Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Саламат плюс

Кенжебаева Тамара, №1-чи төрөт үйүнүн патология бөлүмүнүн башчысы:
Үйбүлөлүк төрөт
Эркектер төрөткө катышканда…
Мурда үй-бүлөлүк төрөткө тыю салынчу. Азыр болсо клиникалык көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында төрөткө күйөөсүнүн же жакындарынын бирөөсүнүн катышуусу төрөттүн оңтойлуу жана жеңил өтөөрүнө өбөлгө түзөөрү айкындалган. Анткени күйөөсүнүн жанында туруп айткан мээримдүү, жылуу сөздөрү, ата болом деген каалоосу төрөп жаткан аялдын психологиясына оң таасирин тийгизип, көбүнчө төрөттөр ийгиликтүү өтөт. Акыркы убактарда биз дагы ушундай үй-бүлөлүк төрөттөрдү өткөрүүдөбүз.
Бирок, тажрыйба көргөзүп жаткандай азыр биздин эркектерибиздин психологиясы төрөткө катышууга али даяр эмес экен. Анткени төрөткө катышкан эркектердин ар кандай абалда калышканына күбө болуудабыз. Кээде алар аялынын кыйналганын көрүшүп эс учун жоготуп коюшат же чыдабай сыртка чыгып кетүүнү суранышат. Кээ бир эркектер ыйлашат, а айрымдары "аялым менен кошо ыйынып жатып, ашказаным ооруп калды" деп чыгышат. Таң калычтуусу, эрктүү, темирдей бекем, күчтүү эркектер мындайда өздөрүнүн алсыздыгын көргөзүшөт экен. Андыктан менин күйөөлөргө айтаарым, психологиялык жактан төрөткө өздөрүн даяр алып жүрүүлөрү абзел.



Төрөткө чейин...
Төрөткө чейинки даярдыктарды көрүү албетте, боюнда бар ар бир аял үчүн абдан маанилүү. Биринчиден, аялзаты кош бойлуулук деген эмне экенин, бул учурда организмде кандай өзгөрүүлөр жүрөөрүн, кантип тамактануу, кандай режимдерди сактоо керек экенин жакшы билүүсү зарыл. Ал эми экинчиден ата тараптан баланын энесине көрсөтүлгөн жылуу мамиле, моралдык колдоо талап кылынат. Тагыраак айтканда ар бир ата кош бойлуу жубайына болочок наристенин жарык дүйнөгө келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, ал төрөлгөндө кубанычы койнуна батпай сүйүнөөрү жөнүндөгү жылуу сөздөрүн ар дайым айтып, дем берип, күйүмдүү күйөө болуп үй-турмушка кол кабыш кылып , алтургай энесинин ичине колун коюп, али төрөлө элек болочок ымыркай менен сүйлөшүп же музыка коюп берүү аркылуу мамиле түзсө, мунун баарын наристе сезет. Атасынын мындай мамилеси курсактагы баланын толук кандуу өсүп-жетилишине, туруктуу болуп төрөлүшүнө чоң таасирин берет.

Апаларыбыздын амалы эми колдонулууда…
Биздин апаларыбыздын акылдуулугуна таазим кылгым келет. Дегеним, илгери боз үйдүн так ортосуна бакан коюлуп, кош бойлуу аял ошол баканды кармап, тикесинен-тик туруп төрөчү. Төрөлгөн бала жараатка учурабоо үчүн алдына саман төшөлчү. А төрөттөн соң саманды өрттөп жиберишчү. Анан кийиздин учун өрттөп туруп, калдыгын баланын киндигине басышчу. Мындай жол баланын киндигин дезинфекция кылганга абдан ыңгайлуу болуп, киндиктин үстү тез карттанып, бат айыкчу. Мына эми азыр так ушул өңдүү төрөтүү жолун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылышууда.
Мурун бала төрөлгөн соң, анын киндигин тазалап, стерильный (микроптордон арылтылган) марли, салфеткалар коюлчу. Марлинин астындагы жылуулук ар кандай микроптордун көбөйүшүнө жана тери оорусуна чалдыгууга өбөлгө түзчү. Азыр болсо баланын киндигин обработка жасагандан кийин эле илгерки апаларыбыздай кылып ачык таштайбыз. Мындай ыкма баланын киндик жана тери оорусунун санын бир топ азайтууда.





"Күйөөм акушеркаларга жардам берип, жанымда турду"
Эрмек Көбөгөнова, 28 жашта:
Мен биринчи жолу төрөдүм. 33 жаштагы жолдошум да алгачкы жолу менин толгоом башталгандан ымыркайыбыз жарык дүйнөгө келгенге чейин өзү күбө болуп жанымда турду. Төрөт абдан оор болду. Толгоом жоголуп кетип, төрөй албай кыйналып жатканымда күйөөм курсагымдан ылдый колу менен басып, акушеркаларга кошулуп жардам берип турду. Ал эми күйөөмдүн катышканы менин оорумду тең бөлүштү. Төрөткө биринчи жолу катышкангабы, күйөөм алдастап, ыйлап жиберейин деп араң турду. Анын үстүнө кыйналып төрөгөнгөбү, ымыркайыбыз адегенде үнү чыкпай, көпкөк болуп түшүп жатпайбы. Муну көрүп жолдошум аябай сарсанаа болду. 4-5 жылдык өмүрүм короду, деди ал төрөт бүткөн соң. Төрөт бүткөндөн кийин да кан болгон буттарымды жууп,мага тамак берип, жанымда таң сүргөнчө отурду. Канткен менен өз баласынын киндигин өзү кескен күйөөм эми адамдан адам жаралуу процесси канчалык деңгээлде татаал экенин, эненин, бул жарыкчылыкка баланы алып келүү оорчулугун жана кадыр-баркын сезди окшойт. Азыр ал баласын көрүп абдан бактылуу болуп жүрөт. Менимче эгер ал сыртта калып, менин төрөт убагындагы кыйналганымды көрбөгөндө, көпчүлүк эркектердей эле эч нерседен кабарсыз калмак. Эми анын келечекте аялзатына кылган мамилеси түп орду менен өзгөрдү деп ойлойм.

