Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Муктар 4,5 млн. сом жегенби?
Биринчи май райсоту "Замандаш" партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновду абакта кармоо мөөнөтүн дагы бир жумага узартты. Мындай чечим соттук отурумда кабыл алынган. "Замандаш" партиясынын өкүлдөрү бул иштин саясий себептери бар деген ойдо экенин жана бул боюнча партия жакын арада билдирүү жасаарын кошумчалады. Муктар Өмүракунов 3-июлда каржы полициясы тарабынан камакка алынып, шаардык милициянын убактылуу абагына киргизилген. Ага миграция боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп иштеп турган учурда кызматынан кыянат пайдаланып, мамлекетке 4,5 миллион сомдук зыян келтирген деген айып тагылууда. Бул окуяны кээ бири саясий куугунтук дешсе, кээ бири саясатка "Замандаш" партиясы жакшы аралашпаса кайдагы саясий куугунтук дешүүдө . Кыргызстанда кимди болбосун жоопкерчиликке тартуу аракетине саясий баа берүү модага айланып баратат.

Астанага 10 жыл болду,
Нуракенин койну толду
Казакстандын ордо калаасы Астананын 10 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышуу үчүн кыргыз президенти баштаган расмий делегация Казакстанга барып келди. Кыргыз тарап бул мааракеге казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барды. Айта кетсек Астананын күнү Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө белгиленген. Шылтоо менен Нуракени да кызуу куттуктап келишти.

Качкын Булатов эч жакка качпайм дейт
Качкын Булатов эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен боштондукка чыкты. Бул тууралуу "Эр айдоочу" коомдук уюмунун жетекчисинин адвокаты Акин Токталиев маалымдады. Анын айтуусунда Качкын Булатовдун камалуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу иш сотко жеткирилбей, тергөө аркылуу бүткөрүлдү. "Де-факто" гезитине жарыяланган чуулуу макалага тиешеси бар, жалган маалымат тараткан" деген айып менен Бишкек ШИИБ тарабынан 2-июль күнү камакка алынган. Качкын Булатовдун айтымында Молдалиева деген айымды атайын бийлик тарап жиберип, "Де-факто" менен К.Булатовду каралоо болушу мүмкүн.

Парламентте жаңы аппарат жетекчи
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынанан кабарлашкандай, бул кызматка буга чейин аппарат жетекчисинини орун басары болуп иштеп келген Сүюнбек Касмамбетов келди. Башчысы алмашканда эле калгандарын алмаштыра башташат эмеспи.

"Ата мекенчи" суракка алынууда
Ысыккөл району боюнча "Ата мекен" саясий партиясынын штаб башчысы Бейшен Ибраевге жер реформасын туура эмес жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иши козголду. Анткени ал айыл чарба башкармасы болуп иштеп турган убакта Тамчы айылындагы 16 гектар өрүк багын Таалай Төрөгелдиев аттуу ишкерге менчиктештирүүгө кол койгон. Бирок Бейшен Ибраев соттук териштирүү учурунда мыйзам боюнча мурунку айыл өкмөт башчы Турсунбек Сыдыкбековдун токтомунун негизинде айыл чарба багытындагы көптөгөн объектилер менчикке чыкканын белгиледи. Көпчүлүк талдоочулар муну жер реформасын ишке ашыруудагы калпыстыктарды иликтөө үчүн эмес, жөн гана "Ата мекен" партиясынын мүчөсү катары кысымга алынганын айтып атышат.

Бишкекте соода-сатык тартипке келтирилди
Бишкекте азыркы учурда 3000 жеке соода жана коомдук тамактануу, 3200 турмуш - тиричилик жактан тейлөө, 3624 майда дүң соода жана 100дөн ашык базар бар. Шаар мэри Данияр Үсөновдун пикиринде бул жайлардын баары эле учур талабына жооп бербейт жана шаардын сырткы көркүн бузуп турат. Көп жылдар бою бул көрүнүшкө көңүл бурулбай келгендиктен, башаламан соода күч алып, шаардыктар үчүн жол бойлорунан, базарды аралап жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Ошондой эле башаламан соода кылгандар салык төлөбөй келген же кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө төлөп жүргөн.
Андыктан атайын бул жагдайды оңдоо багытында иш жүргүзүлүп, Ош базарында 2 капиталдык курулуш, 157 киоска,116 палатка, 9 авто трейлер, 52 газдалган суу сатуучу аппарат, 40 металл контейнер, 49 жарнак жана 722 стихиялуу соода жайы жок кылынып, Киев,Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн боюнда соода кылгандар "Кыял", "Берекет", "Беш-Сары"жана "Седеп" базарларына көчүрүлгөн.Ушундай эле иштер шаардын "Аламүдүн", "Орто Сай", "Мадина" жана башка базарларында да жүргүзүлгөн.

