Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Спорт

өткөн жылы валуев руслан чагаевден токмок жеген болчу
Валуев неге ыза болду?
Өткөн аптанын бейшемби күнү Бүткүл дүйнөлүк Бокс Ассоциациясынын кезектеги чогулушунда 2 маанилүү чечим кабыл алынды. Биринчиси - бутунан жаракат алган өтө оор салмактагы чемпиондук курдун учурдагы ээси Руслан Чагаев өз наамын сактап калат. Чагаев калыбына келгичектеги бул салмак категориясындагы убактылуу чемпиондук наам үчүн орусиялык Николай Валуев менен АКШлык Джон Руиз беттешмекчи. Мурда айтылгандай 5-июлга белгиленген Валуев менен Чагаевдин мушташы Чагаевдин бутунун операция болгондугуна байланыштуу болбой калган. Кошумчалай кетсек бул белгиленген таймаштын 3-жолку үзгүлтүккө учурашы.
Бир нече жумадан бери катуу даярданып, канча убактысын, акчасын короткон Валуев эмгегинин текке кеткенине капа. Руиз менен беттеш күз айларында боло тургандай. Ал убака чейин Коля бир аз эс ала турайын деп чечти.
Чагаевке келсек мушкердин бутуна операцияны Германиянын футбол боюнча улуттук командасынын хирургу Томас Буххори жасады. Учурда Өзбекстандык мушкер интенсивдүү калыбына келтирүүчү борбордо. Алдын - ала маалымдоолорго караганда Чагаев ушул жылдын аягында рингге кайтып келиши мүмкүн.




Кличко катуу кетти
Бокстун IBF жана WBO версиялары боюнча өтө оор салмактагы 32 жаштагы дүйнө чемпиону украиналык мушкер Владимир Кличко чемпиондук наамын коргош үчүн америкалык Тони Томпсон менен боло турган таймашка катуу даярданып жатат. Көпчүлүктү таң калтырганы, Кличконун спарринг шериги 2003-жылы Владимирди нокаутка түшүргөн түштүкафрикалык мушкер Кори Сандерс экен. Тони Томпсон сологой мушкер болгондуктан Кори Сандерс эң ылайыктуу спарринг шериктеш экенин айтып өттү чемпион. Азыр кенже Кличко Австрияда машыгып жаткан учуру.
Айта кетсек мушташ 12-июль күнү Гамбург шаарында болуп өтмөкчү.




Аршавин 30 миллион турат
Орусиянын улуттук курамынын жана "Зенит" футболдук клубунун чабуулчусу Андрей Аршавинди өз клубунун оюнчусу катары көргүсү келген клуб "Зенитке" 30 млн.евро төлөп бериши керек. Бул туурасында Андрейдин башка клубка которулуусу үчүн жардам берип жаткан агент Деннис Лахтер билдирди. Учурда чет өлкөлүк клубдардан 20 млн.евро сунуш кылынууда. "Бирок, биз 30 млн.дон бир тыйын да түшпөйбүз"- деп кошумчалады Лахтер.




Кыргызстан Футбол чемпионаты
Июнь айында болгон оюндардын биринде Бишкектин "Шер" клубу канттын "Абдыш-Атасын" 4:2 эсебинде утуп, канттыктарды өлкө кубогу үчүн болгон жарыштан чыгарды эле. Өткөн жумада өлкө чемпионатынын кезектеги турунда бул эки клуб кайрадан жолугушту. Оюн негизинен курч мүнөздө өтүп, 2 клубдун тең жеңишке болгон аракеттери даана көрүнүп турду. Эгерде "Шер" жеңишке жетишкенде чемпионаттагы жайкы тыныгууга группа лидери "Абдыш-Атадан" 1 гана упай артта чыкмак. Оюндун жүрүшүндө учурдагы бомбардир Лутфиллаев бир нече ирет "Шердин" дарбазасына топ жолдоп көрдү. Бирок, канттыктардын чабуулчусунун жолу болбоду. 39- мүнөттө ага каршы оюн эрежеси бузулуп, 11 метрлик топ тебүүдөн Лутфиллаев эсепти ачат. Оюндун 2-бөлүгүндө Мирзалиев менен дагы эле Лутфиллаев айырмаланып, эсепти 3:0гө жеткизишти.
Дагы бир сенсациялуу оюн Нарындын "Дордой-Динамосу" менен турнирдик таблицада төмөнкү орундарда турган "Кант-77" клубунун жолугушуусу болду.
Оюндун башынан аягына чейин демилге нарындыктарда болгону менен эсепти ача албай коюшту. Адистердин айтымында буга себеп "Дордойдун" эң мыкты бомбардири Девид Теттенин ойнобошу болуптур. Теттенин оюн талаасына чыкпашын мурунку оюнда алган жараатынан улам экендигин машыктыруучусу Сергей Дворянков айтып өттү.