Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуунун арзуусу

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Көпөлөкчө гүлдөн гүлдү тандаган эркек эмесмин"

"Эң алгач эжейиме ашык болгом"
- Исхак агай, атактуунун арзуусу аттуу рубрикабызга куш келипсиз.
- Куш убак болгула.
- Адегенде эле кайрылбай кеткен баёо кезиңизге саресеп салуу менен маегибизди баштасак.
- Жакшы болот. Бал тамган балалыгым башкалар сыяктуу эле аябагандай жакшы өткөн. Көпөлөк кууп, гүл терген учурларым али күнчө жадымда. Эң кооз керемет кез ошол куулук-шумдукту билбеген жан-дүйнөсү ак барактай таптаза учур балалык алтын күндөргө камтылган тура. Мен түштүктүн кулуну болгонум үчүн мөмө-жемишке бай өрөөндүн таттуу алма, өрүгүн жеп, кең пейил элдин адамга болгон сый-урматына, элет жеринин сулуулугуна жуурлушуп, балалык көз ирмемдерим өткөндөй.
- Эң алгачкы жолу ууз арзуу келгени эсиңиздеби?
- Албетте. Анда мен мектептин башталгыч класстарында окучумун. Бизге сабак бергени жаңы мугалим эжей келди. Чынында аябагандай татынакай, келишимдүү айым эле. Оозун оймоктой кылып боёп, колдорунун тырмактарын ушунчалык кызарта боёчу. Ал эжей келгенде сулуулугуна суктана карап олтура берчүмүн. Бир жолу колумду жаагыма таянып, эжени карап ойго чөмүлүп кеткен учурумда эжей келип башыма беш манжасын коюп, башымды досканы карай буруп жиберди. Көзүмдүн үстүндөгү кызыл боёкко чыланган колдор балалык баёо каректеримде бир өмүр сакталып калгандай. Азыр да көз алдымда. Менин мектеп куракта кайсы бир ак фартук, ак бантик тагынган бото көз селкилерге сезимимди арнап, жан дүйнөмө жашыл шаар орнотуп, сезимдердин кайыгына түшкөн эмесмин.
Атыргүлдүн ажарына арбалып…
- Чыныгы махабаттын торуна чалындыңыз беле?
- Ооба. Чыныгы махабаттын торуна чалынып, деңизинде чабак уруп, жан дүйнөм жабыркап, көөдөнүмдү бурганак уруп, ичим уйгу-туйгу будуң-чаңга айланган кез башымдан өткөн.
- Чыныгы жүрөктү жалын чырмаган ашыктык отуна качан күйдүңүз эле?
- Балалык баёо дүйнө менен кош айтышып, келечекте көптөн үмүттөнгөн бир кесиптин ээси болуп, элимдин керегине жарап, ак эмгек, адал иш жаратсам деп студенттик куракты аркалаганда сүйүүнүн сезимдерине арбалып, ашыктык отуна күйдүм.
- Жүрөгүңүздү жалын өртсүз куйкалаган селки кай жердин ак маралы болду экен?
- Берекеси төгүлгөн түштүктүн кызы. Атына заты жарашкан Атыргүл эле. Атыр кызды бир көргөндө эле жактырдым. Башкача айтканда бир көрүп, биротоло сүйдүм. Экөөбүз курсташ элек. Биз студенттик дүйнөнү аркалап жүргөн мезгилибизде эсил кайран СССР деген улуу держава өз өкүмүн жүргүзүп турган чагы эле. Студенттерди СССРдин кай жерине болсо да жумушчу топ деп жөнөтчү.
Биз да ошол алтын студенттик күндөрүбүздө Казакстанда жүрүп, жакындан таанышып калдык.
- Сезимиңизди алыс жерде жүргөндөн пайдаланып билгизе койдуңузбу же кандай?
- Кайдан. Ал кызды кыялымда менчиктештиргеним менен жанына жакындаганда көзүм тумандап, уялып кетчүмүн. Ал кездеги сезимдин күчү, кыздын илеби ушунчалык күчтүүбү же мен махабаттын астында алсызмынбы кыскасы ал кызды шамды айланган көпөлөктөй айланчыктап төрт жыл жүрдүм.
- Көп жылдык күтүүңүз өз жемишин бердиби?
- Ооба. Төрт жыл бою мен аздектеп, жүрөгүмдүн назик кылдарын арнап жүргөн бото көз кыз бүгүнкү күндө үйүмдүн көркү, балдарымдын апасы. Мен төрт жыл бою сүйүүнүн деңизинде сүзүп, жүрөгүмө арзуу шамын жакканымдын акыбети кайтып, менин сүйүүмдү сыйы менен кабылдап, Атыргүл "үйбүлө" деген чоң шаарды жакшылап аздектеп асыроодо десем аша чаппасымын. Кыскасын айтканда сүйүүдөн жаңылбадым.
- Кызматтык абалдан пайдаланып кыз-келиндерге сезимдерди арнаган учуруңуз болобу?
- Жок, жаш кезимден бери эле аял затына ашыкча сук артып, көпөлөкчө гүлдөн гүлдү тандаган эркек эмесмин. Ар бир кыз-келинге сезим билдире бергендей жүрөгүм экөө эмес. Бала кезимден бери атамдын тарбиясы, "Ак эмгектенип, түз жүр!" деген девиз менен жашоо.

