------WebKitFormBoundarydfAERvm8jOLKj "Обон", 15.07.08 - 21-22-23-бет: "Обон"-почта...•Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обон"-почта

Эл тараза, эл сынчы,
ЭҢ мыктысы кайсы ырчы?
Элдик добуштун негизинде аталган сынактын экинчи туру аяктап, эки айлык рейтингдин жыйынтыгы боюнча конкурстун шартына ылайык 30 баллга чейинки эң аз упай топтогон өнөр адамдары тизмеден чыгарылды. Сынактын үчүнчү туруна добуш берүү башталды. Анда эмесе, чамдаңыз! Сиздер менен бирге эл ырчыларын электен бир өткөрөлү. Эл сынынан, эл таразасынан өтүү өтө татаал, "калк айтса, калп айтпайт" деген тегин жерден чыккан эмес. Андыктан 0555-000986 жана 0772- 624855 номерлерине сүйүктүү ырчыңыздын атын жазып, SMS жөнөтүңүз. 1 SMS 1 добушка барабар. Ай сайын рейтингдин жыйынтыгы боюнча эң аз упай топтогон ырчылар оюндан чыгат. Акырында алдыңкы катарга чыккан 10 ырчы "Обон" гезитинин "Эң мыкты Эл ырчысы" деген атайын сыйлыгына ээ болот. Кеттик, анда! Төмөнкү ырчылардын тагдыры сиздин колуңузда, окурман!

№ Аты-жөнү Добушу
1. Акбар Сүйүнбаев 47
2. Алихан 92
3. Айгерим Расул кызы 69
4. Айжамал Кабылова 123
5. Айя Садырова 44
6. Айгүл Чалова 72
7. Анжелика 59
8. Асел Турдалиева 35
9. Азат Болотбек 52 10. Бек Борбиев 83
11. Бактыгүл Бадыева 96
12. Бегимай Эсенгулова 43
13. Гүлнур Сатылганова 75
14. Гүл Ташкент кызы 47
15. Даниэль 39
16. Жаным Айзат 42
17. Жаныш Кочкоров 78
18. Жеңишбек Айтиев 39
19. Замир Мырза 83
20. Замир Арыкбаев 49
21. Ильяз Андаш 52
22. Ильяз Абдыразаков 187
23. Иса Өмүркулов 34
24. Ислам Акматов 93
25. Кайрат Примбердиев 36
26. Кундуз Канатбек кызы 46
27. Кенже Дүйшеева 39
28. Мирбек Атабеков 144
29. Мирбек Иманбеков 137
30. Мальвина 53
31. Нэля 67
32. Омар 84
33. Роза Шакирова 81
34. Сайкал Садыбакасова 66
35. Сапар Эркебаев 37
36. Султан Садыралиев 139
37. Самандар 65
38. Сыймык Бейшекеев 51
39. Сьездбек Искеналиев 59
40. Темир Назаров 159
41. Урмат Усенов 78
42. Чыңгыз Мырзаев 127
43. Ынак Осмоналиев 49


ОП-24-01. "Обон" биздин сүйүктүү гезит. Шымкент калаасындагы "Бекжан" базарында иштеп жаткан досторум Эркайым, Гүлмира, Таттыгүл, Калия, Аселя, Наргиза, Нурида, Венера, Айзирек силер менен достошконум үчүн кубанычтуумун Мунара

ОП-24-02. Жаным, айтчы сени кантип унутам. Кечээ сен жанымда болсоң, а бүгүн кайра эле жалгыздык, жоготуу, жандүйнөдө боштук. Кусалык мени кыйнап бүттү. Нурзат

ОП-24-03. Гүлнарка сен да мени ойлойсуңбу? Самат

ОП-24-04. Балдардан Мирбек Иманбеков, кыздардан Бактыгүл Бадыева сулуу. Элиза

ОП-24-05. Кадамжайлык 93-94-жылкы балдар-кыздар сиздерге ийгилик! Элиза

ОП-24-06. Сема "Кумир менен баарлашууга" качан келет? Гуля

ОП-24-07. Кумураны алып колуна,/ Чачыкты илип мойнуна./ Суу куюп турса арман жок,/ Сүйгөн жардын колуна. Кыргыз кыздар бул тилекти баарыңа каалайм. Сырдуу жигит

ОП-24-08. Көкжар айылынын тургуну Зулпуева Гүлмира эжебизди 18-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Балдарыңыздын рахатын көрүңүз. Сиңдиңиз Шахзат

ОП-24-09. Урматтуу Самат байке, сизди келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Каалоо-тилектеримди чын жүрөгүмдөн, сизге жолукканда айтайынчы. Андыктан мени тандап коюңузчу? Бетиңизден өөп, бек кучактап тилектеримди айтып коёюн. Аны менен бирге менин өмүрүмдү узартып бересиз. Суранам сизден? Урматым менен Жазгүл 07733186хх

ОП-24-10. Кызылкыя шаарына караштуу Караван айылында жашаган досторум Зуура, Гүлнараларга салам жолдойм. Бакуля

ОП-24-11. Шымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген Нурсулуу сени менен жакындан таанышкым келет. Каршы болбосоң бир күнү сени кафеге чакырам. Сен мага жагып калдың. Сени жактырган сырдуу жигит. +770215144хх

ОП-24-12. "Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө"- дегендей бири-бириңердин кумир туткан ырчыңарга асылбай эле койгулачы? Андан көрө добуш берип, "Алга!" демекчимин. Чынара

ОП-24-13. Ээй, туугандар мен окугум келип жатат, бирок апамдарды кыйнагым келбейт. Не кылайын? Кеңеш бергилечи? Камилочка

ОП-24-14. Ээ туугандар, "Кайып булакта" бириси да жакшы аткарбаптыр. Кыргызча болгон соң кыргызча сүйлөшпөйбү? Сема орусчаны үйрөнүп анан сүйлө. +770256490хх

ОП-24-15. Салам Темир байке, сизге баардык жакшылыктарды каалайм. Жаш ырчылардын ичинен сизди жакшы көрөм. Мен сизге ишенемин. Кыргызстандын таланттуу жигитсиз. Жаш ырчы болсо да таланты бар тоодой, алгалай бер өсө бер Кыргызстандын мырзасы жана менин кумирим. Гүлнур

ОП-24-16. Карасуу районуна караштуу Кызылсуу айыл өкмөтүндөгү Алпордо айылында жашаган атам Байыш, апам Калыска жана бир туугандарыма салам жолдойм. Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Шымкенттен уулуңуз Чынгыз, келиниңиз Эркайым

ОП-24-17. Алматыда "Кулагер" базарынын 1 в кампасына чоң салам! +770256490хх

ОП-24-18. Жетекчилер ичпей жебей иш алып барсаңар боло? Жетекчилердин опозиционери

ОП-24-19. Баракелде, БАКС келип, баары кымбаттады. К.А.Д.

ОП-24-20. Каракөлдүк Гүлназ кайдасың? Кабарыңды билдирчи? Мен сени чексиз сүйөм. Шурик

ОП-24-21. Шымкеттин базарларынын биринде иштеген Мээрим, мен сени чексиз сүйөм. Качан жолугабыз? Алматыдан Кубан

ОП-24-22. Каракулжа районунун Октябрь айылындагы 1989-жылкы Медер, мен сени чексиз сүйөм. Экөөбүздүн сүйүүбүз уланышын каалайм. Кабарлашчы. Жаның А...

