Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңырган издер

Шырдакбектин эрКайымы
Курманбектен Сейитбек, Сейитбектен Шырдакбек деп айтылат. Демек, Шырдакбектин чоң атасы Курманбек баатыр болсо, анда анын уруусу кыпчак экенин билсек болот. Чоң атасын тартып Шырдакбек убагында баатыр аталып, эл бийлеп, эл эгеси болуп, бийлик жүргүзгөнү өзүнчө бир чоң сабак кеп.
"Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" деп айтылгандай Шырдакбек баатыр дагы учурунда доорон сүрүп, байлыгына жана бийлигине манчыркап, үстү-үстүнө аял алып, өзгөчө ургаачы жандын өңүнө азгырылган экен. "Аял азгырык" демекчи, Шырдакбек өңдүү-түстүү кыздарды көргөндө, көңүл сыртынан кетирбей, сугун арта карап, кызыкканын билгизип койчу экен.
Бир күнү Шырдакбек жигиттери менен шатыра-шатман ат менен ууга чыгып келатып, коктунун ичиндеги эски алачыкка көзү түшөт да, аттын башын ал тарапка бурат "Бул жерде ким жашайт?" деген ойдо. Алачыкка жакын келгенде өзүнүн баркын сактап, сөөлөт күткөн Шырдакбек "Билип келчи, бул жерде ким бар экен?"-деп бир жигитин жиберет да, элүү метрдей жетпей токтоп, күтүп калат. Жигит алачыкка жакын келип, үн салганда эски алачыктан кийими эски, жупуну кийинген бойго жеткен кыз чыгат. Шырдакбектин кызды көргөн көзү жайнай түшөт. Кийими жупуну болгону менен бой мүчөсү келишкен, музоо кирпик, жаз гүлүндөй толукшуган, көргөн жандын көзүн өзүнө бурган кыз алачыктан чыгып көрүнгөндө, булуттан чыккан айга окшоп, айланага нур чачырап, жеке эле Шырдакбек эмес, жан-жөөкөрлөрү дагы көз ирмебей карап калышат. Күүгө келген байтал бээни көргөн айгырдай Шырдакбек кантип атын теминип кызга жакын келгенин билбей калат. Сулуу кыздын алдында алсыз экендигин билгизип, Шырдакбек баатыр сулуунун көз карашына туруштук бере албай, көзүн андан тартып алып, озунуп салам айтып жибергенин да байкабай калат. Жашы кыркка чукулдап калган Шырдакбек баатыр душманды тике карап, көз ирмебей качырып кирген адаты бул убакта түккө турбай, алиги сулууну тик карай албай, өзүнөн-өзү сүрдөп, ага сыр алдырып койду. Өзүнөн кыйла жаш улуу эл эгесинин жаш баладай сүрдөгөнүн байкаган кыз өзүн эркин сезип:
- Үйгө киргиле-деп ооз учунан айтканда Шырдакбек шашкалактап:
- Жок, биз бастыралы деп, алдындагы жоргонун оозун бөксө тоолор жакты көздөй бурганда, кыз ооз учунан:
- Эч болбосо суусундук ичкиле, ушунча келип-деди. Бул айтылган сөздү уккан Шырдакбек дагы каталык кетиргенин билди да, кыздын сунган суусундугун ичип, жигиттери менен жолго түштү.
Ошол жолугушуудан, жүз көрүшүүдөн кийин, кедейдин кызы Шырдакбектин жанын жай алдырган жок.
Акыры кыздын ата-энесин ыраазы кылып, кызды аялдыкка алганда гана өзүнө келген Шырдакбек, кызды өз ысмынан айтпай "Сен менин эрке айымым болосуң" деп анын сулуулугуна арбалып, жаш аялын "Эркайым" деп атап алды. Ошентип, кедей кыз Шырдакбекке тийгени өз аты өзгөрүп Эркайым болду да калды. Башында көп батына бербеген Эркайым өзүнүн кылыгы жана сулуулугу менен аз-аздан Шырдакбектин ачкычын ачып, каалаганын жасаганга өттү. Андан дагы, "Адамдын көркү чүпөрөк" дегендей жаш токол Эркайым түрдөп кийим кийген сайын көркүнө чыгып баштагыдан дагы сулуу болуп чыга келди.
