Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Өпөң чычаң

Өбүшүүнүн сырлары
Психологдордун далилдөөсүнө таянсак,өбүшкөндө адамдын нерв системалары калыбына келип,тынч абалда болот.Адатта өбүшкөндү жакшы, көргөндөр табиятынан оптимист келишет жана ар дайым өз күчүнө ишенип анын аркасында жеке жашоосун бир нукка салып көптөгөн ийгиликтерге жетише алышат.
Өбүшүүнүн ар кандай түрү бар, мисалы бир туугандык, достук иретинде, ал эми жакшы көргөн түгөйлөрдүн арасындагы өбүшүү өзүнчө эле искусство экен, ал да өзүнчө бир талант болбосо да жөндөмдү, кылдат мамилени талап кылган нерсе. Эгерде сиз өбүшүүнүн пайдасын, канчалык биздин жашообузга зарыл экенин же болбосо жөн гана өбүшүүнүн сырларын билгиңиз келсе анда төмөнкү макалага назар буруңуз.

Эсиңде калган эң алгачкы өбүшүү…
Албетте эң алгачкы өбүшүү эч кимдин эсинен чыкпашында талаш жок,эгерде сиз алгачкы өбүшкөнүңүз жагымдуу жагдайлар менен эсиңизде сакталып калышын кааласаңыз, бул кадамга коркпой -үркпөй,мурда эч ким менен өбүшүп көрбөгөнүңүздү жар салып,сүйүнчүлөштүн зарылдыгы жок, себеп дегенде бул ого бетер ортоңуздарга ыңгайсыз абал жаратат. Эгерде мындай кырдаал жаралып калса андан чыгыш канчалык сиз үчүн кыйын болсо да боюңузду бош, эркин кармаганга аракет кылыңыз.Өбүшөөр алдында оозуңуздан жагымсыз жыт чыкпаш үчүн сизге сагыз, көк алма же болбосо петрушканын бир-эки жалбырагы жардамга келет. Эмнегедир айымдардын көбүнчөсү эркектердин өбүшкөнүнөн улам мүнөзүн аныктаганга умтулушат, бул такыр туура эмес экенин илимпоздорубуз эчак эле аныкташкан.
Алгачкы жолу өбүшкөнүңүздө; балыктай болуп унчугушпай тургандан көрө,сүйүктүүңүзгө бир -эки ооз жылуу сөз айтып эркелеткениңиз да жакшы жыйынтык берет.Эң негизги белгилей кетчү көрүнүш биринчи жолку өбүшүү жөн гана ооздордун "катышуусу" менен болуп, эч кандай сексуалдык агрессиянын болбогону оң, анткени өбүшүп жатканда оозуңузду, денеңизди тырышып , жыйрысаңыз эч кандай ырахат албай ,балким сүйүктүүңүздүн оозун тиштеп да алышыңыз мүмкүн.

Өбүшүү канча убакытка соЗулушу керек?
Ушул суроо көпчүлүгүн кызыктырса, өбүшкөндө ашыкча шилекей чыкпаш үчүн кандай чара колдонуш керек деген маселе да бир тобуна тынчтык бербей келет.Буга тынсызданууга деле негиз жок анткени өбүшүп жатканда дал ушул сиздин тынчыңызды алып жаткан шилекей аябай пайдалуу. Аялдан эркекке, эркектен аялдын оозуна кирген шилекейдин тишке,тиштин бүйлөсүнө пайдасы чоң. Эгерде шилекей ошончолук эле көп чыгып айлаңызды кетирсе, өбүшөөр алдында оозуңузга чогултуп туруп жутсаңыз да болот. Андан тышкары өбүшүү беттеги бырыштарды көп түшүрбөйт, себеби өбүшүүдөн өткөн мыкты массажды кезиктирүүгө мүмкүн эмес.
Ал эми өбүшүүнүн узактыгы боюнча сөз уласак, эң узак өбүшүү 417 саатка созулуп Гиннес китебине кирген, реалдуу жашоодо адатта өбүшүү бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин созулат. Ал эми беш мүнөт тынымсыз өбүшүү-бир саатка өмүрүңдү узартат. Узакка өбүшкүңүз келсе мурдуңуз менен жай дем алганды үйрөнүңүз, бат дем алгандан улам кан айлануу начарлап, баш айланганга жеткирет. Дагы бир кызыктуу факт европалыктар (жаштар) бир күндө 12 жолу , жашы 50-дөн ашкандар бир күндө 7 жолу өбүшүшсө, 12% акыркы жолу качан өбүшкөндөрүн эстей алышкан эмес. Өбүшкөндө сүйүшкөн түгөйлөрдүн дээрлик баардыгы көздөрүн жумган абалда болушат, бул көрүнүштү романтикалуу кинолорду туураганы менен түшүндүрүшөт, бирок дал ушундай учурда кинодогу каармандарга суктануунун кереги жок анткени өбүшүп жатканда өнөктөштөр бири-бирин көрүп турса көбүрөөк ырахат алаары психологдор тарабынан далилденген.

