Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Акын, жазуучу, журналист Жыпар Исабаева:
"Жашоонун өзүн сүйүүдөн турушун каалайм"
- Сиз акындыкты да, журналисттик кесипти да алып бара жатасыз, экөөнүн кайсынысы жүрөгүңүзгө жакыныраак?
- Мен мектепте окуп жүргөндө эле болгон окуяларды, кабарларды газетага жазчумун. Ошондой эле ыр, күндөлүктөрдү да калтырчу эмесмин. Мен үчүн булар саамалыгым го деп ойлойм. Азыр көбүнчө проза менен иштеп жатам. Менин натурам чыгармачыл адам болгондон кийин, өзүмдү толук кандуу журналистмин деп айта албайм, бирок журналисттен башка жумушта иштей алмак эмесмин, ошон үчүн акын менен журналистиканы бирөө жүрөгүм, бирөө колум десем болчудай.
- "Махабат мазары" аттуу чыгармаңыз жакшы жазылган. Мында Канат менен Заринанын трагедиялуу таза сүйүүсү даңазаланат эмеспи, эми ушуга көптөгөн жазуучулар кайрылышыптыр, ал эми сиз кандайча жазып калдыңыз?
- Мен ушул жумушта отуруп угуп калдым. Чындыгында жүрөгүмө катуу тийди, акын, жазуучу болгондон кийин, эне катары булар жүрөгүң аркылуу өтөт экен. Чыгармада Канаттын жүрөгү ооругандай менин да жүрөгүм ооруп, Зарина ыйлагандай мен да ыйлап ак барагым суу болуп, образга кирип алып жазган элем. Эскерүү кечеси болгондо мен булар жөнүндө сөзсүз повесть жазам дедим.
Бир күнү экөө тең түшүмө кирди, Зарина жылмайып өтүп кетти. Ал эми Канат камера көтөрүп тартып жүрүптүр. Мага келип токтолуп анан өтүп кетти. Ойгонуп ойлонуп калдым. Чыгарма жазардан мурун экөө жөнүндө изилдеп чыктым. Эң кызыгы Канат кино камераны хоббиси катары көрчү экен, чакан-чакан тарткан балдар жөнүндө кинолору бар экен. Ошентип чыгарманы жазып калдым.
- Мен сиздин чыгармаларыңызды сүйүүчүлөрдүн биримин, ар бири өзүнчө бир жүктү көтөрүп турат. Сиз ошолорду турмуштан алып жазасызбы же өз башыңыздан өткөрүпбү?
- Ар кандай. Газетага арнап жаз дегенинен "Жыландын сүйүүсүн" баштап калдым. Улам кийинкисине жазып атып уланып кетти. Эң кызыгы ушул столго отурганда гана жазар элем. Ал эми эртеңкиси эмне болоорун өзүм да билчү эмесмин. Азыр кээ бирөөлөр айтып калышат сен мурдагы жашооңдо жылан болуп жаралсаң керек деп. Ал эми чыгармадагы жылан келип бөтөлкөнү сындырып кеткен жери бар эмеспи, ошол болгон окуяны кайын энем айтып берген. Негизи бул мистикалык чыгарма. "Алыкулду сүйгөн кыз" деген турмушта болгон Жамийла апа азыр да бар, "Махабат мазары" да болгон окуя, "Адашкандар" деген романда да турмуштагы ар кыл тагдырлар чагылдырылган.
- Сиздин адамдын жан дүйнөсүнө жакын, ар бир сөзү таамай айтылган махабат тууралуу ырларыңызды окуп жүрөбүз.
Алтыным, жаным, алмашпайм
сени башкага,
Суранам, -дедиң ак сүйүүм жерге
таштаба.
А бирок чындап, жүрөктөн чыккан
сыяктуу,
Бул сөздөр билем, айтылат башка жакта да -деген ыр саптарыңыз эсимде, махабат сизге катуу таасир бергенби?
- (Күлүп) Сүйүү бар жерде бардык жакшы нерселер болот. Жүрөгүндө сүйүүсү бар адам бактылуу деп ойлойм. Айланасындагыларга да нур чачып турат. Ошондуктан жашоонун өзүн сүйүүдөн турушун каалайм.
- Жолдошуңуз ырларыңызга, чыгармачылыгыңызга кандай карайт?
- Жолдошум Жумгалдан, өзүм Нарындын Миң-Булак айылынанмын. 4 балам бар. Жолдошум чыгармачылыктан алыс адам. Анын кесиби медик, жан дүйнөсү башкача, багыты башка адам.
- Журналисттик кесибиңиз чыгармачылыгыңызга терс таасирин тийгизбейби?
- Жок, тескерисинче чыгармаларымдын баарын ушул жерде, ушул столдо отуруп жаздым. Анткени, бул жер куттуу жер, канчалаган белгилүү адамдар иштеп кеткен, өзүнчө керемет күч бар, мага чоң дем тартуулап турат.
- Рахмат, бар болуңуз, дагы көптөгөн жакшы чыгармаларыңыз жарала берсин, ийгилик каалайм.