Эне-баланын
"денелерин тийиштирүү" жолу
Бала төрөлөөрү менен аны бир ирет сүртүп туруп, башына, бутуна кийим кийгизип, жылаңач бойдон эненин жылаңач денесине 2 саат жылуу жаап жаткызабыз. Бул учурда эненин инфекциясына каршы балада ар түрдүү көп оорулардан сактап калчу иммунитет пайда болот. Ал эми кээде оор төрөттөрдөн же операциялык жол төрөтүнөн кийин эне-балага "денелерди тийиштирүү" жолун жасоо мүмкүн эмес болуп калат. Мындай убактарда жаңы төрөлгөн ымыркайды атасынын жылаңач денесине 2 саат жаткызып турууну келечекте пландаштыруудабыз.




Жыпаркүл Касабаева:
"Күйөө балам коркту окшойт, төрөткө катышкандан баш тартты"
Биздин убакта азыркыдай кайдан болсун. Ал кезде жакын-туугандарынан төрөткө эч кимди катыштырчу эмес да. Күйөө балам коркту окшойт, төрөткө катышкандан баш тартты. Андыктан кызымдын төрөтүнө мен катышайын деп чечтим. Албетте, кызымдын ушунчалык оор азапты тартып, кыйналып жаткан мезгилинде жылуу сөздөрдү айтып, моралдык колдоо көргөзүп, жанында турганым кызыма бир топ эле жеңилдик болду деп ойлойм. Айтаарым, азыркы жаштар үй-бүлөлүк төрөткө туура көз караш менен карап, жубайларынын төрөт убагындагы кыйынчылыктарын чогуу тартышса жакшы болмок.



Смандил Чоюкеев, 42 жашта:
"Аягына чейин чыдап катыша албай койдум"
Буга чейинки эки балам төрөлгөндө төрөткө катышкан эмесмин. Андай оюма деле келбептир. Ал эми бул жолкусунда Тамара Ахматовнанын сунушу менен катышууга туура келди. Анын үстүнө келинчегим да: "төрөткө катышып, төрөт учурунда кандай кыйынчылык тартаарымды өз көзүң менен көр" деп суранды. Аялым таңкы 4төрдө көз жарды. Бирок, бул жолкусун аялымдын кан басымы көтөрүлүп, аябай кыйналып төрөдү. Чынын айтканда аягына чейин чыдап катыша албай койдум да балдызымды киргизип жибердим.



Төрөткө зыян!!!
Эмнегедир азыркы учурда дени-сак аялдарды чанда жолуктуруп калдык. Ал эми ымыркайдын ден-соолугу анын түйүлдүк кезинен башталаарын билсек керек. Эгер дени-сак аялдын боюнда бүтсө, анын кош бойлуу мезгили жеңил өтөт. Ал эми боюна бүткөн аял мурунтан же бала кезинен кандайдыр-бир инфекциялык ооруну ала жүргөн болсо ( кызамык, грипп, ангина ж.б), мунун баары кош бойлуу кезинде терс таасирин тийгизет.

Май куюуучу жайларда иштеген кыздар
Төрөткө терс таасирин тийгизе турган себептердин бири бул - социалдык фактор. Буга мисал катары тамак-аш жетишпеген, көп балалуу үйдө өсүп, чоңойгон, бала чагында оор жумуштарды көп жасаган же май куюуучу жайларда иштеген кыздарды айтса болот.

Тоок эттерин хлор менен тазалашат...
Атмосферанын бузулушу, тамак-аштардын сапаттарынын начарлашы төрөткө түзмө-түз терс таасирин тийгизет. Айрыкча чет өлкөлөрдөн келип жаткан тамак-аштардын көбү генибизди талкалоочу касиетке ээ экенин эске ала жүрсөк жакшы болот эле. Мисалы , азыр Америкадан даяр тоок эттери (окорочка)келип жатат. Көпкө чейин сакталышы үчүн Америкалыктар тоок этин атайын хлор менен тазалашат.А биздин кыргыздар анын канчалык деңгээлде ден-соолукка зыян экенин билбей эле этке караганда баасы арзан, тез бышат, майлуу деп туруп базардан бат-бат сатып алып жеп турабыз.

Компьютер уруктардын сапатын начарлатат…
Азыркы жаштар интернет-клубдарда көп отурушат. А бирок, компьютерде узакка отуруу да уруктардын сапатынын начарлашына алып келээрин эстей жүрүшсө.

Памперс
Памперс - бул синтетикалык материал. Памперсти кичинекей наристелерге көпкө чейин кийгизип коюшат. Памперс калың болгондуктан эч жеринен аба кирбейт да наристе заара кылгандан кийин нымдуулук пайда болот.Мындай нымдуу температура сөзсүз түрдө зыянын тийгизет. Памперс кийгендеги жыныс органдарында пайда болгон нымдуулук эгер организмде инфекция болсо, анын көбөйүшүнө алып келет.

Даярдаган Асхат Айсаракунов









??.??