Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обон"-почта

ОП-23-01. Окусаң моокум кандырган,/ "Обондун" көргүн кубатын./ Эч калтырбай оку деп,/ Кеңеш берем күнү-түн./ Окугандан тажабайм,/ Обондорду калтырбайм./ Алга үндөп баардыгын,/ Окуйлу деп чакырам./ Атына заты жарашкан,/ Элди абдан караткан/ Суперлердин супери, "Обон" гезит аталган. Диля

ОП-23-02. Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Бактыгүл Бадыева бар болгула! Мунира

ОП-23-03. Саламатсыздарбы "Обон" гезити. Ишиңерге ийгилик каалайм. Урмат Усеновго каалоом: Жүрөгүңүздөн ыйман кетпесин,/ Бутуңуз тозокко жетпесин. Гүлшан

ОП-23-04. Тоготойлуктар жай келди кайда барабыз? Албетте Тогузбулакка. Кеттик анда. Айгерим

ОП-23-05. Менин саламым алтын апама жолдонот. Апа ар дайым бар болуңуз. +7702377511хх

ОП-23-06. Сарыдөбө орто мектебинин 91-жылкыларына супер салам. Жунусова Гүлзат

ОП-23-07. Саламатсыздарбы "Обон" гезитин жарыкка чыгарган сүйүктүү журналисттер Урмат Усеновго чоң салам айтып коюшуңуздарды суранам. 07724195хх

ОП-23-08. Жөнөкөй жигит Султан Садыралиевге чоң салам жолдоо менен бирге чыгармачылык ийгилик, тунук махабат каалайм. Сени сүйгөн Гүлкайыр

ОП-23-09. Менин саламым алтындай болгон апам Айкөкүлгө жолдонот. 05501748хх

ОП-23-10. Съездбек байке кандайсыз? Сиздин ырларыңыз жана кинолоруңуз абдан жакты. Мага өзүңүздүн көңүлүңүздөн чыгарып бир ыр жазып бербейсизби? Мен жообун күтөм. 05552174хх

ОП-23-11. Ысык салам Темике,/ Чарчабагын, эрикпе./ Кызмат кылгын элиңе,/ Ашык болгон кыздарды,/ Темир алчы теңиңе. Күйөрманың

ОП-23-12. Урмат Усенов, мен сиздин келбетиңизди, чырайыңызды гана эмес, ар бир ырыңызды, үнүңүздү кыймыл-кылыктарыңызды, турган турпатыңызды жактырам, баалайм. Аллах сизге аянбай талант ыроологон экен. Түбөлүк урматым менен Бегайым

ОП-23-13. Сезим аксап, сенсиз атат ар таңым,/ Качан мага жолугасың ардагым./ Келчи жаным, жан дүйнөмдү сыздатпай,/ Сенин мага ошол болсун жардамың +77024293014

ОП-23-14. Жули, Кунчуайпери силер менен таанышканыма кубанычтамын. Бар болгула, бай болгула жана дагы сүйүү каалайм. Айка

ОП-23-15. Мени ар дайым түшүнүп, ар тараптан колдоп, менин жашоомо шаң кошуп, жылуу мамиле тартуулаган менин алтындай болгон досторума жана курбуларыма чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм. Баса канча айтам "Обонду" көп-көп окугула! Кунчуайпери

ОП-23-16. Эмнеге кээ бир адамдар өз элин, жерин сыйлашпайт. Биздин Кыргызстан анча өнүккөн өлкө болбосо дагы кайсыл өлкөгө барба сыймык менен айтып бере турган залкар тоодой акындарыбыз, баатырларыбыз, эч бир жерде жок ыйык жана кооз жерлерибиз чачтан көп. Ушуларды түшүнбөгөн адамдарга капамын. Кунчуайпери

ОП-23-17. Саламатсыздарбы "Обондун" талыкпаган ак кызматкерлери. Мен сиздерди ушунчалык сагындым. Редакцияга баргым келип жатат. Урмат Усеновго чоң салам! Аллах колдосун. Түбөлүк күйөрманың Гүлшан

ОП-23-18. Эң жөнөкөй, таланты таш жарган Съездбек Искеналиевге добушумду берем. Ушул калыбыңдан жазбай ар дайым аман бол. Гули

ОП-23-19. Иним Калыйнурга чоң салам. Акчага азгырылбай окуп алсаң боло. Жумуш качпайт, окууну бүтүп деле иштей бересиң иним. Сенин окушуңду каалап эжең Жеңиш кроша

ОП-23-20. Менин досум алыска кетип калыптыр. Мен кеч билдим, айтайын дегеним мен аны жактырып калганмын. Окубаса да жүрөгү сезеттир. Досум сенсиз жашоо кызыксыз мага. 07729575хх

ОП-23-21. Бишкектик досторум Урмат, Джоан, Чинолорго салам. Алишер

ОП-23-22. Менин сүйгөн адамым Сейитим. Мен сени сагындым. Качан келесиң Кыргызстанга? Миргүл

ОП-23-23. Жангүлай өзүбүз каалаган окууга өтүп бактылуу бололу. Досум, Аллах Таала ак жол ыроолосун. Айгерим

ОП-23-24. Бишкекте жашап жаткан иним Аликке, Элдиярга чоң салам деп Башкириядан энең Чолпон жана эжелериң Айка,Мария

ОП-23-25. Менин сүйүктүүм Тимур, сизди сүйөм, сыйлайм. Бактылуу бололу. Аялың

ОП-23-26. Кыш келет да суук тартып кычырап, жаз келет да түрлүү гүлдөр ачылат. Жай күз өтүп, жылдар сызып жатса да, сүйүү келбейт неге менден жашынат. Жооп алгым келет. Мен да чыгармачылыкка жакынмын. Тазагүл

ОП-23-27. Сени күтөм, үмүт үзбөймүн эч качан,/ Сүрөтүңдү жакшы карайм,/ Элестетем көз алдыма,/ Сенин тартынчаак мүнөзүңдү. Менин эң сүйүктүү адамым ... Гүлчөдөн Мээрим

ОП-23-28. Саламым иним Ибрагимге жолдонот. Учкундан бир тууганың Айсулуу

ОП-23-29. Салам "Обон" гезитинин жамааты. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик. Гүлнур Сатылганова талантыңыз ташкындай берсин. Сиздин гана ырыңызды угам, сизди гана урматтайм. +77021848834

ОП-23-30. Темир байке мен сизди сүйөмүн, бирок, сизге жете албай келемин. Сиз менен жолугушууга мүмкүнчүлүктү белек кылыңызчы. Айсулуу

ОП-23-31. Атабеков менен Чаловага эч ким жетпейт. Динара

ОП-23-32. Шымкенттин "Самал" базарында иштеген Гүлназ мынчалык сулуулукту кайдан алгансың? Акыркы күндөрү сени көрбөсөм тура албай калдым. Мир...

