Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуунун арзуусу

КРнын Акыйкатчысы
Турсунбек Акун:
"Сүйүү- жашоонун кыймылдаткыч күчү"
"Атыргүлдүн алдында дудук болуп калчумун"
- Турсунбек агай, "Сүйүүсүз турмуш, пайдубалсыз курулуш"-демекчи адам баласынын жашоосун сүйүүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан артка бир кылчайып өмүрдүн башаты болгон бал татым балалык кезиңиздеги "Сезим дүйнөсүнө" саякаттап көрсөңүз?
- Жакшы болот. Чынында сүйүүсүз жашоо болбойт. Башкалар сыяктуу менин жашоомду да сүйүү, арзуу, махабат коштоп келатат десем жаңылышпайм. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган кезимден эле ушул ыйык сезимдин тузагына илиндим. Анда мен 1-классты аяктап, каникул убагы эле. Ата-энем менен Нарын жергесиндеги Орукташ деген жайлоого көчүп барып жайкы эс алууну өткөрүп жатсам, бизге кошуна болуп башка айылдан Алпар деген аксакал көчүп келди. Анан ошол күнү күүгүм кирип калган кезде малдарды жыйнап келейин деп коктуга баратсам, жаңы кошунабыздын кызы да жөнөп калды. Аты Атыргүл экен. Ошол күнү экөөбүз чогуу барып малдарыбызды топтоп келдик. Ал кыз менен таанышкандан кийин негедир өзүмдү бактылуу сезип, башкача боло бердим. Акырындап отуруп күн өткөн сайын эртерээк таң атышын күтүп, Атыргүлдү көргүм келе берчү. Бара-бара анын жылдыздуу кара тору келбети көз алдымдан кетпей, Атыргүлдүн алдына барганда кадимкидей сүрдөп, толкунданчу болдум. Күнүгө кечинде кошуналар менен саратан, көпөлөк кууп ойночу элек. Ошол учурда мен көпөлөк кууган киши болуп Атыргүлдүн артынан чуркап жүрө берчүмүн. Ошентип убакыт билинбей өтүп күркүрөгөн күз мезгили келип жайлоодон да түштүк. Кудай буюруп мен жакшы көрүп жактырган Атыргүл 2-класстан баштап мени менен чогуу окуп калды. Көктөн издегеним жерден табылгансып Атыргүл үчүн бир күн да сабактан калбай, анын алдында уят болбоюн деп күн-түн дебей тырышып окуп калдым. Мугалимим урушуп калганда эле дароо Атыргүлдө кандай реакция болуп атат экен деп аны карачумун. Коңгуроо болуп эшикке чыкканда да дайыма анын артынан чыгат элем. Өзүмчө эле башка балдардан Атыргүлдү кызгана берчүмүн. Ошентип көрүнгөндөн коруп жүрүп 2-классты да аяктап, жылдагыдай дагы жайлоого чыктык. Экөөбүз тең "Ардак" деген жайлоодо жашаганыбыз менен алар суунун аркы өйүзүндө биз, берки өйүзүндө жашап калдык. Күндө эртең менен күндүн көзү чыга электе туруп алып, Атыргүл жакка көз салчумун. Эсимде, бир жолу адатымча боз үйдүн жанына чыга калсам Атыргүл да чатырчанын жанында мени карап туруптур. Ушунчалык сүйүнүп кетип, "Атыргүл, жүр от жакканга куурай терип келебиз"- деп бакырдым. Шар аккан суудан эч нерсе угулбайт. Ал да бир деме деп жооп кайтарды. Сөзүбүз угулбаган соң экөөбүз көпкө чейин эки жакта тиктешип тура бердик. Анан ага көрүнүп мактанайын дедимби же сүйүүнүн күчүбү айтор, күү менен агып жаткан сууну кечип Атыргүлдү көздөй жөнөдүм. Тиш какшаткан шар аккан тоонун суусуна бирде жыгылып, кайра туруп атып үшүп титирегениме карабай "Турсунбек ушундан өтсөң Атыргүлгө жетесиң"-деп өзүмдү-өзүм үндөп атып, Атыргүл турган аркы жээкке өттүм. Ичимден азыр барып эле Атыргүлдү жакшы көрөөрүмдү билдирем деп күбүрөнүп бараттым. Мен кыялданып дөңсөөдөн чыгып барганча Атыргүл турган ордунда жок. Апасы алдымдан тосуп чыгып, "Жүр балам, жакшы келипсиң жаңы эле май токоч жасадым эле " деп кымыздан куюп берип, үйдөгүлөрдү сурап отурду. Менин оюмдун баары Атыргүлдө болуп жатты. Каяктан чыга калат деп эки көзүм төрт. Тилекке каршы кечке отурсам да көрүнбөй, ойлогон оюм ишке ашпай короосунан адашкан жалгыз койдой болуп үйгө кайтым. Бул бир учур. Андан кийин деле далай жолу сезимимди билдирем деп оозанганым менен даап барып айталган жокмун. Негедир анын алдына барганда оозумдан сөзүм түшүп дудук болуп калчумун. Канча ирет көкүрөк кагып убараланганым менен балалык сезимим жашыруун болуп ичте калды.
