Сенин гезитиң!
№22, 01.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

105-109-сериаларында
Галинанын ала жипти аттаганы маалым болгондон кийин Иван көрсөтмөгө кол коюп бермек болот. Милициялардан кутулган София Мальковцев менен таанышат, анын колундагы фибуланы көрүп, көзү күйгөн Мальковцев София менен көздөн далдоороок алыс жакка кеткенге бел байлайт.
18 жылдан бери жашырып келген чындыкты башка бирөөнүн оозунан уккан Ася иштин чоо-жайын өз энесинен угуш үчүн Раисага келсе, ал баарын моюнуна алып, кызынан кечирим сурайт. Катылган жерден фибуланы көргөн Виктория - Софиянын колундагы жасалма экенин түшүнөт. Ася Светик-Ярикке бардык чындыкты билээрин, бирок Федотовдун бардык мурасынан баш тартаарын билдирет. Бейтапканада жарык өчүп, Павелдин өмүрүнө коркунуч туулат. Эсине араңдан зорго келе баштап, бирок сүйлөгөнгө кудурети жетпеген Павелге аялы Виктория келип, буга чейин кылган кылыктары үчүн кечирим сурайт. Иван Галина менен ажырашууну чечет. Жашоосунун быр-чыры чыккан Ася циркке келип, кайрадан аренага чыгып, күйөрмандарын кубантууну чечсе, бардык башына түшкөн бактысыздыгы үчүн Асяны күнөөлөгөн Галина атаандашын четтетиш үчүн төлгөчүгө кайрылып, акыркы чараны көрмөк болот. Алкымын кернейдей созгон тергөөчү Ярославга пара бергенде гана Иванды бошотом деген талап койсо, айласы кеткен Ярик жашап жаткан үйүн сатмак болот.
Галина Марта аттуу төлгөчүгө келип андан тапшырма алат. Павелди көргөнү Виктория Ярик менен келсе, Федотов аны Светиктин ордунда жүргөнүн түшүнөт. Ася Федотовдордун үйүнөн болгон кийимин чогултуп, мурастан баш тартаарын катка жазып калтырып кетет. Раиса өз бөлмөсүнүн жанында шам кармап турган Галинаны көрөт.
Болгон мурасын кимге табыштаарын айтып жоопкерчиликти жүктөгөн Марковдон Павел болгон иштин чоо-жайы аныкталмайын аны эсине келгенин эч кимге айтпоосун суранат. Тергөөчү Ярик бере турган параны алууга макул болот.
Галина Асянын чачы менен канын көзү ачыкка алып барса, Раиса эшигинин алдынан төөнөгүч таап алат. Ася Павелдин көргөнү бейтапканага келип чоң аталуу болгонуна кубанып жатканын билдирет.
Тергөөчүнүн жардамчысы кабинетинде отурган журналистти көрүп, анын эмне максат менен келгенин билет. Галина Мартага Асянын апасынын да көзү ачыктык жайы бар экенин, кызын коргоп жатканын айтат.
Галина Виктория Анютаны соороту менен алек болсо, Дина апасын угайын деген кулагы, көрөйүн деген көзү жок. Ярик тергөөчүгө акча салынган чемоданды берип жаткан жеринен журналист аны сүрөткө тартып алат.

Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Жүз аарчы кайда пайда болгон?
Жүз аарчынын кайсыл мезгилде пайда болгону тууралуу так маалымат жок болсо да алгач Италиядан чыккан деген фактылар бар. 16-17-кылымда жүз аарчыларды жалаң жогорку катмарлардагы адамдар гана колдонушуп, кымбат баалуу кездмелерден тигишип, жээгин оңтойсуз болсо да майда кымбат таштар менен кооздошчу. Андан соң гана Франция, Германия, Испанияга таралган. Алгач бул кооз кичинекей буюмду кийген костюмуна түспөлдөштүрүп, жараштырып гана төш чөнтөгүнө салып жүрүшсө, киийнчерээк гигиеналык тазалык үчүн пайдасын көрө башташат. Кадимки күнүмдүк гигиенага мынчалык кымбат баалуу материалдарды жумшап, ачылып-чачылуунун кереги жок экенине акылы жеткен адамдар кийинки эле катардагы кездемелерден 45х45, 18х18 өлчөмүндө жасашып, жөн гана жалбырактын же гүлдүн сүрөтүн саймалап жасашкан.

Эске тутуу жөнүндө кызыктуу фактылар
Жай окуганга караганда, китепти бат тез окуганда көз азыраак чарчаарына карабай адамдардын 95% жай окушат экен. Болжол менен ар бир экинчи адам бир мүнөттө 180-220 сөз окушса, бир бетти 1,5-2 мүнөттө окуй алышат. Мунун натыйжасында бат окуганда адамдын мээси маалыматтын 80%ын, жай окуганда 60% гана кабыл алып эске тута алат.
Мисалы, Наполеон бир мүнөттө 2000 сөз окуй алган. Ал эми Бальзак 200 беттен турган романды жарым сааттын ичинде окуп бүтө алса, А.Н.Рубакин 250 миң китеп окуган. Кол башчы Александр Македонский 30 000 жоокерлеринин жүзүн жатка билип, таанып, ажырата алган.
Моцарт түнү менен угуп чыккан обонун эртеси күнү бир да жеринен жаңылбай жазып бере алчу экен.