ОП-23-33. Съездбек байке мен сиздин чыныгы күйөрманыңыз болом. Жагымдуу үнүңүздү угуудан эч качан тажабайм. Сизге үйбүлөлүк бакыт каалайм. Кызыңыз Даткайымдын сый урматын көрүп жүрө бериңиздер. Мүмкүнчүлүк болсо Даткайым менен жеңебизди ала келсеңиз, алар менен таанышуу мен үчүн чоң бакыт. Сиздин сүйүктүү күйөрманыңыз Айкан 077731030хх

ОП-23-34. Жаш жигиттер өз сүйгөнүн тандаса,/ Биринен бирин көздөй баспаса./ Кыздар дагы мына ушул сыяктуу,/ Өз өмүрүн бир жигитке арнаса. +79261810903

ОП-23-35. Салиева Айкага салам жолдойм. Айкоша сен менин жакын досумсуң. Эстейсиңби Бишкектеги күндөрдү? Эгиз болуп бир жумушка киргенбиз, бир нанды бөлүп жеп, бир чыныдан суу татчубуз. Сени аябай сагындым. Кудай кааласа август айында барам. Досуң Алёша

ОП-23-36. Съездбек байке, сизге жолугуп кызыктуу суроолорумду берип, жооп алгым келет. Мен да чыгармачылыкка жакынмын. Күйөрманыңыз Тазагүл 07777077хх

ОП-23-37. М.Атабеков качан жеңелүү болобуз? Кызылкыядан Назми

ОП-23-38. Ырысбек ага, сиз мендик болосуз. Баары бир мен сизди сүйөм. Менин арзуумду качан сезесиз? Сиз деп жүрөгүм ооруйт. Сиз ошону сезесизби? Сизди сүйгөн 93-Э...

ОП-23-39. Менин саламым Кеша байкеме. Көзүңүздөн сиздин. Майлуусуудан Аселя

ОП-23-40. Султан Садыралиев ырдын ийине жеткирип ырдайсың. Эми актёрлук чеберчилигиңди көрсөтүп койчу. Ийгилик сага. Бакирова Бегайым

ОП-23-41. Шымкенттеги "Самал" базарында иштеп жаткан Аселге ысык салам. Бар бол! +770254618хх

ОП-23-42. Мен сүйүктүү ырчым И.Абдыразаковго добуш берем. Сен ырчылардын эң мыктысысың Ишиңе ийгилик каалайм. Бар бол. Асель

ОП-23-43. Неля боёнбой сахнага чыкса жөнөкөй кыз, сулуу эмес. А Бактыгүл Бадыева табиятыннан сулуу. Ичиңер күйүп жатабы? 07731439хх

ОП-23-44. Мага Семанын номерин берип койгулачы? Эмнеге бербей атасыңар? Сема окусаң ушул номерге чалып коёсузбу? Назира 0777303117

ОП-23-45. Мен айылдагы ата-энеме, жубайым Анарага салам жолдойм. Биздин бактыбызга бар болушун каалайм. Тыныбек

ОП-23-46. Менин саламым Айгүлгө арналат. Айгүл сени гана сүйөм. Марат

ОП-23-47. Салам Мирбек байке, мен сиздин ырларыңыздын бирине клипке тартылганды каалайм. Мени студияңызга чакырат деген үмүттөмүн. 07777291хх

ОП-23-48. Ошко эс алганы кетип жаткан досум Айсалкынга ак жол каалаймын. Жакшы эс алып, бирок, эртерээк кел. Жуля-Жунь

ОП-23-49. Кыргызстан сен суперсиң. Эң кооз жана кереметсиң. Айгерим

ОП-23-50. Менин саламым атам Абаз, апам Мавлюдага жолдонот. Дайыма бар болгула. 07774352хх

ОП-23-51. Менин биринчи саламым Оштогу апам Машаева Баарканга. Менин сүйүктүү, дүйнөдө эч табылгыс туу туткан жаным апа, сиз биздин бешенебизге ар дайым бар болуңуз. Эч оорубаңыз. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Апаке сизди жанымдан да артык көрөм. Жалгыз ишенген кызыңыз Жанара

ОП-23-52. Апам Гүлдестеге, иним Шумкарга, сиңдилерим Зуля, Мекага салам. Айка

ОП-23-53. "Бекжан" базарында иштеп жаткан досторум Айкага, Нурайга, Майрага, Гүлнарага, Чынар эжеге ысык салам. Баарынын иштерине ийгилик. Ырысгүл

ОП-23-54. Арууке, Нурбол, Бекнур силерди аябай сагындым. +770250453хх

ОП-23-55. Сени көпкө көрбөсөм куса болуп сагынып кетем. Ошондуктан "дадаң көзүңүз" бат-бат келишиңизди суранат. Екатеринбургдан сүйгөнүң

ОП-23-56. Бишкек шаарында жашаган туугандарыма салам жолдойм. Нурсултан, Бексултан

ОП-23-57. Салам менин кыргызстандык мекендештерим. Келинчегим Лола жана кызым Мединага, Сосновкадагы туугандарыма чоң салам! Алматыдан Элдар

ОП-23-58. Мен турмушка даяр, кыргыздын чын пейил кыздары менен таанышкым келет. Мен азыр 28 жаштамын. Улан 0550220036

ОП-23-59. Кандайсыздар, мен сиздердин жаңы окурманыңармын. Акмарал

ОП-23-60. Кандайсыңар окурмандар, силер менен таанышайын деген оюм бар, келгиле таанышабыз. Акмарал

ОП-23-61. Жанарбек туулган күнүң менен куттуктайм. Сага бардык жакшылыктарды каалайм. Сен бар үчүн дүйнө жарык берекем/ Бакыт даамын таткым келет сен менен/ Күндө сенин амандыгың тилеймин/ Чарчабасмын "сүйөм сени" дегенден. Өмүрлүк жарың.