ОП-24-23. Менин саламым Ноокат шаарындагы 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө! 07731176хх

ОП-24-24. Саламатсызбы Самат? Атасынан баласы сурайт, дүйнөдө мен эле ырчымынбы? Жок балам, ал азыр SMS окуп жаткан адам супер ырчы! Дайыма супер ырчы болуп жүрө бергиле. Силерди терең урматтоо менен Айназик

ОП-24-25. Жаным, эмне көрүнбөй койдуңуз? Мага дагы деле капасызбы? 07727812хх

ОП-24-26. Сокулуктагы досторум Динара, Махабат, Гүлзат, Аида, Аман,Мухамбет, Нурбек, таластык Расул, Улук, көлдүк Аида, Гүлзада мен силерди сагындым жана Москвада иштеген Назирага салам. Казакстандан Нурайка

ОП-24-27. Чокталдагы энекеме, атам Нурланга, апам Илвира жана Тоту мамама, Баргы атама, Наси, Баку, Шапу, Илгиз Эляга чоң салам! Бар болгула! Мунара

ОП-24-28. Саламатсыздарбы Самат жана Талант? Кандайсыңар? Биринчиден ден-соолукта болушуңуздарды жараткандан сураар элем. Андан соң ата-энеңиздердин, Ата Мекениңиздердин, күйөрмандарыңыздардын керегине жараган мыкты жигиттерден болуңуздар. Оштон Чынара 07736713хх

ОП-24-29. Салам "Обончик" С. Искеналиевден кийинки конок ким болду экен? 07723431хх

ОП-24-30. Сүйүктүү кумирлерим Самат менен Талант Кадыровдорго: Сиздерге кааларым чың ден-соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, асмандагы жылдыздардай болуп ар дайым жанып жүрө бериңиздер. Силерди бир көрсөм арманым жок эле. Сахнанын көркүн ачкан силерсиңер. Бар болгула! Сиздерди терең урматтап сыйлаган, ар бир ырыңарды калтырбай уккан күйөрманыңар Жибек

ОП-24-31. Өзгөн районунун Красный Маяк айылынын тургундары атам Ибраим, апам Адалат, сиздерге ден-соолук, узун өмүр каалайм. Бактыбызга бар болуңуздар. Гүлназ

ОП-24-32. Каракулжа районундагы Жаңыталаа айылына салам! Апакебай асылымсың бул дүйнөдө, сен бар үчүн жашап келем бул өмүрдө. Эч оорубай бар бол дайым бактыбызга. Кудайым өмүр берсин бир өзүңө. Шымкенттен кызың Мунара

ОП-24-32. Сүйүктүү кумирим Сьездбек байке, мен сизди сыйлайм. Сиз кыргыздын таланттуу адамдарынын бирисиз. Үйбүлөңүзгө бакыт каалайм. Абуда

ОП-24-33. Достор, ырчылар үчүн урушпайлычы? Жакшы нерселерди жазалы. Хан-Шай

ОП-24-34. Мен досум Куштарбекти студент болушу менен куттуктаймын! Айзада

ОП-24-35. Сьездбек байке үйбүлөдө апаңыз сулуубу же атаңыз сулуубу? 07726841хх

ОП-24-36. Салам "Обонтай". Оболой бер "Обонтай". Силер суперсиңер. Ааламда теңдеши жок терең ойлуу сапаттуусуң, обон-күлкү тартуулап. Өркүнүңөр өсө берсин. Атагыңар Ай ааламга таанылсын. Ак калпактуу кыргыз элин тааныткан эр жүрөк "Обон" болгула. Гуля

ОП-24-37. Менин саламым "Обондун" активдүү окурмандарына жолдонот. Ар дайым алга! Силерди терең урматтап Канжар

ОП-24-38. Мен Акмуз айылында жашаган эжелерим Бегай, Акылай жана иним Кутубайга салам жолдойм. Толкунай

ОП-24-39. Ильяз Абдыразаков мен сени чексиз сүйөм. Мендей сени эч ким, эч качан сүйгөн эмес, сүйө да албайт. Ийгилик сага . Сени сүйгөн Жака-Жазгүл

ОП-24-40. Курсан аке сизди сагындым. Кайда болсоңуз да тынч болуңуз. Сизден коңгуроо күтөм. Чоңалайга Оштон салам. Т...

ОП-24-41. Атам Абдивали, апам Абида жана бир туугандарым силер менин бактымсыңар. Дайыма бактыма бар болгула. 07739723хх

ОП-24-42. Жан дүйнөмдү жабыркатпай жакшы сөз айтчы мага. Сыймык байке кайталангыс сезим ыргагы ойго салды. Мукам сыйкыр авазыңыздан улам, муңайыңкы көздөр жашка толду. "Жакшы сөз айтчы мага" аттуу ырыңыздын тарыхын билгим келет. Сураныч, сизди сыйлап терең урматтоом менен Асиде

ОП-24-43. Саламатсыздарбы "60К" тобу. Мен сиздердин чыгармачылык иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди, ошондой эле апаңыз силердин сый-урматыңыздарга бөлөнүп, сиздер менен бар болуп бакубат өмүр сүрүшүнө тилектешмин. 07773436хх

ОП-24-44. Урматтуу "60К" мени жеңишке жеткирип, сүрөткө силер менен түшкөнгө мүмкүнчүлүк берсеңер, жаныңардан дүйнөдөгү эң бактылуу кызды көрө аласыңар. Суранам силерден. Жазгүл 07733186хх

ОП-24-45. Ырчылардын эң сулуусу болгон Анжеликага салам. Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей, ден-соолукта болуңуз. 07724234хх

ОП-24-46. Саламым Мырзаев Чынгызга. Арчадай узун болсун өмүрүң,/ Кайгы-муңга чөмүлбөсүн көңүлүң. Тилектешмин сенин бүткүл оюңа,/ Баскан сайын гүлдөр өссүн жолуңа./ Кадам шилтеп алга дайым бара бер,/ Шаңдуу-шайыр музыканын койнуна. Урматым менен күйөрманың Лазат

ОП-24-47. "Обонушканын" жалпы жамаатына ысык салам. Оболоп дайым алга уча бериңиздер. Жалпы окурмандарга салам жолдойм. Жеңиш кроша сага да жараткандын бардык жакшылыгын каалайм. Чоң рахмат. Лазат

ОП-24-48. Жабыркаган жан дүйнөм жанчылып жазаландым,/ Жанда жакын жакшынам жароокер жагымдуусуң./ Жалбартпай жарашып жарпым жазчы,/ Кумирим Эдилди чакыргылачы? Диаз

ОП-24-49. Олуттуу "Обон" ордоңордо оомат толсун. Акбар сейрек кездешүүчү үн сенде гана. "Жомоктогу бейтааныш сулуу" ырыңды угуп талантыңа таң бердим. Таанышчу күн келээр. Күйөрманың

ОП-24-50. Түнкү каналга Темир Назаров келгенде бир кыз телефон чалып Канат Култаевди Темир байкеге мактабай өзүнө барып мактабайсыңбы, ал жакшы болсо тосот беле убагында, Ильяз Абдыразаковду деле эч жерден чыгарбай бут тоскон болчу бирок, жеңилип калды. Темир байкеге бут тоссо деле аны колдогон адамдар көп уктуңбу? 0777158980

ОП-24-51. Бишкек шаарында иштеп жаткан Жаңыбай тагама салам жолдойм. 4436

ОП-24-52. Жалалабат облусунун Октябрск айылына салам! Досум Алия, Илгиз жайкы каникулду көңүлдүү өткөргүлө. Астанадан Нурпейил

ОП-24-53. Салам "Обон", сиздерден сураныч испаниялык футболист Фернандо Торрес жөнүндө маалымат берип койгулачы? Гүлсара

ОП-24-51. Алихан сени сүйөм, мени кыйнабачы. 07734462хх

ОП-24-52. Карасуу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Учкун айылындагы 1991-жылкы балдарга салам. Бар болгула, бай болгула. Манас

ОП-24-53. "Бекжан" базарында иштеген Кадыш жездемдин туулган күнү менен куттуктайбыз, чың ден-соолук, узак өмүр каалап балдыздарыңыз Кенжегүл, Ырысгүл

