Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Темир Назаров, ырчы:
"Үч кабат үйүм, катар-катар
машинам бар деп калп айттым"
Бул ирет биздин төрдө - өз стили, мукамдуу үнү, жарашыктуу келбети менен айырмаланып, келечектен көптү үмүттөндүргөн кыргыздын патриот ырчысы - Темир Назаров. Темир 1986-жылы 28-августта Ош шаарында туулган. Учурда ОшМУнун финансы-кредит бөлүмүндө 4-курста, музыкалык бөлүмүндө 3-курста окуйт.


Самара Темирова, 20 жашта:
- Темир байке, сиз менен жолукканыма абдан кубанычтамын. Чынын айтсам мен сизди бир да ырчыга алмаштыра албайм. Жаратканым сизди жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын.
- Чоң рахмат, бар болуңуз
- Айтыңызчы ичиңизде катылган арманыңыз барбы?
- Биздин үйбүлөнү америкалык үйбүлө деп койсо болот. Менин бир эле эжем бар. Ата-энем пенсионерлер. Кээде жалгыз уул болгонума арман кылам. Жалгыздын иши да кыйын экен. Өзүмдүн иш сапарым менен алыска кетсем, үйдө ата-энем жалгыз калат. Эжем да турмушка чыгып кеткен. Ошондой учурда иним же карындашым болсо биздин ордубуз толукталып, жоктугубуз билинбей турат эле.
- Канат Култаевден кеткениңизге өкүнбөйсүзбү?
- Жок. Таптакыр өкүнбөйм. Анткени мен ушул жолду жети өлчөп, бир кесип тандадым. Ал да болсо Алла-Тааланын буйругу, сыноосу деп ойлойм.
Элмира Эркинбай кызы, 22 жашта:
- Темир, сага биринчиден чыгармачылык эргүү каалайм. Душманыңды күйүнтүп, досторуңду сүйүнтүп кыргыз эли үчүн талыкпай кызмат кыла бер. Сага суроом: сенин сахнада кийген кийимиң, имиджиң башкалардан айырмаланып турат. Эми мындан да өзгөчөлөнүп кулак-мурдуңа шакек -сөйкө тагынып чыгайын деген оюң барбы?
- Жо-ок. Эч качан деп сүйлөбөйүн, бирок мындай жагдайга жол бербейм. Эркек үчүн кулак-мурунга сөйкө тагыш уят иш. Бул мусулманчылыкка да, кыргыздын менталитетине да туура келбейт. "Карганы туурайм деп, каздын буту сыныптыр" болгум келбейт. Негизи чектен ашуунун кажети жок.
- Ар бир адам үмүт менен алдыга максат коюп жашайт эмеспи. Сенин келечек максаттарың жөнүндө уксак?
- Туура, үмүтсүз шайтан гана жашайт. Менин көптөн бери көксөп келген эки максатым бар. Биринчиси колдон келсе ата-энемди ажыга алып барып келүү. Азыр ушул үчүн болгон аракетимди жасап жатам. Экинчиси мүмкүнчүлүгүм болуп калган кезде туулган жерим Баткенге, жашаган жерим Ошко, анан борборубуз Бишкек шаарына мечит (медресе) куруп, элимдин, аксакалдардын батасын алсам деген үмүттөмүн. Кудай буйруп аманчылык болсо тилегиме жетем деп ойлойм.

Мээрим Эркебаева, 18 жашта:
- Темир аке, буулукканда бугуңузду кимге айтасыз?
- Менин жан дүйнөмдү түшүнгөн сырдашым -апам. Апамдан эч нерсе жашырбайм. Апам өзү 56 жашка чыкса дагы анча-мынча жаштардын "жаргондорун" менден жакшы билет. Өзү боорукер, абдан тамашакөй адам. Апам жанымда болуп, эркелеткенде менден бактылуу адам жоктой сезилип кетет.
- Өзүңүздүн атыңызды пайдаланып кырдаалдан чыккан учуруңуз болду беле?
- Жок. Ырчы болсом өзүмө ырчымын да. Эч бир жерде мен Темир Назаровмун деп төш каккылаган жокмун. Сиз белгилеген кырдаалдардан жылдыздуу жылмайып гана кутулам.
