Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Валерия Ланская
Популярдуу телесериалда башкы каармандын ролун жаратып, учурда популярдуу болуп жаткан актриса Валерия Ланскаянын жашоосу, чыгармачылыгы сизди кайдыгер калтырбаса төмөнкү макалага назар салыңыз.
Валерия Ланская 1987-жылы 2-январда Москвада туулуп, өскөн. Башка балдар-кыздардан айырмаланып, ал үч жашка чыккандан баштап эле муз үстүндө машыга баштайт. Кийинчерээк жети жашка чыкканда ага удаа эле фортепианинодо ойноп, вокал бөлүмүнөн сабак ала баштайт. Таланттуу кыздын апасы Елена Станиславовна Масленникова - хореограф болуп иштейт. Кызынын кичинесинен тарта ар тараптан өнөрүн өстүрүшүнө энеси себеп болгон. Ал көп убактысын кызына арнап, аны муздун үстүндө тургандан баштап машыгууну үйрөтүп, Валерияга жалкоолонгонго жол берчү эмес. Ал эми атасы Александр Александрович Зайцевдин кесиби мугалим, бир убакта апасы экөө да муз үстүндө бийлеп калган мезгилдер болгон экен. Тилекке каршы Александр менен Еленанын мүнөздөрү келишпей ажырашып кетишип, 1993-жылдан бери Александр Америкада, ал эми Валерия сиңдиси Анастасия жана апасы Елена менен Москвада күн кечирип келишет. Бир мектептен экинчи мектепке которулуп, бир жерден экинчи жерге көчүп отуруп, орто мектепти бүткөндөн кийин Б.Щукин атындагы театралдык институтка тапшырат. Ал эң алгачкы жолу "Заяц над бездной" тасмасына тартылса, үчүнчү курста окуп жүргөндө эле "Сатирикон" театрында иштей баштап, окуусун бүтөөрдө удаа-удаа бир нече тасмага тартылып, "Луна" театрына которулуп кеткен.
2005-жылы өзүнүн актёрлук талантын "Есенин" сериалында көрсөтө алса, 2006-жылы "Кадетство" телесериалына тартылып, ал кино да жакшы жыйынтык алып келет. Ал эми Валерияга атак алып келген, анын атын алыска тааныткан сериал "Цирктин ханбийкеси" экенин өзү дайыма баса көрсөтөт. Башкы каармандын ролун режиссёр өзү сунуштаган. Ал эми бирге тартылган актёр Максим Радугин (Иван) экөө театрда чогуу иштешет. Ошондон улам экөө аткарган эпизоддорду эч кыйынчылыксыз эле ойношуп айланадагы кесиптештерин, режиссёрду таң калтырышкан экен. Лерага бир аз кыйынчылыктар Виталий Емашов (Ярослав-Светослав) менен аткарганда жаралган,экөө бат эле тил табышып, ал тургай Лера Виталийдин маанайынан улам ал бүгүн биринчи Ярикти ойнойбу, же Светиктиби деп ажыратып эң сонун билип ала турган.
Валериянын өзүнүн жеке жашоосуна баш багып көрсөк анын Андрей аттуу жигити бар болчу экен. Тилекке каршы Лера тасмага тартыла баштагандан кийин экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, ортодогу ысык мамиле ыдырап отуруп ажырашууга алып келген.
Лера романтикага жакын жаратылыш, айдын жарыгындагы сейилди жакшы көрсө, Андрей тескерисинче түнкү клубдарга баш багып, таң атканча бийлегенди жактырчу. Экөөнүн төп келишпеген хоббилери бири-бирин сүйүүгө тоскоол болгон эмес. Андрей менен үч жылдан ашык чогуу жүрүп, ал анын эң жакын адамы болуп калган. Ошентсе да алардын урушуна Валериянын убактысынын тардыгы, Андрейдин кызганчаактыгы алып келген.
Учурда Валериянын жигити жок болгону менен күйөрмандары толтура. Алар актрисаны дайыма белекке, жылуу мамилеге бөлөп келишет. Лера он алты жашында өзүнөн он беш жаш улуу Гриша аттуу жигитке ашык болгон экен. Бул тууралуу Лера "Мен үчүн Гриша идеал туткан адамым. Ал мага дайыма туура жол, жакшы кеңеш берип келет. Балким, ошол учурда мен атадан көрбөгөн камкордукту, мээримди Гришадан издеген чыгаармын. Албетте, атам менен бир жылда бир жолу сөзсүз жолугушуп турабыз. Ошентсе да мен аны аябай сагынып, куса болом. Ошондой учурларда мага дайыма жардамга Грегорий келет. Мен ага бардык сырымды, ичимде эмне бугум болсо, жашырбай ачык айта алам. Себеби ал менин жакын адамым жана досум. Экөөбүздүн мамилебиз эч качан үзүлбөсүнө ишенем"-дейт акртиса.