Алтынды алып бүтүп эми нефти калдыбы?
Орусиянын "Зарубежнефтегаз" ишканасы Кыргызстандагы мунай жана газ чыккан жерлерде изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү техникаларды ташып келүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Валерий Гулев кечээ кыргыз президентинин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Анын айтымында, бул иштер быйыл жыл этегине чейин аяктап, түздөн-түз геологиялык чалгындоо иштери эмки жылдын жазына карай башталат жана үч жылдын ичинде конкреттүү натыйжаларга жетишүү күтүлөт. Бул жолугушууда президент Курманбек Бакиев Кыргызстан-Орусия кызматташтык мамилелери өнүгүп жаткандыгын, анын ичинде "Газпром нефть Азия" менен мурда жетишилген келишимдердин ишке ашырылып жатышын белгилөө жагымдуу экенин билдирген.

"Айтышта" эмне өзгөрүлдү?
Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияздын катышуусу менен кезексиз жыйын болуп, анда аталган фонддун учурдагы аткарган иштери талкууга коюлуп, көпчүлүк жыйын катышуучуларынын пикири боюнча жетекчиликти алмаштыруу маселеси каралды. Жыйында айтылган көпчүлүк пикирден улам буга чейин оозеки чыгармачылык өнөрдүн күйөрмандарына тележурналист катары дайыма көгүлтүр экрандан "Чечен айтыш", "Айтыш казынасынан" аттуу көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштурган берүүлөрү менен төкмө акындардын чыгармачылыгына сүрөөнчү болуп келаткан Шайырбек Абдрахман уулун "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагалыгына бекитүү сунуштары айтылды. (Учурда "Айтыш" фондунун алдында "Калемгер" адабий клубу жана "Айтыш-фильм" киностудиясы болгондуктан бул аталган чыгармачыл уюмдардын жетекчилерин расмий түрдө теңтөрага атоо сунушу киргизилди).
Кезексиз жыйындын негизинде "Айтыш" фондунун мурунку жетекчилерине жана аткаруу деректирлиги менен маалымат кызматынын дарегине түрдүү сындар айтылып, уюштуруу иштериндеги солгундап кеткен көрүнүштөрдү жандандыруу максатында аталган фонддогу иш ыкмаларды өзгөртүү сунуштары талкууланды. О.э. быйылкы жылда боло турган казак-кыргыз төкмө акындарынын ортосунда чоң айтышка даярдык көрүү пландары каралды. Ошону менен бирге "Айтыш" фонду быйылкы жылдын күз айларында Абдылда Нуралиевдин 50 жылдык мааракесине жана Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгына арналган чыгармачыл кечелерди уюштурууга алдын ала даярдыктарды баштады.
"Айтыш" коомдук фондунун маалымат кызматы

Сүйүп алсамбы, ала качсамбы?
ИИМдин маалыматы боюнча 2007-жылы ала качуу фактысы менен 31 кылмыш иши катталган. 2006-жылы бул көрсөткүч 14 түзгөн. Аялдар менен иштеген кризистик борборлордун маалыматы боюнча чынында кыз ала качуу көрүнүшү мындан алда канча көп орун алып жатышы мүмкүн. Анткени ала качуунун курмандыктары дайым эле тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Кылмыш жана жаза Кодексинин 155 - беренеси боюнча кыз ала качуу үчүн 2 жылга дейре эркинен ажыратуу каралган.




  Дүйнө дүбүрт

Гитлердин башын ким алды?
Берлиндин музейинде Гитлердин айкелинин башын көрүүчү жулуп алды. Мадам Тюссонун момдон жасалган айкелдер музейинде көрүүчүлөрдүн бири 41 жаштагы киши музей ачылгандан көп узабай нааразылык иретинде айкелге кол салган. Айрым кабарларга ылайык, полиция аны кармап кетип жатканда ал "Согуш эч качан кайталанбасын!" деп кыйкырган. Немис тарыхын чагылдырган жетимиш айкелдин арасына Адольф Гитлердин фигурасын кошуу чечими Германияда бир топ талаш жаратып келди эле.

