Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Чай вdвоем
Кыздардын кызыгуусун арттырып, шоу-бизнесте өз ордун таба алган, көзгө сүйкүм "Чай Вдвоем" тобунун жигиттери жөнүндө бүгүнкү рубрикада маалымат бермекчибиз.


Аты-жөнү:
Костюшкин Станислав Михайлович
Туулган жылы-20-август 1971-жыл, Одесса шаары
Бою, салмагы- 1,92см; 130 кг
Кесиби - солист-вокалист
Жакшы көргөн майрамы-жаңы-жыл
Жакшы көргөн жыл мезгили - жай
Айымдардагы баалаган сапаты -жайдары мүнөз
Хоббиси - уктоо, компьютерде ойноо
Жакшы көргөн жазуучусу-Эдвард Радзинский
Кумир тутканы-Боб
Макферренc

Стас Костюшкин кичинекей кезинен эле өтө шок бала болуп, ата-энесине бир топ түйшүк жаратканын ушул күнгө чейин айтып келет. Кичинекей кезиндеги эсте калган эң сонун көрүнүш үйүндө туулган мышыктын балдарын сатып, болгону 8 рубль тапса аны ата-энеси алып койгон. Мектепте бардык сабактарды бешке билип, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктай албаса да, шоктугу, тентектиги менен айланадагы адамдардын көңүлүн өзүнө бура алган. Ырга, бийге жөндөмдүү болгондуктан эжекелердин жинине тийип алганда шатырата ырдап, алардын ачуусун жаза алчу. Мектепти бүтүп, орто билим алгандан кийин музыкадан башкага жөндөмү жок экенине көзү жетип музыкалык училищага тапшырат. Денис Клявер менен биргеликте "Чай вдвоем" тобун түзөөрдөн мурда жети өлчөп бир кесип, алды-артын ойлоп чыгышкандан соң гана мындай олуттуу кадамга барышкан.
Экөө он жылдан ашык убакыттан бери бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып , ынтымактуу иштеп бир топ бийиктиктерди багындырып келишет. Экөө сахнага кийип чыга турган кийимдерди дагы ар кими өз табитине жараша тууралап кийишет. Мисалы, Денис классикалык кийим кийгенди жактырса, Стас тескерисинче спорт стилиндеги кийимдерге басым жасайт. Экөөнүн табити бири-бирине каршы болсо да, кандай жерден болбосун тил табыша алышат экен.
Ал эми Станиславдын жеке жашоосуна көз салып көрсөк топто бийчи болуп иштеген Юлия Клюкова менен бирге күн кечирип келет. Мурунку аялынан баласы Мартин бар болгондуктан, Стас менен аны курчап турган жакын туугандары такыр башкача кабыл алышып, күйөрман кыздары ичи күйүп ыйлаганы да бар экен. Ушул убакка чейин жеке жашоосун бир нукка түшүрүүнүн аракетин кылып келген Станиславдын азыркы үчүнчү аялы Юлиядан Богдан аттуу уулу бар.
Мартин менен Богданга арнап "Мой малыш" деген ырын жаратып, ага айкалыштырып Денис обон жазганын көпчүлүк биле бербесе керек. Учурда Станислав бакытка балкып турган чагы. Себеби анын жанында эң жакын адамдары-уулдары жана жубайы Юлия бар. Стастын үйбүлөсү тууралуу ким кандай пикир айтып, көз карашын билдирбесин ага баары бир, эң негизгиси аны жакшы көргөн, эң кымбат адамдары аман-эсен жанында жүргөнү болуп саналат. Ал эми ырчы кыз жандуу экенин өзү эч качан танбайт. Өзүнүн айткан сөздөрүнө таянсак, ал канча кыз менен сүйлөшүп, көңүл ачканына эсеби да жетпейт тура.


Аты-жөнү:
Клявер Денис Ильич
Туулган жылы, күнү-1975-жыл 6-апрель, Ленинград
Өзгөчө белгилери-сакалы, сол жаагындагы чоң калы, сол далысындагы татуировкасы
Кесиби -музыкант
Бош убактысында-такыр бошобойт, бошогусу да келбейт
Жакшы көргөн спорттун түрү - футбол
Жакшы көргөн майрамы -8-март
Жакшы көргөн жыл мезгили - жай
Кумир туткан адамы - жок
Айымдардагы баалаган сапаты- амалкөйлүк,
Жашоодогу урааны- Сураган алат, издеген табат

