Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Аргымак

Ким, кандай унаа айдайт?
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
Бир гана кыргыз элине эмес, көптөгөн өлкөгө таанымал белгилүү кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров башкалардан өзгөчөлөнүп чет элдин машинасын эмес, жөнөкөй гана Москвич-2141 үлгүдөгү машина айдайт. Тогуз жылдан бери тээп, көптөгөн жумуштарын бүтүрүп жүргөн бул инсаныбыздын унаасынын шыбында (потологунда) кыргыздан чыккан чыгаан баатыр Алманбеттин байбичеси Арууке апанын сүрөтү тартылган. Ал сүрөттү Манас жөнүндө сегиз китеп жазып чыгарып, тогузунчусун даярдап жаткан Бүбүмариям Муса кызы тарткан экен. Эрнест агай, "Бул машинада жүрүп көптөгөн ийгиликтерге жетишип, ушул машинанын ичинде жашап, андан сырткары канчалаган белгилүү инсандар менен узак сапарга чогуу чыкканмын, касиеттүү бул темир тулпарымды, башка машинага алмашкым келбейт"- дейт.

Гүлнур Сатылганова, ырчы:
Оригиналдуу үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганованын темир тулпары эң эле жаңы экен. Тактап айтканда ушул жылы жарык көрүп, атайын алынып келинген.Өнөрлүү өлбөйт демекчи таланттын артынан канчалаган ийгиликтерди багындырган, алтын үндүү эжекебиздин унаасынын үлгүсү кара түстөгү Джип Honda-СR-V.

Салима Балтаева, ырчы:
Таланттуу ырчы кызыбыздын азыр айдап жүргөнү үчүнчү машинасы болуп саналат. Шаардын көчөлөрүндө Мицубиси-Паджеро үлгүдөгү ак түстүү унаанын бири Салима эжекебиздики деп билсек болот. "2000-жылы чыккан бул ак жолтой машинаны жарым жылдан бери айдап, эмне деген жумуш болбосун тез эле бүткөрүп алам", дейт. Дагы айта кетүүчү нерсе бир күндө орточо эсеп менен 10-20 литр өлчөмдөгү май коротот.

Алтынай Нарбаева, ырчы:
2008-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган эжекебиз демөөрчүлөрүнүн жардамы менен 17-майда өзүнүн бешинчи отчёттук жеке концертин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда элге тартуулаган. Мамлекеттик наамды алгандыгы үчүн жолдошу Акматов Тургуналы Мерседес-Бенц 220 үлгүсүндөгү темир тулпарды белек кылган. Күмүш түстөгү машинаны айдап кубанычы койнуна батпай жүргөн ырчы айым, учурда жалаң өзүнүн аткаруусундагы DVD, MP-3 дисктерин жана аудио кассетасын чыгарып көңүлү куунак.

Бактыгүл Бадыева, ырчы:
Ай чырайлуу, жүзүнөн нур төгүлгөн, суйкайган сулуу, эң башкысы таланттуу ырчы кыз Бактыгүл Бадыева өз өнөрүнүн артынан тапкан кочкул жашыл өңдөгү Мерседес-320 үлгүдөгү унааны айдап жүргөн учуру. Алыс жолду жакындатып кандай гана жумуш болбосун, тез бүтүрүп, көптөгөн нерсеге жеткирген бул машина 1988-жылы чыккан. 2007-жылдан баштап Бактыгүл Бадыевага кызмат кылып, көчөлөрдө зуулдап жүргөн убагы.

Мирбек Иманбеков, ырчы:
Айдагы кызга ашык болуп, карындаштарына, секелек кыздарга сүйүүсүн арнаган, көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салган кара тору ырчы мырзабыз Мирбек Иманбековдун темир тулпарына кызыккан күйөрмандары арабызда көп эле болсо керек. 1997-жылы Японияда жасалып чыккан "Ниссан- Сефиро" үлгүдөгү, мусулманчылыкта жакшылыктын жышааны катары баалап келген жашыл түстөгү унааны үстүбүздөгү жылдын 21-январында өздүк кылып алган. "Күнүнө 150-200 километр аралыкты ушул машинанын жардамы менен оңой жана бат эле басып өтөм" дейт таланттуу жигитибиз.

Даярдаган Нурзат Жусупова










??.??





??.??