Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бешене

Сойкулуктун сазына кептегендер...
"Тагдыр бул - ар бир адамдын маңдайына жазылган жол тура. Биз бул жарыктыкка келээр замат түпсүз узун ичке чыйыр аркылуу турмуш деген кооптуу жолго аттанууга ашыгабыз. Чиркин, ал алгач мөлтүр кашка суудай таптаза өмүр сересинин башаты. Андан ары бассак тирүүлүктөгү көйгөй деген арабага туш келебиз. Аны алабыз да "күнөө" жана "сооп" деген нерселерди жүктөп тынымсыз жүрүп олтурабыз. Ал жакта бакыт жана бактысыздык, күлкү жана кайгы деген бекеттерге токтолуп өтөбүз. Даңгыр жолдун сүрөткери турмуш. Ал өтө татаал. Мергенчидей жашынып алып чалышып бараткан пендеге мээлеп атып көрөт, соккудан мүдүрүлгөнүнө дагы үстөккө сокку берет.
Ошол жаанын жебеси жүрөгүмө таамай тийип жараланып турганымда, экинчи соккусу бутумдан чалып, жаралуу аркардай чабалактап өйдө болууга умтулсам жырткычтар сүйрөп тытмалап, тарпымды сазга ыргытышты. Азыр саздан бутумду сууруй албай, тереңине улам сорулуп олтуруп, белчемден төмөн карай тартылып андан чыгалбай бараткандаймын..."
- деп жазылган экен катта. Анда окурман, армандуу кат ээсинин жашоосун сиздер менен тең бөлүшүүнү туура көрдүк!. .
...Ичим чоңойуп бешинчи айга өтө баштаганда Алмаз энесине:
- Апа, Таты экөөбүз ЗАГСка туралы деген сунушун айтса, албууттанган кайненем:
- Эй келесоо, аягы суюк албарстыдан башкасы куруп калыптырбы?.. Кетир мунуңду, башка кыз алып берем сага! -деди. Босогодон бери кире албай турган ордумда каттым. Алмаз башын жерден албай:
- Баламчы?..
- Кимдин баласы экенин кайдан билесиң?..
Жолдошум андан ары үн ката албай үңкүйүп олтуруп калды. Кайненем мөөрөйгө жеткенде, этегин кагынып сыртка чыгып кетти. Турган ордумдан олтура албай калдым. Биз жаткан бөлмөгө кирип, энем берген чоң сумкага өз буюмдарымды алып түн ката үйдөн чыгып кетээримде, Алмаз мени соорото бир тутам акчасын сунуп жатып артымдан шаарга бараарын айтты.
Шаарга келгенден аз убакыт өтпөй арзан батир таап, цехке үтүктөөчү болуп жумушка орноштум. Алгач кыйналганым менен көнүп бараткам. Эне болууга жакындаган сайын улам апамды сагынып, көз жарып алсам айылга барам деген максат менен күндөр өтүп жатты. Тогузунчу айдан өтүп баратканда Алмаз менен байланышсам, жакынкы күндөрү келээрин айтып, жашаган дарегимди сурады. Адатымча жумушума таң эрте туруп жөнөөрүмдө, ичим сыздатып ооруганынан жыла албай көпкө олтурдум.
Бара-бара оорум басылмак түгүл күчөп, суу кете баштады. Дал ошол учурда батир ээси кабар алганы келип калды. Жер сойлоп жатканымды көрүп, айласыз шалдыраган жигулиси менен ооруканага жеткирди. Алгачкы төрөтүм оор болду. Эсиме келип көзүмдү ачсам, кайненем палатада олтуруптур. Тек гана баш ийкеген болду. Бир аздан кийин быйтыйган ымыркайды оозантууга алып келишти. Кайненем сыртка үн салганда, Алмаз гүл көтөрүп кирип келди. Бир заматта өткөн азаптуу күн унутула, бактылуу көз ирмемде жылмая тиктешип калдык. Ошол жылмаюнун артында жашоонун арылбаган азабы күтүп турганын анда кайдан билдим...
