Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Нуралиев Мурат,
Айчүрөк Иманалиеванын классташы:
"Айчүрөктүн артынан чуркагандар көп эле… "
Нуралиев Мурат А. Саитанов атындагы орто мектебинде сегизинчи класска чейин Айчүрөк Иманалиева менен чогуу окуп, анын бир канча сапаттарын, сырларын билип алган классташы. Азыркы учурда чакан бизнеси бар.

- Мурат байке, сиз Айчүрөк эженин классташы катары эмнелерди айта аласыз?
- Айчүрөк бала кезден эле аябай тың, тыкан, таарынчаак болчу. Үчүнчү класстан баштап мектепте кандай гана кечелер, ийримдер же болбосо майрамдык салтанаттар болбосун, бардыгын өз колуна алып даярдап элге тартуулаганды жакшы көрчү. Мугалимдер да ага ишенип жөн гана сценарийин берип койгону болбосо, калгандарын бүт өз фантазиясы менен кооздоп, көрктөндүрчү десем жаңылышпайм. Атасы айылдагы белгилүү комузчулардын катарында элге таанымал эле. Анын таланты Айчүрөккө да өтүп бизге комуз чертип, ыр ырдап берчү. Класстар аралык сынактарда биринчи орунду эч кимге бербестен биздин класстын таланттуу уул-кыздары баш байгенин ээси аталышчу. Класста класском болгондуктан, эжелер сыртка чыгып кеткенде колуна узун чыбык алып, чоң адамдардай бизди кадимкидей тынчтандырып, урушуп, тарбия сөздөрүн айтканы алиге чейин эсимде. Тентек кылган балдарды болсо, колун партанын үстүнө коюп чыбык менен чаап тыптынч отургузуп койсо, анча-мынчабыз бейбаштык кылмак тургай даап сүйлөй да алчу эмеспиз. Ушунчалык коркот элек. Суйкайган сулуу, таза, тыпылдаган, тыкан кыздарды бардык эле бала жакшы көрсө керек. Анын сыңарындай Айчүрөктүн артынан чуркап ашык болуп, сүйүүсүн арнай албай жүргөндөр арбын эле. Алардын катарында Нурлан (биз аны Улан дейт элек) деген классташ балабыз анын сүйлөгөн сөздөрүнө, кылган кыймыл-аракетине мас болуп, аябай жакшы көрөөр эле. Бирок ал кезде азыркыдай эмес, жактырып калса "мен сени сүйүп калдым" деген сөздү айтуу аябай чоң күчтү талап кылчу. Бир сөз айтып алып же колуна колубуз тийип кетсе өзүнчө башкача болуп, сүрдөнүп, сүйүнгөндөн баарына мактанып, кубанычыбыз койнубузга батпай бизден өткөн бактылуу адам жоктой сезилчү. Нурландын бактысы бар экен, тарбиялык саатта Айчүрөк дайыма Нарын деген бала менен ырдачу, кийин Нарын менен уруша кетип, Нурлан экөө ырдап калды. Ошондо классташымдын төбөсү көккө жеткенин айтпа.
Кийинчерээк кичине чоңоюп калганда коңшу айылдан да жигиттер келе баштады. Келген балдарды өзүбүздүн классташтар чогулуп Айчүрөккө жеткирбей эле, кайрадан өз жолуна салган күндөр көп эле болду. Ал эле эмес өзүбүздүн классташ балдар да Айчүрөктү талашып бири-бири менен урушуп, мушташканга чейин барышчу. Бирок, "чуркаган калат, буйруган алат"-демекчи жетпей бармагын тиштеп калышкан.