ОП-24-54. "60 К" ийгилик силерге. Талантыңар ташкындай берсин. Самат байке сизден мурун автограф сураганда кийин мүмкүнчүлүк болгондо дедиңиз эле го? Эми мүмкүнчүлүк колуңузда турганда жерге кагып, жаш жүрөгүмдү жаралантпаңызчы, суранам сизден. Терең сүйүүм жана урматым менен Жазгүл 07733186хх

ОП-24-55. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жамааты. Сиздерден сураныч Кореянын белгилүү киноактёру Ли Те Кон жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? 07735482хх

ОП-24-56. Салам "60К" тобунун жигиттери.Силерге чыгармачылык ийгилик. Атаңардын жолун жолдоп, ушул кесипти тандаганыңарга, агайыбыздын арбагы ыраазы болот деп ойлойм. Силерге бул жалган дүйнөдөгү чыныгы жетишкендиктер болуусун каалайм. Шымкенттен күйөрманыңар. +770154694хх

ОП-24-57. Атам Байжигитке, апам Софияга жана Залина, Зульфия, Дания эжелериме салам айтам. Бар болуңуздар. Сиздер бар мен ар дайым бактылуумун. Нурия

ОП-24-58. Кыргыздын мыкты ырчылары Чынгыз, Неля, Бактыгүл, Ынактарга салам айтам. Мен сиздердин талантыңыздарды баалайм. Нурия

ОП-24-59. Талантка: Талант сен менин жанымсың, лапускамсың, сүйүктүүмсүң, ардагымсың, кымбатымсың, жашоомсуң. Жоголуп кеткеним үчүн кечирим сурайм жана сенин чыгармачылыгыңа чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Талант, жаным сага дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм. Сени клиптен көрүп алып ыйлайм. Мени унутпачы жаным. Бегайым.(Миң кыял) 07777085хх

ОП-24-60. Урмат Усенов мен сизди аябай сыйлайм. Түбөлүктүү дос бололу, сизден сураныч 0777824090 номерине чалып коюңузчу. Мени эстедиңизби?

ОП-24-61. Баткен облусунун Актатыр айылында жаңы үйлөнгөн досум Нургазы, аяшым Кызжибек бактылуу болгула. Силерге тынчтыктык каалап досуң Максат

ОП-24-62. Шымкенттеги "Самал" базарында иштеген менин сүйүктүү сүйгөнүм Нурланга чоң салам.+77025127991

ОП-24-63. Талант кандайсың, ден соолук кандай?Талант Байыш жана Жаныш аке жүрөбү? Баарыңырга салам. SMS жазгыла. Талант ошол номер сеникиби? Жооп жаз дос. Маха

ОП-24-64. Оштун Учкун айылындагы 1990-жылкыларга салам. Досторум бар болгула. Кыргыз элим бар болсун. Аман болуп, бай болсун. Ырчылардын баары сулуу жана баарында талант бар. Айнагүл

ОП-24-65. Самат жана Талант сиздердин жакшы көрүп жеген тамагыңыздар кайсы? Силерге ийгилик 0772684115

ОП-24-66. Шымкенттеги "Самал" базарындагы 84-90-91-жылкы балдар жана кыздарга ысык салам. Ырысгүл, Гүлнура

ОП-24-67. Мен Алматыда иштеген жаным Гүлүгө салам жолдойм. Мен сени чексиз сүйөм. Алтының К…

ОП-24-68. Кыргызстандын мыкты жылдызы, кыргыздын супер ырчы айымы, чыгыш ырчыларынын ханышасы, чыгыш бийинин лидери, 2007-жылдын сахна ажары, менин сүйүктүү кумирим Айгерим Расул кызына салам жолдоп, добушумду берем. Ильяс

ОП-24-69. Майрамбек Осмоновго чоң салам! Кукуня

ОП-24-70. Өзгөн районунун Кызылтоо айылынын мектебин 1988-жылы бүтүргөн классташтарыма салам. Шымкенттен Азамат

ОП-24-71. Жаным, башында сүйүүгө мас болсом да аягы жалгыздык, муңга батты. Жүрөгүмө кусалык батпай барат. Канчалык сенден алыстайын десем да жүрөк чыдабайт. Кечир жараткан жүрөккө баш ийип, сенин алдыңда кечирилгис күнөөгө батканым үчүн. Кайылмын баарына, сүйүү үчүн баарынан кечүүгө даярмын. Нурзат

ОП-24-72. Ыймандуу кыздар менен таанышам. SMS жазгыла. +777736746хх

ОП-24-73. Берекем, көлөкөм, секетим, конфетим, жашоомдун кызыгы Ильяз Абдыразаковго салам! Талантың ташкындай берсин! Сүйөм сени. Жака-Жазгүл

ОП-24-74. Кунчуайперишка, Айка силер менен таанышканыма кубанам. Аллахка ыраазымын. Дайым бар болгула, бактылуу болгула! Ысык саламым менен Жака-Жазгүл

ОП-24-75. Урматтуу "60 К", силерге ийгилик каалайм. Лапочка Самат байке, сиздин келбетиңизге суктанып, талантыңызга таң берип келем. "Сизди сүйөм" деп дагы айта албайм. Анткени сиздей жылдызды сүйүү мендей пенде үчүн чоң күнөө болуп калат. Сиз менен бир жолугушсам аябай кубанып, өмүрүм 15 жылга узараар эле. Өтүнүчүмдү аткарып коюңузчу? Урматым менен Жазгүл 07733186хх

ОП-24-76. "Кыргызстан обондоруна" ырчылардын супери Ильяз Абдыразаковго салам жолдойм. Дайыма "THE BEST" болуңуздар. Жашоо керемет. Жака-Жазгүл

ОП-24-77. "60 К" тобунун супер жигиттери Талант жана Самат байкелер мага абдан жагат. Мен силердин чыныгы күйөрманыңыз болом. Силердин ырларыңарды угуудан эч качан тажабайм. Самат байке сизди 16-июль туулган күнүңүз менен куттуктайм жана дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. "Обон" газетасы аркылуу сиз менен жолукканга мүмкүнчүлүк түзүп бериңизчи. Айкан

ОП-24-78. Менин саламым жалпы кыргыз элине. Ар дайым тынч жашоодо өмүрдүн таттуу балын татып жашаңыздар. Жүрөгүңүздөрдөн ыйман кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Албетте 40 парздын баарын аткарсак мындан да жакшы керемет жашоонун даамын татууга мүмкүнчүлүк болот. Гүлшан

ОП-24-79. Жумгал районунун Кайырма айылына чоң салам. Өзгөчө 1987-жылкы классташтарыма , бар болгула! Фарида

ОП-24-80. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Жылдыз, Нурзат, Айнура эжелерге салам. Сиздге үйбүлөлүк бакыт каалайм. Кумир туткан ырчым Темир Назаровго салам. Сиздерге чыгармачылык ийгилик жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Темирова Самара

ОП-24-81. Бишкектеги агам Нурсултанга, атам Аманга салам. Ага экзамендериңизге ийгилик. Астанадан карындашыңыз Нурпейил, Анара

ОП-24-82. Нуриза эмнеге үйүңдө чымын көп? Нарындан Айсулуу

ОП-24-83. Саламым Мирбек Иманбековго. Мен сени сүйөм демекчимин. Айсулуу

ОП-24-84. Кумирим Замир Мырза бактылуу, өмүрлүү бол! 07774720хх

ОП-24-85. Гуля мама Нуртилек артынан көп кыздарды ээрчитсин. Сабина

ОП-24-86. Ася күчүгүм бактылуу бол Сенин келечегиң алдыда. Элиза

ОП-24-87. Жаным мен сени көрүп турам го, эмне тааныбайсың? У,с,с,б,к.

