Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кыргыз көчү

Апсамат Масалиев
Калыс адам эле
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган кинсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

"Жакшы уул атаны төргө сүйрөйт, жаман уул атаны көргө сүйрөйт" деп айтылган таасын кеп бар. Анын сыңарындай уулдун жакшы чыкканы ата менен эне үчүн түбөлүк бакыт эмеспи. Айткандай бактылуу атанын уулу жакшы чыгып, эл керегине жарайт. "Карындагы баланын хан болоорун ким билет" демекчи, Апсамат аксакал эл эгеси болуп, бийликтин бийик секисине чыгып, атанын атын чыгарып, ысымы тарыхта калаарын учурунда жан адам билген эмес чыгар. "Болоор бала башынан" дегендей, идиреги бар, эл оозуна алынчу бала, тестиер кезинде эле оозго алынып, иши менен көзгө илинет.
Маркум Апсамат Масалиевич тээ өспүрүм кезинен эле тырышчаак, баарынан актыкты, аруулукту жогору туткан эл-жер үчүн күйгөн, элге кызмат кылсак дегенде ак эткенден так эткен инсан болгонун, анын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү тастыктады.
"Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей учурунда пендечилик кылып, кайран инсандын баркын билбей көңүл сыртынан кетиргенибиз албетте өкүнүчтүү.
Эл эгеси болуу кандай уул баланын багына жазылат. Албетте, идиреги бар, тектүү жердин тукуму, ата-тегинде эл бийлеген, эл тагдырын чечкен артынан эл ээрчиген атанын уулу гана ата наркынан алыс кетпей бийликке келет. "Аккан арыктан суу агат" деп айтылган сөз төгүн жерден чыкпаганын эске алганыбыз оң. Апсамат аксакалдын ата тегине көңүл бурсак, ичкилик уруусунан. Ичкилик уруусу тогуз уулдан тарайт. Биз кеп кылган тогуз уулдун балдары тээ илгертеден бийлик секисинен орун алып, оозго илинип келет. Кээ бир тастыкталбаган маалыматтарга таянып, аксакалдын ата тегине тереңирээк токтолууну туура көрбөдүк. Айтылуу Исхак Раззаков дагы ичкилик уруусунан, Апсамат Масалиевдин жакын туугандары болгонун эсибизге түйүп койгонубуз оң. Ал киши жөнүндө кеп кылсак узун сабак.
Айткандай, Апсамат аксакал тектүү жердин уулу болгон үчүн оозго алынып, эл эгеси болуп төбөсү көрүндү. Кайран киши бийликте турганда таза, адилет бийлик жүргүзгөнүнө өткөн мезгил күбө.
Эгер Союз тарап башаламандык болбогондо узак убакыт бийлик жүргүзөт беле? Ким билет?
Дегеним, ал киши учурунда эч качан тууган-уругуна тартып, өз көмөчүнө күл тартып, артынан жагымсыз сөз ээрчиткен жок. Жүрөгүндө коммунисттик таза сезим жашап, өмүрүнүн аягына чейин элибиздин келечеги үчүн бир гана чындыкты айтып келди.
Болбосо, башка адамдардай байлык кубаласа, карагандан көз уялган храмдарды салдырып, аялын же баласын бийликке тартып, өз кызыкчылыгын ойлойт эле го.
"Кулдун тукуму бийликке келсе, байлык кубалайт. Анткени анын түбү ачка, бийдин тукуму бийликке келсе түбү ток, элдин, жердин камын ойлойт" деп айтылган кеп бар. Айтылгандай Апсамат аксакалдын байлык кубалабаганы түбү токтуктун белгиси экенин эсибизден чыгарбсак.
"Таяктын эки учу бар" демекчи, биз бул жерден Апсамат карыяны ашыкча мактагандан алыс болуп, сын пикир айта кетели десек, оозго илинер сөз таба албадык. Албетте буга кайран кишинин тазалыгы, айкөлдүгү, кенендиги себеп. "Жакшы адамдын артынан жакшы сөз ээрчийт, жаман адамын артынан жагымсыз сөз ээрчийт" деп айтылгандай, маркум Апсамат аксакал өз ишине жүрөгүн берген адам болгон үчүн али күнчө жакшы сөздүн ээси болуп келет.
P.S. Гезитибиздин кийинки санында Шабдан Жантай уулу жөнүндө сөз учугун уламакчыбыз.




