Сенин гезитиң!
№23, 09.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

110- 115- серияларында…
Кылган кылыгы улам тереңдеп бара жатканына көзү жеткен Галина көзү ачыктын көрсөткөн кызматынан баш тартса, ал кылган иши өз башына муш болоорун Галинага эскертет. Ярик-Светикти колго түшүргөнүнө катуу ишенген тергөөчү чемоданды ачса, анын ичинен үч уктаса түшүнө кирбеген белек чыгат. Арадан эки жума убакыт өтүп, Галина катуу ооруга чалдыгып, бирок Раисанын жардамы менен аман калат. Анюта Павелди көргөнү келип, Светикти өлтүрөм деп жаңылып Яриктин өмүрүн кыйганын, эми ал катасын оңдоп, Светикти өлтүрөөрүн айтат. Викторияга Павел эсине келгенин билдиришет. Сот убагында Ярик Светослав эмес - Ярослав Романов экенин мойнуна алып, Иванды залдан бошотушуп, анын киши өлтүрбөгөнүнө ишенишет. Павел Викторияга Анютанын ниетин билдирет.
Абактан бошонгон Иван Галинанын кемчилдиктерин, кетирген каталарын дагы бир жолу тизмектеп санап берет. Романовдорго чындап дили карарган Анюта Виктория менен Ярикти жарадар кылып, качып жоголот. Ярикти больницага алып келип, операцияга даярдашып, ал эми Виктория өмүрү менен кош айтышат. Анютага издөө салышса, ал Яриктин мүрзөсүн издеп табат. Маша апасынан Чпок менен жолугушууга уруксат сураса, сүйгөнүнө чындап тынчсызданган Ася доктурдан "Ярославдын жашоосуна эми коркунуч туулбайбы?" -деп сурайт.
Бардык нерсе көкөйүнө көк таштай тийген Иванга андан бардык күмөн саноолор алынганын билдиришсе, доктур Асяга Ярик жашаарын айтып тынчтандырат. Көптөн кийин эсине келген Ярик жанында Асянын турганын көрөт. Кылган күнөөсү жанын жай бербеген Анюта прокуратурага келип, киши өлтүргөнүн мойнуна алат. Ася Светлана менен Машага таанышканы барып, апасынын өмүр таржымалын айтып берип, Светлана ага Маринанын сүрөттөрүн көргөзөт. Вольдемар Раисаны ага турмушка чыгуусун суранат. Яриктин абалын текшергени кирген медсестра кыз анын эсин жоготуп жатканын көрөт…
Сүйлөгөнгө кудурети жетип, ден-соолугу кыйла оңолуп калган Павел Асяны алып келүүсүн суранат. Чоң атасы оңолуп калганын көргөн Ася чын дилинен сүйүнүп, анын оозунан да апасы жөнүндө угат. Анюта сурак бергенде бардык кылганын мойнуна алып, өрттү да ал уюштуруп, жаңылышып атасын ууландырып алганын айтып берет. Раиса Иванга төлгө салып -анын аялы жакында эң жакын адамынан айрылган айым болоорун болжолдойт. Гипнотерапевтке барган Светлана анын кызы психикалык жактан оорурун билдирип, сеанс өткөрүүнү туура көрөт. Гипнозго кирген Маша коляскадан туруп алдыга кадам жасайт…
Галинага келген телеграммадан таежеси көз жумганы маалым болот. Ак халатчандар Ярикти эсине келтирүүнүн аракетин көрүшөт. Арадан эки ай убакыт өтөт. Иван Галина менен ажырашпаганым эле туура болоор деген чечимге келет. Павел Викториянын буюмдарынын арасынан фибуланы таап алып, аны Асяга берет. Сотто Анютанын акыл-эси ордунда эмес, дарылануу керек деген чечимге келишсе, Дина апасын багыш үчүн доктур болоорун ойлонот. Маша кайрадан барып, Чпок экөө баш кошушмак болушат. Ярик фибуланын сырын билет, көрсө ал бир адамдан экинчи адамга өтсө, сөзсүз өлөт. Павелден фибула Асяда экенин уккан Яриктин айласы кетет…
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Баканын жаңы түрү
Австралиянын окумуштуулары Калбарри районунан баканын дагы бир түрүн табышкан. Кадимки эле бакадай көрүнүшү болгону менен башкалардан айырмаланып, ал баканын бир топ даарылык касиети бар экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Тагыраак айтканда анын даарылык касиетинин пайдасын көрүш үчүн баканы сөзсүз союп, ичеги -кардын кургатыштын деле зарылдыгы жок. Болгону ал баканы кайсыл жериң ооруп турса, жийиркенбестен ошол жерге койсо ооруган жер тып басылат экен. Жакында эми ал баканы аукционго коюп сатканга камынып жатышат.

