Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт

Пекин - 2008
Кыргыз спортсмендери улуттук калоритти чагылдырган форма менен барышат
Пекин олимпиадасына карата Кыргызстан олимпиада командасынын формаларынын бет ачаары болуп, ага өкмөт башчы Игорь Чудинов катышты. Быйыл август айында баштала турган Пекин олимпиадасына катышуучу Кыргызстандын спорттук командасына жергиликтүү чеберлер атайын форма тигишкен. Ал кыргыз мамлекетинин символикалары менен жасалгаланган.
Пекин олимпиадасына карата Кыргызстан олимпиада командасынын параддык жана спорттук кийимдеринин бет ачаарында өкмөт башчы Игорь Чудинов атайын тигилген форманы жактырып, учурда 20 спортчу жолдомо алышканын билдирип, аларга ийгилик каалады.
Спорт адистеринин айтымында мурдакы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык спортчулар кийген кийимдеринен уялып корунуп жүрсө, быйылкы олимпиадага жолдомо алгандар жана расмий өкүлдөр үчүн атайын кийимдер тигилүүдө.
Өлкөнүн Улуттук олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралинов да Кыргызстандын делегациясы казактардан кем калышпаган олимпиадалык формага, кийимдерге ээ болоорун билдирип, аны атайын уз-чеберлер, дизайнерлер тигип жатканын айтты.
Олимпиадалык форманы даярдоо боюнча конкурс өтүп, мында "Мон и Зам" фирмасынын эскизи, үлгүсү жактырылып, чоң комиссиянын талкуусунан кийин даярдалып жатат.
Улуттук олимпиадалык делегациянын кийимдеринин үлгүсүн жараткан дизайнер Замира Молдошеванын пикиринде олимпиадалык форма - кызыл, сары, ак жана көк түстөрдүн айкалышынан туруп, улуттук өзгөчөлүктөрдү билдирген оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн:
Олимпиадалык кийимдерди адистер талкууга алып, жактырылган үлгүлөрү даяр болуп, аны "Биксер" фирмасы тигип жатат. Олимпиадалык делегация мүчөсүнүн кийим-кечесинин наркы 1 миң долларга чыкты.
Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында ушундай үлгүдөгү спорттук кийимдер Пекин олимпиадасынан кийин Азия оюндарында, дүйнө биринчиликтеринде да кыргызстандыктар ар дайым кийип чыгышат.



Футбол
"Ливерпуль" командасында жаңы голкипер
Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык эми "Ливерпулдун" дарбазачысы болуп бразилиялык 25 жаштагы Пепе Рейна болуп калмакчы. Жаңы оюнчу менен төрт жылга чейин контракт түзүлгөн.

Дүйнөлүк чемионатта Россиянын багына
Бразилия туш келди
Россия курама командасы дүйнөлүк чемпионатта Бразилиянын командасы менен бир, А группага бөлүндү. Андан сырткары бул группада Куба, Япония жана Соломонов аралдары бар. Аталган группадан биринчи эки орунду алган команда кийинки этапка чыгышат. Бул боюнча оюндар Бразилиянын борбору Бразилияда ушул жылы 30-сентябрдан 19-октябрга чейин өткөрүлөт.

Бокс
Маскаев Москвада оюн көргөзөт
Оор салмактагы WBC версиясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Олег Маскаев май айында нигериялык Сэмюэл Питерден жеңилип калгандан бери дайыны чыкпай кеткен. Көрсө ал кезектеги беттешүүгө даярданып жаткан учуру экен. Эми ал 6-сентябрда америкалык Роберт Хоукинс менен Москванын өзүндө беттешкени турат.
Жолугушуу профессионалдык жана кызыгуучулардын чегинде болуп, ага Москва шаарынын күнүнө карата көрүүчүлөр бекер киргизиле турган болду. Бул оюнду кеминде 25000 көрүүчү көрсө болот.

Теннис
Марат Сафин өзүнө ишенет
Марат Сафин кайрадан дүйнөлүк коомчулукту өзүнө буруп жаткан учуру. Торонтодо өтүп жаткан теннис боюнча турнирге чакырылганын кубануу менен белгилейт. Уимблдон-2008де өзүнүн күчтүү позициясын көргөзгөнүн, алдыдагы турнирлерде да кайталаарын билдирди.