"Генералды арак,
саясатчыны махабат
бузат"
- Атаңыз да эл бийлеген киши болгон. Дайыма коммунисттик күч дем менен иштеген ата-энеңиздин сүйүүсүнөн таасир алдыңыз беле?
- Кандай десем. Чынын айтсам ата-энем элге окшоп бири-бирин эркелетип, кучакташып, жагымдуу сөздөрдү арнагынан укпаганмын. Ар убак жумуштан кеч келип, түн бир оокумга чейин иштеген атам элчилеп кооз сөздөр менен алтын шилекейлерин чачыраткандан алыс эле. Өмүрү өткөнчө эмгектенүү менен алек болгон атамдын махабаты да күчтүү болгон окшойт. Ата-энемдин бири-бирине болгон сүйүүсү булактай таза, мөлтүр касиетке ээ экен.
- Чыныгы сүйүү да үйбүлө шаары куралган соң чыр-чатакка алып келеби?
- Кыргызда жакшы макал бар "Эрди катын урушат, идиш-аяк кагышат" деген. Ошол сыңары биздин үйдө да кээ бир шарттарга байланыштуу пикир келишпестиктер болуп кетет. Мен деле төгөрөгү төп келген мырза жигит эмесмин. Адамда болот ар кыял, ал кыялды ким тыяр дегендей менде да кыял жорук, өзүмө жараша мүнөзүм бар. Кээ бирөөлөргө окшоп биздин үйдө тынчтыктын желеги желбирейт дегенге кошула албайм. Эркек киши кичине түшүнбөстүк кетирип коёбуз, бирок аял киши баарын түшүнүп чыдап коёт.
- Кечиккен сүйүү башыңызга келсе кандай кабыл алмаксыз?
- Сүйүүнүн күчү керемет дешет. Махабатка багынып дастан кылган жакшы чыгармаларды жараткан, эргүүнүн үстүндө жүргөн чыгармачыл киши болсом анда жакшы кабыл алмак болушум керек. Жаңы ачылыштар деп. А бирок мага жүрөк жылыткан сүйүүнүн пайдасы жок.
- Башка замандаштарыңызга окшоп эки аял менен жашоо оюңузда барбы?
- Жок. Жакшы макал бар "Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат"-деген. Ошол сыңары бир башыма бир аял жетет. Аруу кезден баш кошкон асыл жарым бар, ошону кут кылсын.
- Ким билет ошентип алып эле махабатка багынган, жаңы сүйүү тапкан кишилер көп кездешет?
- Туура, махабат, сүйүү деп менин жашымда өз башын жоготуп сүйүү уят иш эмеспи. Азыркынын бир макалы бар экен "Генералды арак бузат, саясатчыны махабат бузат" деген ошол туура айтылган окшойт. Кээ бир саясатчылар сүйүүнү да саясатташтырып алгандай.
- Сүйүү бар экенине ишенесизби?
- Кызык го бар да асман, жер, суу, таш, адам сулуулук баары бири-бири менен айкалышып турат. Сүйүү бар, бирок акыркы убактарда кээ бирөөлөр ага жеңил көз караш менен мамиле жасаган үчүн сүйүүнүн кадыр-баркы жоктой сезилет.
- Үйбүлөдө кызганчаак эркексизби?
- Ушуну билбепмин. Ким билет, а балким аялым кызгана турган шарт түзсө кызганбасам, башымдан өтпөптүр.

Альбина Калыкова










??.??