  Жаңырган издер

Наалы эженин арзуусу
Ошентип моңолдор уруусу тараган Наалы эже жөнүндө сөз учугун улаганга да кезек келип жетти. Айткандай, Наалы эже учурунда атасы Акуулдун атын минип, жоо кийимин кийип, колуна курал алып элди баштап, жерди чет душмандардын суук көзүнөн сактап турган баатыр кыз болгон экен. Эл-жер деп жүрүп турмуш куруу деле оюна келбеген Наалы эже качан эки иниси Адигине менен Тагай бой тартып, үй-жай күткөндө гана оор улутунуп, өзүнүн жашы өтүп олтуруп калган эле. Ал учурда жыйырмадан жашы өткөн кыз кадыр эсе салабат күтүп, жашоого терең көз караш менен карап калчу тура. Ичине сырын каткан Наалы эже узун кара чачын төбөсүнө түйүп, атка шайдоот минип, күн алыс бийик тоого чыгып, айланага көз салганды адатка айланткан экен. Ички бугун тоолорго айтып, өзүнө ылайык жар болчу эр жигит издегенин жан адамга билгизбей, тымызын эл чогулган жерден көз агытат. Анан эмне кылат, өзү эл эгеси болгон Акуулдун кызы болсо. Анткен менен тең, жар болуучу адам оңой эле табыла койгон эмес.
Бир күнү Наалы эже өзү адатка айланткан бийик тоого чабдар ат менен чыгып келип, айланага көз агытып олтурса, он эки жашар бала ылдый жактан кунан чыкма тору ат менен чыгып келип:
- Эже, сизди тез келсин деп, эки иниңиз чакырып жатат. Эгер мүмкүн болсо бат келсин деди-деп Наалы эжеге тигиле карап, сүрдүү көзүнөн көзүн тартып алып, жооп күткөнсүп туруп калды. Эже жүрөгүнүн түпкүрүнөн бир нерсени сезип:
- Деги жайчылыкпы? Эмне болду анчалык?-деп суроо узатканда алиги бала башын жерден көтөрүп:
- Жайчылык эле, тиги казактар тараптан эки бала келиптир. Ошолор жөнүндө сүйлөшүп, кеңеш сурашат го менин билишимче. Наалы эже "Сен бара бер. Мен артыңдан барам"-деп маңдайкы бөксө тоодо жайылып жүргөн жылкыларды карап, өз ою менен алаксып кетти. Чабарман бала жанынан узап кеткенде, Наалы эже кобуранып алды. Көп , канчалык эрдик кылсаң да аял кишиге бала төрөгөндөн өткөн бакыт жок экен. Бекер айткан эмес экен, "Аялзаты эркектен саал пас турат"-деп. Бери жакта тушалуу оттоп жүргөн атка жакын келип, басмайылын тартып, чидерди чечип атка минип ылдый жөнөдү.
Наалы эже иниси Тагайдын үйүнө келип аттан түшкөндө керегеге жөлөнүп отурган эки жигитке көзү түштү да Адигинеге кайрылды:
- Булар кимдер экен? Чоочун өңдөнөт-деди. Адигине суроонун берилишин күтүп тургансып:
- Биз да билбейбиз. Алыстан качып келишиптир-деп жооп берип, эмне дейсиз деген мааниде карап калды.
Наалы эже эки жигитке дагы көзүн агытып, ичинен бул экөө тегин жердин тукумунан эмес деп көзүн тартып алды. Анткени экөөнүн бирөөсүнүн көз карашына туруштук бере алган жок. Аз убакыт тиктешүүдөн улам Наалы эжеге өзү издеген адамы табылгандай болду. Ичкери кирип, үйдүн төрүнөн орун алып олтурганда ооз жакта олтурган Тагай иниси:
- Эже, биз сиздин эмгегиңизди кантип унуталы. Тиги эки жигит алыстан атайын бизди арзып бул жакта жашайлы деп келишиптир. Эгер сөзгө көнсөңүз бирин жылкычы, бирине койчу кылып албайсызбы? Сиздин малды караган балдарга башка жумуш берели. А эгер бул сунушту туура эмес көрсөңүз анда акыл кеңешиңизди айтыңыз?
Наалы эже, ойго чөмүлө бир аз убакыт туруп, эки инисинин бул айткан акылын туура көрүп:
- Силер айткандай болсун. Экөө бир тууган болсо, улуусу жылкычы, кичүүсү койчу болуп мал менен алек болушсун. Анан силер дагы байкагыла, ишти алып кетеби-деп сөз улаган болду.
Ошентип, алыстан келген Дайыр менен Көкө Наалы эженин малын багып жашап калышат. Убакыттын өтүшү менен Наалы эженин өзүнүн койчусу Көкөгө көңүлү түшүп калат. "Сүйүү кары жашка карабайт" дегендей сүйүүнүн керемети Наалы эжени барган сайын арбап Көкөгө жакындаганга түрткү берет.
