Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Ак талаалык "никулин"
Бул сапар кыргыз сахнасында колунан кызыл гүлү түшпөй, күлкү сүйүүчүлөрүнүн күлкү безин ойготкон таланттуу куудул Жакут Сыдыковдун классташы Гүлзат Атайгозоева редакцияга келип, окуучулук күндөрүн эскерүү менен куудулдун балалык чагы жөнүндө маек куруп берди. Гүлзат айым учурда Бишкек шаарында жашайт. Өз алдынча жеке бизнеси бар.

Байпакчан сабакка кирип…
- Гүлзат эже, айтыңызчы, Жакут куудул окуучу кезинде кандай бала эле?
- Жакут экөөбүз Акталаа районунун Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепте 10 жыл бирге окудук. Биздин айыл чоң айыл болгондуктан ал айылдын этегинде мен башында жашачумун. Мектепте окуп жүргөн кезде бою кичине арык келген сары бала эле. Аны башынын сүйрүлүгүнөн улам "Шишбаш" деп койчубуз. Башка балдардан айырмаланып классыбызда тартиптүү, жоош бала болчу. Акырын шашпай назик сүйлөйт эле. Башкалар сыяктуу шоктук кылып кыздарга деле тийишчү эмес, отурган жеринде отуруп, турган жеринде тура берчү. Көбүнчө балдарга эмес кыздарга кошулуп жүрчү. Үйүндө өзү жакшы көргөн бир күчүгү, бир мышыгы бар эле. Экөөнү эки колтугуна кысып, көчөнүн боюна туруп алып:
"Менин күчүгүм Байкашкам,
Уясы үйдө жайгашкан.
Кичине кандек болсо да,
Дөбөттөр менен таймашкан" -деп бакырып ырдай берчү. Көрсө, мында ошондо эле талант бар экен эле. Тартынчаак, уяң болгондуктан көп нерсени сыртына чыгарчу эмес. Сабактан болсо орто эле окучу. Бирок, кол жазмасы кыздардын кол жазмасынан сулуу болчу. Эжейибиз бизди "Жакуттай болуп тизмектештирип жазганды качан үйрөнөсүңөр?" деп урушуп калчу.
Жакут 6-класстан баштап бир аз ачыла баштады. Кайсы учурда болбосун чукугандай сөз таап, шумданып мугалимдерден бери күлдүрчү болду. Бир жолу Жакут менен мектепке чогуу баратып анын юморлор деген дептерин ачып окуп калдым. Анда баштан аяк өзү жазган анекдоттору бар экен. Эсимде, минтип жазыптыр: -Кошунасы эшикке чыкса кичинекей бала ыйлап отуруптур. Анан ал киши "Эй бала эмне ыйлап отурасың? Сени ким урду? -десе, Шылтыр-дейт, - Качан урду?-десе, - былтыр" дептир. Окуп алып мектепке жетээр - жеткенче күлгөм. Айтмакчы, Жакут биринчи класска барганда алгачкы күнү апасы мектепке алып барып, эртеси күнү өзүн жиберсе, жолдо созулуп жүрө берип кечигип келип, мектептин босогосуна бут кийимин чечип жылаңайлак кирип барган. Эшиктен киргенде эле эжейибиз эмне кечиктиң деп баратып эле ай гана батинкең деп күлүп жиберди. Карасак сумкасын асынып коюп байпакчан турат. Камырабай эшикке чечип келдим деп баарыбызды күлдүргөн. Чынында ушундай апенди чалышыраак болчу. Ошондон улам өзүнүн эжекелери аны "Никулин" деп коюшчу.

Бетине каймак сүйкөгөндө…
Анда 2-класс болсок керек эле. Жакут сабакка келбей калып 3 кызды эжейибиз анын үйүнө жөнөттү. Үйүнө барып Жакут деп кыйкырып атсак чуркап чыгып айнегинен карап туруп кайра кирип кетип көпкө жоголду. Эми чыгаттыр деп күтүп турсак бир маалда бетинин беш жерине каймактан сүйкөп алып бизди ылдый көздөй кубалап жөнөсө болобу. Анын кебетесин көрүп алып коркконубуздан кантип мектепке жеткенибизди билбей калганбыз.

Зоопарк
классы
4-5-класста окуп жүргөндө классыбызда бири-бирибизге жаныбарлардын атын коймой "мода" болуп кетти. Ошондо Жакутка эмне себептен экенин билбейм кыскасы "Торомпой" деген ат ыйгардык. Торпок, торомпой, түлкү, маймыл деп бири-бирибизди атыбыздан чакырчу эмеспиз. Бир күнү мугалимибиз келбей калып сабактан аттарыбызды айтышып ызылдап отурсак эле Жакут доскага чыгып туруп "Бул деген зоопарк" классы деп бажырайтып жаза салып баарыбыздын боорубузду эзген.

