Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Атамандыкты талашып корозчосунан тебиштик"
Президенттин басмасөз катчысы Нурлан Шакиевдин классташы Эсен Арыкбаев бүгүн бизде конокто.
Эсен мырза учурда "Эркинтоо" гезитинин башкы редакторунун жардамчысы болуп эмгектенет.

- Эсен аке, сиз Нурлан Шакиев менен бала кезден бери дос экенсиз. Өзүңүз айткандай мектепте да чогуу окупсуздар. Бала чагыңарда чогуу жүргөн, бирге ойногон күндөрүңөрдөн бир үзүм айтып берсеңиз?
- Нурландын бала кезинде эле эмгекчил, айтканынан кайтпаган, бетке айткан мүнөзү бар болчу. Азыр да ошол мүнөзүнөн жазбай бир калыпта жүрөт. Экөөбүз 1-класстан мектепти бүткүчөктү бирге окудук. Мектептеги кезинен эле класстын лидери, активисти, класскому болуп сабактан да жакшы окуган. Мугалимдерибиз туура эмес сабак өтсө же түшүндүрсө андай эмес, мындай деп алардын сөздөрүн оңдоп, классташтар айта албаган нерселерди айта алчу. Булар менен гана чектелбестен спортко аралашып, бардык түрүнө катышчу. Маселен класстар аралык волейбол оюндарына катышып, мыкты күрөшчү. Эсимде, 7-класста эки класстын ортосунда спорттук мелдеш өтүп калды. Биздин класстан күрөшкөнү Нурлан чыкты. Азыр Кыргызстанга Грек-Рим күрөшү боюнча таанымал спорт чебери, өзүбүздүн жердеш азаматыбыз Абдырахман уулу Бакыт менен күрөшүп, анын, эсин оодара чапкан. Ушул окуяны достор чогулганда эстеп күлүп калабыз.
Класстагы балдар кээ күндөрү Авлетим, Жаңыжол айылдарына өзүбүз теңдүү жаштар менен волейбол ойногону сабактан качып кетчүбүз. Көбүнчө Нурлан экөөбүз кышында көп чогуу жүрүп, айылга жакын тоо беткейлеринен лыжа, чана тээп, кыздарга да бирге барган күндөр болгон. Айылда үйдөн тышкаркы жумушту эркектер кылат эмеспи. Анын сыңарындай малдарды караганда, мал сарайларды тазалаганда Нурлан экөөбүз мектептен үйлөрүбүзгө келгенден кийин бири-бирибизге кечки малга салынуучу чөп тоюттарын даярдоого жардамдашчубыз.
Биз окуган жылдары даярдоо классы бар эле. Мен ал класстын атаманы болчумун. Нурлан 1-класска келгенде кичине таанышкан соң атамандыкты талашып, урушуп кеттик. Нурлан экөөбүз корозчосунан туруп алып тебишип, анан ал тумагымды учура соккон, анан ошол күндөн баштап мен атамандыкты ага өткөрүп бергем.

Шакиев кыздарга барганда…
Дагы бир кызыктуу окуя 7-класста Нурлан экөөбүз бир партада чогуу олтуруп калдык. Бир күнү кыргыз адабияты сабагынан аябай шоктонуп жаткан элек. Ал сабактан Кожояров Жакыпбек деген агай окутчу. Шалпыков Садык деген балабыз бизге карап ар нерсени сүйлөй берди. Анан агай аны тургузуп алып "Жусуп Турусбеков деген ким болгон?" деп сурады. Садык Нурлан экөөбүздү карап, айтып койгулачы дегендей тиктеп калды. Анда Нурлан кебелбей туруп "тракторист болгон" деп шыбырады, ал кубана агайга жалт карады да "тракторист" деп бийик үн катты. Ошондо агайыбыз анын бетинен чоюп, башына койгулап аябай жини кашайган.
Эсимде, англис тили сабагынан эжекебиз сен кызсыңбы же баласыңбы деген суроолорду баарыбызга берчү. Анан биз кызмын, баламын деп жооп берет элек. Англисче окуй албаган балдарыбыздан эжекебиз сен баласыңбы деп сураса, биз жок мен бала эмесмин кызмын деп айттырат элек.
Эстеп айта берсең көп эле күлкүлүү күндөр өткөн. Анын бири күзүндө түнкүсүн айылдыктар эшек минип, аттарын суутуп, аркандап коёр эле. Аларды минип, балдар чогулуп алып, айыл этектеп улак тартышмай ойночубуз. Кээде коңшу айылдын кыздарына барат элек. Ар айылда бирден кызыбыз бар болчу. Нурлан экөөбүз кыздарга чогуу барганда мен кыздардын ата-энесин карап турчумун. Эгер атасы көрүнүп калса эки, апасы көрүнсө бир жолу ышкырып артка кач деген белги берет элем.
- Нурлан Тургунбековичтин кайсыл сапаттарын баалайсыз?
- Аябай март, берешен. Колунда беш сому болсо да ошонун үч сомун сураган кишиге берип коёт. Нурланда ар тараптуу талант бар. Алсак бирөөлөрдүн күлгөнүн, сүйлөгөнүн, баскан-турганын жакшы туурайт. Достор чогулуп жакшы дасторкон үстүндө олтурганда бул өнөрүнө күбө болуп жүрөбүз. Андан сырткары коомго белгилүү адамдардын өздөрүн каратып туруп туураган учурлары кездешет. Аларды туураганда өздөрү да таң калышып, кудум өздөрүнө окшошуп калганын айтышат. Былтыр 1-апрелде Турсунбай Бакир уулу 5-каналга күлкү күнүнө карата интервью берип жатып, Нурландын өзүн жакшы туурап берээрин айтып, ал өзүнө жагарын билдирген. Анекдоттун түрүн билет. Бирок, жактырбаган адамы менен көп сүйлөшө бербейт. Аябай убадага бек, айтканын аткарат. Мунун эң жөнөкөй мисалы, Нурланды бирөө конокко чакырса 5 мүнөт эрте барат, андан кечикпейт. Эгер өзү конокко чакырса белгиленген убакытта келүүсүн талап кылат. Рыспай Абдыкаров, Асанкалый Керимбаевдин ырларын берилүү менен угуп, жеткире ырдай алат. Кыргыз эли үчүн күйүп, кайсыл жерде болбосун кыргыз жигиттеринин намысын коргоп жүрөт.

