Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон күлкү

Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Тойго чакыруу
Ысмайыл Борончуев бир топ артисттердин ичинде турган Шаршенге тийишип тойго чакырып калбайбы. Тойго чакырылышына куудул өзү себепкер болуптур. Ал айтчу экен: "Ысыккөлдүктөр-төөнү, тяншандыктар-бээ менен байталды, түштүктүктөр эшекти жакшы көрүшөт. Биздин айылдыктар эчкини жакшы көрөбүз. Себеби жерибиз эрмендүү келгендиктен, эчкилерибиз жалаң эрмен жеп семирет"- десе солто уруусундагылар "барбайган ит" деп намыстанып калышчу экен. Ошол сөздү бек карманган Ысмайыл төмөндөгүдөй деп тойго чакырган тура:
Эртең менен эчкисин
Ээн жакка айдаган.
Кармап алып талаадан,
Катынындай сабаган.
"Чек-чек"-деп жүрүп кеч кирген
Этегин айра тептирген.
Шаршен тойго келсин де,
Шаардуу тойду көрсүн де!
Анда Шаршен күлгөн элди карап туруп, мурду башын кыймылдатып гана коёт. Арада отурган Чалагыз Иманкулов: "Ой, сен эмнеге жыргап турасың?"-деп сураса Шаршен: "Меникин толук айталбай койду" - дейт ыраазы болбой. "Айтылбаган кайсыл жериң калды?" -десе: "Актоктунун сазына сур эчкини жыккан жерим айтылбай жатпайбы?" - деп тамашаны андан ары улантат: " Мындай эчкилерди белгилеп алып, семиргенден кийин Анжианга айдатып барып, түштүктүк Саит Бекмуратовдорго сатчубуз!" десе ошо тегеректе тургандар боорлорун тырмап күлүп калышыптыр.


Тамашалуу таанышуу бурчу
1. Жыйырма жаштагы жигит үйлөнүүнү чечип койгон. Алгач таанышкан кызды машинага зордоп салып, бакырткан бойдон ала качууга даяр.
2. 24 жашка чыккан сулуу, абийирдүү, моралдык жактан туруктуу келин, өзүнүн никесиз төрөлгөн кызынын атасы менен таанышкысы келет.
3. Жалгыз бой келин жакшы кайын - журт издейт. Болочок кайнатасынын бою 180 см.ден кем болбосун.

Апей, апенди беле?
Апенди көз дарылоочу врачка келип, көз айнек жазып берүүсүн өтүнөт. Врач аны креслого отургузуп, көзүн текшерүүгө өтөт:
- Бул кайсы тамга?
- Билбейм, - дейт Апенди. Врач баштагыдан да чоңураак тамганы көрсөтүп, суроосун улам айтат:
- Билбейм, доктур - деп жооп берет дагы.
- Көзүң такыр эле көрбөйт турбайбы - дейт ачууланып. Анда апенди:
- Андай болушу мүмкүн эмес доктур, мен сабатсыз экендигимди сизге айтам деп түк эсимен чыгып кеткен турбайбы -деген экен.

Эсил кайран эшек
Бир айдын ичинде Апендинин аялы да, эшеги да өлүп калат. Аялы көз жумганда Апенди 1-2 күн ыйлады да, сооронду. Ал эми эшеги өлгөндө Апендинин көз жашы такыр эле токтобой койду. Муну байкаган кошунасы сурап калат:
- Апенди, аялың өлгөндө анча деле көп кайгырбадың эле, эми эшегиңе мынча неге күйөсүң? Анда Апенди:
- Аялым өлгөндө колу- коңшулар чогулуп, " Көп эле капалана бербе, жаңыдан үйлөнтүп коёбуз дешкен эле. Эшегим өлгөндө, "башка эшек беребиз" деген сөз бириңдин да оозуңан чыкпады го. Анан мен ыйлабаганда ким ыйлайт? - деген экен.

А кокус өлбөй калсаңчы?
Өлүм алдында жаткан Апенди аялына айтат дейт:
- Өмүр бою сен менин ала жибимди бөтөн бирөөгө аттатпай, менин алдымда актырсың, балким жаңылып-жазылып, көзүмө чөп салган күндөрүң болгондур, чаташтырбай айт, чындыкты ушул өлөр алдында билгим келет? Анда аялы айткан экен:
- А кокустан өлбөй калсаңчы?

Он сегизге толуп, армияда болуп
Армиядан жаңы кайткан жигитти айылдыктар тегеректеп алышты.
- Ии, армияда кандай экен?
- Идиотизм!
- Муну кандайча түшүнсө болот?
- Эртең түшүнөсүңөр…
Эртеси эртең мененки саат төрттө айылдыктардын эшиктерин такылдатып, баарын ойготуп туруп мектептин алдына чогултту да:
- Атам экөөбүз - отунга! А калганыңар тарагыла! - деп буйрук берди.