Бир күнү Наалы эже уктай албай Көкө жөнүндө ойлонуп жатса, сырттан катуу шамалдын үнү угулат. Бул убакта мезгил күзгө таяп калган эле. Көкө короо четинде койго көз болуп жаткан. Наалы эже жаткан ордунан туруп, сыртка чыкты сырт кийимин желбегей жамынып. Сыртка чыкса айсыз караңгы, түндөн бир метр жер көрүнбөйт. Шамал катуу болуп чагылган чартылдады. Жамгыр жаачудай белги берди. Наалы эже кепшеп жаткан койлорду айлана барып, Көкө жаткан тарапка жакындап басып, үрүл-бүрүл күйүп турган шамды көзү чалат. Алгач бул табышмактуу күйгөн шамды көргөндө Наалы эженин оюу башка жакка кетет. Коркуу сезими пайда болуп, ошол аз убакыттын ичинде эмнени гана ойлогонго үлгүрдү. Үч кадамдай алдыга басканда көзгө көрүнгөн үрүл-бүрүл жарык көрүнбөй калды. Алиги жарык нур чыккан жерге жакын келсе ал жерде өзү арзып, көңүлү түшүп жүргөн Көкө төшүн ачып коюп бейкапар уктап жатканын көрүп дагы бир жолу таң калат. Бир азга Көкөгө көзүн кадап туруп, анын акырын иймене эңкейип Көкөнүн колуна колун тийгизип:
- Көкө?!-деп андан ары сөз айта албай туруп калды. Көкө таттуу уйкунун кучагында жатып, назик аялзатынын үнүн укканда түш көрүп атамбы дегенсип эч үнсүз көзүн ачып маңдайында өзүн карап турган Наалы эжени көргөндө жаткан ордунан тура калып:
- Сизге эмне болду? Малга ит-куш тийдиби?-деп сурап жиберди. Анткени буга чейин түн ортосунда эч качан Наалы эже минтип келген эмес эле. Уктап калганынан уялып:
- Кап, уктап кеткен турбаймынбы-деп, желбегей жамынган Наалы эжени тик карай албай башын ылдый кылып, башка үн катпай туруп калган Көкө Наалы эжени урушат деп ойлоду. Бирок, Наалы эже Көкө күткөн сөздү айтпастан
- Көкө, мындан кийин сыртка жатпай, үйгө эле жатып жүрчү. Азыр жамгыр жааганы турат. Суу болосуң, үйгө кир-деди. Бул жагымдуу сөздү укканда Көкө башын өйдө көтөрүп Наалы эжени карады да, андан кандайдыр бир жылуулукту байкады. Бул жолу эмнегедир баштагыдай сүрдөгөн жок. Жумшак мамиле, жылуу жүз менен күлүмсүрөп Наалы эже башын акырын ийкеди. Көкө жетине албай маңдайы жарыла сүйүнүп, эмне деп сөз айтаарын билбей, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти. Наалы эже алдыда басып баратып ойго батты. "Оо Жараткан! Тикенекке гүл чыгарган кудурети күчтүү. Мен бул балага турмушка чыксам, эки иним эмне дейт? Эшик алдындагы сандалган кулга баш паанектешүүгө ниети бурулуп, эжебизге эмне болгон?" деген жаман ой кетет го. Жеке эле иним эмес бүт эл таңданат го. Адамдан амал качып кутулбайт деп айтылгандай Наалы эже эбин келтирип Көкөгө турмушка чыгуу жөнүндө оюн ачыкка чыгарды.
Көкө менен Наалы эженин ошондогу абалын сүрөттөп айтканга жана жазганга сөз жетпейт го. Ал учурда эл байлыкты эмес, баарынан уят намысты жогору коюшпады беле. Наалы эже кеч кирип Көкө менен баш кошушчу убакыт жакындаган сайын кадимкидей сүрдөп көңүлү каяккадыр алып учуп кыз кези менен коштошкусу келбегендей кабагы бүркөлө түштү да, келечекти ойлоп өз көңүлү түшкөн адамга турмушка чыгаарын эстегенде жүрөгү бат-бат согуп, Көкө менен түбөлүккө өмүр сүрсө жашоонун өңүтү бүтө алчудай сезилди. Экөөнүн баш кошконуна бир гана Көкөнүн байкеси каршы болду. Бул жерден Наалы эже:
- Эми сен кайнага болуп калдың. Биз көңүл табышып жашап калдык-деп өзүнүн кызматчысы "Дар" деген кызды Дайырга баш байлатты да, Көкө менен кийинки жашоону улантты. Моңолдор уруусу Наалы эжеден тараган. Бирок, Көкөнүн аты аталбай калган.
Бердикожо Бийназаров
P.S. Гезитибиздн кийинки санында Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө окуй аласыздар.










??.??