Ураган үмүт же жаңылуу
Бейтапканада бир жумадай жатканда дарыгерлердин уруксааты менен кайненемдер чыгарышты. Мени кетип калат деп күйпөлөктөгөн батир ээси, акчасын сурап келиптир. Муну уккан кайненем кытмыр жылмая Алмазга карап:
- Бол, баланы ал, кеттик. Кыялы заматта өзгөрүлө калган кайненемдин үнү "чаңк" этти.
- Баламды боорума кыса, артка кетенчиктей түшүп:
- Тийбегиле, балама!..
- Көп сүйлөбөй колуңдагыны бер! Сен баланы коюп, өз курсагыңды тойгузуп алчы!
Кайненем жулкунуп келип, колумдагы баламды жулуп алды. Таттуу уйкуда жаткан балам чукуранып, ары-бери тарткылоодон ыйлап жиберди. Жок, мени баламдан ажыратпагыла, Алмаз суранам силерден... Баламды, баламды бергиле... Мени жалгыз калтырып түртө, унаасын от алдырып жөнөй беришти. Үзүлгөн гүлдөй тепсендиде сумкамы чаңдан өйдө ала албай, салаалаган жашымды тыя албай жүз төмөндөп кулап жатты. Кожоюн каадалуу кишиче батирдин акчасын кечээрин айтып үйүнө алып жөнөдү. Эми мени ай талаада калтырса да баары бир эле... Тогуз ай омурткам сыздап төрөгөн наристемден көз ирмемде айрылып, өксүп жаралганыма өкүнүп боздоп, түтөгөн түйшүгүм түгөнбөйт. Олтурсам да турсам да быйтыйган наристем көз алдыма элестейт да турат. А кожоюн болсо күн сайын жаңы, ар түрдүү акчага маарый турган жумуш тууралуу көп айтып түгөтө албайт. А мен үчүн кандай жумуш болсо да баары бир...
Кайрадан кездешүү
Ошол каргыш алган күнү борбордун так ортосунда жайгашкан Саунага бир топ сойку кыздар менен ишке жиберишкен. Бул жумушка иштегениме жыл айланып калса да ирээнжигеним калбады. Бүгүнкү келчү кардарларды эстеп көңүл кош, эпсиз ачык окшош көйнөктөрдү кармалап жатып өз жашоомо наалып, өтүп кеткен беш жылга таң калам. Андан бери эки аягым менен басып, элдин шарында сүйрөлгөнүм эле болбосо, тирүүнүн өлүгүнө айланганым качан. Бул жерде көзүм жалтырап, оюм алда кайда түгөнбөгөн санаага башым катып турганда тааныш үндү кулагым чалып калды. Ринат агамдын үнү... Өзүн билбей арак ичип, жымыйып кызарган көзүн сүзгөндөгү үнү. Же мени ушул жолго келүүмө түрткү берген үндөрбү... Кулагыма кайрадан жаңырып жатабы дегиче, жанагы үн кулагыма даана угула түштү. Жаңы саатка жиберилген беш кыздын эшиги ачыла калганда башымды өйдө көтөрө калдым.
Ушул итти көзүм көргөнчө жер тең экиге бөлүнүп кетсечи... Карыганча кыз жандаган дөөпөрөстү көзүм көрбөй мурун эле сокур болуп калсачы... Эпсиз эрди кулагына жеткен тааныш караандан көзүмдү ала албай турган жеримде каттым. Бет алдымда элүүдөн эчак ашкан курсактуу, жүзү манаттай кызарган менин агам турду.
- Сенби? Бул жакта эм-н-е-ге...
Ага сөз кайтара албай эриндерим кургап, тилим оозума батпай чыкты. Ал көпкө шылкыйып турду да башын жай көтөрүп:
- Кечир мени?..
- Кантип?..
Үнүм титиреп тула боюм калчылдайт. Менин абалыма түшүнүштүбү жарданып карап турган кыздар ичкери бөлмөгө кирип кетишти. Ал жерде экөөбүз жалгыз калдык. Тилимди жексур байлап койгондой башымды жерден албай тура бердим. Агам жаныма чукул келди.
