Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Дарамет

Шайырбек Абдырахманов:
"Бүркүлүп калгандан корком"
Улуттук биринчи канал күндөн -күнгө өнүгүп отурат. Бул албетте кубантаарлык көрүнүш, алардын ичинен суурулуп чыгып, ташка тамга баскандай сөздү орду менен сүйлөп, Улуттук Биринчи каналдын бир учун тартып, бир канча берүүлөрдү жалпы журтчулукка көрсөтүп жүргөн "Жаштар" студиясынын жетекчиси жана "Добуш" автордук программасынын автору Шайырбек Абдырахманов бизде конокто.

- Шайырбек байке, акыркы кезде эл жүрөгүнөн түнөк тапкан "Ыр майрам" берүүсү эфирден берилбей жатат. Мунун себеби эмнеде же М. Эшимкановдун "элегинен" өтпөй калдыбы?
- "Ыр майрам" берүүсүнүн жабылуусуна М. Эшимкановдун эч кандай тиешеси жок.
Ар бир программанын жашоо мөөнөтү болот. Бул берүүнүн да убакыты бүткөндүктөн көрсөтүлбөй калды. Муну эч кандай трагедия кылып деле болбойт. Буга чейин деле бир канча программалар болгон. Өз жашоо мөөнөтү бүткөндөн кийин өзүнүн текчесине койгонго аргасызбыз. Биздин кээ бир кесиптештерибиз "Ой, бул менин берүүм отуз жылдан бери жашап жүрөт, кантип жабылат"- деген жаңылыш сезимдер менен жүрүшөт. Чындыгында он жылбы, жыйырма жыл болобу жашоого акылуулары болот. Аларды көрсөтпөй коюуга болбойт. Ал эми кээ бир майда-чүйдө программалар убактылуу гана жашай алат.
- Жабылган берүүлөрдүн ордун жаңы программалар менен толуктап жатсаңар керек?
- Албетте, "Жаштар"студиясы даярдап жаткан жаңы программалар бар.Азыркы учурда "Капкан шоу"жана "Чоң сынак"деген долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.
- Тарыхты билбей туруп,келечекке кадам таштай албайт эмеспизби. Жаштар студиясы качан ачылган жана сиз канчадан бери жетектеп келе жатасыз?
- Жаштар студиясынын ачылганына бир топ жылдар болгон.Бул студияда азыркы журналисттердин дөө-шаалары Адахан Мадумаров, Мыктыбек Арстанбек деген байкелерибиз иштеген.Мурда "Жаштар"студиясы менен "Балдар"студиясы бирге болчу, анан биз "Жаштар" деп 2005-жылы бөлүп алып чыкканбыз.Ал эми 2008-жылдан бери кайрадан эки студия биригип, ага мен жетекчилик кылып келатам.
- Бир программаны даярдап эфирге алып чыгуу үчүн канча убакыт сарпталат?
- Көрсөтүүнү даярдоодон мурда өзүң даяр болушуң керек.Өзүң бир айлап,эки айлап даярданасың.Андан кийин гана жеке программа даярдай аласың.Бул сырткы гана кабыгы. Кененирээк айтып өтсөм,автордук берүүнү эфирге алып чыгуу үчүн журналист кичине берүүдөн баштап,тажрыйба топтоосу зарыл. Улам жылып олтуруп өзүңдүн берүүңдү алып чыгууга даяр болуп каласың. Көрсөтүүң жакшы болгону менен өзүңдүң денгээлиң төмөн болсо андан эч кандай майнап чыкпайт.
- Автордук программа даярдоого чейин бир канча тепкичтерди басып өтүш керек дедиңиз,сиздин алгачкы тепкичтеги кадамдарыңызга көз чаптырып кетпейлиби?
- Биринчи кыргыз телевидениесине келгенде "Шок фактыда"штаттан тышкары беш ай айлык албай иштедим. КТРдин алдында жатып калып ушул жерде уктаган күндөрүм да болгон. Беш айдан кийин ассистент -режиссёр,кабарчы болуп иштеп жүрдүм.Бир жарым жылдан соң "Чечен айтыш"деген программаны ачып,эки жылдай иштедим."Убакыт учкан куш" дегендей алты жылдын кантип өткөнү да билинбей калды. Арасында жөн эле бош жүргөн күндөрүм да болбой койгон жок. Ошентип отуруп азыр "Добуш" аттуу автордук программаны элге тартуулап келүүдөбүз.
- Ташка тамга баскандай сөздү таап сүйлөгөнүңүз көпчүлүккө маалым. Бүгүнкү күндө эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган алып баруучулар да жок эмес. Сурайын дегеним ошолорду укканда "аллергия" болсоңуз керек?
- Башында ошентип "аллергия" болгон учурлар да кездешкен. Мен деле бирөөнүн аллергиясин карматат болушум керек деп ойлойм.Мен да бирөөгө жакпашым мүмкүн.Ар кимдин табити ар башка да. Сиз туура айттыңыз,тантырап аткандары да толтура. Булардын жазасын мезгил берет го. Убакыттын шарданы менен "мен кыйратып жатат экенмин" деп жүргөн менен мезгил анын жолун бууп, түртүп чыгарып салышы мүмкүн. Кесипти туура эмес тандап алгандыгы, калп эле жалтырак-жултурак нерсеге кызыгып жүргөнү бир тыйынга арзыбай калат. Мезгил баарын сен ушул кесиптин чыныгы ээсисиң же болбосо мурда эле ката кетиргенсиң деп "бүркүп"ташташы мүмкүн.
- Сиз өзүңүз бүркүлүп калгандан коркпойсузбу?
- Сөзсүз түрдө корком. Ошон үчүн көбүрөөк эмгектенип,тырышып, бир нерсе жасап калганга аракет кылам.Бирок, ким билет, баары алдыда да.
- Журналисттик кесипти тандап алганыңызга өкүнгөн учурлар болгонбу?
- Өкүнүч албетте, болот. Журналист Зайыр Ажыматов деген досум айтып калат: "Күндө жазам күндө жок,күндө гезит жеп коёт",-деп анын сыңарындай күндө жаңы ойду, жаңы идеяны таап жүрүүгө аргасызбыз. Журналист да спортсмен сыяктуу эле бир формада жүрүш керек. Эгерде формаңды таштасаң бүттү, атаандаштардан артта каласың. Журналист кандай учурда, эмне жагдай болбосун баарына даяр болуусу шарт. Антпесе ийгилик, сенсация жаратуу кыйынга турат. Ошондуктан дайыма бир формада турушубуз керек.


Маектешкен Нурзат Жусупова










??.??