ОП-24-88. Кыргызымдын ыймандуу, шайыр жигиттери менен таанышкым келет. Элка 0777299835

ОП-24-89. Айылды бүгүн эскерип,/ Шымкентте жүрөм пул терип./ Апакем уй саап короодо,/ Адырдан ойноп кеч келип./ Шымкенттен Рысмамат

ОП-24-90. Шымкенттеги "Бекжан" базарындагы халат саткан Арзыгүл сен чоңоюп эле калган кызсың го, бирок кыял жоругуң жаш баланыкындай. Өзүңдү кичине кармасаң болбойбу? Дайыма өзүңдөн кичине балдар менен жүрөсүң же өзүң теңдүү балдар жокпу? Иий баса, сенин жаш балдар менен сүйлөшкөнүңө таң калбай эле коюш керек го. Өзүң жаш бала болсоң сүйлөшөсүң да.+0770251219хх

ОП-24-91. Самат байке сиздей таланттуу адамдын жанында 30 мүнөт өмүрүмдү өткөрүп, сүрөткө түшсөм арманым болбойт эле. Өмүрүмдү узартып коюңузчу эми. Урматым менен Жазгүл 07733186хх

ОП-24-92. Кунчуайпери эле дейсиңер аныңар ким өзү? Бекерчи SMSчи кыздарданбы? 07722534хх

ОП-24-93. Гүлнур Сатылганова эң мыкты, эң кыйын популярдуу ырчы. Фанат

ОП-24-92. Салам братвалар Самат жана Талант! Бар болгула, барга көппөй, жокко чөкпөгүлө! Талантыңар талпына берсин, ишиңерге ийгилик. Астанадан күйөрманыңар Нурпейил +770148296хх

ОП-24-93. Ош облусуна караштуу Төөмоюндук 1988-жылкы балдар, кыздарга жалындуу ысык салам. Бишкектен Каныкей

ОП-24-94. Бактыгүл Бадыева сага эч ким жетпейт. Сен теңдеши жок сулуусуң. Оштон Каныкей

ОП-24-95. Темир Назаров, сиз супер ырчысыз. Сизде кудай берген талант бар. Дайыма алдыңкы ырчылардан болуп жүрө бериңиз. Самара

ОП-24-96. Жарыя, жарыя! Жаш ырчылар У.Усеновдон үлгү алсаңар боло! Сахнада өзүн мыкты алып жүргөн, күйөрмандарына, жөнөкөй мамиле жасаган, ички-сырткы дүйнөсү төп келишкен, кыргыздын көзгө басаар чыгаан инсаны. Махабат ырларынын лидери- У.Усенов. 07731439хх

ОП-24-97. Ноокаттык Нурия айтсаң Ч.Мырзаевди сүйүп, жоопсуз сүйүүгө кабылдык. Кайсы күнөөбүзгө жараткандын жазасы. Чыке кайсы айдын перисинин маңдайына жазылган бакытсың. Деги аман эле болчу садагам. Күйөрманың

ОП-24-98. Гүлшан чоң рахмат. Көч бара-бара түзөлөт демекчи баары ойдогудай болуп баратат. Кел жакындан таанышабыз. Кызбурак 0777469244кө чал

ОП-24-99. "Обон" гезитинин жамаатына чоң рахмат. Ар дайым окурмандардын алкышына татып жүрө бергиле. Мемо

ОП-24-100. Көбүнчө бир туугандардын мүнөзү карама-каршы болуп,чогуу иштешкенин көргөн эмесмин. Ушундай кыргыз элинин керегине жараган балдарды тарбиялаган ата-энеңиздерге таазим Мээрим 07738820хх

ОП-24-101. Супер газета бул "Обон". Ишиңерге ийгилик. Темир Назаров жөнүндө көп-көп жазып тургула. Мека

ОП-24-102. "60К" тобуна ак жол!. Сахна чөйрөсүндө сиздерди эмне түйшөлтөт? Т..

ОП-24-103. Талант, Самат бала кезиңердеги жоруктарыңарды айтып берейинби? Эжеңер Гуля 07777077хх

ОП-24-104. Сүйгөнүм Айка, сага ак жол, чың ден соолук каалайм. 0555362481

ОП-24-105. Кондитердик цехте иштеген Алтынай, Алина, Жылдыз, Рахат, Тина, Чачыкей, Алмаз, Алтынбек, Мелис, Марлес жана жаным Замирге салам. Жеңиш кроша

ОП-24-106. Майрамбек, мен сени сүйөм, сен дагы деле жүрөгүмдөсүң. Чалып кой, неге кыйнадың? Айка Айнура

ОП-24-107. Орозайым эже, сизди 60 жылдык торколуу тоюңуз менен кызуу куттуктайбыз. Уулдарыңыздын урматын, кыздарыңыздын кызматын көрүп, оору дегенди билбей бакубат өмүр сүрүңүз. Анара, Айнаш, Базарбай

ОП-24-108. Бул ыр саптары алтындай болгон ыйык, кымбат жаным апама арналат: Алтыным менин апакем,/ Айдай сулуу жан энем./ Бооруңузга кысып өпкүлөп,/ Өстүрдүңүз мени бөпөлөп./ Кыйналдыңыз күнү-түн,/ Уктабадыңыз мен үчүн./ Койнуңузда жаттым мен, Мээримиңизге чөмүлүп./ Жарык жанган чырагым,/ Менин бакыт таалайым./ Алыс кетсем сагынам,/ Жаныңызда кубанам. Кунчуайпери

ОП-24-109. Самат, сен менен чогуу болгум келет. Сени бекем кучактап, кучагыңда болсом дейм. Алтыным сени чындап сагындым. Мен сени чын жүрөктөн ар дайым сүйөм. Нуржамал

ОП-24-110. Замир Мырза, сиз өлсөңүз биз кантип жашайбыз? "Кайып булак"

ОП-24-111. Өзгөн районунун Кароол айылында жашап жаткан атам Султанга, апам Айганышка сагынычтуу салам жолдойм. Сиздерди жакшы көрөм. Алматыдан кызыңар Айжамал

ОП-24-112. Мен Алматыда иштеп жаткан тагаларыма, таежелериме жана сүйүктүү бөлөлөрүмө салам жолдойм. Иштерине ийгилик каалайм. Айжамал

ОП-24-113. Темир айласыздан калп айтканың жагып калды, азамат! Чындыгында элге 80% күлкү тартуулап сүйлөгөнүң билинип турат. Ак ийилет бирок, сынбайт, бар бол! Диаз

ОП-24-114. Султан, Мирбек үйлөнгөнүңөрдү качанкыга чейин жашырасыңар? Султан +Айгүл, Мирбек+Бурул= адашкан сүйүү. Эми тана албасаңар керек. Кеч боло электе айткыла, же күйөрмандардан айрылабыз дейсиңерби? Чыныгы күйөрман туура түшүнөт. Күйөрманыңар Бегайым, Анара

ОП-24-115. Менин саламым Алай районундагы Ж.Алимов атындагы мектебинде окуп жаткан кызым Үсөн кызы Айнурага, уулум Динислам, Тимурланга. Бактылуу, дөөлөттүү болгула. Апаңар Жамила

ОП-24-116. Биринчи саламым "Обондун" жалпы жамаатына. Ишиңиздерге ийгилик. Экинчи саламым Жалалабат областынын Калмаккырчын айылынын жашоочуларына чоң салам. 07775472хх

ОП-24-117. Папандын Кызылтуу, Жалалабаттын Орке айылындагы кыздар-балдарга чоң салам. Шымкенттен Гүлбурак

ОП-24-118. "Кыргызстан обондорунун" ди-джейи Эдилге: Эч кимде жок үнү бар,/ Эдил мырза билип ал./ Элесиңди бир көрүүгө,/ Эчен селки кызыкдар. Эстеп көгүлтүр көзүңдү, Элжиреп жүрөк эзилди. Диаз

ОП-24-119. Ош областына караштуу Каракулжа районунун Канкоргон айылында окуган классташтарыма Кошой, Дамир, Эркебек, Наргиза, Баян ж.б. салам жолдойм. Окууңарга ийгилик. Астанадан Нургазы

ОП-24-120. Кирпигинен сырдуу нур тамган, оозунан алтын шилекей чачыраган мукам үндүү кумирим Султанга салам. Бегимай.

