Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Сынак

"Пять звезд - 2008"
("Беш жылдыз-2008")
- Кыргызстан
Таланттар таймашуу сапарында

Мирбек Атабеков
Туулган жылы- 1986-жыл, 11-август
Туулган жери- Талас шаары
Зодиак белгиси- Арстан
Үйбүлөлүк абалы- бойдок
Хоббиси-музыка жазуу, бильярд ойноо
Адамдагы жактырбаган сапаттары- эки жүздүүлүк жана чыккынчылык

Гулзинат
Суранчиева
Туулган жылы- 1978-жыл, 9-октябрь
Туулган жери- Кара-Кол шаары
Репертуарындагы ырлары- "Кош жылдыз", "Өмүр", "Сулууга", "Сүйгөн жерим" жана башкалар
Адамдагы баалаган сапаттары- Туруктуулук жана адилеттүүлүк
Учурда- "Шантелл" группасынын солисти

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул жылдын 28-31-август күндөрү Сочи шаарында жаш аткаруучулардын "Беш жылдыз" эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Россиянын Биринчи Каналына таандык долбоор быйыл географиялык кучагын кеңейтти. Эгерде буга чейин аталган ыр сынакка Россия жана Балтия өлкөлөрүнүн жаш таланттары гана катышып келген болсо, ал эми быйыл көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөр да чакыруу алышты. Буга ылайык, Кыргызстандын Улуттук Биринчи Каналы "Беш жылдыз" эл аралык музыкалык фестивалында биздин республиканын намысын коргой турган аткаруучуну тандоо турларын өткөрүштү. Улуттук Тандоо Комиссиясынын төрагасы УТРКнын Башкы директору Мелис Эшимканов болду. Тандоо эки этап менен орун алды. Биринчи тур 2008-жылдын 11-июлунда Улуттук телерадио берүү корпорациясынын концерттик залында өттү. Ал эми экинчи турга кыргыз эстрада ырчылары Ома, Азиз Жетигенов, Ислам Акматов, Айгүл Жумакунова, Зарина Темирбекова, Мирбек Атабеков, Гүлзинат Суранчиева аттуу аткаруучулар өтүшкөн. Калыстар тобунун калыс чечимине ылайык эки этап менен орун алган тандоо турунун жыйынтыгында, аталган фестивалга Кыргызстандан жаш ырчы Мирбек Атабеков жана "Шантелл" тобунун солисткасы Гүлзинат Суранчиева бармак болушту. Долбоордун Кыргызстандагы координатору Айнура Токтошеванын билдирүүсүндө, 9-августка чейин эки таланттын сынакта көрсөтүүчү программасын даярдоо иштери жүргузүлөт. Ал эми, 10-августта Мирбек жана Гүлзинат Москвага жөнөп кетишет. 24-августка чейин Россиянын борбор шаарында өтүүчү даярдык иштеринин жыйынтыгында эки ырчынын бири Сочиде өтүүчү ыр сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Мирбек Атабеков менен Гүлзинат Суранчиева мындан мурда да көптөгөн фестивалдарга, музыкалык кароо-сынактарга катышып, бир топ ийгиликтерге, жетишкендиктерге ээ болгондугун айта кетүүбүз керек. Андыктан, жаш таланттарыбыз "Беш жылдыз-2008" сынагында мөөрөйлүү байгелерге ээ болот деген ишеним чоң.
Аталган конкурс 28- 31-августка чейин Россиянын Сочи шаарында өтөт. Конкурстук программа төрт күн жүргүзүлөт: 1-күнү-Дүйнөлүк хит; 2-күнү-Ретро хит; 3-күнү-Өз өлкөң тууралуу чыгармалар аткарылат. Ал эми 4-күнү-Гала концерт болот.
Эмне дейбиз, мамлекетибиздин атын алыска угузуп, маданиятыбыздын ийгилигин камсыз кылууга белсене киришип, даярданып жатышкан Гүлзинат менен Мирбек жеңиш менен кайтса деген гана тилек.




"Беш жылдыз" эл аралык музыкалык фестивалынын тарыхы
"Беш жылдыз" эл аралык музыкалык сынагы Сочи шаарында 2005-жылдан бери өтүп келе жатат. Алгачкы сынакка жалпысынан 12 жаш ырчылар жана чыгармачыл коллективдер катышкан. Анда Башкы сыйлыкты Москванын "Сценакардия" эстрадалык тобу утуп алган эле. 2006-2007-жылдары өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында "Ранетки", "ГДР", "КуБа" сыяктуу топтор жана Анна Седокова, Дмитрий Асташенок, Маlina, Юлия Михальчик, Лилия Замулина, украиналык "Потап и Настя" дуэти, "Премьер-министр" тобу, Евгения Отрадная, Евва Ривас жана Татьяна Барнышева сыяктуу жаш таланттар ийгиликтерге жетишкен.
Сынактын калыстар тобунун курамына музыкалык индустриянын Иосиф Кобзон, Лариса Долина, Лев Лещенко, Филипп Киркоров, Николай Расторгуев, Илья Лагутенко, Надежда Бабкина, Тамара Гвердцители, Валерий Меладзе сыяктуу эң көрүнүктүү өкүлдөрү киришкен.

Даярдаган НУР-КЫЯЛ










??.??