Айылдын Бек Борбиеви эле
- Жакут классташым 7-классынан тартып айылдын белгилүү адамына айланды. Мындай деген себебим мектептеги, ошондой эле айылдар арасындагы ар кандай кароо-сынактарга катышып, интермедияларда Гитлердин, кемпирлердин ролун ойноп элдин көңүлүн көтөрчү. Биринчи жолу "Титаник" деген киного 14 куплет ыр жазып, анын бул ырын айылдын кичинекей баласынан тартып, улгайган аксакалдарына чейин жаттап алышкан. Иши кылса Жакуттун калемине таандык ырлардын баары биздин айылда "Гимн" болуп калган. Жакут тойлордун, отуруштардын көркүн ачып, ошол кезде айылыбыздын Бек Борбиеви эле.

Жакуттун сүйүүсү
Жазгүлгө
арналды
- Мен билгенден Жакут классташыма сүйүү деми 9-класста келди окшойт. Жазгүл деген өзүнөн 4 жаш кичүү кызды жактырып артынан 3 жылдай чуркап жүрдү. Эсимде, 8-март болсо керек эле. Кечке жуук бир жактан келатсам Жакут шашкалактап көчөдө баратыптыр. Колуна азыркы 5 сомдук пакетти толтуруп көтөрүп алган. Каякка десем "Жазгүлдү майрамы менен куттуктаганы баратам, көрчү мына белек боло береби, камокто болгон нерселерди эле алып алдым" деп пакетин ачып көрсөтүп калды. Өзү айткандай камокто болгон азык-түлүктүн баарын сатып алыптыр. Классташым ошол кыздын артынан канча чуркаса да максатына жетип кыз- жигит болуп жүрө алган жок.Сүйүүнүн күчү менен Жазгүлгө арнап элүү чакты ыр жаратты.Алардын бири азыркы жаш ырчы Ирлан Таалайбеков ырдап жүргөн "Окуучу кыз" деген ыр. Негизинен Жакут куулук-шумдугу жок түз сүйлөп, түз жүргөн жүрөгү таза бала. Классташымдын ушул сапатын өзгөчө баалайм.

Жалгыз кемпирдин жалгыз уулу
- Жакут байке, сиз сахнага чыккан сайын жалгыз кемпирдин жалгыз уулумун деп айтып жүрөсүз. Мунун себеби эмнеде?
- Апам жалгыз бой аял болгон. Жолдошу каза болгондон кийин 1,5 жашымда мени багып алган. Ошондон улам жалгыз кемпирдин жалгыз уулумун деп айтып жүрөм. Үйдө апам экөөбүздөн башка бир күчүгүбүз, бир мышыгыбыз бар эле. Аларды апам менден да жакшы көрүп, жакшы карачу. Мен, мышык, күчүк болуп үч бир тууганбыз, элдерге үч балам бер деп айта бериңиз деп апамды күлдүрүп калчумун.
- Өзүңүздүн ата-энеңиз жөнүндө билесизби?
- Ооба. 2000-жылы 22 жашымда ата-энемден кабардар болдум. Өзүмдүн апам бакма апамдын сиңдиси болуп кетет экен. Мурда катташып жүргөнүм менен өзүмдүн апам экенин билчү эмесмин. Көрсө, ата-энем мен кичинекей кезимде ажырашып кетип, кийин экөө эки башка адам менен турмуш курушуптур. Азыр апамдын 4 баласы, атамдын 2 баласы бар. Бардык бир туугандарым менен катташып турам.

  Бир көз ирмем

Куудул Назира Жетигенова:
"Үчүнчү кабаттан кулап түштүм"
- Жакут досум кыздардын арасында чоңойсо, мен тескерисинче балдар менен чогуу өстүм. Кайсы жерде "муш, разборка" болсо, ошол жерде билегимди түрүнүп даяр элем. Башкача айтканда "муш" дегенде бетим менен түшчүмүн. 8-класста окуп жүргөнүмдө бир жигит мага кат жазып почтага салып жиберсе, аны бир классташ кызымдын иниси окуп туруп, жыртып-жыртып кайра салып аткан жеринен кармап алып адатымча сабап кирдим. Инисине болушуп тиги кыз дагы мени менен салгылашып баштады. Үчөөбүз 3-кабаттан чаң тополоңду чыгарып күчүбүз дүн жетишинче мушташтык. Бир маалда тиги бала качып жөнөдү эле артынан чуркап барып 3-кабаттын тепкичине жеткенде кармап алып тумшуктан ары бир муштасам тепкичтен томолонуп түштү. Аңгыча артымдан эжеси күч менен келип мени бир түрттү эле 2-кабатка башым менен кулап түшүп, эсиме келалбай бир топко чейин жатып калгам.

"Завучтун чачынан жулмалап…"
- Дагы бир жолу Алина эжем Фрунзеден Таласка келип, шаарда момундай прическа мода болуп жатат деп чачымды кыркып "каскад" деген прическа жасап берди. Эртеси өзүмдү айдын периси сезип мектепке барсам, завучубуз кабинетине алып кирип алып "Ай Жетигенова бул эмне деген прическа, мунун аты эмне, чоңоюп калдыңбы анда күйөөгө тийип ал" деп чачымдан тарткылап өлгүдөй урду. Ачуум келгенинен секирип партанын үстүнө чыктым дагы завучтун чачын жулмалап салып качып кеттим. Ошондон соң бир ай окууга келбей жүрүп, кийин апам ээрчитип барып завучумдан кечирим сураткан.

Даярдаган Ж. Бороева










??.??