ОП-23-62. Султан Садыралиев сенин аялың бар го? Эмне алдайсың? Алдаган болбойт. 07735968хх

ОП-23-63. Кунчуайпериге салам! Ишине ийгилик каалайм. Ар дайым бар бол. Ошондой эле кыргызымдын кымча белдүү кыздары жөнүндө жазган күйөрман сизге толугу менен кошулам. Таап жазган ар бир сөзүңүзгө таазим кылсак болот. Бар болуңуз. Айнагүл

ОП-23-64. Анжелика, сага чыгармачылык ийгилик. Сен дүйнөдөгү эң сулуу кызсың. сендей кыздар дүйнөгө 100 жылда бир жолу гана төрөлөт. Ишенесиңби экөөбүз турмушта аябай окшошпуз, тагдырыбыз да окшош. Кызылкыядан Анжелина

ОП-23-65. Султан жаным тезирээк келчи, сени сагындым. Анжелина

ОП-23-66. Урмат байке, мен сизди 14-февраль күнкү жеке концертиңизде жактырып калганмын. Сиз менен жакындан таанышкым келет. 0777824090 номерине чалып коюңузчу, суранам. Биз деле адамбыз го, ким болбойлук баарыбыз Кудайдын пендесибиз. Урматым менен Г...а

ОП-23-67. "Обон" салам. Мен сиздердин жалпы жамаатыңыздарга салам жолдойм. Калемиңиздер курчуй берсин. Ар дайым бар болуңуздар. Сиздерден сураныч "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына Султанды чакырыңыздарчы. Асель

ОП-23-68. Гүлнара мени кечириңиз, сиз менин чыныгы бактым экениңизди билбепмин, кадырыңа жетпепмин. Урмат

ОП-23-69. Урматтуу нарындыктар силерге салам. Мен Чубак Сатаевдин "Арман ай" деген ырын угуп, баласы Кубанычты сыйлап калдым. Ишине ийгилик каалайм. Шымкенттин "Самал" базарындагы Рысмамат

ОП-23-70. "Самал" базарында иштеген Марапад эже уктабаңыз, товарыңызды уурдап кетишет. +770215242хх

ОП-23-71. Үчтеректик 92-жылкы балдар, кыздарга сагынычтуу салам! Силер суперсиңер! Мен силерди сагындым. Сыргаш

ОП-23-72. Кызылурандын мыкты мырзалары Ж., Ч., А., К., Н., М., силерге салам! Силер суперсиңер. Силерди урматтоо менен карындашыңар Сыргаш

ОП-23-73. Кызылуран айылында жашаган сүйгөнүм Нурбекке салам. 345

ОП-23-74. Мен Шымкенттеги "Б" аттуу сырдуу кызга айтаарым сенин ишиң болбосун. Бул менин жашоом. Кимди сүйөөрүмдү өзүм билем. Эгер сенин жигитиңди жактырып калган болсом кечир. Б... +770243500хх

ОП-23-75. Айгерим сага супер салам! Сага арнайм дайым нөшөрлөгөн жаандай, жааган аппак кардай, жарык болсун маанайың, Түндө чыккан айдай. -7734684хх

ОП-23-76. Чынгыз, мен жактырам карагаттай көздөрүңдү. Мен жактырам шыңгыр сенин күлкүңдү. Мен жактырам кубулжуган үнүңдү. Мен жактырам таттуу сенин сөзүңдү. Жактырып жандай көрүп өзүңдү. Жалдырап карай берем сүрөтүңдү. Чынгыз неге мынча сулуусуң. Лазат

ОП-23-77. Карасуу районуна караштуу Кызылсуу айыл өкмөтүнүн Алпордо айылында жашаган атам Байыш, апам Калыска жана бир туугандарыма салам жолдойм. Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Шымкенттен уулуңуз Чынгыз, келиниңиз Эркайым

ОП-23-78. Бишкекте иштеп жаткан акам Актанга жана жеңеме салам жолдойм. Москвадагы карындашым Мээримгүл күйөө бала экөөңөрдүн куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула. Шымкенттен Чынгыз, Эркайым

ОП-23-79. Карасуу шаарында жашаган таенем Шарапатка, 4 тагама, 5 жеңеме жана сиңдилериме, үкаларыма салам жолдойм. Шымкенттен Айпери

ОП-23-80. Эх, "Обон", сени бир окуй калып эле эски сандарыңды издеп кирсем болобу? Көрүнгөн камокторду кыдырып. Силер суперсиңер! Менин жүрөктөн чыккан жалындуу, таттуу саламым сүйгөнүм Ильяз Абдыразаковго жолдонот. Ильяз өмүрүмдө болгондун баарын сага арнап жашап келем. Бар бол, бактылуу бол. Мендей сени эч ким сүйө албайт. Жалпы Ильяздын күйөрмандарына салам айтып, "алга!" демекчимин. Урматым менен Жака-Жазгүл

ОП-23-81. Сүйүктүү кумирим Чынгыз Мырзаевге: Ойлойм сени ойлой берем ар убакта,/ Ойлой берем күн батканда./ Канчалык ойлобоюн десем дагы ,/ Жаткансыйт күчтүү сезим артып сага. 07771186хх

ОП-23-82. Атбашы районунун Акмуз айылына салам жолдойм. Толкун

ОП-23-83. Биздин сүйүктүү, эң жакын адамыбыз Абдашим уулу Сардарбек 17-июль күнү 30 жашка толмок. Бирок, ал биздин арабызда жок болгону биз үчүн ачуу арман. Жаткан жери жайлуу болсун дейбиз. Жубайы Кенже, уулу Эдик, Кызы Айзирек

