Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жаңырган издер

Касиеттүү Бугу эне
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Негизи эле Бугу эне жөнүндө буга чейин не бир түркүн вариант менен ооздон-оозго бурмаланып айтылып келгени баарыбызга маалым. Өз уруусуна тартып сүйлөгөн кээ бир билермандар чынында эле тарыхты бурмалап салды.
Эмесе сөз өңүтүн кадимки Бугу уруусу тараган Бугу энеге бурабыз. Сарбагыштын Орозбак деген уулунан беш мырза тарайт. Арык мырза, Мырзакул мырза, Токоч мырза, Асан мырза, Кара мырза. Ошол беш мырзанын бири Карамырза көзгө атар мерген болуп, көп убактысын тоо-ташта өткөрөт. Айылга караганда тоодо көп жүргөн Кара мырза тоонун коён жатагына чейин билгендиктен, кайберендин эти менен элин баккан жигит болгон экен.
Бир күнү тоодон-тоону кыдырып жүрүп, күн төбө келген кезде суу ичейин деп булакты көздөй кайрылат. Ал булактан ылдый жакта көл бар экенин билген Кара мырза чайынып алайын деген мааниде ылдый басып баратып, көлдө киринип аткан караанды көрөт да, аяр, шырп алдырбай жакын келип караса, энеден туума жылаңач кыз эч нерседен бейкапар жуунуп аткан болот. Кара мырза беш-он мүнөттөй жылаңач кызды карап туруп, шырп-алдырбай келип кыздын кийимин алып, анан мылтык кесейт. Кыз денесин жыйрып, кайдан дагы бул жакка келдим эле деп ойлоп, Кара мырзага кайрылат:
- Сиз кайдан жана кантип бул жакка келип калдыңыз? Мен кайберендин тукумунан элем деп, адамча сүйлөгөндө Кара мырза бир чети коркуп, бир чети таң калып:
- Сенин айткан сөзүңө ишенейин, бирок кийимиң колуңа тийгенде мага сыр көрсөтпөйсүңбү? Анда мен сени атып салам-деп үн салат. Анда кыз бүрүшүп отурган калыбында:
- Мен айткан сөзүмдөн тайсам кайберендин анты урсун-дейт. Бул сөздү укканда Кара мырза кыздын кийимин алдына таштайт. Кыз кийинген соң гана ордунан туруп келип:
- Сиз айып этпеңиз, экөөбүз биринчи жүз көрүштүк. Бири-бирибизге арам ой санашпайлы, мылтыгыңызды нары алып, өзүңүз жакын келиңиз, сүйлөшүп алалы -дейт.
Кара мырза мылтыгын кезеген тейде жакын басканда кыз жылмайып
- Эр азамат жигит кантип сиздей болсун. Сайпана эркексиз го… кызга мылтык кезеп. Кыздан дагы коркобу? Менде курал жок, бир өзүм боюмду берип турам го дегенде
Карамырза ызалана кайраттуу сөзгө сынып, өзүн кармана албай:
- Тентиген канчык! -деп ачуулу мылтык кезейт. Кыз кыймылсыз өңүн бир аз бузуп, бирок жылмайганынан жазбай:
- Мен сизге түбөлүк дилимди кошоюн десем "канчык" деп көп эрге тийген "далысы" катып, эрден көзү каткан денгээли төмөн аялга теңедиң. Бул жерден абдан катуу жаңылдыңыз. Мен чегиле элек жумуртка боюнча ачыла элек бир кушмун. Өзү урунуп турган кушту кармоодон эринип, көңүлүмдү ирээнжиттиңиз-деп жер караганда Карамырза мылтыгын ташка жөлөп:
- Экөөбүз бир аз кайым айтышып бетибиз ачылып калды, мен сага баш кошкондон оолактап, көңүлүм чаппай турат. Сен да мага туура түшүн деп сөзүнүн аягына чыкканда, кыз:
- Менин дагы көңүлүм муздап калды-дегенде, Кара мырза:
- Бир тууган агамдын эки уулу бар. Экөөнүн бирөөнө сени алып барып берейин-дейт. Кыз улунутуп:
- Мен сиздин бул сунушуңуздан баш тарта албайм. Бирок, менин өтүнүчүм сиздин эки иниңизди көрүп өзүм жактырып, анан кимиси жакса ошого турмушка чыксам болот эле. Кара мырза кытмыр жылмайып:
- Экөө тең эле сага жагат-дегенде кыз:
- Кооздук, сулуулук дайыма эле бакытка алып барбайт. Мени эки иниңиздин өңү-түсү кызыктырбайт. Алардын адамдык сапаты жана дагы адамдык деңгээли кызыктырып атканын эсиңизден чыгарбасаңыз.
