Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дүйнө дүбүрт

Жер ортолук деңиздеги жаңы биримдик
Биримдикке Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түндүк Африкадан бардыгы болуп 43 мамлекет кирди. Бул тууралуу Жер ортолук деңиздеги мамлекеттердин саммитинде Франциянын президенти Николя Саркози билдирип, жаңы негизделген уюмга кирген өлкөлөр мыйзамсыз миграция менен күрөшүп, өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдарга тыюу салууга, айлана-чөйрөнү коргоого милдеттүү деп белгиледи. Парижде өтүп жаткан саммит Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу максатын көздөйт.

Өзбек милиционерин өзүнүн тапанчасы менен атып салышкан
Өзбекстандын Анжиан облусундагы Асака шаарында милициянын сержанты өлтүрүлгөн. Укук коргоо органдарынын кызматкери өзүнүн тапанчасы менен шаардык банктардын биринде күзөттө турган жеринде атылган. Бейрасмий маалымат боюнча, милиционер жана анын өнөгү жумуш ордунда мас болушкан. Алардын компаниясында болжолдуу түрдө банктын клиенти болгон дагы бир адам жүргөн. Ал белгисиз себеп менен милиционердин кобурасынан анын тапанчасын сууруп алып, өзүнүн бөтөлкөлөштөрүнө бир нече жолу ок аткан.

Бухуттонун өлүмүнүн сыры ачылабы?
Улуттар уюму Беназир Бхуттонун өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөнү жатат. Пакистандын премьер-министри жарыялаган бул кабарды баш катчы Пан Ги Мундун кеңсеси да бышыктады. Пакистандын мурдагы премьер-министри Бхутто былтыр жыл этегинде Равалпинди шаарында өтүп жаткан шайлоо компаниясы маалында кол салуудан каза болгон. Пакистандын буга чейинки өкмөтү, Британ полициясы жана АКШнын Борбордук чалгын кызматы жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Бхуттонун өлүмүнө Аль-Каида менен байланышта турган согушкерлер жооптуу деп айтылган. Азыркы өкмөттү жетектеген анын партиясы болсо көптөн бери Улуттар уюмунун иликтөөсүн талап кылып келген.

АКШда да банк бакрот болот
Банкрот болгон IndyMac Bank калкты ипотекалык кредит менен камсыздачу. Бул АКШда ипотекалык кредит чөйрөсүндөгү жалпы кырдаал начарлап турган учурда орун алууда. Адистердин белгилөөсүнө караганда, банктын кыйрашына дүрбөлөңгө түшкөн аманатычылар акчаларын жапырт чыгарып кетүүсү өбөлгө берди. Кечээ банктын активдери камакка алынды. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Калифорнияда жайгашкан банктын банкротко кабылуусу - АКШ тарыхындагы ушундай ири окуялардын үчүнчүсү.

Түндүк, Түштүк Корея бирикпейби?
Түндүк Кореянын маалымат каражаттары кабарлагандай, өлкө Түштүк Корея президентинин биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушун четке какты.
Түндүк Кореянын негизги гезити "Родонг Синмун" президент Ли Миунг Бакты "кара ниет" ыкмаларды колдонуп, эки өлкө ортосундагы мамилелердин начарлашы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбейт деп айыптады.

Николя Саркози олимпиаданын ачылышына келет
Франциянын президенти Николя Саркози Пекинде Олимпиаданын ачылыш аземине катышат. Франциянын президентинин басмасөз-кызматы тарабынан шейшембиде таратылган билдирүүдө Саркози КЭРдин президенти менен байланышкандыгы жана аземде болууга ниеттенгендигин ырастагандыгы айтылат. Кытай бийликтери Тибеттеги тартипсиздикти басууга катуу чараларды көргөндөн кийин Саркози нааразылык белгисинде Олимпиаданын ачылышына баруудан баш тартышы мүмкүндүгүн кыйыткан.

Адашкан турист
Түндүк Кореяда эс алууда жүргөн түштүк кореялык турист Кумганг тоолорунда атып өлтүрүлдү. Ал аскерий зонага адашып кирип кеткен. Биригүү боюнча министрлигинин расмий өкүлү билдиригенине караганда 53 жаштагы аял тилкенин ичинен токтоого буйрук алган, бирок, кача баштаганда аскерлер ок атышкан. Түштүк Корея окуя болгон курортко туристтерди жиберүүнү ишембиден тарта токтотмокчу.

Атактуу кардиохирург Майкл ДеБейки дүйнөдөн кайтты
Атактуу кардиохирург Майкл ДеБейки Кошмо штаттардын Хьюстон шаарында 99 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал жүзгө быйыл сентябрда чыкмак эле. Кезинде дүйнөнүн көптөгөн белгилүү адамдары, анын ичинде Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Майкл ДеБейкинин пацинеттери болушкан. Ал жүрөккө операция жасоодо азыр кеңири жайылган ыкмалардын көбүн биринчилерден болуп киргизген.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ









??.??