ОП-24-121. Саламымды Алматы шаарында иштеген эжем Элнур жана жездем Бакытка жолдойм. Бактылуу өмүр каалайм. Шымкенттен сиңдиңиз Гулиз

ОП-24-122. Салам Алматыдагы кыргыздарга, соода жок деп капа болбогула. Кудай буюрса болот. Соодагер

ОП-24-123. Салам "Обон"! Кыргызымдын сулуу кыздары силер менен таанышкым келет. 0777312409

ОП-24-124. Приём, приём... Ырыскан, Жибек, Айгерим, Самат, каякта жоголуп жүрөсүңөр? Силердиби шашпагыла досторум! Кунчуайпери.

ОП-24-125. Улуу муундун ырчылары жана кыргыздын айрым инсандары эмне эле жаш таланттарга асылып алдыңар? Жаштар өзүңөр деле сынайсыңар алар жокто башка улуттун ырларына кул болуп жүрбөдүңөр беле. Эми кыргызды кыргыз кылып жаш жылдыздар чыгарып жатканын билгиле. 07734818хх

ОП-24-126. Жалпы "Обончуларга" чоң салам. Ар бириңердин калемиңер болоттой курч, октой өткүр болсун! Жүрөгүңөргө жалындаган сезим толсун! Суусамырдан Мамалак

ОП-24-127. Каарман айылында жашаган менин сүйүктүү эжем Нургүл жана жездеме чоң салам жолдойм. Ар дайым бирге болгула. Бакыт тилейм. Силерди аябай сагындым. Ширин кызыңарды өөп койгула. Шымкенттен сиңдиңиз Наргиза

ОП-24-128. Менин алтындай курбуларым Рыся, Жибо, Асылка, Жанка, Нача, Зукеш, Ася, Айгериш, Беку, Меша, Айчуш, Динка, Неса, Гузяларга салам. Кудай буйруса жолугушабыз. Силерди жакшы көрөм. Кунчуайпери.

ОП-24-129. Кыйналдым, кысталдым, баары бир арга таппадым./ Кош ардагым Азамат, канткен күндө да чогуу боло албайбыз, бизге буйрубаптыр, арга жок экөөбүздүн сүйүүбүз тунук бойдон калышын каалап Асылың.

ОП-24-130. Жули, Айка силер менен таанышканыма чексиз кубанычтамын. Башка супер окурмандар силер менен качан таанышабыз? Баарыңарга супер салам! Кунчуайпери.

ОП-24-131. "Бекжан" базарында иштеген Венера, Наргиза, Айзирек, Гүлмира, Гуля, Эркайым, Мунарага салам. Ишиңерге ийгилик. Нурида

ОП-24-132. Жаңыарык айылында жашаган ата-энеме, бир туугандарыма салам. Ата-апа силер бизге ар дайым керексиңер. Силерди аябай сагындым. Наргиза

ОП-24-133. Жуси мен өзүмдү эч бир жылдыз сезген жерим жок. Жөн эле ойлорумду, жакшылыктарымды эл менен бөлүшкөндү жакшы көрөм. Баарыбыз эле тууганбыз го. Кунчуайпери.

ОП-24-134. Ильяз Абдыразаков сага эч ким жетпейт. Талантың ташкындай берсин, сенин ырларыңды угуудан эч тажабайм.Ильяз сен супер ырчысың. 05553522хх

ОП-24-135. Съездбек Искеналиев, каалаймын мен сизге бирди гана/ Өмүрдү, ден соолукту, ырды гана/ Өмүрүңүз өтө берсин кайгы көрбөй, Каалаймын кубанычтуу күндү гана. Нуржаз. 05553191хх

ОП-24-136. Айтаарым бар ээрчип жүргөн, жадымдагы асыл, ыйык сырым бар. Сактаарым бар сезимдеги жүрөктөгү эч түгөнгүс бузулбаган, менин назик сүйүүм бар. Ишенемин сизде дагы ушундай асыл сезим жашаарын, Аттиң арман ошол сезим башка кызга арналганын. Гүлшан

ОП-24-137. Жагымдуу үнү , татына жүзү бар, кымча бел сулуу Айгерим Расул кызына добуш берем. "Обон" Айгеримди дагы "кумир менен баарлашууга" чакырбайсыңарбы? Күйөрманы

ОП-24-138. Салам ЖАНЫМ Самат! Ден соолугуң, иштериң жакшыбы? Алтыным сени аябай сагындым! Азыр жаныңда болсом эч нерсеге карабай сени бекем кучактап алып өпмөкмүн. Сени сүйгөн Таластык кыз Нуржамал.

ОП-24-139. Салам бир туугандар, намаз окуңуздар. Кыяматка аз калды, жашоо түгөнүп баратат. Окубасаңар 100% азабы бар, кепилдик берем!0550444816

ОП-24-140. Сыймык Бейшекеевдин чыгармачылыгын баалайм. Ага ийгилик каалайм. Чынара

ОП-24-141. Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну сүйүктүү таенем Раяны 9-июль туулган күнү менен куттуктайм! Бактыбызга бар болуңуз деп Карабалтадан небереңиз Анархан.

ОП-24-142. Менин саламым Кемин районундагы атама жана апама жолдонот. Ата, апа бар болуңуздар. Эч оорубагыла, мен силерди жакшы көрөм.05558059хх

ОП-24-143. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Сиздерди жакшылык жандап, кут береке коштоп, ар дайым ийгилик изинде жүрүңүздөр. Сиздерди ар дайым АЛЛАХ колдосун. Мен сиздерди сагындым. Гүлшан.

ОП-24-144. Менин саламым Астанада иштеп жаткан апам Шаарканга, эжем Канышайга жана баардык Жумашовдорго жолдонот. Силерге узун-өмүр, чың ден соолук каалап Бишкектен Нарсанам.

ОП-24-145. Нарында жашаган досторум Эржан, Мурас, Урмат, Боха, Өмүрбекке салам жолдойм. Нуке.

ОП-24-146. Саламатсыңбы Съездбек Искеналиев! Эмне үчүн мынча мага жагасың? Үнүң мага абдан жагат. Зарина

ОП-24-147. Жанайым сага болгон сүйүүм күндөн-күнгө күчөп баратат. Менин ким экенимди жакшы билсең керек. Сени сүйөм. Жаның.

ОП-24-148. Салам "Обон" ырчы айымдарды да кумир менен баарлашууга чакырбайсыңарбы? Жеңиш кроша

ОП-24-149. Салам "Обондун" окурмандарына, Чынгыз Мырзаевдин фанаткаларына. Фанат

ОП-24-150. Урматтуу окурман жана күйөрман, менин силерге айтаарым смс жазарда ойлонгула! Ырчыларды жамандаардан мурун сен ошол Б. Бадыевага окшоп алчы. Керек болсо, баарыбыз ушул ырчылар менен сыймыктанабыз. Бирөөнү жамандаган бул - көрө албастык билип кой! Айсулуу

ОП-24-151. "60 К" тобу супер! Самат, мен сени чын жүрөктөн ар дайым сүйөм! 07771479хх

ОП-24-152. "60 К" тобунун солисти Саматты сүйөм! Самат сен Талант менен "Айка" деген чачтарачка барып жүргөндө бир көрүп сүйүп калгам. Анда сен "жылдыз" боло элек жөнөкөй жигит болчусуң. Кумир менен баарлашууга келгениңе аябай кубанычтамын. "Айка" чачтарачынан Гуля эже сага ысык салам жолдойт! Сени сүйүп калган мен Таластын сулуу кызы Нуржамал.

