Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Клип таржымалы

Сөзү, обону: Гүлжигит Сатыбеков
"Коштошуу"
Ардактуу окурмандар! Бул рубрика менен сиз да бирге болуңуз. Өзүңүз каалаган клиптин таржымалын билгиңиз келсе, редакциябызга телефон чалып, пикириңизди калтырсаңыз болот. Бул саныбызда эстрадага өзүнүн "Ай бийке", "Коштошуу" ж.б ырлары менен таанылып калган ырчы, Гүлжигит Сатыбековдун "Коштошуу" ырынын клиби жөнүндө баяндап беребиз.

Билем жаным,
Таарынасың мага дайым.
Айтпасаң да,
Көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң,
Жүрөгүмдүн эзилгенин.
Жалгыз сага,
Жан дүйнөмдүн ийилгенин.

Мейли кеткин,
Коштошподуң, кош дебедиң.
Түшүнбөймүн,
Таарынычың не себебин
Сезген жоксуң,
Жүрөгүмдүн ооруганын.
Сезимдердин,
Тоо гүлүндөй соолуганын.

Төгөт жамгыр,
Коштошуунун көз жашыдыр.
Кеч болсо да,
Калыстыгын кылаар тагдыр.
Билген жоксуң,
Жүрөгүмдүн эзилгенин.
Аста басып,
Кете бердиң, кете бердиң.
Эзилемин, эзилемин.

"Коштошуу"
ырынын тарыхы
Ырчыларыбыз ырдап жүргөн ар бир ырдын качан, кантип жаралганын билсек деген кызыгуу менен кыялданып келебиз.
Кээ бир ырлар бир күндө жаралып, бир аптанын ичинде элге сунушталса, кээ бири эки, үч жылды талап кылгандарына күбө болдук. Ыр мындан үч жыл мурда, башкача айтканда 2005-жылы жаралган. Сөзүн да обонун да өзү жазып, алгач аккордеон менен аткарып жүргөн. Автор "таарынасың мага дайым" деген бир саптын негизинде бүтүн ырды жараткан экен.
Клипте көрсөтүлгөндөй бир гана аялына болгон таарыныч эмес, бүткүл адамзаттын таарынычка болгон суроосуна жооп катары жазганын айткан. Ал эми ырдын обону үч күндө чыгып, аранжировкасын Сансыз деген досу жазып берген.
Алгач бул ыр радиого берилбестен, жөн гана кафелерде ырдалып келген. Сөзү, обону авторго таандык болгон ырга, эми клип тартуу максаты коюлган.

Ырдын клиби жана
өзгөчөлүктөрү
"Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет" деген элибизде жакшы кеп бар эмеспи. Обону менен аранжировкасы даяр болгон ырга, Рапия эженин жардамы менен комуз коштолуп дагы бир ирет иштелип чыккан. Ушундан кийин автор сценарийин түзүп, режиссёр Камат Касеновго клип тартууну сунуштаган. Идея режиссёрго жагып, сценарийдин бере турган оюн толук ишке ашыруунун негизинде башкы ролдорго жөнөкөй адамдар эмес, белгилүү актёрлорду тартууну чечишкен.
"Дем" театрынын белгилүү актёру Аскат жана актриса Динара көрсөтүлгөн.
Жалпысынан клипке он адам тартылган. Клиптин өзгөчөлүгү кичинекей баланын ролун Аскат өзүнүн баласы Арсен менен ойногон. Андан сырткары дагы бир өзгөчөлүгү буга чейин башка клиптерде кездешпеген "лилипут" Ильгиз тартылган. Жыйырма төрт жаштагы Ильгиз менен Аскаттын баласынын аткарган ролдору клипке көрк бергендерин айтпасак болбойт. Актёрлер менен иштешүүдө режиссёр кыйынчылык тарткан эмес. Каармандарды тандап алгандан кийин сүйлөшүү жолу менен тартыла турчу үйдү, казино, мекеме жана машиналарды табышкан.
Гүлжигиттин бөлөсүнүн үйүн кадимки кумар ойноочу казино кылып жасашып, "Эркин тоо" гезитинин мекемесин колдонушкан. Аскаттын клиптеги үйү Кантта жашаган Акмат деген байкенин үйүнөн тартылса, машиналар досторунуку болгон. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, жалпы жамааттын негизинде монтаждоо жасалгасы менен бир жумада толук кандуу клип даяр болгон. Клипке кеткен каражатты бизнесмен Диля эже көтөргөн.
Кызыктуу учурлар
"Күлгөндүн билгени бар" дегендей, клип учурунда күлкүлүү окуялар да жок эмес экен. Сценарийде Аскаттын өзүн-өзү аткан жери бар. Ошол жерден Аскат чындап өзүн атып албайын деп улам-улам дубль жасап корксо, Ильгизди тепкен жеринде куудулданып күлкү тартуулаган. Казинодо ойнолгон тутам акчалардын көрүнө турган беттери чыныгы акча болсо, ортолоруна сүрөтчү Кадыр байке жасалма акчаларды кошуп чыккан. Аскаттын "мерседес" машинасы экинчи күнү "джип" болуп калганы клиптин кемчилигин билдирди. Клип нөшөрлүү жаанда тартылыш керек экендигин ырдын сөзү айтып турат. Тилекке каршы ошол убактан ушул күнгө чейин жамгыр жааган эместигин жашырышкан жок. Автордун клипте ырдап жаткан жери Манас проспектиси жана Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде түнкү саат экиде тартылып, ошол учурда Гүлжигитти машина коюп кете жаздаган.
Клиптин канчалык бир деңгээлде тарбиялык мааниси бар экенин байкасак болот.
Сүйүктүү окурмандар "клип таржымалы" рубрикабыз мындан да кызыктуу сценарийлер менен тааныштыра бермекчи.
Даярдаган:
Айнура Султанова