Барган сайын Эркайымдын чырайына чыгышы Шырдакбектин акылын адаштырды. Анын айтканы менен болуп, не бир түркүн тамакты жасатып берип, көп убактысын жаш токолду эркелетүү менен өткөрдү. Бир күнү түштүк тараптан келген улуту өзбек Усман деген киши тамак ичип отуруп, алдына келген күрүчтөн ооз тийген соң, ооз учунан кеп кылып калат "Кара койдун шыймылчагынын майына аш басса ушунчалык даамдуу болот" деп. Бул сөздү уккан Шырдакбек эртеси эле он чакты койду сойдуруп, алиги Усмандын өзүнө он койдун шыймылчагын чактырат. Бирок, он койдун шыймылчагынын майы аз болуп калат деп кырк койго чейин сойдуртуп, анан аш бастырып Эркайымдын алдына алдыртып келдирет. Бул да болсо Шырдакбектин сүйүүнү сыйлаган аракети эле. Усман айткандай шыймылчактын майына өзгөн күрүчү ушунчалык даамдуу басылып, өзгөчө Эркайымга жагат. Ошондон кийин Эркайым күн сайын түшкүсүн кырк кой сойдуртуп шыймылчактын майына аш бастыртып жегенди адатка айландырат. Өзүнүн сулуулугуна манчыркаган Эркайым барган сайын өнөрү күч алып, бир эле Шырдакбекке эркелегенден тажап, калмактын ханына качып барып, анын төрүндө ага дагы эркелегенди эңсей баштайт. Бирок, бул оюн кантип ишке ашыруу керек деп ойлогон Эркайым акыры Шырдакбекти эпке келтирип, ак боз атты минип "сейилдеп келем" деген шылтоону бетке кармап, жаңы гана таң ашырылган, табындагы боз жоргону минип, айылдан жаңы эле узаганда оюн ишке ашыруу үчүн, боз жоргонун оозун коё берип, калмактын ханы Калмахандын айылын көздөй бет алат.
Эркайымдын бул жоругун уккан Шырдакбек чүрөгүнө нааразы болуп ичинен түтөп, бармагын тиштеген экен. Ал эми Эркайым кыялында жеткен оюна, иш жүзүндө жете албаганына качан гана Калмахандын эшигинин алдына келгенде, анын муздак кабыл алганынан улам билип, эркектин баары эле Шырдакбектей сулуу аялдын алдында алсыз эмес экенин, катуу жаңылганын сезген экен. Калмахан боз жоргону минип качып келген Эркайымга муздак көзүн кадап, жактырбаган көз караш менен:
- Түш аттан, анан сүйлөшөбүз дегенде, Эркайымдын көңүлү кирдеп, жылан денесинен сойлоп өткөндөй абалга келе түшөт да, ичиркенип алат. Аттан түшкөн Эркайым ачка эски үйгө камалып олтуруп, өзүнүн бул жоругуна өкүнүп, бармагын тиштеп, таң атканча кирпик какпайт. Шырдакбекке не бир түркүн жол менен эркелегенин эстеп каңырыгы түтөп турду. Эртеси эртең менен эмес, түш ченде гана Калмахан Эркайымды өзүнө алдыртып, суроо узатты, ээгиндеги суюк сакалын сылап, муздактыгынан тайбай:
- Шырдакбек сени эмне кылып бакты эле?-дегенде көзү жашка толуп ыза болгон эрке айым, ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып:
- Кырк койдун шыймылчагынын майына аш бастырып берип, оозумдан чыккан сөздү аткарып, эркелетип бакчу-деп, сен дагы ошондой бак дегендей мааниде айтканда, Калмахан Эркайымдын сөзүн угуп болуп, мыйыгынан кытмыр жылмайып турганда Эркайым сөзүн андан ары улап:
- Ушундай эркек жанды кызыктыра турган чырайым болуп туруп, бир эле Шырдакбекке эркелегенден тажап, сизге дагы эркелеп, сиздин дагы сыйыңызды көрөйүн деген аруу тилек менен сизге келдим. Келгенде дагы алдына ат салбаган боз жоргону ала келдим- дегенде, Калмахан оор улутунуп алып:
- Кырк койдун шыймылчагынын майына аш демдеп берип, ак сүйүүсүн өзүңө арнап, сүйүүнү аздектеп баккан Шырдакбек сага жакпаган мен жагат белем. Бир күнү Кытайдын ханын көздөй качып кетишиң толук ыктымал. Сендей эси жок өңдүү аялга бул дүйнөдө орун жок-деп бутунан кыл аркан менен байлаган эки азоо жылкы менен эки жакка кердиртип өлтүргөнү атканда, Эркайым өзүнүн кандай адам экенин билип, мага бул өлүм да аздык кылат деп кырка тизилип турган элдерди карай албай уялганынан көзүн жумуп, жүзүн тетири бурганда, эки азоо жылкы өзүн өңү менен бийик туткан Эркайымды экиге бөлүп салган экен.
Бердикожо Бийназаров
P.S. Гезитибиздин кийинки санында Наалы эже жөнүндө сөз уламакчыбыз.




Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган кинсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Аккан арыктан суу агат
Белгилүү инсан
Турдакун Усубалиев
Тээ илгертен эле айтылган кеп бар эмеспи, "Аккан арыктан суу агат" деген. Бул айтылган сөз дагы турмуштан алынганын эсибизден чыгарбасак.