- Кыйнадым ээ сени?.. - Быртыйган эпсиз чоң колун башыма тийгизе берди.
- Мм...
- Кечир, карындашым... Өйдө карасам кызарган көзүнүн чарасына жаш толуп чыгыптыр.
- Сенин мендей карындашың жок... Жүрөгүмдү жаралап, ушул күнгө кептеген сендей агам жок...
- Таты... Энең сенден түңүлбөй дале күтүп жүрөт...
- Жок, менин эч кимим жок... Өз шорумду өзүм тартам... Ордунан тушалган жандыкты андан ары чыдап карай албай, эшикке чыгып кеттим.
Энем, кагылайын асыл энем, мен сени эч күнөөлөбөйм. Ырас, дале мени көзүң кайыккыча жол карап күтөттүрсүң. Бирок, бул түбү терең сазга кептелгеним тагдырымдын мага буюрган жазыгы, мени кечир асылым апа... Жагымсыз жыттардан баш ооруйт... Кандай гана азаптуу күндөр эртеңки жашоом караңгы түндөй улам күңүрттөнүп барат...




***
Менин келгениме атам аябай сүйүндү. Апам экөөбүздүн ортобузду муздактык аралап калыптыр, ал мага баштагыдай мээримин төгүп учурашкан жок, мен ага боюмду салып эркелебедим. Экөөбүз салкын гана өбүшүп учураштык. Атам менден айылдагы жаңылыктар тууралуу сурап отурду, апам менин ар бир кыймылыма сын көз менен карап текшергенсип турду. Анын мындай кыймылы мага таптакыр жаккан жок, бирок сыр билгизбедим.
Ушул күндөн баштап мен өзүмдүн тагдырым жөнүндө ойлоно баштадым. Канчалык көп ойлонгон сайын ден-соолугум начарлап баратканын сездим. Ден-соолугум начар болсо менин эч кимге керегим жок экенин түшүндүм да, биринчи жолу ден-соолук үчүн күрөшүүгө аракеттендим. Бир жолку ээликкениме минтип өз энем чыдабай ортобуз муздап баратса, менин мындан аркы турмушумда мага ким күймөк эле деген ой көкүрөктү эзет. Эне-атамдан башка менде эч кимдин жоктугу ого бетер маземди алат…
Убакыт өтө берди. Кээ бир түндөрү Бахидди каргап чыгам, бирок бардык оюм анын тегергинде болуп баратканын мойнума алдым. Бул көрүнүш мени ого бетер байлап, аны сырдуу күчтүн ээси катары көрсөтө баштады. Мындай ойлобогондо кантмек элем. Дубаланган курма тууралуу, кимге айтпайын, баары мени сырдуу, бутумдан башыма чейин карашып, анан жылмайып коюшат. Сыртымдан сыр билгизбегеним менен ичимден тызылдап ызаланып кетем. Өзгөчө ушундай абалдан кийин, бу дүйнөдө менин тагдырыма Бахидди жазып койгондой, андан башка киши мени түшүнбөчүдөй боло түшөм. Ага жолуккум келе баштады. Жолугуп кыйналаганымды айтып, анын ушундай күчтүү экенин мойнума алып, кечирим сурагым келип кетет. Сабакка улам жакындаган сайын чындап күтө баштадым. Анын "Мени издеген жоксуңбу?" деген сөзү кулагыма жаңырып, кадимкисиндей өзү айтып жаткандай кайталана берчү болду. Көпкө ойлонуп отуруп, Бахиддин бир мезгилде айтканы чын экендигин, эми мен аны өзүм издеп бараарымды баамдадым…
Сабак башталды, мен аны көрөм го деп барсам бирок андай болбоду. Башка курсташтарымдын баары келиптир, бир гана Бахид жок. Курсташтарым менен баягыдай тамашалашууга аракеттенгеним менен оюм ордунан чыкпай, ар бир пар сайын Бахид кирип келеби деген санаа алаксытып туруп алды. Дагы бир сынап көрөйүн дегенсип жаткандай туюлду. Мага ушул мезгилге чейинки убакыт бир тең, ушул күндүн өтүшү бир тең болуп туруп алды. Убакыт өтсөчү. Эртеңки күндү чыдамсыздык менен күттүм. Түнкүсүн канча уктадым билбейм, эртең менен таң атпай ойгонуптурмун.