Өзүбүзчө акча чогултуп отуруш, туулган күндөрдү уюштурчубуз. Кээ бир кыздарыбыз барбайм деп чыкса "Эмнеге барбайсыңар, бардыгыбыз барабыз дедимби, барасыңар!" дегенинен бири да калбай барышып, жакшынакай болуп отуруп кайрадан үйүнө жеткирип койчубуз. Эгерде бирөө-жарымды ата-энеси жибербей койсо Айчүрөктү киргизип уруксат суратып алып чыкчубуз. Апалары да Айчүрөккө ишенишип жөнөтүшчү. Айчүрөктүн көрөгөчтүгү, дилгирлиги, уюштуруучулугу биздин классты ар дайым жеңишке жеткирип, алдыда алып жүрдү. Бир күнү адатынча эле кайсыл бир кечеде монолог аткарыш керек болуп калды. Айчүрөктүн сунушу боюнча К.Баялиновдун "Ажар" чыгармасын аткармай болдук. Энесинин каршы болгонуна карабай, Айчүрөк Венерага "Сен ушул ролду аткара аласың" деп Ажардын ролун берген. Себеби Венеранын өз апасы каза болуп, өгөй энесинин колунда болчу. Венера Ажардын образын ушунчалык берилүү менен, залда отургандардын бардыгын ыйлата аткаргандыктан анда да 1-орун биздин класска тийген.
Ар жылы мектепте класстар аралык "Түшүм" майрамы болчу. Бадыраң, картошка, алма, сабиз, ашкабак деги койчу кимдин короосунда эмне болсо, эң коозун, сулуусун, чоңун тандап алып келип көргөзмөгө коёр элек. 7-класста окуп жүргөндө эң алдыңкы стол биздики болсо да, эмнегедир биринчиликти бизге эмес, 8-класска берип, биздин класстан жөн эле Айчүрөктү сыйлап коюшту. Конкурс калыс жол менен өтпөгөндүктөн эч жеңилип көрбөгөн Айчүрөк ызасына чыдабай, ыйлап "Давайте, столдун үстүндөгүлөрдү жыйнагыла, тээ чарбакка барып өзүбүз жеп алабыз!" деп жинденип, столго койгон таттууну болобу, тамак-аштарыбызды айтор, баарын жыйнатып алып, кетип калган. "Эжейлерге бербейбизби, эртең бизге өчөшүп эки коюп салат да" деп корккондорго, "өздөрү адилет жол менен баалаганда ушул тортторду жешет эле, өздөрүнөн көрсүн, эмнеге мага эле сыйлык берет да, классым артта калыш керек" деп көгөрүп, эжейлерге эч нерсе бербей койгон. Анысы аз келгенсип бир жума сабакка келбей койгон. Директор өзү үйүнө барып анан алып келген. Кыскасын айтканда, мектепте биздин класс биринчиликти алса, райондук, облусттук, республикалык конкурсттарда биздин мектеп ийгиликти эч кимге берчү эмес. Бул да болсо Айчүрөктүн артынан жеткен ийгиликтер.
Өзүбүздүн класстан эмес параллель класстагылардын ичинен да ырдап, бийлеп, уюштуруу жактан эч ким тең келе алган жок десем эч жаңылышпайм.




Бир көз ирмем
"Койчуман сага бак болсун"
Класста 8 бала, 16 кыз окуйт элек. Эсимде 5-класста жаңы талантым чыгып келаткан учур эле, ар бир балага Улан-улак, Калыгул-карышкыр деп атына жараша уйкаш ыр жаратсам, алар күлүп, эч сөз айта албай калышчу. Кийин балдар бүтүп кыздарга өткөнмүн. Классыбызда эң жакшы окуган кызыбыз бар эле. Ал ар дайым "мен чоң окуу жайга окуйм, келечекте бакыйган кызматты ээлейм"дей берчү . Анан ага:
"Мингениң чобур ат болсун,
Койчуман сага бак болсун"-деп бата берчүмүн. Мунум мектеп боюнча тарап, линейкада ортого чыгуу менен аяктаган. Кийин ошол классташыбыз койчуманга турмушка чыгып, мен айткандай болбодубу.

Нурзат Жусупова









??.??