ОП-23-84. Жүрөгүмдүн сыйлуу төрүнөн орун алган, ак сүйүүм, жашоомдун кызыгы Ильяз Абдыразаковго таптаттуу салам айтам. Мен сени чексиз сүйөм. Жака-Жазгүл

ОП-23-85. Бишкектеги бир туугандарыма, бишкектин сулуу кыздарына салам. Нургазы

ОП-23-86. Кыргызстандын мыкты жылдызы, кыргыздын супер ырчы айымы, менин сүйүктүү кумирим Анжеликага салам жолдойм. Сенин нукура сулуулугуңду баалайм. Сенин иштериңе ийгилик, чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Гүлшайыр

ОП-23-87. Неля, Замир, Бакуля, Урмат,Ильяз, Сапар, Съезд, Сема силер суперсиңер. "Кайып булакты" сонун аткарыпсыңар. Фирдаус

ОП-23-88. Перизат жаным, сен менин жүрөгүмдүн ээсисиң. 07738742хх

ОП-23-89. Нарында жашаган Эржанга жана Мураска салам. 07773746хх

ОП-23-90. Мен "Бекжан" базарында иштеп жаткан 87-жылкы таятам Расулга салам жолдойм. Көлгө канчасында кетебиз. +770243500хх

ОП-23-91. 5-июль медиктердин майрамы менен ошондой эле 5-бейтапканада иштеген Казакова Үмүт эжемди куттуктайм. Аска зоо бир тууганым,/ Сенсиң багым./ Бек болсун дайым,/ Өмүр жаның. Силерге деп сактап койгон түгөнгүс. Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган. Бегай

ОП-23-92. Саламым сүлүктүлүктөргө, ар дайым бар болгула. Гүлшанай

ОП-23-93. Алтынбек Борошев баарынан сулуусуз. "Студент кыз" аттуу ырыңызды саат, минут сайын угам. Сиз менин жүрөгүмдү жараладыңыз. Сизди сүйүп калган Аида

ОП-23-94. Бактыгүл Бадыева, сиз эң сулуусуз. Сизге ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм. Эч качан маанайыңыздан күлкү кетпесин. Элиза

ОП-23-95. Ырчы Алтынбек Борошевге ысык салам! Мен сизди чексиз сүйөм. Талантыңыз ташкындай берсин. Күйөрманыңыз Венера

ОП-23-96. Саламатсызбы Съездбек байке? Ден-соолук, иштериңиз жакшыбы? Сиз менин жакын кудам болосуз.Назгүл таажеңем болуп калат. Сиздин талантыңызды баалайм. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Карындашыңыз Асель

ОП-23-97. Сүйүктүү ырчым Анжеликага салам жолдойм жана добушумду берем. Анжелика качан Ошко концерт коюп келесиң? Сени бир көрүп алсам арманым жок болчу. Сени көрсөм көңүлүм ачылат. Сен биринчи орунга татыктуусуң. Сага эч ким жетпейт. Сулуулук жактан дагы башка жактан дагы. Гүлшайыр

ОП-23-98. Майсал сен мага жактың, сүйүп калуудан корком. Снежана

ОП-23-99. Курбу кызым Венерага салам жолдойм, ишиңе ийгилик. Мунира

ОП-23-100. Адилет, Жака мен силерге өтө ыраазымын. Силер бар, бактым бар. Насият

ОП-23-101. Салам Чоктал! Эля, Муни, классташтар баарыңар окууга ийгиликтүү өткүлө. Мен баарыңарды сүйөм. Насият

ОП-23-102. Рияна Мирбек Атабековго эч ким жетпейт, уктуңбу? 07733934хх

ОП-23-103. Сүйүктүү апабыз Жамалга салам жолдойбуз. Апа ар дайым бар болуңуз. Балдарыңыз Нурсултан , Дада, Нурбол, Какиш

ОП-23-104. Үчтеректеги досторум Айзатка, Каныкейге салам. Биз силерди сагындык. Ар дайым оорубай ден-соолукта жүргүлө. Сыргаш
ОП-23-105. "Обондун" жалпы жамаатына ысык салам. Ишиңиздерге ийгилик! М.Иманбековгого, чыгармачылык чоң жетишкендик каалайм. Сендей ырчы менен дайыма сыймыктанам. Астра

ОП-23-106. Өзгөн районунун Кызылсеңир айылында жашаган таенеме, Медербек тагама жана бардык Жанжиевдерге салам. Алматыдан Элвира

ОП-23-107. Менин саламым Сузак районуна караштуу Кашкатерек айылынын тургуну атам Суранбай, апам Кайрыканга, инилерим Турусбек, Рысбек, Саматка салам жолдойм. Дайыма менин бактыма бар болгула. Шымкенттен кызыңар Сайракан

ОП-23-108. Алтындай болгон сүйүктүү жеңелерим Алина, Жазгүл, Жылдыз, Элмира, Бегимай, Гүлзат мен силерди жакшы көрөм. Үйбүлөңүздөр менен бактылуу болгула сиздерди чексиз урматтап Эрке кыз

ОП-23-109. Кызылсеңир айылында жашаган Жанжиевдерге, Акаевага чоң салам.Апа мен сизди сагындым Элвира

ОП-23-110. Казакстанда иштеген кыргызымдын жигиттери, кыздары иштериңиздерге ийгилик. Бар болгула Мөлмөл

ОП-23-111. Менин досум Снежанага ысык салам. Досуң Таластан Нурик.

