркан-шаркан толкун болуп, сел болуп.
Кээде удургуйт, шамалга окшоп ойлорум,
Кээде согот айдарым бир жел болуп.

Ой кемесин минип алып ааламды,
Кыдырамын ой чуңкуруң, талааңды.
Түпкүрү жок кең ааламдан ой менен,
Издейм нени? Издегеним табамбы?

Издейм өзүм, киммин кайдан келгемин,
Максатым не? Мен эмне үчүн жердемин?
Же максатым өлүм менен өмүрдүн,
Жашаш үчүн төрөлгөн бир пендемин…




(Башталышы
өткөн сандарда)
Байкуш киши аялынын үнүнөн улам жалт эте карай берип, алаксый түштү да, кирпигин тартып алганда, мүйүздүү сур жылан душманынын алкымынан шап эткизе чагып алууга үлгүрдү. Ошондо Карабектин бүк түшкөн бойдон тырпырай түшкөнүн бир көрдүк. "Азаматсың, Баканооз! Сен жеңдиң! Мөөрөй сеники!" Быяктан биз тигини куттуктап, табабыздын канганын айтпа. Кошунабыздын аты ошондо Баканооз экенин билип жүрөбүз. Оозу чоң алкымынын кенендигинен ошондой атка конгонун кийинчерээк апам айтып берди. Баканоозубуз болсо, баягы арбашкан жеринен анча алыс эмес саздакка сойлоп жетип сулк жыгылыптыр. Карасак, ал суудан жай, шашпай ичүүдө. Карабектин тегерегинде да кыйкырык-чуу чыгып эл батпайт. Ал жылдыз толгондо үзүлдү. Ага чейин шойкомдуу жаным, мен кой десе болбой керегенин түбүнөн шыкаалап турдум. Уу анын алкымынан кысып, жүрөгүнө өтө баштаган кез го. Ал араң дем алып, кара көк тарта шишип кетиптир. Улам эле Бакалбай чалыңар кара кеседеги суудан ууртап коюп, улам-улам ага бүркүп, дем салган болот. Канча аракет кылса да, көзү ачык Бакалбайдын дубасы ага эм болгон жок…
Маркумдун кара ашына ак боз бээни баш кылып, көп мал союшту. Бээни элден мурун ал экөө арбашкан жерге жыгышты да, канын тепшиге тосуп алышып, баягы Баканооздун жолуна чачышты. Көрсө, адамдар жыландардан кечирим сурашып: "Элдешелик, ичибизде кек калбасын",-дешип өз жолун кылып жатышыптыр. Кечинде Баканооздун жанына жыландар келди да: "Адамдар жолун кылышты. Адамдар кечирим сурап жатышат. "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген айры буттуулардын макалы бар. Кечирим кыл, Баканооз. Мындан ары ичиңе кек сактаба. Карабектин калган тукумдарына зыян кылба" -деп табасы канган Баканооз да уюган канга тумшугун салган.
***
Антип-минткенче мен бойго жеттим. Жамандык-жакшылыкты таанып-билип, такшалып дегендей, токтоло турган деле кезим эле. А мен болсом мурдагыдай эле оюнкараак, кыялкеч жана сергек бойдон кала бердим. Ошо жоругум ата-энеме жакпайт. "Качан сага эс кирет. Качан токтолоор экенсиң"-дешип жемелеп калышса да, баары бир оюм менен болушат. Мага эмне, жерде боорум менен сойлоп жүрүп көктү эңсейм. Асмандагы кушка теңелип учкум келет. Мына бул белестин арты мындан да кооздур деп ойлойм. Булак агып, булакка кошулса суу болоорун, тоо артында тоо бар экенин да билем. Түн ичинде жылдыздын баары мени титктеп тургандай сезилет. Мен өзүмчө туруп эле алар менен сүйлөшө кетем. Анан тез эле менин жыргалым бүтүп, күз келээрин сезем. Андан соң кыш келет. Ошондо менин ичим күйчү. Өзүмчө капа болуп ыйлаган учурларым да болгон. Мен кышты жаман көрөм. Чээнге кирип, канча бир күн дебей уктагандан өткөн кордук барбы. Ошондо мен адамдарга суктанчумун. "Эмне үчүн адам болуп калбадым?" деп арман кылган учурларым көп эле болду. Биз, жыландар оттон коркуп, оттон качсак да отто бир улуу касиет бар экенин кандайдыр бир өзүмчө сезчүмүн. Адамдардын чээнге кирбеген себеби, аларга кубат берген, аларга