Кара мырза сөздүн тереңине баа берип, күн кечтеп кете электе жолго чыгалы деп жол камын көрдү. Кыз Кара мырзанын атына учкашып айылга келет. Боз үйдүн чыгдан тарабынан орун алып олтурганда Кара мырза көргөн билгенин айтат да, сөзүнүн соңунда:
- Бул кызды Мырзакул байкемдин Алымсейитине болбосо Тынымсейитине алып алып берели-дегенде сакалы көкүрөгүн жапкан карыя:
- Кап, Карамырза бекер иш болгон экен. Бир келген дөөлөттү, бакытты кармай албай калган экенсиң. Эгер эбин таап кыздын көңүлүнө көлөкө түшүрбөй өзүң алганыңда бул сенден чыгаан, эл керегине жараган уул төрөйт эле. Кайым айтышканың жаман болгон экен. Эми сен айткан эки иниңдин бирин көргөз. Өзүнүн көңүлү түшкөнү менен турмуш курсун-дейт. Сөз сөзгө уланып, Алымсейит менен Тынымсейиттин келчү убагы болуп, экөө сырттан кирип келип, бир метрдей илгери басып туруп калганда экөөнү бир топко сынай карап туруп, кайып кыздын көңүлү чөгө түшөт. Аңгыча, бери жактан бирөө:
- Болбойбу, эми. Экөөнүн бирөөнү тандабайбы. Тойду эртерээк баштайлы-деп кобурап калды эле. Жашы алтымышты таяп калган Орунбай карыя
- Кыз кылыгын кылып атат. Аны да туура түшүн. Мен муну тандадым деп тастаңдаган кантип адептүүлүккө жатсын. Аңгыча төрдө олтурган алиги сакалы көкүрөгүн жапкан карыя:
- Орунбай туура айтат. Бул кыз тегин кыз эмес. Баам салып караган адам мындан бир сырды байкаса болот. Кап, Кара мырза бекер кылган экен. Болор иш болду эми, кыз жактырганча чыдап туралы-деп эки жагын каранып, күйшөлүп нурсуз кара көзүн алсыз ирмеп, чыгдан жакты карап, жаман түш көрүп атып, чочуп ойгонгон адамдай селт этип алып, ички туюмунда бир нерсени сезгендей, кайып кыздан көзүн албай бир топко туруп:
- Кап, тиги Алымсейит менен Тынымсейитке караганда кайып кыздын сыймыгы күчтүү беле. Кимисине тийсе дагы төрөгөн балдары атанын эмес, эненин атын чакырып кетмей болуп калды өңдөнөт-деп кобураганда, жапыз үнү менен "мен тандадым"деди.