ОП-23-112. Байкелерим Кубаныч, Аскар, Акыл, эжелерим Зулфия, Замира, жеңелерим Марапат, Элмира, Арзыгүл сиңдилерим Бегимай Нурзат, Айзат Тахмина, иним Курманбекке салам. Силерге бекем ден-соолук үйбүлөлүк бакыт каалайм. Майрам

ОП-23-113. Супер радио "Кыргызстан обондорунун" ди-джейлери Жаркынай Аманова, Эдил Эркинбаев, Чынгыз Мырзаев, Нурзада Жолдошеваларга салам. Иштерине ийгилик 07723081хх

ОП-23-114. Кадамжай районунун Учкун айылынын тургундарына чоң салам. Айпери

ОП-23-115. "Обон" силер мыкты гезитсиңер. Мындан кийин Темир Назаровду дайыма жазып тургула. 07774709хх

ОП-23-116. Досум Жеңишбек кызы Айсулууну 7- июль туулган күнү менен куттуктайм. Алган стипендияң менен грамотаң кут болсун. Бар бол. Айпери

ОП-23-117. Менин жакын курбум Айжанга салам жана келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Айжана сага жакшылыктарды каалайм. Бактылуу бол. Майрам

ОП-23-118. Кыргызымдын жигиттери менен таанышам. 0777669196 чалгыла Гүлдана

ОП-23-119. Айпери, Акылай, Бегайым, Дилфуза, Зейнеп, Хуршида, Шаткүлгө салам. Ася

ОП-23-120. Апа жайкы эс алуу күндөрдү жакшы өткөрүңүз. Кызыңыз Ася

ОП-23-121. Атам Тойчуев Жеңишбекти 2-июль туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бактыбызга аман болуп, өмүрүңүз узун болсун. Учкундан Айсулуу

ОП-23-122. Чынгыз мен сени ушунчалык жакшы көрөм. Сен жок болсоң жашоомду да элестете албайм. Айгерим

ОП-23-123. Учкундагы Жакып, мен сени чексиз сүйөм. Неге мени карабайсың Беги

ОП-23-124. Балдар менен таанышам, маяксыз чалгылачы. Айназик 0777658492

ОП-23-125. Көп кырдуу талант, акын, ырчы, актер, ди-джей, түнкү каналдын алып баруучусу Чынгыз Мырзаевге добуш берем. Байке талантыңыз ташкындай берсин. Ийгилик сизге. Кымбат

ОП-23-126. Салам достор. №16 орто мектебинин 2007-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө жана "Кыргызстан обондорунун" угармандарына бардык жакшылыктарды каалайм. Наргиза

ОП-23-127. Менин жакын курбум, сырдашым Айжанды 11-июль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Кааларым ден-соолук, бакыт, тунук сүйүү,ойлогон ой максатына жетип, аяшым Каныбек менен бактылуу болгула. Майрам

ОП-23-128. Султанга ысык салам. Султанга: Сүйдүм сизди көрбөй туруп жакындан,/ Сүйдүм сизди бир көргөндө алыстан./ Арманай жетпесимди билип турам,/ Жылдызсыз асмандагы өчпөгөн. Күйөрманың Лаура

ОП-23-129. 0777318564 номериндеги кыз эмнеге түн ичинде мага чалып, сынап жатасың? Сен кимсиң? Эмнеге менин жашоомо кызыгып суроолорду бересиң? Нурзат

ОП-23-130. Жаным, мен сен үчүн, сүйүүм үчүн баарына кайылмын. Бирок корком, сени жоготуудан. Корком сен деп өрттөнгөн жүрөгүмдү музга айлантуудан, корком бактылуу күндөрүмдү муңга айлантуудан, корком жарык күндөрдү караңгы түнгө айлантуудан. Мен алсызмын жүрөгүмдүн алдында, мен ыйлайм көргөзбөй көз жашымды, мен айтам арманымды караңгы түнгө. Мен бактылуумун бирок, эртеңки күндөн, сени жоготуудан коркуп жашаган бактысыз кызмын Нурзат

ОП-23-131. Сема, мен сени сүйөм. 07727833хх

ОП-23-132. Жылдыздуу ырчы Мирбек Иманбековго салам! 07772382хх

ОП-23-133. Атам Дос, апам Сейде, бир туугандарым Назик, Апсамат, Айнуска, Айнурага чоң салам. Бар болгула! Канышай

ОП-23-134. Досторум Азиз, Рахат, Пеку, Маха силерге ак жол. Окууга тапшыргыла досунар Канышай

ОП-23-135. Түп районундагы Жылуубулак айылына ысык салам. Канышай

ОП-23-136. Элбир, мен сени чексиз сүйөм. Ар дайым менин жүрөгүмдөсүң. Аранлуг

ОП-23-137. Мирбек Иманбеков, мен сизди сыйлайм жана урматтайм.

ОП-23-138. Роза эже, бутуңуз ооруп жатабы? Жакшы эс алыңыз. Мен сизди сүйүп калдым, эмне кылам? Куба

ОП-23-139. Бактыгүл Бадыева сен Неляга жетпейсиң. Неля төгөрөгү төп келишкен чыныгы кыргыз кызы. 07772640хх

ОП-23-140. Нур-Кыял, сен супресиң! Калемиң курчуй берсин. Атың оригиналдуу экен. Электронный почтаңды бере аласыңбы? Сен жөнүндө көбүрөөк билгибиз келет. Обондун окурмандары Альбина, Перизат 07735154хх

ОП-23-141. Эжем Наргизаны 7-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Эжеме жайлоонун абасын, мезгилдин жазын, кайгынын азын, өмүрдүн узунун каалайм. +770239533хх

ОП-23-142. Жаныңа баргым келет,/ жан дүйнөңдү ачкым келет./ Жакшы адам сапаттарын,/ Бир сенден тапкым келет./ Сырымды айткым келет,/ Сырдашып кайткым келет./ Махабат жыргалына сен менен баткым келет./ Ишиңизге ийгилик Съездбек байке. Ельюша +777735843хх

ОП-23-143. Досматова Аселди 9-июль туулган күнү менен куттуктайм. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыр! 07737684хх

ОП-23-144. Талас облусунун Ключовка айылындагы 1991-жылкы Талант байке мен сизди сүйөм. Мен сизсиз кантип жашайм. Сиз жок жашоомду элестете албайм. Сиз суперсиз! ...а 07771237хх

ОП-23-145. Чокталда жашаган ата-энеме, Насиге, Баку, Шапуга, Эляга салам! Муни

ОП-23-146. Гүлчө айылынын Т.Отунчиев мектебин 2006-жылы бүтүргөн 11-а классына жана Аматова Бактыгүл эжеге салам. Ар дайым бар болгула. Окууңарга ийгилик, силерди сагындык. Мээрим Гүлүмкан

