Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Обон күлкү

Маданиятыбызга белгилүү
залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Жолочу Рыспаев,
сатирик, акын

Элде ушак, кулак түптөр шуудурайт…
Айыл жактын сүйлөшкөнү саясат,
Президент менен чогуу жатып жүргөнсүп,
Билсе дагы, билбесе да талашат.
Кече кечте үйдө олтуруп айтыптыр,
Келечекте чоң иш кылган жатыптыр…
Анда бирөө бакырат,
Антпей эле түн бою,
Англияга барып кайра кайтыптыр.
Аңкылдабай өчүрсөңчү үнүңдү,
Англия кошунасынын үйүбү?
Аны коюп өз жайыңдан кеп салчы.
Ыгы жок майдалаба сөздөрдү,
Ысыккөлгө кошот экен Өзгөндү…
Өзгөн кайда, биз кайда,
Өзөртө чаап сылайынбы өпкөңдү?
Ой кокуй ой, сен эмне билесиң?
Оңду сөздү тетири буруп иесиң.
Каралыптыр кечээ кечте маселе,
Картөшкөнүн алгыла деп ширесин,
Калпты учуруп эдиреңдеп жулунба,
Кадрларды жөндөп коюп уюлда,
Экспресс катчысы айтып барат деп,
Эс алганы, бүгүн түндүк уюлга.
Мамай көрү кайда барсаң базарга,
Мактанбайын кыйынсынып аларга,
Элде ушак, кулак түптөр шуудурайт,
Эригет да, жумушу жок буларга.




Молдокенин ити
Жаш колукту түн бир убакта чочуп ойгонуп күйөөсүн түрткүлөдү:
- Ой!... турчу, ит үрүп жатат окшойт.
- Үрсө эмне экен?!.
- Эмне экениң дегениң кандай? Молдоке бизге нике кыйып жатып, "Ит үргөн жерге жатпагыла"-деп эскертпеди беле!
- Ал өзүбүздүн молдокенин ити да, - дептир күйөөсү ары оодарылып жатып.




Терисин тез сыйры...
Спорт машыктыруучусу досуна арызданып кайгырыптыр:
- Кырсык башыма түштү, командамдагы эң мыкты боксерум ооруп Америкага барбай калды. Эми эмне кылам?
- Эй, ага мине капаланасың, менин Кочкор деген досум касапканада иштейт. Килтейген букаларды бир коюп жыгат, ошону кошуп ал дептир. Америкага келишиптир. Машыктыруучу мындай дейт:
- Үч раундга чыда, сени бүткүл өлкө карап турат. Кочкор үч раундга туруштук берет.
- Эми негрди "сойгун" дейт машыктыруучу...
Кочкордун койгон ударларынан кийин негр турбай калат.
Судья санай баштайт:
- Бир, эки, үч...
Анда Кочкор:
- Мине санап олтурасыңар, терисин сыйрып сал, муздай электе.



Чочутайын дегем...
Адабият сабагынын мугалими көз айнегин оңдонуп:
- Бүгүн балдар, өткөн теманы улантабыз. Ошентип Ажардын ширенкеси түгөнгөн сайын карышкырлар азуу тиштерин арсайтып улам жакындап келатты. Аңгыча... аңгыча арткы партада отурган бирөө ышкырып жиберди. Мугалим көз айнегин оңдонуп чакчая карап:
- Ким ышкырды ыя?! -деди окуучуларга ачуулана.
- Агай мен -деди бир окуучу башын жерге салып ордунан тура.
- Эмне үчүн ышкырасың ыя?
- Агай! Мен ... кызга боорум ооруп, тиги карышкырларды чочутайын дегем-дептир окуучусу башын көтөрбөй жер карап.




Кайнененин камырынан
Кайнене күйөө баласын укмуштай мактап жатат дейт.
- Койчу, апа - дейт кызы, сен эмне анын картаң, өңү суук, жагымсыз экендигин көрбөй турасыңбы? Бир гана жакшы жери, акчасынын көптүгү.
Анда апасы:
- Жок, кызым бир гана акчасынын көптүгү эмес, анын жүрөк (порок сердца) оорулуу экендиги да жакшы нерсе...




Ич кийим издеген кыз
Поликлиника. Пациент гинекологдун кабинетине баш багып:
- Мен жана сиздерге трусымды калтырып койбоптурмунбу?
- Жок, жок!
- Кечириңиз, анда стоматологдо калды окшойт...



Сологойлугуңа өкүнбөйсүңбү?
- Сен сологойлугуңа өкүнбөйсүңбү?
- Жок, ар бир адамдын бирден кемчилиги болбой койбойт эмеспи. Мисалы сен чайга кант салсаң кайсы колуң менен аралаштырасың?
- Оң колум менен...
- Мына көрдүңбү, ал эми нормалдуу адам кашык менен аралаштырат...



Оңолгонго оой баштаган акын
Бир акын аялы менен көчөдө баратып:
- Кейпимди оңдобосом болбой калды, көчөдө калган алкашка окшоп баратам десе, аны аялы коштоп:
- Айта көрбө. Менин кейпимди көргөндөр да... сенин аялың экенимди айттырбай эле билишет го дептир.




Айыбы ачылган аял
Баласы апасы үйгө келгенде мындай дептир:
- Апа, сен билесиңби, мен түндөсү туалетке баратсам атам бир аял менен ваннадан чыгышып, бөлмөгө киришип, төшөккө жатышып...
- Токто уулум, ушуну атаң келгенде айтып бересиң! Аялы бүт кийим-кечегин жыйнап, күйөөсү келгенде атырылып чаңырат:
- Жетишет кылыгың, мен кеттим!
- Эмне болду кымбаттуум дептир күйөөсү
- Кана, уулум айтчы? -дептир аялы.
- Мен түндөсү туалетке баратсам, атам бир аял менен ваннадан чыгышып, бөлмөгө киришип, төшөккө жатышып, атам жанагы аялды чечинтип, апам Коля байке экөө атам командировкада жүргөндө кылгандай нерсени жасай башташты деп сөзүн бүтүрүптүр...



Наркы дүйнөдө
Актердун уулу атасынан минтип сурады:
- Ата наркы дүйнөдө эмнелер бар экен?
- Кайдан билейин балам!
- Кантип билбейсиз, ар күнү сахнада бир жолудан өлөсүз го?!




Мага жашылынан бериңиз
Чукча Москвадагы бир дүкөнгө кирип, сатуучудан сурайт:
- Сиздерде түстүү телевизор сатылабы?
- Ооба.
- Анда мага жашылынан бериңизчи...?



Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар жана калем акыңыздарды почта аркылуу дарегиңиздерге жөнөтүп турмакчыбыз.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов









??.??