Сенин гезитиң!
№24, 15.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Аралаш

Адамдын кыймыл-аракетинен мүнөзүн аныктоого болобу?
Психологдор дайыма адамдын кыймыл-аракетинен, жаңсоосунан, келбетинен улам адамдын өзүнүн мүнөзүн аныктап, 100 пайыз так болбосо да 98 пайызы туура, дал келээрин далилдешкен. Ал эми адамдын бир гана кыймыл-аракетинен мүнөзүнүн 55% билүүгө болот.

Эгерде адам маектешип отурганда колун кайчылаштырып (мейли кандай абалда болбосун - столдун үстүндө, тизесинде же болбосо оозунун тушунда) турса; ал адамга сиздин маегиңиз такыр жакпай, көңүлү ирээнжип турганында шек жок, болгону ал өзүнүн мамилесин билдирбөөнүн аракетин кылып жатат, ортодогу дубалды жылдырыш үчүн маекти башка нукка буруп, жагымдуу маанай жаратуунун камын көрүңүз.

Оозду алаканы менен же муштумун түйүп калкаласа, бул кыймыл-аракет өнөктөшүңүз сиздин калп айтып, беш өрдөгүңүздү учуруп жатканыңызды билип, туюп турат. Калп айткан жаман экенин эсиңизден чыгарбай, ачуу чындыкты ачканыңыз туура болуп жүрбөсүн.

Кулагын тырмагылап, ушалоо
Бет маңдайыңызда бакырайып отурган адам дал ушундай кыймыл-аркет жасаса, анда сиздин эртеден бери оозуңуз-оозуңузга тийбей бапылдап айтып берген маегиңиз аны эриктирип жиберди жана ал да өз оюн айткысы келип жатканын эсиңизден чыгарбаңыз. Ээ жаа бербей тынымсыз сүйлөй бергенден көрө өз оюңуздун ток этээр жерин айтып, ошол эле учурда өзгөнүн да оюн уга билүүгө үйрөнүңүз. Ким билет, балким анда да жакшы идея, пикир, көз караш жаткан чыгаар.

Моюнун ушалап, өзүнө-өзү массаж жасаган өңдүү кыймыл-аракетке өтсө, анда ал азыркы учурда өзүнө-өзү ишенбегендик, ою бир жерде болбой алагды болуп, көңүлүндө башка көйгөйү жөнүндө ойлонуп жатат.

Канчалык жагымсыз көрүнсө да, маектешиңиз колун ээгине, эрдине тийгизсе анда аны сиз айтып берип жаткан маселе кайдыгер калтырган жок. Ушул калыбыңыздан жазбай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Эгерде сиз кызыкчылыгыңызды ишке ашыруунун аракетин кылып , жан-алакетке түшүп пландарыңызды айтып берип жатасыз дейли, ал эми сизди уккан түр көргөзүп ошол эле учурда жүзүн эки колу менен сүрткүлөп отурса анда сиздин аракетиңиз текке кетти жана эч майнап чыкпайт деп эсептей бериңиз. Анткени, дал ушундай кыймыл аракет анын азыр эч кандай маекке көңүлү жок экенин, эч нерсени ойлонууга чамасы келбей жатканын түшүндүрөт. Бирок, сиз мындай жагдайда такыр чөкпөңүз, анткени сиздин көйгөйлүү маселеңизди чечкенге сөзсүз ыңгайлуу учур эртели-кеч табылат.

Сиз менен сүйлөшүп жатып адам көзүн ала качып, тике тиктебесе , анын жашырганы бар. Сырын билүүгө аракет кылбаңыз, балким туура көрсө өзү айтып берээр , туура көрбөсө бирөөнүн сырына кийлигишпей эле койгонуңуз оң. Ар бир адам сыр сактап, сырдуу болгонго толук акысы бар эмеспи.

Эгерде сиз аябай берилүү менен оюңузду айтып жатсаңыз, бирок, тилекке каршы ал адам бөлмөдө ары-бери тынымсыз басса - бул көңүл чөгүүгө негиз эмес. Анткени аны сиздин пландарыңыз кызыктырат, бирок, ага ойлонууга убакыт керек. Күткөндү билиңиз "Сабырдын түбү сары алтын" чыдамкайлык, көтөрүмдүүлүк -сөзсүз жакшы натыйжа алып келээрин эсиңизге салабыз.

Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Кыз төрөгөн эркек
Дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык адамдар боюнда бар америкалык Томас Битинин жашоосуна таң калуу, кооптонуу менен көңүл буруп келишти эле, жакында Томас Ореган штатындагы төрөтканада көз жарып, кыздуу болду. Томасты операция жолу менен төрөтүштү, башка "энелерге" салыштырмалуу Бити кызына эмчек эмизе албайт. 34 жаштагы киши башында кыз болуп төрөлгөнү менен кийинчерээк жынысын өзгөртүп, жыныс мүчөлөрүн кийин атайын бала төрөш үчүн калтырып койгон. Учурда Битинин аялы болгону менен тилекке каршы төрөй албайт экен. Он жыл мурда эркекке айланган Томас Битинин мурунку аты Трейси Логандино болчу. Эми жубайы Нэнси экөө кадимки үйбүлөлөрдөй эле күн кечиришет. Бити кыздын атасы болуп, Нэнси апасы болот. Боюнда бар кезинде Томас кадимки эле адамдар сыяктуу гинекологдон кеңеш алып, анын көзөмөлүнөн өтүп турган. Ошол эле учурда кадимки эркектердей болуп сакалын кырып, чачын кыркып, өзүн тыкан алып жүргөн. Мындай тири шумдук көрүнүш мындан сегиз жыл мурда америкалык киши "аял" менен болгон. Ал жынысын алмаштыраары менен боюна бүтүп аман-эсен көз жарган.