Чылым чегүү ден-соолукка зыян
Ушул сыяктуу ураанды ар бир тамеки салган кутуда жазылып турганын көргөнүбүз менен дале да болсо чылым чеккенди уланта беребиз. Чылым чегүү экиге бөлүнөт экен. Активдүү жана пассивдүү. Активдүү - албетте чылым чеккендер, ал эми пассивдүү - ошол чылым чеккендердин түтүнүнө дем алгандар болуп эсептелет. Мындай көрүнүштү биз тамактануучу жайлардан, коомдук жерлерден күнүгө эле кездештирип келебиз. Жыйынтыктап айтканда чылым чеккен адамдар өзүнүн гана ден-соолугуна зыян алып келбестен, өзгөлөргө да залакасын тийгизээрин окумуштуулар эбак эле далилдешкен.

Адамдын алгебрасы…
Азыркы учурда техниканын өнүгүшү менен ар бир экинчи инсан китепканада китеп издеп отурбастан, интернетке чуркап барып өзүнө керектүү маалыматты ала алат. Бирок, ошол эле учурда компьютердин экранында турган маалыматты жөнөкөй китептен окуганга караганда 25% пайызга жай кабыл алаарын көпчүлүк биле бербейт.
Эркектерге караганда аялдар көздөрүн эки эсе тез ирмешет, башкача айтканда бир жылда 6205000 жолу көздөрүн ирмеп, ар бир көз ирмем 0,3 секунд аралыкка созулат. Ошондо ар бир жылда 21,5 күн көздөрү жумулган абалда болот. Бүт өмүрү өткөнчө адам 23 600 литр шилекей, 18 000 литр тер чыгарат. Ал эми адамдын чачы бир суткада - 0,3-0,35 мм ге өссө, бир жылда болгону 12 см өсөт.

Ит адамдын досу
Ит адам баласынын үй-жайын кайтарып, досу болгондон тышкары ден-соолукка да пайдалуу жактары да бар экен. Бронхит, гастроэнтеритетти жуктарган ит менен мышык деген оюбуз туура эмес. Алты жуманын ичинде атайын адистер изилдөө иштерин жүргүзүп, грипп, ичеги-карды ооруган төрт жаштан алты жашка чейинки 965 баланы текшерип көрүшүп - үйүндө ит, мышык жашаган балдар 35% га аз оорушаарын аныкташкан. Күчүк баланы тили менен жалаганда наристенин иммунитети өсүп, депрессия жүрөк ооруга туш болбосу далилденген.

А. Дүйшөналиева




  Юристтен кеңеш

Окурман, сиз укуктук жактан кеңеш алууга муктажсызбы? Кыйын кырдаалдан чыгууга жол табалбай турсаңыз, биздин "Юристтен кеңеш" аттуу рубрикабыз сиздердин кызматыңыздарда. Суроолорго укук жаатындагы тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазып, көөдөнүңүзгө сыйбаган суроолоруңуз болсо сураңыз, жооп беребиз.
Байланыш телефондорубуз: 44-98-19, 44-98-21

Акчамды сот аркылуу кайрып алсам болобу?
- Учурда эмне кылаар айламды таппай турам. Жашым 35те, чогуу окуган классташ досум экөөбүз келишимдин негизинде күрөөгө акча алганбыз. Досумдун жанында керектүү документи жок болгонунан менин паспортумдун негизинде кол коюлган. Келишим ээси экөөбүздү тең жакшы тааныйт жана жашаган үйүбүздү да билет. Учурунда акчаны иштеткен досум, төлөөгө келгенде, документте колунун жоктугун бетине кармап акча төлөөдөн баш тартууда. Жакшы сөз менен ала албай койдум. Кандай жол аркылуу акчаны кайрып алсам болот.
Мирлан, Токмок.

- Демек, келишимде досуңуздун колу жок болсо "тил кат" жаздырып алышыңыз керек. Тек гана "карызды бер" деп опузалай турган болсоңуз, ал кишинин арызынын негизинде укук коргоо органдары тарабынан, опуза кылгандыгыңыз үчүн үстүңүздөн кылмыш ишин козгоп, Кылмыш Жаза Кодексинин үстүнөн жоопко тартылышыңыз мүмкүн. Ошондуктан алгач, досуңуздан "тил кат" жаздырып алып, акчаңызды кайтарып алуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылыңыз. Карыздар адамдын тил каты сот ишинде эске алынып негизги далил болуп берет.

ЗАГСсыз балама алимент төлөтүп алсам болобу?
- Жаштык кылып жолдошумдун таттуу сөзүнө ишенип учурунда ал экөөбүз ЗАГСка турган эмеспиз. Убакыттын өтүүсү менен анын мурунку аялы бар экенин билдим. Айлам кеткенде анысына да макул болуп жашап жатсам, жолдошум мурунку аялына кетип калды. Азыр бир балам бар, атасы баласын билгени менен материалдык колдоо көрсөтпөйт. Мыйзамдын негизинде алимент төлөтүп алууга болобу?
Сабира, Ош.
- Эгер атасы баласынан кабар албаса , моралдык, материалдык жардам көрсөтпөгөн болсо, сотко кайрылыңыз. Сиз койгон талап мыйзам чегинде каралып чыгып, балаңызга алимент төлөтө аласыз.