Маектешкен Фарида Тукаева




Сүйүнчү, ата болдуң!
Төрөлүүдө,
Сен жыттанган ырларым,
Кубангандан …
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө окшош куюп койгондой -
Катар, бирок кайчы өтүшкөн жолдордой!

Кудум сендей -
жүрөгүнүн кагышы,
сүйлөгөнү, күлгөнү да, дабышы!
(Анда нелер удургуду ичимде,
Дагы калып калган окшойт, ай ушу!)

Мына- мына,
Таптым да бир перзент!
О, Кудай,
Экөө экен -эгиз, эх!
Эч кимде жок, эч ким бербес бакытты,
Эми мага мына ушулар
Беришет!

Жыттанышкан -
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!
Жүрөгүмдөн ырдап, ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн жыты келет алардан!
Башкаларга
Жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
Жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча калбаат, кагылайыным,
Кудум мендей романтик бирөөсү
Бактылуу кылдым сени,
Сүйбөй коюп!




(Башталышы
өткөн сандарда)
Анан эмне болот билесиңби?
- Жок, - апа, - деп мен чынымды айттым. - Биринчи мээримди түшүндүм. Ал махабаттан же ашыктыктан чыккан сезим экен. Экинчиси жөнүндө билүүгө болобу?
- Аны мен жай түшүндүрүп келатпаймынбы, шашпагын, - деди энем.
Мен унчукпай апамдын оозун тиктедим.
- Экинчи мээрим - бул энелик мээрим. Жалындай ысык махабаттан өмүр жаралат. Бала төрөлөт. Ансыз болбойт.
- Аны мен деле билем - дедим кыйынсына.
Энем мени мыскылдай күлдү:
- Билгениңден биле элегиң көп, ашыкпа. Эне болуу кудуретине жетишип, бала төрөө деген оңой бекен? Анын үстүнө сен адам тукумунан болсоң бир жөн. Адам касиетин каныңа толук сиңире элек жатып, анын сырын кайдан билет элең. Махабат канчалык ширин болсо, эне кудуретине ээ болуу, бала төрөө - ошончолук азап. Толгоо учурунда аял жарык дүйнө менен коштошуп, кайра жанат. Аялдын отуз омурткасы сыздайт. Эти эзилип, сөөктөрү ээрийт. Төрөт учурундагы дарттын күчү ушунда. Ал аялдын эс акылын алат. Аял байкуш миң кубулуп чабалактайт. Жаны кыйналган бечара ошол саатта ыйык махабатына шек келтирет. Кептин баары ушунда… "Адамдын төрөлүшү канчалык оор болсо, адам болуп жарык дүйнөдө жашоо ошончолук азап" деп айры буттардын акылманы бекер айтыптырбы. Адам дүйнөсүнүн татаалдыгы жөнүндө дагы эсиңе салармын. Азыр сен аял кейпин кийип, анан бала төрөгөн учуруңду элестетип көрчү. Жаның кыйналганда бирде адам болуп - аял болуп, кайра нечен жолу жыланга айланасың. Антип аял менен жыландын ортосунда турган сени көрсө адамдардын эси чыгат. Сенден, балаңдан да баш тартып, майып кылып койсо кантесиң. Жыландын кыял-жоругун өздөрү жакшы билишпейт да, адамдар жылан дегенде так түйүлө качышат. Ал эми достукка, сүйүүгө, жолдошчулукка жыландай бекем эч жан жок экенин алар билишпейт. Ошентип, кызым койнунда жаткан катыны жылан экенин билсе, эриңдин жүрөгү түшпөйбү. Кечтим махабатыңдан, тойдум жыргалыңа деп сени кетмендеп салса кантесиң. Аман-эсен төрөгөн күндө да жылан деген атың эгерим өчпөйт. Тукумуңа доо кетет, байкушум.
- Анда мен кантем, энеке! - Жүрөгүм өрттөнгөн мен ыйлап жибердим.
Энем мени соорото сүйлөдү:
- Билем, махабат деген ал азаптуу дарт. Мында бир гана айла бар. Толгооң келген мезгилден тартып, туура жети күнгө чейин сени эч ким көрбөш керек. Эгерим адам көзүнө чалдыктың эле, сен жылан боюнча каласың. Ошол жети күн ичинде сен балаңа эмчек сүтүңдү эмизип энелик мээримге канасың. Балаңды сүйүп, балаңды эркелеткен сайын адамдык кудуретиң артат. Адамдык касиетиң күчөйт. Ушуну менен эле жыргап калам деп ойлобо. Сенин энелик мээримиңди толукташ үчүн бала таш эмчегиңди бир жылга чейин кактап эмиш керек. Бала сенин мамаңды өзү жеримейинче эмизе бер. Анан баланын күлкүсү чыгып, кыял жоругу башталат. Баланын мээрими бири-бирине сиңишип өтүшмөйүнчө сен толук кандуу адам боло албайсың. Деги эле мен айткан ушул үч мээрим - бири-бирине жуурулушуп, каныгып дегендей бири-бирин толуктап тургандыктан гана, адамзатттын өмүрү башка жан-жаныбардыкына окшош эмес. Ошентип сенин адамга айланышың үчүн алдыңда оор сыноо турат.
- Сен айткандай болсо, анын эмнеси оор, энеке! - дедим мен.
- Сага аны түшүнгөнчө көп бар.
Энемдин сөзүн мен дагы эле капарыма албадым:
- Мен баарына чыдайм…
Энем кейиди да, эми мени аягандай буларды айтты:
- Билип турам, сен го баарына чыдайсың. Баарын көтөрөсүң. А адамдарчы? Адамдарга ишенич кыйын, кызым.
- Башынан эле адамдарга ишенбейсиз. Аны мен билем, - деп мен энеме кадимкидей каяша айттым. - Отту өздөрүнө багындырган адам. Жан-жаныбардын баарынан бийик турган, барынан улуу, барынан акылдуу адам. Андай болсо, эмне үчүн адамдарга ишенбейсиз?
- Туура айтасың… Адам аттуунун баары бирдей эмес. Алардын ичинде да боорукер, жароокери көп. Негизинен адам тукуму толук жакшырып, мүлдө баары мээримдүү болгончо көптөгөн жылдар өтөр. Жан кыйнаган эмгек, тынбай мээнеттенүү гана о адам тукумун жакшыртат. А бирок, адамдын баары текши эмгектенгиси келбейт. Алардын ичинде өздөрү үчүн башкаларды иштетип, жыргалды жеке өздөрү көргүсү келгендер көп. Дүнүйө күтүп, байлыкты эңсеген адамдын напсисине чек коюу кыйын. Адам байыган сайын байысам деп самайт. Деги адам баласы эч качан дүйнөгө тойбойт. Биз, жыландар курсагыбыз бир тойсо башка менен ишибиз жок, дүнүйө капар жүрө беребиз. Адамдар сараңдык, ач көздүк деген жаман оорудан оңой менен кутула алышпайт. Байлыгы канчалык көп болсо, алар ошончолук өздөрүн алдуу сезишет. Байлык көп жерде: чоңдук, зомбулук, көрө албастык, ичи тардык, адилетсиздик өкүм сүрөт. Мына ушундай бири-бирин көрө албаган олуялардын арасында кантип жашайсың. Алардын ыгына көнүп, алардын дилин түшүнгөнчө кыйналасың…
Мен энемдин оозун тиктейм.
- Адамдардын дагы бир кемчилиги - алар сүйлөгөндөн тажашпайт. Сөз көп жерде ушак чыгат. Ушакты уккан сайын дил бузулат. Ушак бар жерде жакшыга - жаман, акка -кара, акыйкаттыкка -кара ниеттик үстөмдүк кылат. Түшүнсөң адамдардын турмушу татаал. Дагы айтам, алардын арасында жашоо сен үчүн өтө кыйын болоор, - деди энем мени аяп.
Мен ыйлап жибердим. Жанган үмүтүм өчүп, сага жетпей калат экенмин деп ыйладым. Акылдуу энем мени түшүндү да, кайра сени сыпаттай кетти:
- Болочокогу эриң турмуштан запкы жеп, азап чеккен байкуш. Өз керт башы дурус неме. Болуптур, өз тагдырыңдан көр. Сүйүү мээримине кабылдың. Сени сыйкырлап, жүрөгүңдү эзген жалгыз махабат эмес, жанагы чоор деген эменин үнү. Ошол сыйкырдуу түтүк болбосо сен мынчалыкка барбайт элең. Сенин жигитке канчалык мээримиң түшсө деле жылан бойдон калмаксың. Билип ал, махабат мээримине ээ болсоң да, калган эки мээримге канмайынча сен накта адам эмес, же жыландарга кошулбай, жалгыз жүрүп өлөсүң. Ал эми тирүү жан үчүн жалгыздыктан өткөн тозок жок.
Ошентип эне-атам ыйлап, мени менен биротоло коштошушту. Андан соң мени энеден туума жылаңач бойдон токойдон жолуктурдуң. Мынакей менин тарыхым. Ээнбаштыгым башыма тийди. Тил алган жок элем. Мына эми энем айткандай тозокко кабылдым. Арга жок. Мейли, тагдырдын ушунусуна да рахмат. Сүйүүгө











??.??