- Биринчи берген интервьюңуз эсиңиздеби?
- Мм… Студенттик газетага берсем керек эле. Тилекке каршы толук эстей албай жатам. Учурдан пайдаланып биз менен күйөрмандарды байланыштырып турган "Обон" гезитине жана башка массалык маалымат каражаттарына ыраазычылыгымды билдирем.
- Эмне үчүн акыркы учурда "Хит парад", "Браво" деген берүүлөрдөн чыкпай калдыңыз?
- Аны Канат Култаевден сурасаңар жакшылап түшүндүрүп берет.
- Жакында тартылган "Ант" кинотасмасына кандайча катышып калдыңыз?
- Адилет деген режиссёрдун сунушу менен тартылдым. Өзүңүздөр күбө болгондой мен анда терс каармандын ролун ойнодум. Терс каарман болуш кыйын болгону менен сахнага караганда кино тармагы кызыктуураак экен.
- Өзүңүз кайсы жанрдагы кинолорго кызыгасыз?
- Көбүнчө комедияга кызыгам.

Жазгүл Нуркалилова, 17 жашта:
- Учурда коомубузда граждандык никеде жашагандар көбөйдү. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Эми кандай десем… Ар кимдин башы өзүндө. Эгерде ушундай жол ошол адамга ыңгайлуу болуп жатса ал өзүнүн чечими. Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишким келбейт. Бирок, жалпы көз караш менен караганда биздин кыргыз калкы үчүн бул көрүнүш туура эмес. Ошондуктан кылымдардан бери сакталып келаткан ата жолун улап, кыргыз салтын жоготпойлу деп жаштардан суранат элем.
- Өзүңүз жашаган чыгармачыл чөйрөдө сизди эмне кейитет?
- Жакшы суроо экен. Көзүмдү ачканда эле кыргыз сахнасын кебетеси көзгө урунат. Чынын айтканда атылып кеткендей сахнабыз бар. Элибиздин ар намысын коргойм деген жогор жактагы "чоң сөрөйлөр" эмне кылып жүрөт билейм да. Албетте аларды да түшүнүш керек. Анткени алардын да планы бар. Аны толтурмайынча өзүнөн артпаса кантсин. Дагы жакшы ШОС болуп калып, көзгө сүртөр филармониябыздын абалы жакшырып калды. Экинчиден бизде сапаттуу аппаратура жок. Маселен, курч бычагың болбосо картошканы деле жакшы кесе албайсың да. Ошол сыяктуу же микрофонуң же үн жаздыруучу студияң сапаттуу болбосо анан кантип мыкты ыр жаралсын. Анан да биздин кийинки жаштарда изденүүчүлүк аз. Баарыбыз бир багытка түшүп алып эле үстөккө-босток болуп баратабыз. Менимче ар бир ырчынын өзүнүн жүзү, өзүнүн жолу болуш керек.
Самара
- Жаш ырчылардын баштоочусу катары чыгармачылыгыңызга дагы кандай жаңылыктарды кошоюн деп жатасыз?
- Азыр жаңы ырларды жаздырып, жаңы альбомдун негизинде иштеп жатам. Түркияга, Ташкентке, Россияга барып концерт коюп келдим. Кудай буюрса күзүндө борбор шаарыбызда өзүмдүн жеке концертимди тартуулайын деп турам. Жаңылык катары айта кетсем жакында Москвага бир күндүк концерт менен барганымда "Для жизнь" деген жаңы ырым бир орус аялга жагып калып альбомумду 100 долларга сатып алды.
- Катуу тийсе кечирип коюңуз. Сиз, бир көргөн адамга орусча айтканда "высокомерный" жигиттей көрүнөсүз. Ушул нерсе өзүңүзгө сезилеби?
- (Күлүп) Бул нерсени ушу менен 12-13 адамдан угуп жатам. Буга өзүм да түшүнбөйм. Негедир сыртымдан ушундай көрүнөт окшойм. Бирок, бир нерсени айтып коюшум керек, эч качан сырткы көрүнүш менен адамга баа берүү мүмкүн эмес. Чынында жашоомдо 80% күлүп жүрөм. Эгер менин ички дүйнөм менен тааныш болсоңуз балким башкача жыйынтыкка келер белеңиз.