Үйдөгүлөр "Болду тандаса анда тойду баштайлы"-деп сыртка чыгышканда кайып кыз жашы отуздарга барып калган келинге айтты. Эки жигиттин кимисин тандаганын келин кайып кыздын сөзүн угуп:
- Туура тандагансың, агасын чанып, инисин тандасаң агасынын көңүлүнө зак кетмек. Эми тийгениң менен тең кары, алдыңарды бала бассын. Аялзаты бала төрөгөндө гана чыныгы аялзатына таандык бакытка жетет. Кайыпкыз көңүлү суз: - Аны го билем… деп сөзүнүн аягына чыкпай ойго алдырып жиберди. "Кап, бишкегим туура келгенде эл керегине жараган уул төрөйт элем. Мейли эми сабаанын күчү менен өз оокатына тың бала чыгаар. Бирок көл өрөөнү бүт менин атыма сыйынып калат. Жок дегенде эркектик сапатка бай жашы өткөн адамга турмушка чыксам болбойт беле… "деп арманын ичине катып, алиги келинди нуру өчкөн көзү менен карап:
- Сиз туура айттыңыз. Аялзаты болуп жаралып калагандан кийин шарттан, салттан алыс кетпеген бул парз-деди да, назик ийменип болоор болбос жылмайып койду.
Келин кайып кыздын чекесинен сүйүп "бактылуу бол" деп сыртка чыкты. Ошентип той башталып, ошол күнү Алымсейит менен кайып кызга нике кыйылды. Нике кыйылган соң кайып кыз сыртка чыгып тоо тарапты карап, өзүнчө кобуранып, бир нерсеге сыйынгандай түр көргөзүп бет маңдайына көз жүгүртө ийилип жүгүнүп койду да, алдыга кадамын таштап, кыз кезинин акыркы мүнөттөрү өтүп жатканын эстеп, көзүнө жаш алды. Мына эми өзүмдү өзүм билген убак да өтүп аял болуу милдетин артынганы турам. Мындан аркы тагдырым кандай болот болду экен -деп боз үйдүн астанасын аттап ичкери кирди.
Куштай сызган убакыт өз нугунда өтүп, эч байкалбай арадан беш жылды артка таштады. Бул аралыкта кайып кыз эки эркек төрөдү. Жамангул, Бапа деген. Бир күнү Кайып кыз ичине каткан сырын жакын абысынына айтты.
- Мергенчи акем ууга чыкса ургаачы кайберендин желинин төш эти менен кесип ала келсинчи. Ушул өтүнүчүмдү орундатса чоң сооп ишке калат эле-деди. Өтүнүч аткарылып, Кара мырза жети кар баскан элик атат. Болгондо дагы сүт эмизген кайберенди аткан болот.
- Ме, муну кайып келинге алып барып бер да, сыртка чыгып кетимиш болуп анан карасаң эмне кылат болду экен. Аялы макул деп жанына дагы эки келинди ээрчитип, кайып кызга аманатты алып келип беришет да, сыртка чыгып кетимиш болуп жылчыктан аңдып карашат. Кайып кыз төш эти менен кесилген желинди жүккө арта салып эмчекти алмак-салмак эмет. Качан моокуму канган соң үкөктүн ичине катып коёт. Баарын текши көрүшкөн үч аял болгон ишти бүт айылга айтышат. Ошол окуяны уккан эл кайып кызды кайберендин тукуму Бугу эне төрөсө керек "Бул касиеттүү бугу эненин тукумунун көңүлүн сындырбагыла"-дейт. Ошондон кийин болгон Орозбактын тукуму бугу эненин тукумунан тараганбыз деп эненин атын чакырып калганынын жөнү төмөнкү кеп кылынган окуяда. Айткандай Бугу уруусунан ажолук такка татыктуу уул али чыкпаганы Бугу эненин тийген күйөөсү жарашпай калганданбы деген ой да пайда болбой койбойт экен. Эгер Кара мырза кайып кыздын көңүлүн сындырбаганда эл жер үчүн күйгөн, тыйын эсептеп, дүнүйөгө берилбеген уул төрөлүп, хандык Бугу уруусунан кетмек эмес беле ким билет.

Бердикожо Бийназаров
P.S. Гезитибиздин кийинки санында Шырдакбек сүйгөн Эркайым сулуу жөнүндө баяныбызга кезек беребиз.










??.??





??.??