өмүр берген, сыйкырдуу от деп түшүнчүмүн. Асманда учуп жүргөн чагылгандын бир үзүмүн өзүнө багынтып алган адамда зор күч бар. Алар тегин жандар эмес деп ойлогон мен адамга айлангым келип нечен түндөрү уктабай өткөргөнүмдү айтпа. Токойлор шуулдап, биринчи ызгаар жүрөт. Анан жерге шүүдүрүм түшүп, жалбырактар күбүлөт. Менин ата-энем чээнге кириш үчүн суу тийбеген кургак коңул же ийин издей баштаганда эле көңүлүм чөкчү. Чээнге кирээрдин алдында алар баарыбызга мээр чөп тиштетип коёт. Мээр чөп өлбөстүн дарысы. Ал дарман кетирбейт, кышы бою сага кубат берет. Жазга чейин эттен азып, арыктабайсың. Үшүбөй, мемиреп уктай бер. Жүрөгүң гана билинбей акырын бир калыпта кага берет. Сен өлүп калгандай кыймылсызсың. Кала берсе чээнде жатып да, өзүмдүн тирүү экенимди сезчүмүн мен. Бирок кыймылдоого, сойлоп кетүүгө гана кубатым жетү эмес. Жерге баар кирип, жаз чыгып келатканын мен биринчи туям. Жүрөгүм булкуна элеп-желеп болгон мен эшикке сойлоп чыгайын деп кайра коркчумун. Анткени апамдын айткандары эсимде: "Шашмалыгың башыңа жетет. Сойлоп чыкканыңда кар жаап ийсе ийинди таппай тоңуп өлөсүң. Мен баштамайынча ийинден чыкпа дечү. Токсон чыксын. Токсон жерде томуктай тоң калганча жатат. кыймылдаба". Чээнде жатып мен алгачкы жамгырдын үнүн угам. Жар башындагы чай урган карлар ээрип, жерге тамчы тама баштайт. Буга өзүмчө сүйүнөм. Кыяларда кыян жүрдү, уйку-соонун ортосунда жатып мен аны да билем. Жер көөп, биздин ийиндин ичине жаз деми келет. Көк чөп жыттанат. Мына ошондо накта ойгонуп кеткен мен "Апа, турбайсыңбы? Жаз келди"-деп чыйылдайм. Апам дагы эле кебелбейт. Кайрадан көзүм илинип кетет.
Былтыр сага кездешээр жылдын жайында менин бойго жетип, күчкө толуп турган кезим болчу…
***
Айтса, ошол жылдын көктөмүнөн тартып мага ашык болгондор абдан көп болду. Күйөөлөп келгендердин эч кимин чениме жолоткон жокмун. Менин турмушумда быйыл кандайдыр бир бурулуш болоорун алдын ала сезем. Ансайын көңүлүм алып учат. Жыландар дүйнөсүндөгү махабат өзүнчө башка. Бийкечти эч ким өз эркинче мажбурлай албайт. Сенин махабатыңа татыш үчүн эрдемсиген күнүлүштөр адегенде өздөрүнчө күч сынашышат. Жеңгени, эң кубаттусу гана сени жандап, сага махабатын ыроолого акылуу. Ошондо да ага өзүң макул болуп моюн сунмайынча, тигил эр сенин жаныңа эч жанды жолотпойт. Тикесинен тик турат да туш тарабынан көзүн албай, сени кайтарат, сени ар кимден кызганат. Сен анын кекиртегинен тиштеп жанын оорут, ага баары бир. Ал эмес өлтүрө жарадар кылсаң да сага катылбайт, баарына кайыл. Жыландын эркегинче көк, ары чыдамкай, жаракөр, сүйүүгө бекем эч жан жок экенин мен эми билип отурам. Кызык, ошондо мен өзүмө махабатын тартуулаган эки азаматтын кекиртегин жара тиштеп салгам. Өлүп баратышып да мени жалдырай тиктешип, нааразычылык билдиришкен жок. Ошондо байкуш башым дүйнөдөгү жандын баарында махабат бирдей болот экен деп ойлогом.
Азыр мен сага кандайча ашык болгонумду айтып берейин. Бир курдай чоң суунун боюндагы кумда күнгө кактанып, рахаттанып жаткам. Ошол күндөрү тынчым кетип, уйкум качып, өзүмчө эле бушайман болуп жүрдүм. Кала берсе каякадыр качкым келет. Каякка экенин өзүм да билбейм. Көңүлүм алагды. Жүрөгүм элеп-желеп. Жанымды жай алдыраар айла издейм. Андай дары табылбасын билип да турам. Баса, ошентип бир жолу кумда жатып, мен токой тараптан кооз үн уктум. Башымды көтөрүп тыңшай