ОП-24-153. Дүйнөдөгү эң кымбат алтыным энекем Зулайкага салам. Майрам.

ОП-24-154. Баарыңыздарга ыймандуу жүрөктөн, кирсиз көңүлдөн чоң салам. Урмат Усеновго, Неляга, Гүлнур Сатылганова эжелерге добуш берем. Мен сиздерди мактабай эле жакшы көрөм деп айтам. Себеби, "дос артынан мактайт, душман көзүнчө мактайт" дегенге ишенем. Урмат Усенов 14- июль туулган күнүмө келе алат бекен? Гүлшан.

ОП-24-155. Ильяз Абдыразаковго чыгармачылык ийгилик каалайм. Жака Ильязды ушунчалык сүйөсүңбү? Экөөңөр бар болгула, бактылуу болгула. Урматым менен "Обондун" окурманы. Жооп жаз. Мен анын күйөрманымын. Айка

ОП-24-156. Султан Садыралиевди өз жанымдан артык көрөм, түбөлүккө сүйөм сизди. Гүлкайыр.

ОП-24-157. Мен өз бактым үчүн турмуш куруу максатында жан шерик издейм. Ою түз мырзалар 0777840142 номерине чалгыла.

ОП-24-158. "Обон" гезитинин смсчилери Кунчуайпери, Жули, Жанкага салам. Силер менен дос болгум келет. Чалып койгула, номерим 0555062671. Кааларым ден соолук, сүйүү, дайыма алга! Айнура

ОП-24-159. 0555171053 номериндеги бала менин тынчымды албачы суранам. Менин сүйлөшкүм келген жок. Сенден суранган абоненттин акыркы сандары 2671. Айка

ОП-24-160. Салам "Обон" Гүлнур Сатылганова, Неля эжелер "Кумир менен баарлашууга" келишеби? Келишсе абдан жакшы болот эле. Гүлшан

ОП-24-161. Мирбек Иманбеков жубайың менен кызыңды эмнеге жашырасың? Кызың экиге чыкканда элге көрсөтөсүңбү? Жубайыңдын да намысы жокпу?

ОП-24-162. "Обондун" окурмандарына, мени тааныгандарга салам. Майрамбек мен сени сүйөм, мага чалып койчу? Айнура.

ОП-24-163. Эдил Эркинбаевге салам. Сиз мага жагасыз, чыгармачылык ийгилик, сиз менен жолуксам арман жок эле, сиз суперсиз! Айка , Айнура

ОП-24-164. Мен жан досум Жолдошева Аидага сагынычтуу салам жолдойм. Карасуудан Айжан.

ОП-24-165. Жээним Эркинге салам жолдойм. Кумириң Жоробектей болушуңа тилектешмин +79269345хх

ОП-24-166. Группалаштарыма салам жолдойм. Аселя, Айсуу силерди сагындым. Гүлзара.

ОП-24-167. Кыргызымдын келечеги, кийинки муундун тагдыры кандай болот? Өз элибизде деле чет элдиктерден төмөнбүз, арабасын сүйрөп , айла таппаганда сүлкүлдөгөн сулуу кыздарыбыз чет элдиктерге турмушка чыгышат. Өзгө жердин деле идиш-аягын жууп, тазалайбыз. Биз качан өсүп-өнүгөбүз же келечекти кул кылып беребизби? Ансыз деле негр болбосок да "чёрный" атка конгонбуз. Негрлер деле өсүп-өнүгүп азыр аппак атка конгону турат. +792663547хх

ОП-24-168. Менин саламым Бакуляга. Сага тунук суудай сүйүү каалайм. Качан жигит табасың? Гүлзада

ОП-24-169. Миратка ысык салам. Эми ишендиңби? Мен андай кыздардан эмесмин. Айгерим

ОП-24-170. М. Атабеков, сиз менин сүйүктүү ырчымсыз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Шымкенттен Аида

ОП-24-171. Элиза калай жагдай? Аулга качан жеттиң? Быз сени сагындык. А сен? Элиза Тынчтык менен бакытта бол. Асел

ОП-24-172. Бактыгүл Бадыева, сен кыргыздын эң сүйкүмдүү, таланттуу кызысың. Дагы көптөгөн ийгиликтерге жетиш. Гузи

ОП-24-173. Жүрөк чыдайт, бирок ооруп кыйналат,Сезим кыйбайт, ал жүрөктү ыйлатат…07733482хх

ОП-24-174. Мен Султан Садыралиевге салам жолдойм. 07720307хх

ОП-24-175. Неля, сен Бактыгүлгө жетпейсиң. Сен жасалмасың. +770237463

ОП-24-176. Ойлонуп отурсам ой да терең, телефон жүрөк козгоп шыңгыр эткен. Атылып сен экен деп чуркап барсам, арман ай ал адашкан адам экен. Ильяз качан мага телефон чаласың? Сени аябай сагындым. Фристайл

ОП-24-177. Султанга салам. Талантыңа таазим этем. Ар дайым бар бол. М.Асель

ОП-24-178. Мен Карасуулук досторум Минура, Канатка салам. Мен силерди аябай сагындым. Алайдан досуңар Рахат

ОП-24-179. Оп-23-80 санындагы Жака Жазгүлгө салам. Мен дагы сен сыяктуу Ильяздын эң жакын адамдарынын бири болом. Адамдар аба менен дем алса, мен Ильяз бар үчүн дем алып жашап келем. Ийгилик сага. Самара

ОП-24-180. Салам Темир Назаров, сизге чыгармачылык ийгилик. Жаратканым өзү колдосун. Темирова Самара

ОП-24-181. Улзада, Асел жана эжем Умутай, Надира, Наргизага салам. Минура 07735224хх

ОП-24-182. Окурмандар ырчыларды бири-бирине салыштырып смс жазбай эле койгулачы, сураныч. Бирөөнү ушактасаң ошол адамдын күнөөлөрү өзүңө өтүп калаарын билсеңер керек. Андыктан смс жазган окурмандар мындай көрүнүштөн арылып жакшы сөз менен жазганыбыз оң. Гүлшан

ОП-24-183. Кайрат Нуртас, мен сени сүйөм. Кыргызстанга дагы келчи. Айсулуу

ОП-24-184. Менин саламым Фучик ооруканасында иштеп жаткан врачтарга жолдонот. Ак халаттарына так түшпөй жүрүүсүн каалайм. Гаварай.

ОП-24-185. Султан байке, сиздин талантыңызды абдан баалайм. Сизди сүйөм. Лейлектин Арка айылынан Салима

ОП-24-186. Ах, чиркин бул күндөрүм алыс калды,/ Классташ, курбу - достор алыстады./ Бирге жүрүп бир уядан учуп кеттик,/ Биз элек алтын куштун балапаны./ Аксыдагы Ж.Мамытбеков мектебинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүн абдан сагындым. Элиза

ОП-24-187. Менин саламым Бишкекте жашаган эжем Нурзат, акем Максат, сиңдим Бурулай, иним Үсөнгө арналат. Мен силерге чың ден соолук, узун - өмүр, чексиз бакыт каалайм. Ошондой эле Оштогу Каракулжа районуна караштуу Сарыбулак айылында жашаган атам Ысамаматка, чоң атам Жусуга салам.