Кожоюн эмгек акымды бербей жүрөт
- Дордойдо кытай улутундагы адамдын өзүнүн сунушунун негизинде сегиз айдан бери "жүк ташуучусу" болуп иштеп келем. Алгач кожоюн өзү эмгек акы тууралуу ай сайын эң жогорку өлчөмдө төлөп берээрине сөз берген. Арадан төрт ай өткөн соң, эмгек акымды кечиктиргенден кечиктирип мына үчүнчү ай да болуп калды, азыр такыр бергиси келбей жүрөт. Акымды сурасам бермек тургай опузалап коркутуп, ар кайсы сөздү айтат. Өз жергемде кул болгонума кээде арданам. Кутурган кытайларга көрүлө турган чаралар барбы?
Самат, Бишкек.

- "Утурумдук жумушту" сунуш кылгандарга абайлоо керек. Көпчүлүк учурларда алар мамлекет тарабынан мыйзамдуу каттоодон өтпөгөн, жөн гана соодасын өнүктүрүп акчанын артынан жүргөндөр. Мындайлар, карапайым элди алдоо жолу менен иштешет. Андыктан ар бир жаран кандай гана ишке аралашпасын, ал иштин мыйзамдуулугуна көңүл буруусу зарыл. Айрыкча чоң өлчөмдөгү акча убада кылган учурларда. Жетишээрлик маалымат же ортоңордо келишим болбосо, жарандар сиз сыяктуу моралдык же материалдык зыян тартып калышы мүмкүн. Өзү сизге жумуш сунуштап акчасын берүүдө баш тартып опузалай баштаса, тиешелүү күбөлөрдүн негизинде сотко кайрылыңыз. Ал укук коргоо органдары тарабынан Кылмыш Жаза Кодексинин 170-беренесинин негизинде жоопко тартылышы мүмкүн.


- Мыйзам боюнча үй кимге калыш керек?
Эсенбаева Назгүл, Бишкек

- 1993-жылы эжем иштеген жеринен бир бөлмөлүү үй алган. Ал кезде биринчи күйөөсү менен жашачу. Биринчи күйөөсүнөн эки кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашып кеткен. Эжем алгач эки кызына үйүм калат деп сатпай жүргөн. Ортодон он жыл аралык өткөндөн кийин үстүнө бир кишини киргизип алган. Учурда жездебиздин достору жакындары эжеме, "Үйүңдү сат" деген талап коюп жатышат. Эжемдин улуу кызы паспорт алганда кызына үйдү өткөрөм деген сөзү бар болчу. Азыр эжем экинчи күйөөсүнөн да бир кыздуу болуп, алардын тили менен үйүн сатканы жатат. Жездемдин жакын туугандары эң кичүү кызына үй берилет деген талаптарын айтып жатышат. Мыйзам боюнча бул үй кимге калыш керек эле?

- Бул суроо учурда көйгөйлүү үйбүлөөлүк маселелерден. Бул жерде кийинки күйөөсү менен анын жакындарынын үйдү саттырууга эч кандай укугу жок. Андыктан, үйүн эжеңиз эки кызына калтыруусу керек. Бирок, эжеңиздин макулдугунун негизинде гана болушу зарыл.

- Телефонумду кантип кайрып алсам болот?
Азиза, Бишкек.
- Кечинде көчөдө баратсам артымдан калбай үйгө чейин ээрчип келген бала таанышкандан кийин убактым тар деп кирип кетээримде сумкамды жулуп алып качып кеткен. Артынан чуркап жете албаган соң, айласыз калып калгам. Кийин ал баланы "Беш Сары" соода борборунан иштеп жүргөнүн билдим. Сураштырсам жездемдин алысыраак туугандары болуп чыкты. Териштирип мойнуна койгонум менен телефонумду кайрып бербей жатат, кандай чара колдонсом болот?

- Алгач өзүңүз жашаган райондук участкалык милиция бөлүмүнө кайрылып, уурдаткан күнүңүздүн мөөнөтүн, кайсыл жерде алдырганыңыз тууралу толук маалыматты тактап, бул тууралуу арыз жазып бөлүмгө калтырсаңыз, сиздин көрсөтмөлөрүңүздүн негизинде талабыңыз орундалат.
Сиздердин сурооңуздарга укук коргоочу Ырысбаев Жыргалбек Ырысбаевич жооп берди

Сиздердин сурооңуздарга укук коргоочу Ырысбаев Жыргалбек Ырысбаевич жооп берди

Даярдаган Чынара Абдраева









??.??





??.??