Даяр квартира
Бир кары киши о дүйнөгө сапар алып, аны айылдын адамдары чогулуп обочодогу күмбөзгө алып барышат. Ар түрлүү күмбөздөрдү биринчи жолу аралап жаткан айылдыктардын бири таңданып:
- Оми-ий, Чаке, бул жак деле өзүнчө шаар болуп кетиптир го? - десе Чайсуп:
- Ооба, ооба, шаар болуп кетти. Сен да кеч болуп кете электе квартира алып кирип алсаңчы, - дептир.

"Билимсиз" музоо
Күндөрдүн биринде жүк ташуучу машиненин шоопуру бир айылдагы Чайсуп деген кишинин музоосун сүздүрүп кетиптир. Огородунда иш жасап жүргөн Чайсуптун жанына басып келген шоопур:
- Ой, айланайын Чаке, жол менен келе жатсам музооң так дөңгөлөктүн астына өзү чуркап кирип кетип жатпайбы! - дейт жан - алакетке түшүп актанып, - Күнөө музооңдо!
Анда Чайсуп:
- О атаңдын оозун урайын! Сага окшоп менин музоом 6 ай шоопурдун окуусун окуду дейсиңби! Төлө дегенде төлө! - деп опузалаганга өтүптүр.

Артист анекдот Бек менен Жаныбек
Мындан көп жыл мурда кадимки Бек Борбиев элге тааныла элек кез. Кожомкул атындагы Спорт сарайында "Мыскыл жана тамаша" концерти болуп калат. "Мыскыл жана тамашага" ошол кезде даңкы таш жарып турган куудул Жаныбек Алыкулов алып баруучу экен.
Концерттик программаны тикелей Жаныбек чечет. Анан Бек Жаныбекке келип "Мен өткөндө филармонияда ырдадым эле го, сиз ошондо көргөн элеңиз. Ошондо айткан элеңиз жакында Спорт сарайда "Мыскыл жана тамаша" болот сени катыштырам деп. Мына мен келдим, эми ырдайымбы?

Анда Жаныбек:
- Эй үкө! Азыр башым ооруп турат. Мен айткан-айтпаганымды билбейм, филармонияда кайсы ырды ырдадың эле?
Бек:
- "Замандаш" деген.
Күч бирдикте бир бололу, Замандаш
Эй Замандаш…
Жаныбек:
- Мейли жакшы. Бирок, сен азыркы концертке катышпайсың. Программа толуп калды. Кийинчерээк башка бир концерттерге катыштырам, макулбу? Ошондо кел.
Мындайды күтпөгөн Бектин көңүлү катуу чөгүп, бети суу сепкендей чымырап, көңүлсүз басып кетет. Кийин арадан эки жыл өтүп, Бектин атагы чыгып, кимдин заманы? Бектин заманы болуп турган чакта бир чо-оң концерт болуп өтөт. Ал концертке Бек менен Жаныбек катышып калышат. Анан ошо жерде бир топ артисттер бир бөлмөдө боёнуп, таранышып олтурушат. Бир маалда Бек Жаныбекке карап:
- Жаке, билесизби? Сиз мени ырдайын десем ырдатпай, сахнага чыгарбай койгонсуз. Мына мен өзүм эле чыгып алдым. Эми азыр…
Жаныбек:
- Хорошо, азыр сага да концертиң болуп жатканда бирөөлөр келип жатабы, чыгып ырдайын, концертиңизге катышайын деп?
Бек:
- Ооба.
Жаныбек:
- Сен аларды катыштырып жатасыңбы?
Бек:
- Мен андай чумолорду катыштырбайм да.
Анда Жаныбек күлүп:
- Ошо кезде сен да чумо болчусуң. Ошон үчүн катышкан эмессиң-деп Жаныбек Бекти сөзгө жыгып, аягында минтип айтат: "Бек, мен сага дагы бир кеңеш берип коёюн. Жанагы сен концертиңе катыштырбай жаткан белгисиз ырчылар кийин белгилүү болгондо сага да сенчилеп айтат. Ошондо сен аларга меникиндей жооп кайтар. Муну кулагыңа салып ал үкөм!

Эмнеден өлүптүр?
- Алик неден өлүптүр?
- Арактан…
- Рашидчи?
- Рактан…
- Айнашка эмне болуптур?
- Асынып дешти го.
- Асылбекечи?
- Атынып алыптыр.
- Аа, байкуштардыкы туура эле болгон экен, азыркы заманда ажалы менен өлгөн ким бар дейсиң?

Даярдаган Алмаз Адишов









??.??