ОП-23-147. Кыргыз ырчысы Алтынбек Борошевге ысык салам! Мен сизди сүйөм! Чыгармачылык ийгилик каалайм. Карындашыңыз Элиза

ОП-23-148. "60 К" тобундагы Талант, мен сизди чексиз сүйөм! Бактылуу болуңуз. Сиз менен бир күнү сөзсүз жолугушаарыма ишенем. Сагынам сени сагынам, жаралуу жүрөк эзилип. Баарынан кудайга жалынам, Калсам деп сага кезигип. Сизди терең урматтап Мика 07724772хх

ОП-23-149. Кунчуайпери мен сени менен достошкум келет. "Обон" гезитинин жамаатына чоң рахмат. Ар дайым аман болуңуздар. Баткенден Айсулуу

ОП-23-150. "60 К" группасынын солисти Талант Кадыров жаркылдап жанып турган жылдызың өчүп калбасын. Кадамыңды билип бас, звезда. 07735525хх

ОП-23-151. Саламатсызбы Съездбек байке бул жашоодон эмнеден көп коркосуз? Ушуга чейин абдан коркуп көрдүңүз беле? Чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим деп айтаар белеңиз? Эгер сиз алтын балык кармап алып 3 тилегиңизди аткарам десе эмнелерди айтаар элеңиз? Элнура. 07773447хх

ОП-23-152. Таластык Субаналиев Айбек, мендей канча кыздын убалына калдың экен? Мага арнаган сүйүүң жалганбы? Ушуларга жооп берчи жаным. Тина

ОП-23-153. Замир Мырзаны 2-июль туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу бол,ишиңе ийгилик! Тумара

ОП-23-154. "Обон" салам! Менин сүйүктүү гезитим алга! Мен Ташкөмүр шаарында жашаган бир тууган иним Адилеттин 9-июль туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бар бол! Мээрим

ОП-23-155. Ош шаарынын Учкун айылындагы 1991-жылкыларга чоң салам, дайыма бар болгула! Тилек Нурик, Адыл Самат ж.б. биз суперлербиз. Мирлан

ОП-23-156. Курстанбек жаным, мен сизди чексиз сүйөөрүмдү унутпаңыз. Сүйгөнүңүз Сүйүмкан

ОП-23-157. Бадыева ырларыңдын мааниси жок. Динде аялдын орду үйдө делет. Сен каргышка калгансың. Аида 07738861хх

ОП-23-158. Салам Таза, ден-соолугуң жакшыбы? Сени сагындым дайым жаныңда болсом өзүмдү кыргыздын эң бийик аска тоосунда жүргөндөй сезем Ж..., С...

ОП-23-159. Салам "Обон". М.Атабеков кумир менен баарлашуу рубрикасына чыга элекпи? "Обонду" калтырбай окучумун. Ден соолугума байланыштуу көптөн бери окуй албай калдым. Сиздерден баш ийип суранаарым Мирбек жөнүндө маалымат бергилечи? М.Атабековду, сиздерди терең урматтап, күйөрманыңыз Даткайым. 0773728783

ОП-23-160. Досум Нарматова Айжамалга салам жолдойм. Сага ийгилик жана узун өмүр каалайм. Бишкектен досуң Акмаанай

ОП-23-161. Салам "Обон". Мирбек Иманбеков жана Мирбек Атабеков силерге ийгилик. Күйөрманыңар Г...

ОП-23-162. Көргөндүн көңүлүнө толгон менин сүйүктүү сиңдим Ырысгүл сени 18 ге толушуң менен куттуктайбыз. Жараткан бардык жакшылыктарын сенден эч качан аябасын. Эжең Кенже, Эдик, Айка

ОП-23-163. "Миң-Кыял" FM радиосунун супер сүймөнчүк, сүйлөсө тилинен чаң чыккан, тиктесе көзүнөн от жанган ди-джейи Канат Кадыржан сенин "Кечир мени" деген ырың мага жагат. Айзада

ОП-23-164. Салам Темир Назаров. Сизге биринчиден ден-соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайм. Дайыма бар болуңуз жана бай болуңуз. Качан концерт бересиз. Биз чыдамсыздык менен күтүп келебиз. Сизди терең урматтап күйөрманыңыз Самара 05501466хх

ОП-23-165. Дайыр Исмадияров кайрадан сени ыйык сахнадан көрүүгө, үналгы, сыналгыдан мукам үнүңдү угууга куштарбыз. Сага чыгармачылык ийгилик, ачык маанай каалайм. Айзада

ОП-23-166. "Обон" силер супер гезитсиңер. Анткени Темир Назаровду жазасыңар. 0773947826

ОП-23-167. Замир Мырза сен эң мыктысың. Күйөрманың Ирода

ОП-23-168. Айгүл жаным сени сүйөм. Алмаз

ОП-23-9. Перизат жаным Нарынга качан келесиң? 05552640хх

ОП-23-169. Менин саламым Жээренчи айылында жашаган апам Гулинисага, Москвада иштеп жаткан атама, акама жана сиңдим Канымгүлдүн келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Эч качан оорубагыла. Кызыңар Тыным

ОП-23-170. Токтогул райондук почта коллективине ысык салам. Асыл

ОП-23-171. Менин тааныштарыма, Шымкентте иштеген досторума салон. Товарыңар таможнядан эртерээк өтсүн. Сүйүншер

ОП-23-172. Менин саламым Кыргыздын сулуу кыздарына. Жакшы нерселердин баары силерди коштоп жүрсүн. Сүйүншер

ОП-23-173. Кызылдыйкан айылынын тургуну сүйүктүү Рая таенемди 9-июль туулган күнү менен куттуктайм! Бактыбызга бар болуңуз. Карабалтадан небереңиз Анархан

ОП-23-174. Тоң районундагы Алабаш айылындагы атам Амантурга, апам Бурулга ысык салам. Бар болгула! Караколдон Жылдыз

ОП-23-175. Салам Кыргызстаным. Кыргызымдын кыздары силер неге Б.Бадыеваны көрө албайсыңар. Биринчи Бактыгүлдөй болуп алсаңар боло. Бактыгүл сага ийгилик каалайм.