Кан ичип, дос болгон жокпуз…
- Кандос дегенди кандай түшүнөсүз?
- Достор ар кандай болот. Бирөөсү байлыгына же бийлигине карап дос болот экен. Бекеринен айтылбаса керек достун ким экени, кыйынчылыкта билинет деп. Биз, Нурлан экөөбүз илгерки ата-бабаларабыздай кан ичип дос болгон жокпуз, бирок кандай кыйынчылык болбосун ушул күнгө чейин бирге жеңип келүүдөбүз. 24 жылдык достугубуздун ичинде бир да жолу катуу таарынышып, жаман айтышпадык. Студент кезде жатаканада жашап, жарты нанды чогуу бөлүп, бири-бирибиздин кийимибизди кийген учурлар болгон. Ал азыркы Кыргыз мамлекеттик агрардык университеттин Экономика факультетинде окучу, мен базарда иштечүмүн. Аталган университеттин жатаканасынын 2-кабатында бирге жашап, кызыктуу студенттик күндөрдү өткөрдүк. Ушул кезге чейин Нурландан эч жамандык көрбөдүм. Ушундан улам "Жаман менен дос болсоң каласың уятка, жакшы менен дос болсоң жетесиң мураска" -деген сөздүн чындыгы бар экенине ынандым.




Кыяс Молдокасымов, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору:
"Жашынып алып, кыздардын бетинен өптүм"
Биздин жаштыгыбызда кыздардын бетинен өөп, сүйлөшкөндөн кийин ага үйлөнүү керек деген түшүнүк бар болчу. 5-классыбызда Бакыт деген досум туулган күнүн өткөрүп, балдар, кыздар чогулуп бардык.Кечеде тамактандык, музыка угуп, оюн ойнодук. Анан кыздар, балдар болуп бөлүнүп уктадык. Кыздар уктаган соң балдардын баарысы жашынып барып назик кыздардын беттеринен өпкөнбүз. Бирок кимди -ким өпкөнү белгисиз бойдон калды.
Мындан 4 жыл мурун айылыма барып калсам эң улуу агамдын аялы бир катты окутту. Көрсө 9-классымда агама кат жазган экенмин. Анда минтип жазылыптыр "Кандай ага? Мен шашылыш аскерге кетип жатамын. Россиянын баланча шаарында кызмат өтөйт экенмин. Карыган ата-энебизди көргөнү келбей калдыңыз. Эми мен аскерге кетип жатам, ошондуктан тез-тез келип кабар алып туруңуз?"-деп 23-февралда аскердик кийим менен түшкөн сүрөтүмдү кошуп жөнөтүп жибериптирмин. Агам бизден 30 км алыс жайгашкан Ясы совхозунун директору эле. Катты алып түз эле атама келип "Бир туугандардын чоңу мен болсом, Кыяс аскерге кетсе эмне кабар айттырып койбойсуз"-деп катуу капа болуптур. Мындай жаңылыктан кабары жок атам мен жазган катты окуп, аябай күлүп, "Ээ уулум, иш менен жүрүп бир туугандарыңды да унутуп калган экенсиң. Карыганда ата-энеңден бат-бат кабар албаганыңды иниң билип сени жазалаган турбайбы, ал 9-класста окуса кайдагы аскер дейсиң, бүгүн биринчи апрель экенин унутуп калдыңбы?"-деп агамды жоошутуптур.


Даярдаган А. Абдасбекава














??.??