Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Саламат плюс

өпкө хирургиясынын бөлүм башчысы Разаков Орунбай Разакович
Кургак учук жугуштуу дарт
Жабыркоо
Жыл сайын кургак учук оорусу менен дүйнө жүзүндө 8 млн.дон ашык адам ооруйт. Өлүмгө дуушар болгондордун саны 2 млн.дон ашат.
Кургак учук оорусу - жаратылышта жугуштуу оорулар менен катар социалдык ооруларга да кирет. Ошондуктан кургак учук оорусу менен ооругандар социалдык-экономикасы төмөн, өрчүп келе жаткан жумушсуздук, миграция көрүнүштөрү көп өлкөлөрдө кездешет. Ага Индия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү кирет.

Кохтун таякчалары
Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет. Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.




Таралуу жолдору
Негизинен кургак учук оорусу өпкөсү ооруган киши жөтөлүп, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө какырык менен шилекейинде кохтун таякчаларын бөлүп чыгаруу менен таралат. Бул жерде эл арасында айтылып келген ачык туберкулёз деген түшүнүктү айтып кетүү зарыл. Мындай оорулар менен чогуу жүргөн, бирге жашаган, көп убакыт бирге байланышта болгон кишилер ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн.
Ачык түрүндөгү өпкө кургак учугу менен дарыланбай жүргөн оорулуу киши бир жылда 10-15 кишиге жуктурушу мүмкүн.
Кургак учук таякчалары организмине кирген кишилердин баарысы эле ооруй бербейт. Оору өөрчүп, белгилери пайда болуш үчүн белгилүү шарттар керек.

Кургак учук менен кандай адамдар оорушат?
Ден-соолугу таза кишиде белгилүү деңгээлде иммунитети болот, б.а. микробдор, вирустар жана башка ооруну чакыруучу агенттер менен күрөшүү механизмдери иштейт. Анын төмөндөп кетүүсүн, башка жугуштуу оорулар, кокустук жарат алгандар, жашоо шарты начар, тамак-аш сапаты төмөн, белок, витаминдер жетишпеген балдар, аялдар арасында төрөттөн, аборттон кийинки мезгилдер алып келет.

Кимден жана
эмнеден жугат?
Кургак учук 90% га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Аялдар кош бойлуу учурунда ичиндеги балага жугушу мүмкүнбү?
Эгерде өпкө кургак учугунун өтүшүп кеткен оор, аябай тараган түрү менен ооруса жугушу мүмкүн, бирок, көпчүлүк учурда ымыркай төрөлгөндөн кийин энесинен жуктурат.

Кургак учуктан
уулануу
Негизинен кургак учук жаш балдарга бакча жана мектеп курагындагыларга жугат. Бул кезде балдардын организмине ар түрдүү өзгөрүштөр менен байкалат. Мисалы, баланын айлана-чөйрөгө кызыгуусу азаят, тез чарчайт, ачуусу бат келип, тамакка болгон табити төмөндөйт, дененин ысышы пайда болот, мектеп курагындагылардын окуу деңгээли төмөндөшү байкалат. Муну биз кургак учуктан уулануу деп атайбыз.

Оорунун алгачкы белгилери
Көпчүлүк учурда балдардын тышкы жана ички көкүрөк көңдөйүндөгү аба түтүкчөлөрүнүн жанында жайгашкан гимфа бездери сезгенип, чоңоюп баштайт. Оору жуккандан кийин дененин ысыганы 2-3 жумага созулуп, кээ бир кезде кан аралаш чыгышы мүмкүн. Көкүрөк ооруп, дененин салмагы түшө баштайт, табити төмөндөйт, мындай учурда дарыгерлерге кайрылуусу керек. Көпчүлүгү өтүшүп кеткенде кайрылышат. Оору аябай өтүшүп кеткенде өпкө эти тешилип, көңдөйлөр пайда болгон чакта кан какырып же өтө көп кан кускан учурда келишет.

Дартты аныктоо
Дартты аныктоо азыркы мезгилде жакшы системага коюлган. Ар бир дарыгер кайрылган оорулууларда кургак учук күмөн болсо какырыкты 3 жолу изилдегенге жөнөтүшөт. Бул ыкма дартты тез жана оңой жол менен дарылайт. Себеби какырыктын ичинде кохтун таякчалары табылат. Кээ бир мезгилде өпкөнүн кайсыл жагы сезгенгенин аныкташ үчүн рентген сүрөттөр жасалат. Оорулуу дарылоо курсунан өтөт. Тилекке каршы жаңы табылган оорулардын ичинен 15-20 пайызынын өпкө көңдөйлөрү жабылбай, оору өтүшүп, дагы деле кургак учуктун таякчаларын бөлүп чыгаруусу улана берет. Мындай учурда өпкөнүн ооруга чалдыккан жерлеринен өнөкөттүү көңдөйлөрдү алып салып, таза айыктырууга толук шартыбыз бар.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе
Оорулуу жана аны курчап тургандар үчүн өздүк жана жалпы гигиенаны сакташ зарыл. Буларга көрүнгөн жерге какырып, түкүрбөө, эл арасында, транспортто жөтөлгөндө оорулуу мурдун бет аарчы менен тосуу, үйбүлөдө орулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп, идиш-аяктарын 2% соода ээритмесинде кайнатып тазалоо, бөлмөлөрдү шамалдатуу, төшөнчү, жаздыктарды күнгө жаюу, убагында эс алып, тамеки тартпай, спирт ичимдиктеринен алыс болуусу шарт.

Кургак учуктан сактаныш, аны көзөмөлгө алуу, эл ичинде азайтуу бир гана дарыгерлердин иши эмес, ал жалпы коомдун иши.
Эгерде кызыккан суроолоруңуздар болсо, кургак учук боюнча тагыраак маалымат алгыңыз келсе улуттук фитизиатрия борборуна кайрылыңыз.

Фарида Тукаева










??.??