ОП-23-176. "Обон" азыр дагы сүйүп турам өзүңдү, мээрим издеп тиктей берем көзүңдү, карегиңде баягыдай сүйүү жок, ким өчүрдү сүйөм деген сөзүңдү. Мээрим Гүлчө

ОП-23-177. "Обон" Расул кызы Айгеримди макияжы жок көрсөткүлөчү. Фристайл

ОП-23-178. Эдил Эркинбаев сен чыныгы кыргыздын азаматысың! Сага ийгилик тилейм, бар бол! Сен супер ди-джейсиң! Каражаным го менин! Шапу

ОП-23-179. Руслан, Нурсеит, Айзада, Акыла, Алтынай, Накинай, Бегимай, Акбермет, Алманбет, Акназар, Бектур, Нурайым, Кылычбек, Эрлан, Айгүл, Адилет, Актилек, Аселя аман болгула менин туугандарым. Жуси

ОП-23-180. Салам "Обон" Оштун Учкун айылындагы Жакыповдордун үйбүлөсүнө салам.Өзүңөр каалаган кесиптин ээси болгула. Сиңдим Айкөкүлдү келе жаткан 11-июль туулган күнү менен куттуктайм. Айнагүл

ОП-23-181. Султан Садыралиевге: Толкундуу деңиздеги кемесиңби, а мен сени жээкте күтсөм келесиңби, Арзууга, тазалыкка чайып туруп, өзүңдү белек кылып бересиңби? Конокбекова Гүлмира

ОП-23-182. Мирбек Иманбеков ишиңде ийгилик, жеке турмушуңда тоодой бийик бакыт-таалай болсун.Талантыңды кыргыз элиңе тартуулай бер. Күйөрманың

ОП-23-183. Чынгыз Мырзаев, эртерээк үйлөнүңүзчү, антпесе менин курбум сизди көрөм деп түндө 2 де уктап, угам деп эртең менен 7 де туруп арыктап кетти. Кымбат

ОП-23-184. Салам Кунчуайпери "Обондун" жылдызы болдуң го. Чынында эле мактоого татый турган кызсың. Азаматсың, ушунуңдан жазба. Жеңиш кроша

ОП-23-185. Лазат, сен Чынгыздын чыныгы фанаткасы экенсиң. Сага ишиңе ийгилик, чың ден-соолук, бакыт таалай каалап урматым менен Жеңиш кроша

ОП-23-186. Мен ОП 22-150 Мадинага толугу менен кошулам. Кыздар кичине уят, сый дегенди билсеңер боло, ырчылардан башка жигит куруп калса да, сүйгүлө, сыйлагыла бирок, чеги менен да. Кыргызымдын ырчы эмес жөнөкөй эле жигиттерине ысык салам. Жеңиш кроша

ОП-23-187. Сейит, мен сени унута албай койдум. Мен сени сүйөм мен сени күтөм мага деген сезимиң тазабы айтчы. Москвадан качан келесиң? Мен сени сагындым жаным. Мага чал. Миргүл 0550230836

ОП-23-188. Мен Аксылык Бактыгүлүмө салам жолдойм. Боке +770256580хх

ОП-23-189. Өзгөн районунун тургундары атам Ташболот, апам Ырыс сиздерге ден-соолук, бар болуңуздар. Миргүл

ОП-23-190. Акүйдө иштегендер Кудайдан корккула! Казактарга жерди берип жатасыңар энеңердин жери эмес, тиги дүйнөдө кандай жооп бересиңер. Кыргыз элим, жерим үчүн күйөм. Манас

ОП-23-191. BFEAнын F-1, F-2-06 группасынын бардык студенттерине ысык салам. Рахат 29-июнь туулган күнүң менен куттуктайм, ден-соолук, ийгилик каалайм. Адил +770255440хх

ОП-23-192. Кочкор айылында иштеп, жашап жаткан атам Насипбек уулу Кубанычбекке салам жолдойм. Ата, ар дайым оорубай, биздин маңдайыбызда бар болуңуз. Атакем деп барктадым, бул дүйнөдөн сиздей аска-зоо,тирек эч кимди таппадым. Иним Исламбекке ийгилик, жолуң шыдыр болсун. Уулуңуз Адилбек. Астана

ОП-23-193. Григоревкада жашап жаткан досум Урматка салам жолдойм. Тунук махабатыңа жолугуп, чын сүйүү тап, ар дайым бар бол. Астанадан досуң Адилбек

ОП-23-194. Астана калаасындагы алтындан ардактуу апакем Анарага, иним Эмирге, жакшы көргөн карындашым Мээримге ысык салам. Аларга ден-соолук Алладан тилейм. Адилбек

ОП-23-195. Бөлөлөрүм Алишерге, Жылдыз, Кундуз, Нурсултанга кайнап жаткан салам. Аларга жалындуу жаштык, тунук махабат, өчпөс сүйүү каалайм. Ар дайым бар болгула. Бөлөңөр +77025544хх

ОП-23-196. Астанада жашап жаткан эжелерим Салтанат, Кыялга салам айтам. Ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, ойлогон аруу тилегиңиздер орундалсын. Ади

ОП-23-197. Астанада чогуу иштеген Эркайым эжеге, Нази, Бактыгүлгө, Нагимага, Алишер, Мансур, Талант, Нурик, Женка, Жеңиш, Шарип браттарга, Эмил, Жолдош, Мирбекке жана өзүмө салам.

