Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон күлкү

Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Осмонкул менен Ысмайыл
Атактуу төкмө акындар Осмонкул менен Ысмайыл гастролдо жүрүшүп, чоң тойго туш келип калышат. Көктөн издегени жерден табылганына жетине албаган той ээси жашы улуу болгондуктан жар салуу кызматын Осмонкулга ыйгарат. Ал учурларда телерадио деген болбогондуктан артисттердин кадыр-баркы өтө жогору болгон. Ошону менен катар жар салган ырчы тойдун ээси, тойдун шартын тааныштыруу менен гана чектелбестен,келген меймандардын арасындагы байыраактарын, мансаптуусун мактоо же сындоо укугуна да ээ болгон. Ошого жараша алардан акча, мал-сал өндүрүүгө жетишкен. Осмонкулдун ырын угуш үчүн элдин баары аны ээрчий басышат. А Ысмайыл беш-алты жоро-жолдошторунун ортосунда соксоюп өзү калат. Жар салуу кызый баштайт. "Э, Ысмаке, пулдун баарын Осмоке шыпырып кете турган болду. Барып кичинеден тийишип, арак-шараптык тыйын-тыпыр өндүрбөйсүңбү?"-деп достору аны көкүтө башташат. "Айтса айтпаса төгүнбү?-Тарткыла атты!"-дейт. Заматта ээр токумдуу бир атты туура тарта коюшат. Караса, байтал ат, "Э, бул да болсо бешене!"-дейт да кызуу ырдап жаткан Осмонкулду көздөй тарактата чаап жөнөйт да, демите барып токтойт:
- Э, Осмоке, Байтал минген ырдайбы, Бастырса мишайт кылбайбы?Эшек минген ырдайбы, Ээрчисе мишайт кылбайбы?-деп тийише кетет.
Анда Осмонкул:
Э,балам,
Байтал минген нетүүчү,
Байкабас жерге жетүүчү.
Бадал жакка барганда
Ычкырын шашпай чечүүчү.
Эшек минген нетүүчү,
Эл барбас жайга жетүүчү
Ээн жерге барганда
Тушоосун өзү чечүүчү
Ошентип максатына жетүүчү,-дейт. Элдин баары каткырып күлүп, кыйрап калышат. Аксакалдар "Ай бала, жаш экен ка-ап, сынып калды"-деп Ысмайылды аяп калышат. Ысмаке токтолбой туруп:
- Э Осмоке,
Байыртан бери келаткан
Бабаны сыйлоо жолубуз.
Байтал тооруш башталса,
Сиз биринчи болуңуз.
Эзелтен бери келаткан
Эскини сыйлоо салтыбыз
Эшек тооруш башталса,
Сиз биринчи болуңуз-деп кайра Осмонкулдун шаштысын алып жиберген экен. Осмонкул Ысмайылды жактырбайыраак карап туруп, белин бекем бууп койгон ак көйнөгүнүн ичине колун салып, эми эле эл берген акчадан тутамдап туруп: "Ме, жубарымбек" деп бере койгон экен. Эңсегени колго тийген Ысмайыл байталын тарактата чаап досторун көздөй жөнөптүр.