- Айталбасаңыз да ага болгон сезимиңизди өзү деле сезгендир?
- Анысын билбейм. Негизи кыздар кыйын келет го. Балким сезгендир.
- Акыл токтотуп калган кезде балалык сүйүүңүздү жандандырып ал үчүн күрөшпөдүңүзбү?
- Менимче ал жөн гана жактыруу, жакшы көрүү болсо керек эле. Анткени чоңоюп калган кезде менде мурдагыдай сезим болгон эмес. Башкача айтканда Атыргүл менен классташ катарында эле мамиле кылып калгам. Кийин мен үйлөнгөндө бир-эки жолу үйгө келди. Тагдыр, бешене деген ушул экен, ал кызыбыз бир топтон кийин турмушка чыкты эле, көп өтпөй ал жолдошу да каза болуп калды. Азыр өзүнөн бир топ жаш улуу аксакалга баш кошкон. Учурда Кочкор районунда жашайт.
- Жаштардын дээрлик көпчүлүгү студенттик кезде табышышат эмеспи. Мындай учур сизде да болгондур?
- Чынын айтсам студенттик кезде кыздар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Беш жылдык убактымды жалаң гана окуу менен өткөрдүм. Аны мени тааныгандардын баары билет. Көп окуганымдан улам досторум тамашалашып "Карл Маркс" деп коюшчу.
- Бул сиздин акыйкат сөзүңүз да ээ.
- Ооба, ишенбесеңиз башкалардан да сурап көрүңүз.
Гулянын бетинен
өпкөндө…
Жан дүйнөңүздө тынч албаган чыныгы сүйүүгө качан жолуктуңуз?
- 5-курстта окуп жатканымда жакшы окуган студенттерди Жети-Өгүз курортуна жөнөтүштү. Алардын катарында мен да бар элем. Ошол жакта эс алып жүрүп 9-класста окуган Гуля аттуу орусча сүйлөгөн көлдүк кыз менен тааныштым. Анын апасы ушул курортто иштейт экен. Гуля бир убак келип апасына жардам берип турчу. Өзү орус мүнөз, бетке айтканды жакшы көргөн татынакай, тың кыз болчу. Байкап отурсам мыкты аял боло турган түрү бар. Анда мен көптү көрүп, бышып калган жигит элем да. Атына -заты жарашкан сымбаттуу селки бир көргөндө эле мага жагып калды. Анан кантип ушул кызды кайырмагыма илсем болот деген ойлор келе баштады. Отуруп алып ал жөнүндө күндөлүк жаздым. Бир күнү эшиктен кирип келсем эле Гуля мен жазган катты окуп жатыптыр. Кыязы пол жууп атып таап алган го. Мен кирээрим менен дептерди столдун үстүнө коюп шашкалактап чыгып кетти. Ошондон кийин мага көп көңүл бурбай, мени көргөндө кача берчү болду. Өзүм ыр-күүгө жакын болгондуктан комуз чертип, манас айтып курорттогулардын көңүлүн алчумун. Менин бул өнөрүмдү Гулянын апасы да жакшы билчү. Бир жолу айрылган шымымды тигип отурсам Гулянын апасы кирип келип таң калып ыраазы болду. Барып эле кызына жакшы бала экен деп мени аябай мактаптыр. Ошентип апасына жагаарымды билгенден кийин Гуляга жакшылап эле жакындай баштаганымда эс алуу убактым бүтүп, шаарга келе бердим. Бул жакта деле сыртынан кабар алып жүрдүм. Арадан 1 жыл өтүп 10-класста окуп жаткан кезде Кызыл-Дыйкан деген айылга көчүп кетишти деп уктум. Кудайдан болуп дал ошол айылда бир дос балам жашайт эле. Бир күнү ошол досумдун үйүнө барганча Гуляныны мектебине барсам, мени көрүп качып кетиптир. Анан эртеси күнү огороддон жолугуп, алыстан келген адам болуп шылтоо менен биринчи жолу бетинен өптүм. Чынын айтсам ошондо токко тийгендей эле болдум. Бул да болсо сүйүүнүн күчү да.