Оюнчу таржымалы
Фернандо Торрес
Толук аты-жөнү: Фернандо Жозе Торрес Санс
Туулган күнү: 20.03.1984
Улуту - испан
Туулган жери: Мадрид, Испания
Бою, салмагы: 185 см; 75 кг.
Кличкасы: El nino (балакай)
Кайсы клубда ойнойт, номери:
"Atletico de Madrid"; 9

Техникалык мүнөздөмө
Фернандо Торресте көпчүлүккө мүнөздүү кылык-жоруктар бар. Оюнчу катары ал эмгекчил, амбицияга алдырбаган, айткан сөзүнөн кайтпаган, жеңишке умтулган мүнөздөргө ээ. Ал оң буту менен гана топту тебе билет, бирок топту тоскон учурунда каалаган буту менен тосо берет. Ал абада топту ойнотконду жакшы өздөштүргөн. Андыктан кирбей турган топту дарбазага киргизүүгө жөндөмү күч оюнчу. Ал ден-соолугунун чыңдыгы жана өтө ылдам чуркагандыгы менен башкалардан айырмаланат.

Мадриддеги карьерасы
1999-жылы Фернандо Торрес "Atletico de Madrid" командасы менен алгачкы контрагын түзгөн. Ошол эле жылдын аягында 2000-жылдын башында аталган команданын негизги оюнчуларынын катарына кирген. Анын кийинки жетишкендиги 16 жашында Англия командасында, Европа чемпионатында Испания үчүн ойноп эң мыкты оюнчу аталгандыгы болду. Ошондон кийин Мадридде жылдызы жана баштаган. Торрестин алгачкы ийгилиги "Atletico de Madrid" командасында ойноп жүрүп алгачкы тобун киргизген. Торрестин ийгиликтеринин натыйжасында 2002-жылы аталган команда Испаниянын жогорку лигасына чыккан. Ошол жылдары бир чемпионатта 13 топ киргизип келген. Торрес өткөн төрт сезондо Мадриддин эң жаш жана эң кыйын чабуулчусу аталуу менен бирге эң жаш команданын капитаны болгон. Капитандыкты алган кезинде Торрес болгону 19 гана жашта болгон.

Эларалык карьерасы
2001-жылы Торрес Тринидад жана Тобагодо өткөн футбол боюнча 17 жашка чейинкилердин дүйнөлүк чемпионатында ойногон. Ал эми Норвегияда өткөн 19 жашка чейинкилердин Европа чемпионатында 2002-жылы июлда катышкан. Бул турнирде Испания жеңишке жетишкен. Ошол турнирде Торрес эң мыкты оюнчу аталып, эң мыкты чабуулчу наамын алган. 2003-жылдан баштап ал Испаниянын улуттук курама командасына кирүү менен алгачкы оюнду 6-сентябрда Португалия менен беттешкен оюнга катышкан. Ал эми биринчи тобун дүйнөлүк аренада 2005-жылы Италия менен ойногон оюнда 28-апрелде 2004-жылы киргизген.
2006-жылкы дүйнө чемпионатында Испаниянын мүмкүнчүлүгү жогору болгон. Торрес дүйнө чемпионатында финалдык оюнда алгачкы жолу ойногон. Украина менен беттешкен учурда пенальти камсыз кылып, ошол оюнда өзгөчөлөнгөн топту киргизген. Ал эми Тунис менен болгон беттешүүдө биринчи топту өткөрүп жиберип, бирок, Торрестин удаа киргизген эки тобунун натыйжасында Испания 3-1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ошол чемпионатта Испания Франция менен беттешип калып, ага 3-1 эсебинде утулуп калышкан. Ага карабай ошол чемпионатта 3 топ киргизип Мирослав Клозеден кийинки орунду алган. Торрестин мындай ийгиликтерин санай берсек оголе көп.
Ушундан улам азыр Торрестин ити чөп жеп жаткан учуру. Европанын көптөгөн командалары өзүнө чакырып, көптөгөн суммадагы акчаны сунуш кылышууда. 2005-жылы "Челси" менен "Манчестер Юнайтед" чакырса болбой коюп, өзүнүн Мадридинде ойногон.
Азыркы убакта расмий маалыматтар боюнча Торрести үч клуб кызматташууга чакырууда. Алар "Милан", "Манчестер Юнайтед" жана "Челси". Азырынча Торрес өз жообун ачык бере элек.




Ал оюндан кийин күйөрмандарынын көңүлүн калтырбоого аракет кылат. Автограф берүүнү ал өзүнүн милдетиндей көрөт.
Анын эң жакын досу - испаниялык ырчы Дани Мартин
Торрестин шарпей жана англия бульдогу породасындагы эки ити бар.
Анын жакшы көргөн оюнчулары Рональдиньо жана Тьери Анри.

Даярдаган Жумабай Дабын уулу









??.??