Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

"Жар тандоодон жаңылган жокмун"
Тазагүл, 18 жашта:
- Сьездбек байке, сиз менен маңдай-тескей олтуруп, пикир алышып жатканыма абдан кубанычтамын. Учурдан пайдаланып биз менен сизди жолуктурган "Обон" гезитине ыраазычылык билдире кетейин. Баарыбызды ушул жарык дүйнөгө алып келген энелер жөнүндө сурагым келип турат. Айтыңызчы, "Бейиш-эненин таманынын астында" деген сөздү кандай түшүнөсүз?
- Биринчиден алтындай убактыңарды бөлүп, күндүн аптабына карабай мени менен баарлашып отурган сиздерге рахматымды айтам. Анан эми соболуңузга жооп кыла турган болсом "Бейиш-эненин таманынын астында" деген сөздө өтө чоң маани жатат. Бир бай адам молдодон минтип сурайт экен: "Молдоке, мен апамды ажыга жөө көтөрүп барсам, ак сүтүн актай аламбы?" десе, Молдо: "Жок, сиз мындай жол менен эненин бир келип кетчү толгоосун гана актайсыз" -деп жооп бериптир. Андыктан эненин ак сүтүн актаардан мурда батасын алган бала бактылуу болот деп ойлойм. Эненин ар бир кадамы ыйык, таза болуш керек. Ошон үчүн "Бейиш-эненин таманынын астында" деп айтылат.
- "Кайып булак" кинотасмасындагы кайыкты өзүңүздөр жасадыңыздарбы же бизде ошондой кайык барбы?
- Аталган кинодон кийин ушундай суроо менен кайрылгандар арбыды. Чынында мындай кайык бизде жок. Ал ошол учурда атайын кино үчүн жасалган.
- Кинодо даракка кара чүпөрөк байлаган жериңиздер бар экен. Бирок, ага кара эмес, ак чүпөрөк байлаш керек болчу деп айтып жүрүшөт…
- Ал менин жаңылыштыгым эмес. Аны режиссёр, көркөм режиссёр иштеп чыгыш керек болчу. Тасмадагы биздин милдет - өзүбүздүн образды жеткиликтүү аткарып берүү. Калганы биздин моюнга жүктөлгөн эмес.

Зарина, 21 жашта:
- Эң биринчи сахнага чыккан күнүңүздү эстей аласызбы?
- Ал учурду унутуп калуу мүмкүн эмес. Бул күн менин жашоомдогу эң баалуу күндөрдүн бири. Биринчи жолу чоң сахнада эл менен жолугушканда өзүмдү чексиз бактылуу сезип, кайрадан төрөлгөндөй эле болгом. Эң алгач спорт ордосунда өтүп жаткан Шахрезада Аскарованын концертине катышып, ыйык сахнанын босогосун аттадым. Ар бир кадамдын алгачкысы эсте калат дегендей азыр негедир спорт ордосу менен Шахрезада эженин ысымы кулагыма жагымдуу угулат.
- Шоу-бизнесте сизге далысын салып, бут тоскондор болдубу?
- Кудай сактасын, буга чейин мындай жагдай болгон жок жана да болбой эле койсун.
- Катуу тийсе кечирип коюңуз. Кийинки кезде эркектердин көпчүлүгү "тоок сүйүү" болуп баратат. Мырза катары буга эмне дейсиз. Дегеле сиздин сезимиңизде канча селки жашады?
- (Күлүп)Туура. Сиздин айтканыңызда да кандайдыр бир деңгээлде чындык бардыр. "Жүрөк бирди, көңүл миңди сүйөт" - дегендей балким, сиз жөн гана жактыруу, жакшы көрүү сезимин сүйүүгө алмаштырып "тоок сүйүү" деп айтып жаткандырсыз. Канткен күндө да мындай сүйүү бизде көп же аз деп так кесе айталбайм. Ал ар бир эркектин өзүнө жараша болот. Башкача айтканда ар ким өзү үчүн жооп берет. Маселен менде бала кезде келип кетчү жактыруу сезимдери болгон. Манас Бердибеков айткандай "Бул менин колум, эмкиде бутумдун сүрөтүн тартып жиберем"-деп кулач-кулач кат жазган күндөрүм көп эле болду. Ал эми акыл токтотуп, жашоого олуттуу карап калган кезде чыныгы сүйүүмө жолугуп, ошол адамга баш коштум.