Өмүрүмдө ушунчалык көңүл буруп, күзгүнүн алдында узак отуруп, кандай кийим кийсем деп ойлонуп көргөн эмесмин, дегинкиси бул жолу аябай түйшөлдүм. Жүрөгүм дикилдеп алып учат. Кайдадыр бир жооптуу ишке бараткандай өзүмдүн ар бир кыймылыма көз салып, тигиндейинен да, мындайынан да акыл калчоого аракеттенип, жаңылбай мамиле кылууга, бардыгын акыл менен чечүүгө умтулуп бараттым. Канчалык токтоо, акылдуу болоюн десем да, кабынан чыгып кетчүдөй жүрөк, баары бир мага баш ийбестен, алактатып салды. Улам убакыт жакындаган сайын, аны көргүм келип ара-чолодо Кудайдан тилеп жибердим окшойт.
Энтеңдеп барганым текке кетип биринчи парга келбептир. Шаабайым сууй түштү. Бүгүн да келбей калат го деп түңүлүп калсам, экинчи пар башталаарда кирип келсе болобу. Курсташтарымдын эч кимиси аны барсыңбы, жоксуңбу дебестен ооз учунан учурашып кол кармашып саламдашып коюшту. Мага келгенде, экөөбүз кечээ эле коштошуп, бүгүн жолуккандай кайдыгер гана:
- Кандай? Жакшы жүрөсүңбү?-деди.
- Жакшы, - мен анын мынчалык кайдыгер болоорун күткөн эмесмин. Элдин көзүнчө кучактап эзилип жиберет деп деле ойлобогом, бирок мынчалык супсак мамиле кылат деп күтпөгөм. Андан муздактыкты сезип турсам да, баары бир ага тартылып турдум. Мындай мамилеси үчүн аны күнөөлөбөстөн, тескерисинче ичимден актай баштадым. Калган эки пар өзүм менен өзүм ушинтип күрөшүп отуруп аяктады.
Шаар турмушу кызык эмеспи, сабактар бүтөөр менен ар кимиси өз иштерин бүтүргөнгө чуркашып, бири-бирине көңүл бурбай тарап кетишти. Мурда сүйлөшүп алгандай Бахид экөөбүз эле калыптырбыз.
- Мени издедиңби? - Бахиддин бул суроосу мени чындап сынагандай туюлду. Бирок, баягыдай так кесе "издеген жокмун" деп айта албадым. Издедим деш мен үчүн оңойго турган жок, ошондуктан башымды жерге салып унчукпадым. Бахид мени мурдатан ушундай программалап койгондой, андан башка эч сөз айтпастан, келип эле колумду кармап, коомай кучактады.
Мүмкүн силерге калп болоор, бирок мен андан ушул кезге чейинки өмүрүмдө көрбөгөн жылуулукту сездим. Далай эле эркек менен сүйлөшүп көргөм, айрымдары бетимден өөп деле көрүшкөн, бирок мен мындай сезимди - жүрөгүмдү титиретип, муундарымды калчылдаткан эркектеги жылуулукту алгач мына ушул Бахидден сездим. Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү бактылуу элестеттим. Ал күнү экөөбүз көпкө сүйлөшкөн жокпуз. Ал мени менен көптөн бери чогуу жашап жүргөндөй кармалап-сермелегени болбосо, анча деле көңүлгө токтой турган эч нерсе айтпады. Экөөбүз ээрчишип алып, самсаалап көчөлөдүк. Ал кыска-кыска суроо берет. Мен көбүрүп-жабырып түшүндүрүүгө аракеттенем, болгону ал менин үйбүлөм тууралуу толук маалымат алды көрүнөт.










??.??