Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Артисттердин архивине саякат

Балкондогу аюу
Урматтуу окурман! Бул жолу сиз сүйүп кумир тутуп, баалап жүргөн таланттардын да өзүнчө бир белектерден түзүлгөн архивине көз жүгүрттүк. Гезитибиздин ушул санынан тарта "Артисттердин архивине саякат" аттуу рубрикабыздан кумириңиздин белектерине күбө боло аласыз, балким ал белектердин ичинде сиздики да бар чыгаар.
Адегенде аталган рубрикабызды жеңил колу менен ачып берген, ай чырайлуу, жылдыздуу, ажарлуу, таланттуу ырчы кызыбыз Анжеликанын үйүнө саякатка чыктык. Көңүл кош болбосоңуз, назар төшөңүз.

Жадырап жайнап тосуп алган ырчы кызыбыз көп убакыттан бери чогултуп жүргөн оюнчуктарынын көпчүлүгүн айылга берип жибергенин жана канчалаган буюмдары апасынын үйүндө экенин айтканда оозубуз ачылып аларды бербегенде үйү белектер менен эле толуп калаарына көзүбүз жетти. Анткени азыр деле оюнчуктардын көптүгүнөн баш айланып, атайын бир дүкөнгө киргендей эле сезилди.

15 миң сомдук уюлдук телефон
Анжеликанын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган, белектердин шаасы болуп эсептелген белек - төрт жыл мурунку жеке концертинде белгисиз мырзадан алган он беш миң сомдук уюлдук телефон. Оюнда эч нерсе жок жапжаш кыз, ал убакта кайдан билсин келечектеги сүйүктүү жары ошол мырза экенин. Ал убакта эч кимде жок кымбат баалуу телефонду классымда алгач мен көтөрдүм, азыр аны саткан да жокмун, бирөөгө бербей архивдин төрүнөн орун бергем дейт мээримдүү эне.

Белгисиз адамдардан алган белек
А бул өзүнөн чоң келген жумшак оюнчукту 9-класста окуганда белгисиз сырдуу күйөрманы балконго илип коюп таң калтырган. Бул белек эркектенби, айымданбы айтор ким тараптан экени азыркыга чейин белгисиз. Эгерде ушул оюнчукту таштап кеткен күйөрманы көрүп турсаңыз кам санабаңыз. Ошол жылдан бери жаш ырчыбыздын үйүнүн бир бурчун кооздоп турат.

Бир кылымдык өмүрү бар клончик
Андан кийинки дагы бир оригиналдуу белектеринин бири бул- мындан бир нече күн мурун Караван Сарайда болуп өткөн көргөзмөдө атайын муундан-муунга берилүүчү клончикти тартуулашкан. Анжеликанын айтымына караганда ал буюмду берип жатканда "Бул белгилүү, талантуу актриса Таттыбүбү Турсунбаевадан калган буюм, аздектеп сакта", деп беришкен экен. Мунун канчалык чын-төгүнүн билбейм, бирок мага бир кылымдан ашык сакталган экенин айтышкан. "Кандай гана белек болбосун бардыгынын өз орду бар дейт ырчы кызыбыз.
Көрүп турган бул дептерди Наргиза деген фанаткасы берген. Кичинекей Анжеликадан баштап, азыркы күндөгү гезит, журнал, беттерине жарыяланган, кандай гана маалымат болбосун бүт бардыгын жыйнап, чогултуп жүргөнүн көрүп ай чырайлуу сулуу кызды, бир гана мырзалар эмес, кыздар да урматтап, сыйлап, жакшы көрөөрүнө сүйүнүп калдык. Наргизанын, Анжелика жөнүндөгү кабарды издеп, кээде гезит саткандар менен да урушуп кеткен күндөрү болот экен.

Күтүүсүз белек
Урматтуу окурман жакынкы арада Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде "Айым" аттуу сулуулук салонуна күбө боло аласыздар. Жолдошу Урматтын күтүүсүз бул белегине Анжеликанын кубанычы койнуна батпай жүргөн убагы.
Ажарлуу айымыбыздын белектерин санап отурсак гезитибиздин барагы жетпечүдөй. Ошондуктан сиздерге эң өзгөчөлөрүн гана сунуш кылдык.




Шоу жаңылыктар
Айгүл Чалова
туулган күнүн белгилейт
"Сүйүү арманы" деп обон созуп, сүйүшкөндөргө көпүрө түзгөн Айгүл Чалова жакында "Мезгил шаары" деген жаңы ырын жаздырып, радиого сунуштаган.
Учурда ырчы айым 25-июль туулган күнүнө кызуу даярданып, жайкы эс алууну кызыктуу өткөрүп жатат. Айгүлдүн туулган күнүнө санаалаш жана сахналаш достору куттуктап келишээрин билдик.

Султан Орусияда
Өзгөчө таланты, мукамдуу үнү менен кыздардын жүрөгүнө чок салган Султан Садыралиев жай мезгилинде эс алып, Ысык-Көлгө, жайлоого барбастан, Россиянын шаарларын кыдырып концерт коюп жүргөн чагы. Июль айын ичине камтыган Султандын бул концертинде достору: Кайрат, Бегимай да өз өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү.

Асема - сыйлыгың кут болсун!
Ар тараптуу таланттын ээси, келечектен көптү үмүттөндүргөн "Боз салкын" кинотасмасынын башкы каарманы Асема, кыргыздын желегин Бакуда желбиретти. Башкача айтканда, Баку шаарында өткөрүлгөн кино фестивалда "Эң мыкты аялдын ролу" наамына ээ болуп кайткан. Сүйүнүчү койнуна батпаган Асеманын сыйлыгы менен "Обон" гезитинин жамааты да куттуктайт.

Ислам Акматов кичи лейтенант болду
Кыргыздын патриот ырчы мырзасы Ислам Акматов Юридикалык Академиянын студенти экени көпчүлүк ыр ышкыбоздоруна маалым болсо керек. Академиянын алдында түзүлгөн аскердик кафедрасынын бүтүрүүчүлөрүнүн тапшыруу аземинде Ислам Акматов "кичи лейтенант" наамына ээ болду. Андыктан ырчылык менен өз кесибин бирдей алып жүргөн мырзабыздын алган наамы кут болсун.

"Жаңы толкун-2008" сынагына президент 80000 акча бөлүп берди
Юрмала шаарынын "Дзинтари" концерттик залында өтүүчү "Жаңы толкун -2008" Эл аралык кароо сынакка Кыргызстандын атынан оригиналдуу үнү менен ыр дүйнөсүнөн өз ордун тапкан жаш ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) катышмакчы. Бул жаш талантты колдоо иретинде президентибиз Курманбек Бакиев 80000 акча бөлүп берди. Кудай буюрса, бул салтанаттын финалдык бөлүгүндө да жердешибиз ийгилик менен кайтаарына ишеним артып, ийгилик каалап туралы.

Даярдаган Айнура Султанова









??.??