ОП-23-198. Темир Назаров, мага дисктериңен белекке берчи же сатып алам. Менден аябачы, сенин үнүңдү, сулуу жүзүңдү, бийлегениңди көрүп жашарып жыргап алайын. 05502210хх

ОП-23-199. 2005-жылдын супер ырчы мырзасы, "Хит параддын" жеңүүчүсү, жаш ырчылардын төл башы Темир Назаровго чоң салам. Арзыкан

ОП-23-200. Байкап көрсөң ар нерсени изилдей, комуз кылы чертсе шаңшыйт үзүлбөй. Эл башкарсаң туура сүйлөп калыс бол, кызмат деген устаранын мизиндей. 0555665701

ОП-23-201. Ойно, күл, Кудай берген доорду сүр, жалгыз болбой ар убак эл менен жүр. Жаман көргөн аялга кор болгончо, сүйгөн менен жер кепеде жашагының бир. 05556657хх

ОП-23-202. Баарыңыздар ар дайым дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардын арасында жүрүңүздөр. Обондун такай окурманы Нурзатка, Кызбуракка чоң салам. Кызбурак бутуң тезирээк жакшы болуп кетсин. Гүлшан 07724195хх

ОП-23-203. Темирге: Туулган жерди даңазалап ырдадың, ата-эне деп ата-энеңди кубанттың. Кыздар деп кыргызымдын кыздарына арнадың, ханышам деп көп кыздардын жүрөгүнөн орун алдың. Тима, ата-энеңди сыйлаган, эли-журттун патриот уулу бол. Айдана

ОП-23-204. Салам Бегимай, мен сенин кайгыңды тең бөлүшө албасам да, кеңешимди айткым келет. Өзүңдү чөктүрбө, албетте Кудайым бактылуу кылат. Үмүт менен жашаш керек. Зыягүл

ОП-23-205. Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылына чоң салам жолдойм. Мирболот +77024666хх

ОП-23-206. Ошто жашаган үйбүлөмө жана туугандарыма салам жолдойм. Баатыр +7923220850

ОП-23-207. Темир байке, мен сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сиз кыргыз шоу-бизнесине абадай эле керек ырчылардын бири экениңизди, күйөрмандарыңыздын бардыгын унутпаңыз. Биз ар дайым сиз менен биргебиз. Ден-соолукта болуңуз. Ордолуу Оштон Чынара

ОП-23-208. №88 орто мектебинин 7-б классындагы Гүлайым сени сагындым. Зарылбек

ОП-23-209. Кочкордогу Көкжар айылынын 11-а классына салам. Ак жол силерге. Классташыңар Нурзат

ОП-23-210. Акбар Сүйүнбаев, алга! Мен сизди жакшы көрөм. 07735297хх

ОП-23-211. Көкмойнок, 1 айылынын 11-классын аяктаган кыздар-балдарга салам. Нурзат

ОП-23-212. Ош шаарындагы ХБК да жашаган үйбүлөмө ийгилик каалайм. 29-июль туулган күнү менен уулум Нурбекти куттуктайм. Уулума каалоорум чың ден-соолук, арчадай жаштык, музыкадай шаттык, тоо булагындай тунуктук каалайм. Эл керегине жараган эр азаматтардан бол! Шымкенттен атаң Рысмамат

ОП-23-213. Шымкенттеги Акыл, Токтош, Илим, Элмира, Саткынай, Эльбина, Гүлүлөргө салам. Дилара

ОП-23-214. Кызалок кандай? Иштен кыйналбадыңбы? Жаным сени сагындым. Сенин бактылуу болушуңду тилейм. Чымкенттен сенин досуң Наргиз

ОП-23-215. Теңирим берген Темирди, болсун деп уулу кыргыздын. Кылсын деп кызмат элине, кыргызды таанытсын деп дүйнөгө. Темир бактылуу бол. Мека

ОП-23-216. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген бардык кыргыздарга салам. Иштериңерге ийгилик, ар дайым бар жана бай болгула. Майраш

ОП-23-217. Темир Назаров, сенин талантыңа таазим этебиз. Кыргыздын сендей таланттуу жигити бар экенине сыймыктанам. Чыгармачылык ийгилик. +770154694хх

ОП-23-218. Ика дос, мен Кыргызстанга айда, жылда бир барсам да сенин ишиң чыгып калат, качан жолугабыз өзү. Анан "Обонго" эмнеге SMS жазбайсың? Хан-шай

ОП-23-219. Менин сүйүүм сырым болду. Жазып бүтпөс ырым болду. Сени унутуу кыйын болду. Көздөрүмө жаштар толду. Ыйлап, ыйлап пайда таппадым. Сени сүйөм, бирок айтпадым. Жүрөгүмдө сени сактаймын. Жалгыз өзүң сүйүү дастаным. Сен сүйбөйсүң, аны билемин. Унутушка айла издедим. Жүрөгүмдө сүйүү ойготкон. Күнөө кимде экен билбеймин. +77024128554

ОП-23-220. Темир, сен чыныгы таланттын ээсисиң. Ошондой эле намыскөйсүң, ушунуңдан жазба. Мека

ОП-23-221. Саламым Восток-5 жашап жаткан апам Зулайкага, жеңем Элмирага, эжем Замира, сиңдилерим Бегимай, Нурзат, иним Курманбекке. Жаңы үйгө көнүп калдыңарбы? Майрам

ОП-23-222. Кыйнадың го андан сага кандай пайда? Кете бердиң карабастан артка кайра. А мен болсо кала бердим сыздап-сыздап. Сүйүп келгем, сүйөмүн мен сени гана.

ОП-23-223. Дордойдо иштеген Уланчик кандайсың? Жүрөсүң Бишкекти чаңдатып коюп. Азаматсың ушундай жүр. Астанадан Ханышай +77025151207

ОП-23-224. "Обон" сиздердин жалпы жамаатыңыздарга салам. Ишиңиздерге ийгилик. Өзгөчө Жылдыз Бороевага салам. Сизди урматтап Майрам

ОП-23-225. Сьездбек Искеналиев 1-апрель тамаша күнүнө карата сени тамашалап көрөлү деп чалсак, сен биз менен урушуп кеткенсиң эсиңдеби? Сени башкача элестеткенбиз. Айзада, Акбары

ОП-23-226. Азиз Жетигенов Кубаталиевичти 5-июль туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик, ден-соолук, ачык маанай, таза махабат, опол тоодой бийик бакыт-таалай каалайм. Айзада
ОП-23-227. Сүйүктүү болбой калуу бул - махабатка жолу болбой калуу. Сүйбөй калуу - ошол чыныгы бактысыздык. Камю айткандай менин жолум болбой калды көрүнөт. Гүлшан

ОП-23-228. Мен турмуш куруу максатында түшүнүктүү балдар менен таанышам. Бактысын издеген мырзалар чалгыла. Күтөм. 0777840142