Айымдар кандай өбүшүүнү каалашат?
Көрсө бардык эле айымдар оозунан өптүргөндү жактыра беришпейт экен. Бийкечтердин 97% алкымынан өпкөндө бат дүүлүгүшүп, айрымдары тилинин учу менен кулагынан назик эркелетип тиштегилегенди сүйүшөт.
Кээ бир кыялкеч айымдар мырзалар колумдан өпсө деп эңсешсе да алардын каалоосун ар бир эле мырза аткара бербейт. Сулуулар тилинин учу менен өбүшүүнү каалашса, көпчүлүгү көздөрүнөн өптүргүлөрү келет, ал эми мырзалардын эсине сала кетчү нерсе-сүйүктүүңүз бир нерсеге капа болуп ,ыйлап жаткан учурда анын бакырайган сулуу көздөрүнөн алмак-салмак өөп койсоңуз эң соонун "сооротуу" болуп саналат.

Мырзалар кандай өбүшүүнү каалашат?
Жигиттер айымдардан айырмаланып ооз, мурун, кулакка караганда айымдын интимдүү жерлеринен өпкөндү жактырышат. Алардын 79% жакшы көргөн жакын адамынын көкүрөгүнөн өпкөндү жакшы көрүшсө, 63% айымдардын жөн гана боёлбогон назик эриндерин өбүүнү каалашат. Мырзалардын бирден-бир жаман көргөнү дал ушул айымдардын-ооз боёгучтары, ошондуктан, айымдар, сүйүктүүңүз менен жолугууга бара жатсаңыз канчалык каалап турсаңыз да оозуңузга эндик сүртпөй койгонуңуз оң. Эгерде статистикага таяна турган болсок эркектер 13-14 жашында эң алгачкы жолу өзүнөн улуу айым менен өбүшүшөт.

Өбүшүүнүн түрлөрү
Жигит өзүнүн эринин урчуйтуп туруп кыздын эриндерин өзүнө тартып, соруп өпкөнү "түзөтүү" деп аташат.
Жигит кыздын тилин оозуна салып болоор- болбос "тиштеп" аны сорот, кыз да жигиттин тилин берилүү менен бир нече убакыт оозунан чыгарбай соргон өбүшүү "самаян" деп аталат.
Жигит колу менен кыздын эриндерин бири -бирине тийиштирип туруп, өзүнө тартып, эми ачылып келе жаткан кызыл гүлгө окшоштуруп өпсө, "гүл үзүү" деп аталат.
Жигит тилинин учу менен кыздын үстүңкү эрининин ички беттерин дүүлүктүрүп козгойт. Же жигит колдору менен кыздын астыңкы эринин өзүнө тартып, тилин кыздын бир ууртуна сойлотот, мындай өбүшүү "абракумян" деп аталат.
Жигит колдору менен кыздын эриндерин ачып туруп тишин өпсө "гүлдүн желбиреги үзүү" деп аталат.










??.??