Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Клип таржымалы

"Атаке"
же армандуу кайрыктар
Ардактуу окурмандар! Сиздердин кызыгууңуздарды эске алып, клиптер дүйнөсүнө сапар тартканы турабыз. Анткени, гезитибиздин ушул санынан баштап, "клип таржымалы" жаңы рубрикабыз чыга баштады.
Клип кандайча жаралат, тартылуу учурундагы кызыктуу окуялар тууралуу баарыбыз эле биле бербесек керек.
Биздин жаңы рубрика менен сиз да бирге болуңуз. Сиз каалаган клиптин таржымалын билгиңиз келсе, редакциябызга телефон чалып, пикириңизди калтырсаңыз болот.
Бүгүн биз сиздерге Бегимай Эсенгулованын "Атаке" аттуу ырынын клибин айтып бермекчибиз.

"Атаке" ырынын сөзү жана обону
Башка клиптер сыяктуу эле Бегимай Эсенгулованын "Атаке" клиби эл оозуна алынып, жакшы пикирлерди жаратууда.
Алгач ырдын сөзү, обону тууралуу кеп козгосок. Бегимай продюсери Динара Эсенгулова менен Ошко гастролго барат. Ал жерден Бахрам Азимовго жолугуп, анда сүйүү темасына ылайыктуу кайгылуу обон бар экенин билишет. Жолдо катар Динара эже обонду угуп, эмнегедир сүйүү тууралуу ыр эмес, ата-энеге арналган кайгылуу ырды элестетет. Ошентип, бул обон Динара эженин жүрөгүндө жашап, ылайыктуу сөз издеп калат.
Бир күнү курбу кызы Нурзат Мамбеталиевага жолугуп, оюнда багып жүргөн обонго сөз жазып берүүсүн сунуштайт. Күткөн маал да келип, кайгылуу обондун сөзү Бегимайга байланыштуу армандуу ыр "Атаке" жаралат. Сөзү менен обону шай келген ыр Динара эжеге жана Бегимайдын апасына да жагат.
Ошентип, бир нече айдын аралыгында сөзү: Нурзат Мамбеталиевага, обону: Бахрам Азимовго таандык "Атаке" деген армандуу ыр жаралып калат.

Клип кантип
жаралды
Бул ыр радиолордо жаңыра баштагандан кийин клип тартуу жөнүндө продюсери ойлоно баштайт. Сценарий Бегимайдын үйбүлөсүнө байланыштуу түзүлөт. Бегимайдын өз жашоосунда болуп өткөн армандуу окуя клип менен айкалышкан. Өз атасы ооруга баш ийип, дүйнө менен кош айтышкан учурда, Бегимай болгону үч жашта эле.
Ал эми клипте беш-алты жаштагы кыздын ролу берилген. Мында атасы оорудан эмес, машина коюп каза болгону көрсөтүлөт.
Сценарий негизинен турмушубуздун бир үзүмүнө жакындашкандыктан эл оозуна тез алынып, чыркыраган чындыкты айтып тургандай.
Режиссёрлук милдетти колго алган Динара эже, "быссымылда" деп клипти тарта баштайт. Катышуучулардын ролун тандоо оңойго турган эмес.
Кичинекей Бегимайдын ролун Айдана аттуу сулуу кыз ойногон. Бегимайдын апасынын жаш кезин журналист Гүлбарчын Дыйканова, атасынын ролун Бекназар деген мырза чагылдырып берген. Эң кыйыны апасынын жаш кезин ойногон Гүлбарчын Дыйкановага окшош жашы улуу аялды табуу болгон.
Издештирип олтуруп Улуттук биринчи каналда иштеген үн режиссёр Алмагүл Сманалиевага токтолушкан. Ал эми клип тартылуучу жайды Динара эженин достору колдоп беришкен. Режиссёрдун жана оператор Марлистин талыкпаган эмгектеринин натыйжасында, клип толук бир күндө тартылып бүткөн. Жалпы клиптин чыгымы жашыруун сыр болсун деген ойго токтолушту.

кызыктуу окуялар
Сценарий боюнча ырдын көпчүлүк бөлүгүн Бегимай ыйлап аткарыш керек болгон. Мына ошол аткаруу милдетин эч нерсенин жардамы жок өзү ыйлап ырдаган. Бегимайдын көзүнөн аккан мончок жаш ырды өз деңгээлине жеткире алган. Ошол эле учурда Бегимайга кошулуп, Динара Эсенгулова, Бегимайдын туугандары, тартылып жаткан жамааттын баары ыйлаган.
Андан сырткары атасын машина коюп кеткен жерди, машинанын айдоочусу чындап коюп албайын деп, ондон ашык дубльдарды жасатып, клип тартуучуларга күлкү тартуулаган. Айта кетсек машинага урунуп каза болгон Бекназардын кийимдерине жана денесине бир литр карагаттын кыямы колдонулган.
Апасынын экинчи ролун аткарган Алмагүл эженин сюжеттери да күлкүлүү окуяларды камтыган. Атасынын сүрөтүн кармап ыйлап олтурган Бегимайдын жанына апасы да кайгыра басып келип, кызын сооротуш керек болгон жерлерин Алмагүл эже күлө берип режиссёрду кыйнаган.
Мына ушундай кызыктуу окуяларды ичине камтып олтуруп, элдин жүрөгүнө жете турган клипти иштеп чыгышкан.
Көргөнгө оңой көрүнгөн клиптер, көптөгөн эмгекти, аракетти жана кыйынчылыктарды талап кылаарына ынандык.

Даярдаган Айнура Султанова.










??.??