Интернетке берилгендиктин жазасы
Кытайдын жашоочусу Джанг Минг күнү-түнү интернеттен башы чыкпай, аялы менен ымыркай баласына дээрлик көңүл бурбай калган. Мындай кырдаалга ызаланган аялы Джангга бир нече ирет эскертүү жасаса да экинчи интернетке баш бакпайм деген жооп кайтарып тим болгон. Бирок, "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" болуп бул азгырыктын туткунунан чыга албай чатка кирип алып, кыздар менен таанышканын токтоткон эмес. Чындап жаны кашайган аялы Джанг Мингди интернетте отурган жеринен оң колун кесип салган. Бул жүрөктү үшүтөөрлүк көрүнүштү Минг өзү төмөндөгүдөй сүрөттөп берет. "Бир маалда колум тызылдап, чыдатпай ооруп, кан ага баштады. Эсиме келип карасам, колумдун теңи компьютердин жанында жатат. Мунун баарына өзүм гана күнөөлүүмүн, аялыма эч кандай доомат коё албайм. Анткени берген убадамды аткарбай, аны өзүм ушундай абалга жеткирдим" -дейт.

Арыктоо үчүн арбын акча керекпи?
Окумуштуулар жаңы изилдөө жүргүзүп, төмөнкүдөй кызыктуу, таңкалыштуу жыйынтык чыгарышкан. Айымдар жарым килограммга арыкташ үчүн 1660 доллар сарпташат. Эгер ушул салмактан 6-7 килограммга арыктагылары келсе, анда 308871 доллар коротууга туура келет. Ал эми өз алдынча эч кандай каражат сарпталбастан эле арыктаган айымдардын 90 пайызы бир күн керээлден кечке тамак ичишпесе, 30 пайызы төрт күн оозуна наар алышпай бир топ майынан арылыша алганы менен ден-соолугуна да "диетанын" залакасы тийбей койгон эмес. Ал эми аялдардын 10 пайызы гана арыктатуучу таблеткаларды ичишсе, 99 пайызы 15 жашынан баштап арыктоонун амалын көрүп, өтө көп каражат жумшап келишет.

Даярдаган А. Дүйшөналиева




Юристтен кеңеш
Мыйзам боюнча үй кимге калыш керек?
Эсенбаева Назгүл, Бишкек

- 1993-жылы эжем иштеген жеринен бир бөлмөлүү үй алган. Ал кезде биринчи күйөөсү менен жашачу. Биринчи күйөөсүнөн эки кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашып кеткен. Эжем алгач эки кызына үйүм калат деп сатпай жүргөн. Ортодон он жыл аралык өткөндөн кийин үстүнө бир кишини киргизип алган. Учурда жездебиздин достору, жакындары эжеме "Үйүңдү сат" деген талап коюп жатышат. Эжемдин улуу кызы паспорт алганда кызына үйдү өткөрөм деген сөзү бар болчу. Азыр эжем экинчи күйөөсүнөн да бир кыздуу болуп, алардын тили менен үйүн сатканы жатат. Жездемдин жакын туугандары эң кичүү кызына үй берилет деген талаптарын айтып жатышат. Мыйзам боюнча бул үй кимге калыш керек эле?

- Бул суроо учурда көйгөйлүү үйбүлөөлүк маселелерден. Бул жерде кийинки күйөөсү менен анын жакындарынын үйдү саттырууга эч кандай укугу жок. Андыктан, үйүн эжеңиз эки кызына калтыруусу керек. Бирок, эжеңиздин макулдугунун негизинде гана болушу зарыл.


Юристтен кеңеш
Телефонумду кантип кайрып алсам болот?
Азиза, Бишкек.
- Кечинде көчөдө баратсам артымдан калбай үйгө чейин ээрчип келген бала таанышкандан кийин убактым тар деп кирип кетээримде сумкамды жулуп алып качып кеткен. Артынан чуркап жете албаган соң, айласыз калып калгам. Кийин ал баланы "Беш-Сары" соода борборунда иштеп жүргөнүн билдим. Сураштырсам жездемдин алысыраак туугандары болуп чыкты. Териштирип мойнуна койгонум менен телефонумду кайрып бербей жатат, кандай чара колдонсом болот?

- Алгач өзүңүз жашаган райондук участкалык милиция бөлүмүнө кайрылып, уурдаткан күнүңүздүн мөөнөтүн, кайсыл жерде алдырганыңыз тууралуу толук маалыматты тактап, бул тууралуу арыз жазып бөлүмгө калтырсаңыз, сиздин көрсөтмөлөрүңүздүн негизинде талабыңыз орундалат.

Даярдаган Ч. Абдраева










??.??