Абдулла Гүл Ереванда футбол көрөт
Армениянын президенти Серж Саркисян Абдулла Гүлдү Ереванда өтчү футбол матчын чогуу көрүүгө чакырды. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле жок экенин эскрете кетели. Түркия менен Армениянын дүйнө чемпионатына квалификациялык беттешүүсү 6-сентябрда өтмөкчү. Анкара азырынча расмий жооп кайтара элек.

Ооганстандын депутат Хабибулла Жанды атып кетти
Ал машинасын айдап, үйүнө бараткан жеринен өлтүрүлгөн. Жан Кандагардагы Ализай уруусунун башчысы жана 80-жылдары советтик армияга каршы күрөшкөн талаа командири болчу. Ички иштер министрлиги тергөө башталганын маалымдады. Ушуну менен 2005-жылы шайланган парламенттин 10 мүчөсү киши колдуу болуп өлдү.

Жорж Буш Бээжин олимиадасынын ачылыш аземине катышат
Акүйдүн өкүлү Дана Перинонун маалымдашынча, Буш кытай төрагасы Ху Цзиньтао менен да жолугушуп аймактагы адам укугу тармагындагы маселелерден кеп козгомокчу. Кытай бийлиги жазында Тибеттеги тополоңду курал менен баскандан кийин укук коргоочулар дүйнө лидерлерин Бээжин олимпиадасынын ачылыш аземине катышпоого үндөп келишкен. Бул азем 8-августка белгиленген.

Казакстанда интернет басылма үч айга ишин токтотту
Өлкөнүн экономикалык соту posit.kz интернет сайтына "улуттар аралык жаңжалга өбөлгө болгон жана экстремизмди шыкактаган" деген айып такты. Улуттук стратегия боюнча эксперттик борбор деп аталган уюмга тиешелүү бул сайтка байланыштуу сот чечими 1-июлдан тарта күчүнө кирди.

Лукашенко өзүнүн үчүнчү баласы жөнүндө айтты
Белорусиянын президенти Александр Лукашенко "Комсомольская правда" гезитине берген интервьюсунда 2008-жылдын апрелинен тартып элге көрүнө баштаган бала Николай өзүнүн үчүнчү баласы экендигин ырастады. Майдын аягында эле Лукашенконун басмасөз-катчысы да президенттин өзү да бул маалыматты ырасташкан эмес. "КПга" берген интервьюсунда Лукашенконун айтканына караганда кенже баласынын эл алдында пайда болушу жалган эместигин көрсөттү.



Көп кырдуу талант эле...
Бекмырза Рахман уулу десе азыркы жаштар "Министрдин кызынын махабатын" элестетишет. Көпчүлүк окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таба алды. Учурда эң популярдуу болуп жаткан тасма да ошол китептин негизинде тартылган. Ал эми Бекмырза Рахман уулу жөнүндө айтсак, узун сабак... Бир кезде эркин басылмалар козу карындай жайнай баштаган кезде Бекмырза аке да бардык жүктү өз мойнуна алып "Күлкү" жана "Сүйүү" гезиттерин уюштурган эле. Бүгүнкү күнү ошол гезитти барактап олтуруп чыныгы талант экенине ынанасың. Анткени ал өзү сүрөтүн тартып, өзү макала жазып, өзү макет чийип, эми койчу гезиттин бардык түйшүгүн өзү көтөргөн экен. Андан сырткары Бекем ыр жазып, анын кээ бирлерине обон да жараткан учурлары болгон. Канча талантың болсо да ажал улук экенине дагы бир жолу ынанып башыбызды ийип олтуруп калдык. Үч жарым жылдан ашык оору менен алпурушуп жашап келип, акыры түбөлүк жайга энеси Мистекан апа каза болгондон бир жума өтпөй кете берди. Окурмандарыңыздын эсинде түбөлүк кала бересиз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!
"Обон" гезитинин жалпы жамааты.

"Обон" гезитинин жалпы жамааты белгилүү акын, жазуучу, "Түгөлбай Ата" сыйлыгынын ээси
Бекмырза Рахман уулунун жана Мистекан апанын
дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу анын үйбүлөсүнө, туугандарына жана Шаамырза Рахман уулуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.








??.??





??.??