Стаска салыштырмалуу Денис бала чагында куулук-шумдугу жок, өтө жоош бала болгон. Ата-энеси эртели-кеч жумушта жүрүп, көр тириликтин азабын тартышкандыктан Денис дайыма чоң апасынын багуусунда боло турган. Мектептин босогосун аттаганга чейин эле чоң энеси ага окуганды, жазганды үйрөтөт. Классташтарынан айырмаланып Денис шатырата окуп, алдыңкы эң мыкты окуучулардын катарына кошулат. Баарына сүймөнчүк окуучу, эң алгачкы, чыныгы жүрөктөн чыккан сүйүүсүн матемикадан берген эжейине арнаган экен. Мектепти бүтүп, андан ары окуусун музыкалык окуу жайда улантат.
Денистин Стас менен иштешип калганына Стастын мүнөзүнүн ачык-айрымдыгы себеп болгон экен, анткени, Клявер адамдардагы баалаган бирден-бир сапаты ачык айрымдуулук, сөзмөрлүк болуп эсептелет. Стас экөөнүн он жылдан ашуун убакыт урушпай-талашпай чогуу иштешип жүргөндөрдүн да сыры экөөнүн котур ташын койнуна катпаган ачык-айрымдуулугунда болсо керек.
Денис салмагын бир калыпта кармаш үчүн дайыма, жумасына төрт-беш жолу спортзалга барып машыгып турат.
Стас экөөнүн жакынкы арага койгон максаты - атайын жалаң ырчылар барып машыга турган спортзал ачуу.
Ал эми Денистин жеке жашоосу сахнадагы досунукуна караганда бир аз татаалыраак. Жубайы Юлия Лайма Вайкуленин тобунда бийчи болуп иштечү. Денис менен таанышып, турмуш куруп кете алаарына толук көзү жеткенден кийин биринчи никесинен кызы Алеся менен чогуу жарандык никеде жашай башташат. Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгондон кийин Денис менен Юлия Тимофей аттуу уулду болушат.
"Балалуу болгондон кийин эмнегедир экөөбүздүн ортодогу сүйүүбүз тумандай тарап, балабыз үчүн гана жашап калдык. Албетте, Юлиянын кызы Алеся менен да тил табышып, батышып кетүү оңойго турган жок. Мен ага бардык жагынан атасынан кем эмес камкордук көрүп келдим. Эми Юлия экөөбүз ажырашсак менин уулумдун эч кимге кор болушун каалабайм жана ага эч качан жол бербейм. Юлия экөөбүз акылдуулук кылып ортодон балабызды эч нерседен өксүтпөй багып алаарыбызга көзүм жетет. Ал эми ортодогу ушул убакка чейин жыйнаган мүлкүбүздү калыстык менен бөлүшөбүз"-дейт Клявер. Учурда Денистин Ирина аттуу жактырган бийкечи бар.




Семёнович алып баруучу болот
Келбеттүү, сулуу ырчы кыз, "Блестящие" тобунун экс-солисткасы Анна Семёнович эми мындан ары алып баруучу болот. Ал атайын балдарга арналган "Спокойной ночи, малышы" берүүсүн Оксана Михалкова менен биргеликте алып барууга даярданып жаткан чагы. Жашоосундагы мындай бурулушту максат деле кылбаган Аннанын мындай кадамга барышына тележурналист жолдошу түрткү болгон. Анын айтымына караганда Семёнович ченде жок сулуу жана кичинекей балдар сын алгыдан жалаң гана чырайлуу жүздөрдү көрүш керек. Ал эми Семёновичтин өзүнө баары бир экен, иши кылып жолдошунун жанында жүрсө дүнүйөсү түгөл, телегейи тегиз болоорун журналисттерге берген интервьюсунда баса белгилеген.

Киркоров рак оорусуна кабылды
Кырк бир жаштагы ырчынын жакында ден-соолугу кескин түрдө начарлап, өзүн начар сезгендиктен онкологиялык бейтапканага кайрылууга туура келген. Доктурлар ырчыны чачынан баштап, тырмагынын учуна чейин текшерүүдөн өткөрүшүп шишик пайда боло баштаганын аныктап чыгышкан. Ак халатчандар көп убакыт бою Филиппке анализдерин көрсөтө албай убара тартышкан. "Башка оорулууларга салыштырмалуу Филипп өзүн колго алып, аябай жакшы карманып жүрөт. Бул биз үчүн абдан чоң жардам. Киркоровдун оорусу өтө коркунучтуу болгонуна карабай чөкпөй, өзүн шайдоот алып жүрүшү суктанууну гана жаратат"-дейт учурда ырчыны көзөмөлгө алган доктур.

Владимир Пресняковдун кылган күнөөсү
Ырчы Владимир Пресняков балалуу болуш үчүн дарыланып, доктурлардын текшерүүсүнөн өтүп жаткан жеринен футбол көргөнү качып чыгып, сыра иччү жайга келип, сырага болушунча тоюп алып гана тим болбостон, айланадагы адамдарга тийишип, айласын кетирген. Эми Владимир денесиндеги уулу заттарды кетириш үчүн жакшылап даарыланышы керек экен. Доктурлардын айтымына караганда Пресняков алардын буга чейинки эмгегинин баарын талаага кетирген.

Таркан эмнеге таарынды?
Москвага түрк ырчысы Таркан өзүнүн жаңы программасы менен концерт койгону келген. Котормочусунун айтуусуна караганда баары ойдогудай болуп, мейманкага келгенде гана администратору менен пикир келишпестиктер пайда болгон. Ызы-чуу болбогон он сүргүл үчүн чыккан. Ырчынын суранычын эч ким аткарбай, кулагынын сыртынан кетиришкен. Жини кайнап, оозунан көбүк чыккан Таркан ошол жерден администраторун баш кылып, башкаларын төш кылып туруп баарын тизиптир.

Алсунун туулган күнү
25 жашка чыккан татар кызы өзүнүн туулган күнүн менчик ресторанында өткөздү. Жалаң жакын достору менен туугандарынын курчоосунда өткөн бул майрамда баарынын эсинде калган эбегейсиз чоң торт болуптур. Алсу тортту кесип эң биринчилерден болуп апасына ооз тийгизген.

Даярдаган А. Дүйшөналиева










??.??





??.??