"Автобуска салып ала качып кеттим"
.- Анан ошол сүйүүңүзгө жеттиңизби?
- Кудайга шүгүр жеттим. 10ду бүткөндөн кийин Гуля мага : "Турсунбек, мен азыр Оштомун. Бизди ХБК га ишке жөнөтүштү. Апамды сагынып, кетким келип жатат"-деп кат жазыптыр. Анан бир жумадан кийин Ошко учуп кеттим. Гуляга кечки 7де барам десем, ал эртең мененки 7де деп жаңылышып угуп алып, бул жактан чогуу барган эки курбусу менен эртең менеки 7ден кечки 7ге чейин мени күтүп аэропортто турушуптур. Ошол күнү Гулялардын жатаканасында түнөп калдым. Эртеси Гуляга "кетесиңби?"- десем, "кетем"- деди. Түш ооп калганда 5-кабаттан чемодандарды ыргытып, кыздарды качырып чыгып, таксиге отуруп, Фрунзени көздөй жөнөдүк. Анан бул жакка келгенден кийин эжесинин жардамы менен автобуска салып, Гуляны ала качып кетип, 1971-жылы 10-декабрда үйлөндүм. Кудайга шүгүр азыр жашоо жаман эмес. Ортобузда 3 уулубуз бар.
- Жубайлардын сүйүүсү балалуу болгондон кийин балага өтүп кетиши мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Бара-бара сүйүү аёо, сыйлоо, урматтоого айланып, жубайлардын ыйык сүйүүсү балада сакталат. Бирок, сүйүүнүн уңгусу баары бир эки адамдын ортосунда жашай берет.
- Сүйүп көргөн адам катары сүйүүгө кандай аныктама бере аласыз?
- Буга чейин Токтогул, Сократ өңдүү улуу адамдар сүйүү жөнүндө өздөрүнүн аныктамасын берип келишкен. Чынында сүйүүнү жазып да, айтып да жеткире албайсың.Сүйүү деген -жашоонун кыймылдаткыч күчү деп ойлойм. Сүйөм деп айтыш оңой, бирок аны асырап багыш кыйын.
- Айтмакчы, жубайыңыз сизди сүйөм деп айтты беле?
- Гуля абдан кайраттуу, сабырдуу, бир сырдуу айым. Оңойчулук менен сырын сыртына чыгара койбойт. Ошондуктан ушул убакка чейин Гуля мени сүйөр, сүйбөшүн билбейм. Мен ага айта берем, бирок ал мага айтпайт.
- Эгерде жүрөгүңүзгө кайсы бир селки чок салса кандай айла табаар элеңиз?
- Мага сүйүү келген дебедимби, кулпусу бек жүрөгүмдү ачып жан дүйнөмдө жашап жаткан жан шеригим бар, аны эч бир аялзатынын сүйүүсүнө алмаштыра албайм.Ошондуктан башкалар үчүн жүрөгүмдө орун жок.

Маектешкен Ж. Бороева