Лолитанын өмүрүнө коркунуч туулду
Ушул убакка чейин жана мындан ары жыйнай турган кашыктап чогулткан байлыгы чөмүчтөп чачылбаш үчүн Лолита азыртадан байлыгын бөлүштүрүп, мурас жазып, мыйзамдуу түрдө бекитмек болду. Ырчынын айтуусунда алдын-ала мурас калтыруу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын күйөөсү эмдигиче бардык мүлкүн орду-орду менен бөлүштүрүп койгон экен. Эми Лолита да анын жолун жолдоп оюн ишке ашырганы турат. Анын ою боюнча кырсык деген каш-кабактын ортосунда болгондуктан, эртеңки күнү тепкичтен кулап тиги дүйнөгө узап кетиши толук мүмкүн.

Ксюша ким менен кырылышты?
Буга чейин мындай көрүнүш бир да радиостанцияда болгон эмес. "Маяк" радиосуна түз эфирге Ксения Собчак келип, түз эфир ойдогудай өтүп жаткан экен. Радионун ди-джейи Катя Гердон Ксенияны тамашалап калса табиятынан кырс-мүнөз эрке кыз ошол жерден Катяны беттен алган. Түз эфир болгондуктан радиостанциянын жетекчилери берүүнү дароо токтотушкан. Дале жаны тынбай албууттанган Собчак ди-джейди толгон-токой сөздөр менен шатыраткан тура "Мен Ксениянын мындай кырс-мүнөзүн билбегендиктен, чукул бурулушту күткөн эмесмин. Ошентсе да мен ага теңелип айтышкым келген жок. Ал тууралуу эмне ойлосом анын баары ичимде калды"-дейт келмеси оозунан түшкөн ди-джей.

Яна Чурикова жакында балалуу болот
Тилинен чаң чыккан Яна Чурикова Москвадагы төрөтканага келип көрүнүп жүргөнүн кабарчылар байкашкан. Жаш жигиттин коштоосунда көрүнүп жүргөн Яна эмнегедир жакында эне болоорун баарынан жашырып жүргөнү эми баарына маалым болду. Тележылдыздын өз оозунан кандайдыр бир маалымат алабыз деген кабарчылардын ою ордунан чыкпай, алар Чурикованы көзөмөлгө алган доктурга барып, бардык маалыматты андан алышкан. Доктурдун айтымында: "Яна көптөн бери балалуу болгусу келип жүрөт, ал азыр жөн гана текшерүүдөн өтүп жатат". Бирок, азырынча жыйынтыгы сыр бойдон сакталары маалым болду.

Слава менен Крейг Дэвид дуэт жаздырышты
Чет элдик ырчылар менен орус ырчылар дуэт жаздырган модага айланганбы, айтор жакынкы күндөрү ырчы кыз Слава Крейг Девид менен дуэт жаздырган. Ыр жаздырыш үчүн Крейг атайын орус ырчыларын караштырып көрүп, көзүнө Слава биринчи көрүнүп, анын англис тилинде жазылган ырларын угуп көрүп, дароо Москвага учуп келет. Экөө тең таңкы саат төрткө чейин дуэт жаздырышып, анан Москванын эң мыкты ресторанында тамактанышып, тамак үстүндө Крейг Славанын бир ырына клип тарттырып бермей болот. Ошондой эле Дэвид жакында Европага боло турган турнесине ырчы кызды чогуу ээрчитип барууга убадасын берген.

Ираклий Пирцхалаваны "былчылдатышты"
Ираклий өзүнүн жакында эле жарык көргөн "Так не бывает" деген ырына 30-июндан баштап клип тарттырып бүгүн гана аягына чыкты. Клиптин идеясы Ираклийдин өзүнө таандык, сюжет боюнча түн ортосунда тартыш керек болгондуктан "тез жардам", милиция жана кымбат автоунааларды табыш да бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Андан да кыйыны эки күн кечке ырчы жасалма жаанда былчылдап суу болгон, эпизод бир нече жолу тартылгандыктан Пирцхалавада ошончо жолу былчылдап суу болот. Клип ийгиликтүү жаралыш үчүн Ираклий ден-соолугуна залака тиерине да кайыл болгон экен.

Анара Дүйшөналиева









??.??