Бирөө бар биз жашаган калаабызда
Ысык-Көлдүн Каракол калаасында актёр, куудул, комузчу, ырчы, далысы жерге тийбеген балбан, ээр үстүнөн алдырбаган чебер Төлөнбай Козубеков деген турпаты жарашыктуу, эки метр бою, далысы кере кулач, кырдач мурун, кызыл жүздүү келишимдүү жигит.
Ошол Төкө армияга барып, командирдин машинасын айдап калат. Жогорудагыдай керилген келбетин көргөн командирдин бойго жеткен кызы ашык болуп калбайбы. Ортодо сүйүү жаралат. Өтө ысык болуп кетишет. Отко десе отко, сууга десе сууга түшүүгө даяр кыз, ага турмушка чыгууга даяр экендигин билдирет. Бирок, Кыргызстанга ал сулууну алып келүүгө көңүлдөнбөгөн Төкө ар күнү көзүнүн кычыгына кызыл мурч салып коюп, кызга ыйлап кыйналган, уйку көрбөгөн киши болуп көрүнө берет. Кыз асты-үстүнө чыгып сураса да айтпай коёт. "Дембилге" жакын калганда "Мен таң атканча уктабай ыйлап чыкканымдан көзүм кызарат"-дейт. Кыз бүжүрөп: "Эмне үчүн? Ачык айтчы?" деп такып туруп алат. Ал бир чет элдик журналга чыккан жарым жылаңач жапайы адамдардын фотого көчүртүлүп тартылган сүрөттөрүн ортого коёт: "Бул чийки балык жеп жаткан менин атам, бака союп олтурган менин апам, чаңда оонап жаткан жылаңач балдар менин бир туугандарым. Биздин уруу ушундай тоодо жапайы турмушту башынан кечирип жашайт. Дини, тили башка кишилерди көзүң мындай болоору менен шишке сайып туруп, шишкебек кылып жеп коюшат. Сени алып барсам, менин көзүм жокто сени жеп коюшса, өмүр бою шоруңду тартып өтөт окшоймун, жаным?"-дейт мостоюп. Муну уккан сулуу бийкеч ордунан тура качып, Төкө артынан жалынып барса да карабай коюптур. "Желимдей жабышкан бул кыздан эми кутулбай калды" деген достору Төкөнүн бул амалына абдан таң калышкан экен.
М.Касыров




Керкакшык
Тост айтам кыргыз угуп тур!
Давай кыргыз, давай киргиз алгыла,
Кудай билет эмне күтөт алдыда!

Мектептен качкан агайлар үчүн,
Менчикке кеткен сарайлар үчүн.
Жулунуп чыккан шумпайлар үчүн,
Жумушсуз калган карыптар үчүн.
Иштебей калган заводдор үчүн,
Импортко толгон камоктор үчүн.
Депутат болом деп жүгүргөн кезде
Делөөрүп айткан жомоктор үчүн.

Кана кыргыз, давай кыргыз алгыла,
Кудай билет эмне күтөт алдыда.
Ичкендер чемпион, ичпегендер шпион,
Агынан айтсын, ап-аппак алгыла…
К.Керимбаев




Аттокур менен Атсокур
Казармандагы кенчилердин үйлөрүн салышып жүргөн сатирик-акын Жаныбек Өмүралиев жергиликтүү жигиттердин биринин аты-Аттокур экенин билип калат. Экөө бетме-бет отуруп таанышкан да күн келет:
- Аттокур
- Атсокур
- Эмне-е, эмне дедиңиз? Кайра айтыңызчы? Же бир тишиңиз ашыкчабы, байке?-дейт тигиге омуроолонуп
- Сен адеми Аттокур деген атка териксең, мен Атсокур деген атка арданбай эле жүрөм го? Же сенин атың Атсокур беле? Атсокур болсом мен Атсокурмун го? Тем более, сени биринчи көрүшүм-дегенде карап турган бейтааныштар күлүп жиберишет. Анын эртеси:
- Байке, ит экенсиз, сизге айла жок экен "Көрсө куудул-акын Жаныбекке кабылып калган турбаймынбы?"-деп кечеги тамашага кеч түшүнгөн Аттокур 6 литр бозо, 600 грамм кошмо арак (самопал) жана 6-7 "хвосту" менен арсаңдай күлүп келип, алдына түшүптүр.