Бала атаны, кыз энени тартып, арыктын изи менен суу аккандай ата менен эненин жолун бала менен кыз улап, турмуш өз нугунан жазбай, арабасын кылдыратып, өтүп келет.
"Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, бала атанын, кыз эненин кесибин улантып келгени узун сабак кеп.
Эмесе сөз удулун эл бийлеген, төбөсү көрүнгөн, атка минер, ат үркүтөр, акыл кошчу билермандар жөнүндө баштасак. Чын-чынында чыгаан уулдун чыгышына дагы ата-тегинде кандайдыр бир сырдын түйүнү бар экенине маани бергенибиз оң. Кулдун тукуму кул, бийдин тукуму бий" болот дегендей, ар бир нерсе тукум кууйт. Керек болсо оору, байлык, бийлик дагы тукум куурун окумуштуулар изилдеп чыкканына турмуш күбө.
Эмесе, сөз кезегин чакан өлкөбүздүн чыгаан инсаны, жыйырма беш жыл бийлик жүргүзгөн Турдакын Усубалиевге бурсак.
Турдакун Усубалы уулу 1919-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Уруусу Сарбагыш. Кадимки Хан Ормондун акыл кошчусу, алдыны көрө билген олуя, сынчы, ысмы тарыхка калган Калыгул Бай уулунун чөбөрөсү.
Ооба, учурунда Калыгул аксакал эл тагдырын чечкен, бийлик тармагында салмагы оор, элге кадыры сиңген, калыс адам болгону тарых барактарында айтылып келет. Биз Калыгулдун макалдарына көз жүгүртүп эле, анын кандай адам болгонун билсек болот. Айткандай, сөздү көп чойбой, Турдакун инсанга токтолсок. Турдакун Усубалиев ак калпак кыргыз эли үчүн ат көтөргүс эмгек сиңиргенин сөз удулу келгенде айтып калганыбыз оң. Калыс ой жүгүртүп карасак, ысмы аталган карыянын учурунда жасаган иштери эмнегедир көмүскөдө калып, айтылбай келет. Эгер биз бул кишинин эмгегине токтолсок кагаз бети чак келчүдөй эмес.
Ачык айтканда бир кызматта болгондо дагы эл эгеси болуп, бүт элдин жүгүн жыйырма беш жыл көтөргөн Турдакун өзү эле чоң сабак кеп болот.
Эгер, Турдакун карыянын ата-теги эл бийлеген адам болбогондо мынчалык деңгээлге жетмек эмес. Учурунда эле Калыгул олуя алдын көрө билип "Менден бир уул чыгат. Ошол уулум чыкканда жашагандар да арманда, жашабагандар да арманда. Кой үстүндө торгой жумурткалап, жакшы жашоо болуп, элдин көңүлү өсөт" деп айткан экен. Ошол кезде айткан уулу Турдакун аксакал. Ооба, Турдакун карыянын учурунда жомоктогудай эле жашоо болбодубу. Эми ал кездегидей жыргал жашоо келбейт го. Ар кимдин өзүнүн аурасына, пейил -ниетине жараша бийлик болот. Кайсы бир акылман айткан экен. "Ар бир чиновник элине, жерине жүрөгүн берип, кызмат кылса Мекенге жүзү жарык болуп, артынан жакшы сөз ээрчийт"-деп. Айткандай Турдакун аксакал элине, жерине кандай кызмат кылды, ага турмуш өзү калыс болду. Чынында Турдакун аксакалдай кыргыз калкын узак мөөнөт ким башкарды? Бул жерден Т.Усубалиевди мактагандан алыспыз, бирок адилеттиктен тайбай, калем калыстыгын ортого салдык.
"Таяктын эки учу бар" демекчи. эл деген эл да. Бири билип сүйлөйт, бири калпты угуп сүйлөйт"- дегендей. Турдакун аксакалдын дарегине дагы жаман тилин агыткандар болду. Анткен менен аруулук баарын жеңди. Анткени тазалык баары бир, бирде болбосо бирде калкып чыгат эмеспи. Азыр Турдакун аксакалыбыздын эмгегин баалап, элге жеткирсек эч жаңылышпайбыз. "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей ар кимди сындап, жаман жагын жазуу адилеттүүлүккө жатпайт. Ачык айтканда Т.Усубалиевдин ордунда башка адам болгондо, мынчалык деңгээлге жетмек эмес. Буга дагы ата-тегинин тектүүлүгү, өзүнүн адамдык сапатынын жогору экенин эсибизден чыгарбасак.

Гезитибиздин кийинки санында маркум Апсамат Масалиев жөнүндө сөз кезегин уламакчыбыз.










??.??