Коён кандай күндү кечирип келет?
Коёндорду адатта пружинага салыштырышат. Анткени алар элүү киломметрге чейин секире алышат. Ал эми чуркаганда алардын ылдамдыгы бир саатта 72 километрге чейин жетет. Бул сүйкүмдүү жумшак жандыктар ысыктан кулагынын жардамы менен сактанышат. Ургаачылар боюндагы баласын 50 гана күн көтөрөт. Кээде биринчисин төрөгөндөн кийин эле 25 күндүн ичинде кайрадан бозуп калышкан учурлары да кездешпей койбойт. Дагы белгилей кетчү нерсе - коёндордун тиши тынымсыз өсүп турат. Болгону алар тамакты кемиргенде гана тиштери жешилип, кыскарып турат.




  Пайдалуу кеңештер

Бөйрөктөгү ташка лимондун согу даба
Лимон минералдык туздарга өтө бай келип организмге керектүү. Лимонду чай ичээрде ар дайым пайдаланып жүрсөңүз зыянду микробдорго каршылык көрсөтүүчү таасири күчтүү. Лимондун согу ичеги-карын ооруларына жана бөйрөктөгү, өттөгү ташты майдалап жок кылууда даарылыгы бааланарлык.
Сокту даярдап алууда лимондун жарымын кесип аласыз да анын суюктугун марлиге сүзүүңүз кажет. Мындан кийин 0,5 стакан ысык сууга кошуп ичиңиз. Бул өзгөчө суук тийгенде, тамак ооруларына таасирдүү болот. Аталган ыкмадан сырткары тери ооруларына да сүртсөңүз болот. Ал эми таш пайда болгон ооруларга лимондун согун, аш кызылчасынын, сабиздин, бадыраңдын согун кошуп күн сайын үч маал ичсеңиз 2-3 күн өткөн соң чыдамсыз абалда оорутат. Андан соң майда кум сыяктанып таш ээрип, заараңыз менен чыгуу аркылуу кыйнаган оорудан айыга аласыз.

  Пайдалуу кеңештер

Териде шишик жана ириң пайда болсо
Элдик медицинада дарчындын тамырын кайнатып ак шишикке, теридеги ириң жаралар пайда болгондо (безетки, сыздоок) зат алмашуунун бузулушунан келип чыккан тери ооруларында пайдаланышат.
Мындан сырткары жүрөктүн иштеши начарлап, ак шишик пайда болгондо, дарчындын чөбүнө дарбыздын кургатылган кабыгын кошуп 2 аш кашыкка 2 стакан суу кошуп кайнатасыз. Тундурманы оорулууга күнүнө жарым стакандан 3 маал ичирүүңүз кажет.
Эскертүү: Дарчын өсүмдүгү кургак талааларда, айдоо аянттарында өсөт. Гүлдөгөн кезде гүлүн жыйнап, тамырын казып алгандан кийин экиге бөлүп, сууга таза жууп кургатууңуз зарыл.

  Пайдалуу кеңештер

Долононун жалбырагы артерия кан басымын төмөндөтөт
Долононун жалбырагынан крайтегид дарысы жасалып, ал артерия кан басымын төмөндөтөт. Артерия оорусуна каршы долоно жана анын жалбырагы өзгөчө касиетке ээ. Бул жүрөктүн иштөөсү начарлагандарга, миокардитте, калкан бези ооруганда дарыгерлер тарабынан да сунушталат. Мындан сырткары долоно кандагы холестеринди азайтуучу касиетке ээ.

  Пайдалуу кеңештер

Зиренин тундурмасы
Жайкы аптаптан улам балдардын ич өткөк оорулары күчөйт. Мындайда 1 аш кашык зиреге 1 стакан кайнак суу куясыз да 5-10 мүнүт кайнатасыз. Соңунда тундурмага канттан да кошуп коюуңуз кажет. Оорулууга 1 чай кашыктан күнүнө 5-6 жолу бересиз. Эгер мындай ооруга чоң кишилер кабылса: зире, ашкүк, сулуунун саманы (майдаланганынан), мышык тамырдан кошуп аралаштырасыз. Аралашмадан 3 аш кашык алып, анын үстүнө 8 стакан суу куясыз да 15 мүнөт кайнатасыз. Чоң адамдар тундурманы 1 стакандан 3 маал ичишсе оорудан кынтыксыз айыга алышат.

  Пайдалуу кеңештер

Капаланып туталанганда
Акылдан танып, капаланып туталанганда төмөндөгүдөй өсүмдүктөрдүн аралашмасынан даярдалган чай мыкты дары боло алат:
1 аш кашык дүлөй чалкан
1 аш кашык жалбыз
1 аш кашык долоно гүлү. Бул аралашмадан 1 аш кашык алып, ага бир стакан суу куюп демдеп ичсеңиз, нервиңизди калыбына келтирет.

Даярдаган А. Дүйшөналиева