Мен армиядан келип эле Токтогулдагы Торкен сельпосунун УАЗ машинасын айдап калдым. Раматылык Токтомамбетов Дербиш деген киши башкарма экен.
Өтө кылдат. Бөрүсү менен бөрү, түлкүсү менен түлкү болгон адам эле. Мен анда бала бойдон экенмин. Айдаган жагына барып, айтканын кылып жүрө берчүмүн. Соода акыры менин соодамды бүтүрдү. Кудай берген шыкты кеч барк алдым. Ошондо эле анча-мынча күйдүргү ырларды жаза коюп, сельподогу келин-кыздардын сезин алчумун. Шеги барлар ооз басырыгын аяшчу эмес. Ал тургай бир жолу биринчи секретарь болуп турган Матен Сыдыковго да тиш салганым бар. Бирок, ал ошол убакта элге тарабай, айыл ичиндеги анча мынча гана адамдардын ичкени менен ичегесине кетти. Дербиш аке суранганын кантип көңүлдөн алып, айрып таштайын. Азыр айтып берчү окуя ошол жөнүндө.
Сыдыков билимсиз, орой, өтө маданиятсыз адам эле. Чөп чапкан жерлерде райкомдун көчмө бүйрөсүн өткөзүп аял-эркегине, жаш-карысына карабай оозуна келген сөз менен тилдей берчү. Тер-Жайлак деген жайлоого бүт райондун жылкысын кыштатып кулун албай калганбыз. Топоздорду откормкомплекске "бордотуп" алар биттеп, арыктап, ит жеми болгон.
Кийин нарындыктарды насыбайдай ийледи. Июль айы болуш керек. Усубалиев келет имиш, Толук, Сары-Камышка чейин барат имиш. Сыдыков райондогу тирүү жандын баарына жол жээгинин чөбүн чаптырганы чыгарыптыр"-деп калышты. Биз ошол түнү Оштон келгенбиз. Эртеси чындыгын көрдүк. Биздин башкарма да шашкалактап он беш машинеге товар жүктөтүп, Толукту көздөй жөнөдүк. Туздуу-Суунун белине чыга берсек милийсанын машинасы баш болгон он чакты машина турат. Топураган эл. Боз үй тигилип, боорсок жасалып жатат. Чанач-чанач кымыз, казан-казан эт. Баарынан кызыгы окчунураак жерде кыпкызыл сыр менен сырдалган туалет турат. Анысын да килейген кара кулпу менен кулптап коюшуптур. Дербишти РДСУнун начальниги боз үйгө алып кирип кетти. Кабинада отурам. Маңдайымда кулпу салынган кызыл туалет. Жинди болгон кишидей жалгыз отуруп каткырып күлдүм. Ушул жерге келгенде Усубалиевдин даарат ушатаарын билген "олуяга" арнап ыр жаздым.
Турдакун келсе кирет деп,
Туу белге курган туалет.
Матен аке бир жакшы үй,
Токтогулга кура элек.
Отураар жерин так билген,
Олуя мындай чыга элек,
Алмустактан бер жакка,
Адамзат билип, уга элек.

Сиерин билген пайгамбар,
Чыгарын билген олуя…
Жетелеп бирөө кирерин,
Алгандыр сөзсүз оюна.
Кантсе да Шамши даяр тур,
Кагазды кармап колуңа.
Эгерде досум антпесең,
Сени эртең эле салат жолуңа.
Дербиш аке өзү эле келди. Дароо эле кеттик дейт. Мен колумдагы кагазды Шамшиге берип келейин десем.
- Ал эмне болгон кагаз дейт?
- Ыр десем.
- "Оку" - деди. Окудум. Олбурлуу зор киши эле осурганча күлдү да, - "Айда"-деди. Таноосу кыпчылып сурданып, жарым саат тилдеди. Көрсө, мен кыргыздын падышасын шылдыңдаптырмын. Сыдыков билсе аны кызматтан алып, мени түрмөдө чиритет экен. Анан Толукка жеткенче акыл айтты. Эч кимге оозуңан чыгарба деп убадамды алды. Тагдырымдагы тайкы жолду ошондо баскан окшойм.
Ырас, Сыдыковдун кулагы чалса мени тез эле таптырмак. Кандайдыр бир жамандыкты сөзсүз мага жасамак. Мен да эрегишмекмин.

Керимбаев Кадырбек,
Сокулук району