Айкан, 15 жашта:
- Келинчегиңиз менен кантип табышып калдыңыз, үйбүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Үйбүлөдө он бир туугандын онунчусу болуп, апама "Баатыр эне" наамын алып бергем. Жубайым менен Бишкектеги кафелердин биринде иштеп жүрүп таанышкам. Ал ошол күнү курбусунун туулган күнүнө келген экен. Жаркынайды биринчи көргөндө эле менде башкача сезим пайда болду. Анан ошол күндөн сүйүү башталып, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, Чүйдүн күйөө баласы болдум. Азыр Даткайым аттуу кызыбыз бар. Кудайга шүгүр, жар тандагандан жаңылган жокмун.
- Жубайыңыз күйөрман кыздардан кызганса керек?
- Менин чыгармаларым оор басырыктуу болгондон уламбы, айтор "Сүйөм, күйөм, өлөм, житем" деп тынчымды алган кыздар кездешпейт. Болгону мага каалоо-тилек айтып, чыгармачылыгымды колдогон ыр-ышкыбоздору байланышып калышат.
Жаркынай алардан эмнеге кызгансын, тескерисинче кубаттап жакшы жооп кайтар деп турат. Негизи мен ыр дүйнөсүнө жаңыдан келгенде чыныгы түбөлүктүү күйөрмандарды чогултсам деп тилек кылчумун.
- Ошол максатыңызга жеттиңизби анан?
- Жеттим десем да болот. Бирок, чыгармачылыктын чеги жок. Дагы да болсо эмгектенип, изденүү менен жаңы жаңылыктарды киргизип, күйөрмандарымдын рухун-духун көтөрүп, алардын ишеничин, үмүтүн акташым керек.

Ыкыбал, 18 жашта:
- Сьездбек байке, эмне үчүн искусство адамдары сырткы чөйрөгө жеңил ойлуудай көрүнө берет?
- Бир сөз менен айтканда популярдуулук ошонусу менен айырмаланат. Маселен, көчөдө бир жөнөкөй адам мас болуп жүрсө ага эч ким көңүл бурбайт. Ал эми белгилүү бир ырчыны көчөдөн ошол абалда көрүшсүнчү, эртеси эл ичинде уу-дуу кеп болот. Анан да биздин элде бир терс көз караш бар. Мен көп жерлерде, той-топурларда ырдап жүрөм да. Ошол учурда мага арак сунуп "Сиз арак ичпей кантип ырдайсыз? Тамагыңызды жууп албайсызбы" -дешет. Ушундай сөздөр мени ирээнжитип, кыжырымды келтирет. Көрдүңүздөрбү, коомчулукта "артисттер баары бир арак ичет" деген түшүнүк жашайт.
- Пенсияга чыгып, таяк кармап куттуу үйдүн төрүндө абышка болуп олтурганыңызды элестете аласызбы?
- Өзгөчө суроо бердиңиз го. Кудайым ошол күнгө жеткирсин. Азыр сиз айтсаңыз чын эле кандай абышка болом деп ойлонуп кеттим. Бетиме бырыш түшүп, таяк таянганым эле болбосо кулк-мүнөзүм өзгөрбөйт деле болуш керек. Эми аны убакыт көрсөтөт, ага чейин жашай туралы.

Айкан
- Мен азыр абитуриентмин. Студенттик күндөрдөн бир кызыктуу окуя айтып бербейсизби?
- Студент болом деп талпынып турган кезиңиз экен, андыктан ийгилик каалайм. Студенттик күн да өзүнчө бир доор, эң бактылуу, кызыктуу күндөр менен коштолот. Ошол убакта өзүң үчүн келечектин бекем пайдубалын куруп алууга умтулушуң керек. Эсимде, Күрөңкеевде окуп жүргөн кезде эртең экзамен деген күнү жанталашып таң атканча окуп чыктык. Ошол учурда фортепианино ойноп отуруп уктап калып түш көрүп кетиптирмин. Түшүмдө экзаменден өтпөй калып, үйдөгүлөр эмне дейт деп шолоктоп ыйлап атып, бир маалда олтургучтан кулап түшүп чочуп кеттим. Ойгонсом баары түшүм экен. Түшүмдөгү көзүмдүн жашы фортепианинонун үстүнө түшүп, суу болуп калыптыр. Мына ушундай карындашым. "Тоок туурда какылыктайт" болуп экзамен эртең деген күнү уйку соонун арасында даярданат элек. Силер эми антпегиле ээ.

Тазагүл
- Жакында эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өтпөдүбү. Чыгармачыл адам катары Кыргызстанда ушул инсандын ордун толуктай тургандар бар деп ойлойсузбу?
- Алла-Таалам алгандан кийин берет. Айтматовдун жаны дагы бир кыргыз баласына берилди деп ойлойм. Адам баласы үмүт менен жашаш керек. Андыктан азыр болбосо да болочокто ошондой инсан төрөлөөрүнө ишенем. Улуу кыргыз элинде буга чейин не деген залкар адамдар өттү. Эми ошолордун деңгээлинде болбосо да кыргыздын атын чыгара турган уул-кыздардан куру эмеспиз деп узун жолдон үмүт кылып турганыбыз оң.

Уюштурган
Ж. Калдарова










??.??





??.??