Элмира
- Канча тилде сүйлөй аласың?
- Биздин кыргыздар бир нерсени айтсаң эле мактанып жатат дей беришет экен. Андыктан бул мактаныч эмес деп баштайынчы. Түркчө, англисче, орусча, өзбекче, казакча, түркменче анан кыргызча так, эркин сүйлөйм. Минткен себебим кийинки кезде бизде апасын "маам", атасын "паап" деген жаштар арбыды. Карап алып бир туруп жиниң келсе, бир туруп күлкүң келет.
- Калп айткан учурларың болобу?
- Калп айтпайм десем чын эле калп айткан болом. Жакшылык үчүн жалган сүйлөгөн учурларым болот. Түркияда жүргөнүмдө көптөгөн "мен-мен" деген жылдыздар менен сүйлөшүп отуруп калдым. Анан бир белгилүү ырчы "Мен бир жылда 5 миллион" диск сатам, момунча үйүм, момунча машинам бар , а сендечи Темир?" -деп сурап калды. Уялганымдан намыс үчүн душман көзүнө оозу-мурдумду кыйшайтпай туруп "1 жылда 20 миң диск сатам, 3 кабат үйүм, катар-катар машинам бар"-деп калп айттым. Бирок ал жерде мен эле эмес, Казакстандын ырчылары деле бир топ эле кулакка тебишти.
Мээрим:
- Буга чейин канча машинаңыз болгон, дегеле кандай маркадагы машиналарды айдадыңыз?
- Биринчи жолу атамдын ГАЗ-2106 машинасын 3-4 жолу кырсыкка учурап атып үйрөнгөм. Мындан сырткары запарожец, москвич, трактор, камазына чейин айдадым. Ошентип жүрүп машина оңдогонду да өздөштүрүп алгам.
- Сахнага чыгаарда боёнуп, жасанып 100 граммдан басып чыгасызбы?
- Мүмкүн болушунча өзүмдү караганга аракет кылам. Кээде шашылыш учурда жасанбай эле чыга берем. Ал эми "ачуу сууну" болсо ыйык сахнага чыккандан бери оозума ала элекмин. Сахнага чыгаарда дайыма келме айтып, бата менен чыгам.
Жазгүл
- Чектен ашкан күйөрмандарыңыз да жок эместир?
- Кечирип коюшсун, чынында мени жапайы күйөрмандар тажатат. Бир кафеге барып, эс алайын деп олтурсаң, уруксаты жок эле маңдайыңа келип алып, эшекти тартып жаткансып сүрөткө тартышат. Ушунчалык ыңгайсыз абалда каласың. Андан көрө мен чыгармачылыгыңызды баалайм демиш болуп сүрөткө тартып алайын деп маданияттуу суранышса кантип жок дейсиң, жүрөгүң менен берилип түшүп бересиң да.
- Темир байке, бир учурда душмандарыңыз сизди жээкке сүрүп чыгарып жаткан кезде Түркияга барып 18 мамлекет катышкан кароо-сынакта Гран-Прини жеңип келгениңизди угуп талантты баалабаган айрым адамдарга аябай капа болгом. Айтыңызчы бөтөн жерде, бөтөн элде калыстык менен кыргыз желеги көтөрүлгөндө өз элинде басылган талант катары кандай абалда калдыңыз?
- Чоң рахмат Жазгүл карындашым. Учурунда менин жүрөгүмдү сезе билген экенсиз. Ошол кезде бир жагынан кыргыз болуп жаралганыма өкүндүм. Көзүмдөн жаш кылгырды. Бирок, кыргыз элимде, сизге окшогон күйөрмандарымда күнөө жок. Болгону бул бир адамдын, бир дарыянын куртунун кылган иши. Башкалар ойлогондой өз өлкөмдө мен жалгыз эмесмин. Мени курчаган элим, талантымды баалаган ыр ышкыбоздору бар. Анан да мени сүйүндүргөнү жакында Ноокаттан 80 аялдан турган аялдар комитети УТРКга кат жөнөткөн экен. Тилекке каршы ал катка жооп боло элек. "Чындык колдон басынбайт, чыгаан талант чачылбайт" дегендей канткен күндө да ден-соолук болуп турганда бардыгына даярмын.

Уюштурган
Жылдыз Бороева