ОП-24-188. Акмандагы Б.Осмонов мектебиндеги Айпери, Гүлмира, Уларканга салам. Айсулуу

ОП-24-189. Акмандагы апам Айнур, атам Калысбек жана бир туугандарыма салам. 07734462хх

ОП-24-190. "Обон" иштериңерге ийгилик. Ар дайым бар болгула. Ырчылардын баары таланттуу, сулуу. Биринде жок талант, биринде бар. Анткени баары кыргыздын кулуну. 07772998хх

ОП-24-191. Аяшым Максатты 14-июль туулган күнү менен куттуктайм. Досум Анара менен бактылуу өмүр сүр. Иштериңе ийгилик. Айнур

ОП-24-192. Салам "Обонтай". Султан Садыралиевди качан конокко чакырасыңар? Мунира

ОП-24-193. Досторум Самат, Самара, Мека, Аселя, Зарина, Тоня, Нуртай,Жора, Таалай, Нүкүгө супер салам. Баарынын иштерине ийгилик. Аксыдан Элка

ОП-24-194. Эжелерим Элла, Мейилди жана жеңем Динараны июль айындагы туулган күндөрү менен куттуктайм. Ар дайым бар болгула. Бактылуу болгула. Элиза


ОП-24-195. Аксы районундагы Жаңыжол айылынын 1990-жылкыларына супер салам. Баарыңарды сүйөм. Силер бар мен абдан бактылуумун. 07722998хх

ОП-24-196. "60 К" тобуна салам. Силер суперсиңер. Мени чакыргылачы. Мафа

ОП-24-197. Аяштарым Асыл, Чынгыз силерге өмүрдөгү өчпөс сүйүүнү каалайм. Бактылуу болгула. +770250739хх

ОП-24-198. Чынгыз Мырзаев мен сени абдан сүйөм,/ Сен үчүн от болуп күйөм./
Менден алыс болсоң да./ Ар дайым жүрөгүмө сактап жүрөм. Сени сүйгөн Бегайым

ОП-24-199. Урматтуу Черная кошка, өлгүң келип калдыбы? Кыргыздарды подхолим дебе. 07728206хх

ОП-24-200. Саламатсыңарбы кыргыздар! Жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөмө жалаң гана жакшылык тилейм Кудайдан. Бирок, ырчылардан бир суранаарым казактардын ырларын уурдап чыгып алып эле "жылдыз" сезе бербегилечи өзүңөрдү. Кыргыздын таланты түгөнгүс, чын дилиңер менен аракет кылсаңар дүйнөлүк маданиятка "хит" жаратса болот. +0770235960хх

ОП-24-201. Талды-Суу айылындагы досум Гүлкайырга салам. Мен сени чын дилимден сүйөм. Айбек

ОП-24-202. Самат, сенден башка эч кимди жакшы көрбөйм. Кудайым экөөбүздү өмүр бою бирге кылсын. Сенин жүрөгүң 07735616хх

ОП-24-203. Ата, биз сизди жакшы көрөбүз. Ар дайым күтөбүз. Аман-эсен жүрүңүз. Сабина, Айназик

ОП-24-204. Кызылсеңир айылында жашап жаткан таенеме, Медик тагама, таежелериме, жезделериме, жеңелериме, бөлөлөрүмө салам жолдойм. Алматыдан Айжамал

ОП-24-205. Кароол айылында жашап жаткан агам Акназарга жана кичинекей Айдайга салам жолдойм. Бактылуу болгула. +77026026122

ОП-24-206. Алматыда жашап жаткан жездем Канатка, эжем Берметке салам жолдойм. Иштерине ийгилик. Аружан, Эржан, Айтурган бактылуу болгула. +77026026

ОП-24-207. Ильяз Абдыразаков, мен сени сүйөм. Сүйүүм сүттөн ак, булактан тунук, тоодон бийик, гүлдөн назик. Мендей сени эч ким сүйө албайт. Ийгилик сага! Жака-Жазгүл

ОП-24-208. "60 К" жигиттери сиздерге чыгармачылык ийгилик. Өзүңүздөрдү кайсы убакта бактылуу сезгенсиздер? Алдыга койгон максатыңыздар? Бул дүйнөдө эң ыйык көргөн адамыңар ким? Демөөрчүңөр барбы? Элнура 05502914хх

ОП-24-209. Куудулдар Талант Анарбаевге жана Тынар Курбаналиевге салам. Иличбек

ОП-24-210. Алматыда иштеп жаткан тагаларыма, таежелериме, сүйүктүү бөлөлөрүмө салам жолдойм. Иштерине ийгилик. Айжамал

ОП-24-211. "Обондун" бардык окурмандарына салам. Жуля-Жунь

ОП-24-212. Өзгөн районунун Кароол айылында жашап жаткан атам Султанга, апам Айганышка сагынычтуу салам. Сиздерди жакшы көрөм. Алматыдан кызыңар Айжамал

ОП-24-213. Урмат, качан келесиң? Анжелина

ОП-24-214. Иним Серикке салам. Сени жакшы көрөм. Айка

ОП-24-215. Сүйүктүү сиңдим Нурайга салам. Окууга өтүшүң менен куттуктайм жана ага ийгилик каалап эжең Айжамал

ОП-24-216. Кичинекей бөбөгүм Согдианканы бир жашка толушу менен куттуктайм. Гүлжана

ОП-24-217. Шымкенттин базарларынын биринде иштеген Мээрим, мен сени чексиз сүйөм. Алматыдан Кубан. +770225479

ОП-24-218. Ээ, М.Иманбеков сен өзүңчө кыйын боло бербесең, экинчи Шымкентке келбе! Аккыз

ОП-24-219. Салам, М.Атабеков. Ишиңе ийгилик каалайм, бактылуу бол. Сен баарынан мыктысың. Даткайым

ОП-24-220. Азыркы убакта Карабалтада жүргөн досум Асылга салам. Нурзат

ОП-24-221. Салам "Обон" сиздердин иштериңиздерге ийгилик каалайм. Сүйүктүү ырчым Анжеликага салам. 07724234хх

ОП-24-222. Куршабдагы "Баяман" кафесинде иштеген Айтурган мен сени сүйөм. Оштон Айсал

ОП-24-223. Сапар байке, Ошко качан келесиз? Сизди сагындык. Шералылык карындашы

ОП-24-224. Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Куршабдан Айтурган

ОП-24-225. Мен Папандык Сүйөргө сагынычтуу салам жолдойм. Мен сени сагындым. Сени чексиз сүйөм. Шымкенттен Гули

ОП-24-226. Өзгөндүн Ийрисуу айылындагы Макешова Сымбатты окууга өтүшү менен куттуктайм. 05439804хх

ОП-24-227. Сүйүктүү ырчым М.Иманбековго салам жолдойм. Мирбек сен суперсиң! Ар дайым элиңе кызмат кыла бер. Бар бол, бай бол. Шымкенттен күйөрманың

ОП-24-228. Кыргызстан, сени аябай сагындым. Обончулар дайыма бар болгула. Сонун гезит ойлоп табыпсыңар, нускаңар көбөйсүн. Айгүл

ОП-24-229. Менин саламым Самат жана Талант Кадыровдорго арналат. Мен силердин эмгегиңерди ар дайым баалайм.Силерге ден-соолук каалайм. Атаңардын жолун жолдогула! Гүлшат 07774097хх
ОП-24-230. Кыргыз элиме чоң салам. Бар болгула кызыңар Гүлсара

ОП-24-231. Кыргызымдын кыздары эмне эле ырчыларга жалдырайсыңар. Эгер алар сахнага чыкпаган жөнөкөй адам болгондо көрөт элем сүйүп-күйгөнүңөрдү. Мага чал деп эле какшайсыңар. Эмне алар гезит окуйт деп жатасыңарбы? Айланайын кыздар кичине болсо да ыймандуу болгулачы! +77023198

ОП-24-232. Менин саламым "60 К" тобуна. Самат менен Талантка ысык салам. Ден-соолугуңар чың болсун, өмүрүңөр узун болсун. Ишиңерге ийгилик. Бул жашоодо бактылуу адамдардан болгула. Айка 07771837хх
ОП-24-233. Аида -аялдар үйдө отуруш керек дейсиң, өзүң үйдө отурасыңбы? Ач карышкырдай болгон тар заман кимди үйгө отургузат. Бактыгүл үчүн сен кыйналба. Мааниси жок ыр дейсиң, кыйын болсоң маанилүү ыр ырдап чык. Бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт. Биринчи өзүңдөн кабар алдыңбы? Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө. Сен анын каргышка калганын кайдан билдиң, бакшысыңбы же атың чыкпаса жер өрттө болгуң келдиби? Мадина +770156549хх

ОП-24-234. Жаңарык айылынын тургундарына жана менин классташтарыма салам. Нурдана, Дина, Айзи, Айка ж.б. силерди аябай сагындым. Шымкенттен классташыңар Наргиза

ОП-24-235. Наргиза, дос өзүң "остатка" болуп калба, балдар менен азыраак сүйлөш. Нурида

ОП-24-236. "Бекжан" базарында иштеген балдарга, кыздарга жана Гүлүгө салам. Аваз

ОП-24-237. Саламатсыңбы, Гүлнара? Мен сен жөнүндө "Периштем" гезитинен окудум. Өзүң Жалалабаттан болот экенсиң, учурда Москвада иштеп жатыпсың. Сага ийгилик. Шымкенттен кыргыз жердешиң Рысмамат

ОП-24-238. Султан, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Сиз супер! Фирдаус

ОП-24-239. Достор жайкы эс алууңар жакшы өтсүн. Бардыгыңарга ийгилик. Han-Shai

ОП-24-240. Ала тоолуу кыргыз жерим, өскөн айылым Алай району, Ортосуу айылы жана тууган-уруктар, аман-эсенсиңерби? Шымкенттен Рысмамат +77013050696

ОП-24-241. Мен Темир Назаровго добушумду берем жана анын келбетине ашык болуп, талантын терең урматаган Оштон күйөрманы Манера

ОП-24-242. Мен Казакстанда иштеп жаткан жаш сулуулар менен таанышсам дейм. Телефон номерим 87025658060

ОП-24-243. Менин Алай жериме, элиме жана атам Баратбек, апам Жумагүлгө ысык салам. Кагылайын ата-энем бар болгула, ар дайым силер бар биз да барбыз. Кыздарыңар +79505595620

ОП-24-244. Темир Назаров, сен эң мыктысың. Чыгармачылык ийгилик, бактылуу бол. Айдана

ОП-24-245. Султан Садыралиев, мен сен жөнүндө көп жаман сөздөрдү укчумун. Бирок ишенген эмесмин. Жакында өз көзүм менен көргөндө оозум ачылды. Сенин жаныңда жакшынакай кыргыз кыздар турганда, сен эмнеге Сокулуктагы орус сойку кыздарга барып жүрөсүң?! Аялың бар го, уят эле. Досторуңдун баарын тааныйм. Аялың жөнүндө да билем. Эмнеге сол колуңа чоң күмүш шакек салат экениңди да билем. Буюрса экөөбүз тууганчик болобуз. Нуржамал 07771479

ОП-24-246. Самат, Талант силер мага абдан жагасыңар. Гезиттеги сүрөтүңөрдү мага белекке бергилечи? Кукуня 07737545хх

ОП-24-247. Бишкек шаарында Ак-Босого жаңы конушунда жашап жаткан атам Акылбекке, апам Нурияга, иним Талгатка салам жолдойм. Күмүшай

ОП-24-248. Самат, жактырдым сенин үнүңдү, татына болгон жүзүңдү. Кармагым келет колуңду, бир жолу эмес түбөлүккө болууну. Алтыным, сени күтөм, сагынам. Нуржамал 07771479хх

ОП-24-249. Султан Садыралиев менен Сема силер Сокулукка жаңы салынып жаткан заводго эмнеге бардыңар эле? Султан сен фонограмма менен видеого түшкөнүң эсиңдеби? Сен ошондо арак ичпей эле койсоң болмок! Ошол жактагы балдар сага "Султашка - алкашка" деген ат коюшту. Ишенбесең мага чал. Ал видео менде, каалаган убактыңда көрсөтөм сага. Нуржамал 07771479хх

ОП-24-250. Кыздар менен таанышкым келет. +77025479411 номерине смс кылып жазып жибергиле.

ОП-24-251. Бактыгүл Бадыева, сиз жакшынакайсыз, бирок сизден башка сулуулар да көп. Альбина

ОП-24-252. Темирге салам. Чыгармачылыгына ийгилик. Бар бол, бай бол. 05556650хх

ОП-24-253. Темир талантыңа таазим этем. 05556650хх

ОП-24-254. Астанада жашаган апам Шаарканга салам жолдойм. Алтыным апа, менин жүрөгүм да баарын сезет. Сиз деп жүрөгүм ооруп келет. Мага эмнеге ишенбейсиз. Буюрса мени менен эми сыймыктанасыз. Мен сөз берем. 05502214хх

ОП-24-255. Кыргыз жери кандай кооз. Сенден эч кайда кетким келбейт. Han-Shai

ОП-24-256. Сарсанаа боло берем,сагыныч ойлор менен. Башкага көз салбаймын, сүйгөндүгүм жалган эмес. Ильяз сени өмүр бою жүрөгүмдө сактаймын. Диана

ОП-24-257. Дордойдо иштеген эжем Заринага, жеңем Гүлмирага салам. 05556016хх

ОП-24-258. Атанын жолун улаган абаларым, мен силерге ыраазымын. Сиздерди колдоп келген энеңизге рахмат. Талантыңарга таазим этем. Тазагүл 07777077хх

ОП-24-259. Мен акылдуу, түшүнүктүү, ыймандуу, туруктуу, билимдүү балдар менен достошкум келет. 05502709хх

ОП-24-260. Алтыным жеңем Бегимайды 14-июль туулган күнү менен куттуктайм. Жеңе байкем Нурлан менен бактылуу болуңуз. Бардык-бардык жакшылыктарды каалайм. Эрке кыз Майрам

ОП-24-261. "Обондун" жалпы жамаатына жана жалпы Баткендиктерге салам. 07731661хх

ОП-24-262. Салам "Обон", мен силерди чын жүрөгүмдөн сыйлайм жана калтырбай окуйм. 05553690хх

ОП-24-263. "60 К"га: Узун өмүр, ден-соолук, ачык асман. Ар убак жаныңарга баргым келет, жан дүйнөмдү ачкым келет. Жакшы адам сапаттарын бир силерден тапкым келет. Сырдашып кайткым келет. Аселя 05552734хх

ОП-24-264. Мамажандын 91лери тирүүсүңөрбү? +77025658060 ушул номерге смс жазгыла. Арабыз алыстап кетпесин. Силерди сагындым досторум деп Казакстандан досуңар Болот.

ОП-24-265. Бойдок эркек ырчылар айткылачы, силерге өз сүйүүсүн билдирип ар түрдүү гезит бетине жазып жаткан кыздарга жооп жазып бере аласыңарбы? Гүлнара

ОП-24-266. "Обон" гезитинин жалпы окурмандарына салам жолдойм. Гүкү

ОП-24-267. Салам Кунчуайпери, патриот экенсиң. Кээ бирөөгө сабак болот го дейм. Уулкыз

ОП-24-268. Салам Жака-Жазгүл, ар дайым ушунуңдан жазба. Ильяздын чыныгы фанаткасы Уулкыз.

ОП-24-269. Ураа көксөгөн тилегим орундалып Токтогулга бара жатам. "Обондун" №23 санын ала кеттим окуй берип келгиче эле жаттап алам го. Уулкыз

ОП-24-270. Таластагы Көпүрө базар айылына кайнаган салам. Таластык кыз

ОП-24-271. Мамажан айылындагы жакын, жанымдан артык көргөн Назакатка салам жолдойм. Мен сени сүйөм, бул сөздү айта албай кеткениме өкүнөм. Сени аябай сагындым. +77025658060

ОП-24-272. "Обондун" такай окурманы Майрамга салам. Майрам сөзүңө туруп кафеге алып барганыңа чооң-чооң рахмат. Жеңиш кроша
















??.??